Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Акыркы убакта кыргыз тилиндеги маалыматтык жана жарнамалык сайттар арбып баратканы байкалууда.

Интернетте көп колдонулган “смайлик” белгиси – быйтыкча деп которулган экен. Мындай котормо Фейсбук социалдык тармагын кыргызчалап, kyrgyz.kg деп алгачкылардан болуп кыргызча социалдык тармак ачкан Тынчтыкбек Кожобековго таандык.

Ал фейсбукту кыргызчалаш үчүн үч миңден ашык сөз орус тилинен эмес, англисчеден түз которулганын айтат. Маселен, Фейсбуктагы “О чем вы думаете?” деген суроону “Жөн отурбай бир нерсе жазсаң боло, байболгур” деп кыргыздын жатык тилине оодара салышкан. Кыргызча Фейсбук тууралуу Тынчтыкбек мырза буларга токтолду.

- Катталгандардын саны беш миңге жеткен. Бирок азыр техникалык жактан толуктоолор болуп жаткандыгына байланыштуу убактылуу жаап койдук. Негизи колдонуучулар биздин сайтты анчейин жактыра беришпейт. Анткени биз Фейсбукка көнүп алган колдонуучулардын талаптарын техникалык жактан канааттандыра албай жатабыз. Фейсбук деңиз болсо, биз андагы тамчыбыз да.

Кыргызстанда канча интернет сайт бар экени, канчасы кыргызча иш алып барары так эмес. Анткени азырынча бул тармакты тизмектеп, көзөмөлгө алган жан жок. Бул тармакты көзөмөлдөөчү Байланыш агенттиги да канча сайт бар экенинен кабарсыз.

Соңку мезгилде улуттук тил комиссиясы жасабаган иштерди жеке жарандар иш жүзүнө ашырып келет. Айталык, жарандык демилге менен иштеп жаткан ky.wikipedia.org сайты кыргызча материалдарды жайылтса, tili.kg, bizdin.kg сыяктуу интернет желелер кыргыз тилин үйрөтүү үчүн электрондук сөздүктөрдү сунуштап келет. Кыргызча Уикипедия, bizdin.kg долбоорлорун жетектеп келаткан Чоробек Сааданбеков кыргыз тили интернет айдыңында барктала баштады деген ойдо.

- Биздин сайтта өз алдынча окуй турган илимий материалдардан баштап, фольклорго чейинки сейрек кездешкен макалалар бар. "Манастын" үчилтигин толугу менен бизден тапса болот. Мындан сырткары англис, түрк тилдеринен кыргызчага которгон электрондук сөздүк да бар. Негизинен сайтка студенттер жана чет өлкөлүк мекендештерибиз көп кирет. Окуу мезгилинде бир күндө эки миңге чейинки колдонуучу кирет.

Сааданбековдун айтымында кыргызча Уикипедияда былтыр төрт жарым миң макала болсо, быйыл алардын саны жыйырма беш миңге жеткен. Ошентип Кыргызстан дүйнөдөгү 245 Уикипедиянын ичинен 88-орунга көтөрүлгөн.

Таң калычтуусу кыргыз тилинин коомдук жана мамлекеттик даражасын арттырууга чакырган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын интернет баракчасын эми гана ачып жатышыптыр. Комиссия төрагасы Эгемберди Эрматовго кайрылып, аталган мекеменин интернеттеги, социалдык тармактардагы аракетине кызыктык.

- Сайтыбызды эми гана жаңыладык. Эми социалдык тармактарда да иш алып барабыз. Негизи биз мамлекеттик мекемелердин интернет баракчаларын да көзөмөлдөйбүз. Өткөндө он беш мекемеге сайтыңарды кыргызчалагыла деп эскертме кат жаздык. Бул боюнча биздин кызматкерлер иштеп жатат.

Айтмакчы, Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынын кыргызча бөлүмүндө бөлүк аттары эле кыргызча болбосо калган маалыматтар дээрлик орус тилинде. Министрликтин маалымат кызматынан Нурия Кийизбаева:

- Мурун сайттын орусчасы эле бар болчу. Бир айдан бери кыргызчага которулуп жатат. Учурда сайттын ичиндеги маалыматтардын баары кыргызчага которулууда. Мындан кийин эки тилде иш алып барабыз.

Жакында эле “Вечерний Бишкек” басылмасы да өзүнүн кыргызча баракчасын ачты. Аталган сайттын кабарчысы Расул Үмөталиев интернетте кыргыз тилдүү окурмандардын саны көбөйдү деген ишенимде.

- Буга чейин ири басылмалар расмий гана тилде чыгып келген болсо, эми кыргыз тилине да маани бере башташты. Маселен, “Вечерний Бишкек” "Кабар ордо" деп кыргызча сайт ачты. Азыр окурмандардын саны күн санап өсүп жатат. Бир сөз менен айтканда кыргыз тилдүү сайттар орус тилдүү чоң-чоң сайттар менен теңата иш алып барып жатат.

Интернет колдонуучулардын саны арткан сайын социалдык тармактарга кыргызча билдирүү жазгандар көбөйдү. Фейсбукта түзүлгөн айрым топтор котормо иши менен алек болуп келет. Маселен “Кыргыз көчү” аттуу топ ө, ү, ң тамгаларын колдонбогондорду уяткарып келишсе, “Кыпкыргызча” аттуу топтун мүчөлөрү өз аттарын да которуп жиберүүдөн кайра тартышпайт.

Ал эми bus.kg сайты башкалаада кайсы коомдук унаа, кайсы жакка барарын так көрсөтүп, адашып кетпешиңиз үчүн кызмат кылат. Бул сайт англис, орус жана кыргыз тилдеринде. Жадагалса каалаган жериңизге жөө канча убакытта барарыңыз, узактыгы канча экени да жазылган.

Кыскасы бир кезде күнүмдүк тиричиликте гана колдонууга жарайт деген кыргыз тили глобалдык түйүндө да акырындан өз ордун таап, кардарлардын кызматына жарай баштагына күбө болуудабыз. Өрүшү кеңейип, арымы артсын.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG