Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Москва: үй-бүлөгө кийлигишкен "каралар"


Иллюстрация
Иллюстрация

Москвада өз алдынча жарандык никеде жашап алып, бирок, үй-бүлөдө чыккан турмуштук келишпестиктерден улам ойго келбес жоруктарга баргандар кездешет.

Төрт жылдан бери темир жол вокзалында тазалык кызматында иштеген Темирлан келинчеги менен Москвадан таанышып, сегиз ай мурун үйлөнгөн.

Ушул айдын ортосунда жаш үй-бүлөдө казан-аяк кагышкан. Келин бейтааныш эркектерди ээрчитип келип, күйөөсүн сабаткан. Алар Темирландын чөнтөгүндө болгон мыдырын, үйрүп алар кийим-кечесинен бери алып кеткен:

Москва: "күйөөсү" таштаган келиндердин арманы

Москва: "күйөөсү" таштаган келиндердин арманы

Орусияда иштеген мекендештердин арасында эч жерде расмий катталбай түгөйлөшүп жашоо - кеңири жайылган көрүнүш. Мунун кесепетинен никесиз күйөөсүнө эч кандай доомат коё албай, баласы менен ара жолдо калган келиндер да аз эмес.

- Ошол күнү айлыгын алып, түнкү сменден чыгып келмек. Эртең менен келем деген неме кечкурун пайда болду. Кебетеси келтек жегендей, акчасы да жок. Ал-жайын сурасам, жарытылуу эч нерсе айтпады. Эмне болду, акча кана деген сөздөн улам кичине чыр чыкты. Мен үйдөн чыгып кеткем. Түндө келсем, үйдө жок экен. Анан уктап жатсам, түндө бейтааныш балдар менен келди. Тигилер мени көчөгө алып чыгып таң аткыча сабашты. Бир эс-учума келсем, аялым “мунун эч кими жок, сабап өлтүрүп салгыла” деп кыйкырып жатыптыр. Менден жаш эле немелер экен, мен жалгыз болгондуктан аларга жооп бере албай калдым. Башка-көзгө тепкилеп, үч-төрт кабыргам сынганча сабашты. Аялымдын үйлөнө электе эле банктан алган насыясы бар болчу, мен ошого акча берчүмүн. Тиги балдар мага “аялыңдын насыясын, батирин төлөйсүң, биздин батирди да төлөйсүң, анан биздин сага кеткен убактыбыз, нервибиз үчүн акы төлө” деп 70 миң рубль таап келүүгө мажбурлашты. Өздөрүн чечендер менен байланышы бар, "караларбыз” деп айтышкан. Бирок, үйдөн носкиме чейин көтөрүп кетишти. Келинчегим менен жашаганыбызга сегиз айдай болуп калган. Бирок ата-энесинин алдынан өтө элек болчубуз. Чубак ажы айткандай, ал бир чемоданын сүйрөп келип, мен бир чемоданымды сүйрөп барып, нике кыйып жашап жатканбыз.

“Эртең 70 миң рубл акча таап келбесең, өмүрүң менен коштошосуң” дегендерден корккон Темирлан Москвадагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө арыз менен жардам сурап кайрылган.

Эркектер болсо эркектик милдетин аткарбай эле тамагын жасап, кийимин сатып берген улуу аялдар менен деле жашап жатат. Буга мындай жаштарды өстүргөн ата-энелер дагы жоопкерчиликтүүбүз.
Гүлнара Жусупалиева

Полковник Аскат Алиев бул иш боюнча 22-26 жаштардагы үч кыргызстандык жаран тоноочулук кылмыш иши боюнча камакка алынганын билдирди. Ал эми Темирландын келинчеги кылмыш иштерине кириптер адам катары сурак берип жатканын белгилейт.

- Бул иш боюнча үч кыргызстандык жаран жана жабырлануучу менен жашаган келин камакка алынды. Азырынча тоноочулук боюнча бир берене менен эле кылмыш иши козголду, бирок, тергөөнүн жүрүшүндө дагы кылмыш иштери ачылышы мүмкүн.

Темирлан сыяктуу эле 23 жаштагы Мээримди дагы Москвада тапкан күйөөсү теңтуштары менен келип, токойго алып барып токмоктоп, чоң суммадагы акча таап берүүнү талап кылышкан.

- Оштон таанышканбыз. Анан артыман Москвага чейин издеп келип, үйлөнөм деп жүрдү. Акырындык менен сүйлөшүп калдык, анан боюма бүтүп калды. Алдыралы деп Марьина Рощадагы кыргыздардын медициналык борборуна барсак, 6 миң рубл дешти. Тигинин акчасы жок экен, айлык алгыча күтө тур деди. Ошентип, көп убакыт өтүп кетти. Акыры ата-энебизге айттык. Кайын-журтум кабыл албай, каршы болушту. Ошентип, Кыргызстандагы жашообуз болбой, мен кайра Москвага келе бергем. Келсем, артыман ээрчип келип, элдешели деп жүргөн. Анан бир күнү түнү келип эле, унаага салып, токойго алып барып сабап, акча талап кылды. Жанында теңтуштары, бир аял, анан кайнагам да бар экен. Ал келгенде, мен жарашабыз деп ойлогом.

Жарандардын жумуш издеп миграцияга чыгуусу өлкөдө үй-бүлө институтунун кыйрашына түрткү болуп, ажырашууларга, балдардын кароосуз калуусуна негизги себеп болуп жатканын адистер мурунтан эле белгилеп келишет.

Москва: жанбакты "көпөлөк" жигиттер

Москва: жанбакты "көпөлөк" жигиттер

Москвада “альфонс” атыккан, же болбосо колунда бар аялдын эсебинен жан баккан жигиттер көбөйгөнү байкалат.

Ал эми Москвада кыз-келиндер менен иштеген Гүлмира Жусупалиева Орусияда мигранттар арасында үй-бүлөлүк баалуулуктар жоголуп, жаштар утурумдук нерселерге азгырылып жатканын айтты:

- Биздин убакта мындай нерселерди “тоок сүйүү” деп койчу. Азыр Москвада жаштар бири-бирин жакшы билип, урмат-сый менен ата-эне алдынан өтүп үйлөнбөй эле басып-туруп жашап калышты. Үй-бүлө курууга бул жакта шарт деле жок. Үйлөнгөндөн кийин өз алдынча батир албай эле, эл менен кошо чогуу бир батирде жашайт. Анан бир үй-бүлө болбой эле бир батирде убактылуу чогуу жашаган адамдардай мамиле буларда. Анан үй-бүлөлүк баалуулуктар, аялдын жана эркектин милдеттери дагы чаташып калды. Кыз-келиндерибиз акча тапканды үйрөнүп, өздөрүнүн аялдык милдеттерин унутууда. Эркектер болсо эркектик милдетин аткарбай эле тамагын жасап, кийимин сатып берген улуу аялдар менен деле жашап жатат. Буга мындай жаштарды өстүргөн ата-энелер дагы жоопкерчиликтүүбүз. Москвада эки-үч балалуу болгуча кайнененин алдына барып, чай куюп, кызмат кылбай жүргөн келиндер бар.

Орусияга агылган мигрант жаштардын арасында диний никенин негизинде өз алдынча турмуш куруп алгандар басымдуулук кылгандыктан, миграцияда баш кошкондордун санын так айтуу мүмкүн эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG