Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Кыргыз милициясы интернет аркылуу экстремисттик уюмдарга кошулууга азгыргандарды аныктоодо жаштарды жардамга чакырды.

Айрымдар радикал топтордун жаштарды интернеттеги социалдык тармактар аркылуу өз катарына кошуу аракети ачык эле жүрүп, ага анчейин маани берилбей келе жатканын белгилешүүдө.

Ал ортодо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эл көп чогулган намазканалардын ишин мыйзамдаштырып, алардын кожоюндарынын жоопкерчилигин кароону сунуштоодо.

Ашка да, ишке да тойбогон жаштар

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, экстремисттик уюмдарга азгырылгандардын басымдуу бөлүгүн ашка да, ишке да тойбогон 24-35 жаштагылар түзөт. Алардын көбү радикал топтордун кылтагына интернеттеги түрдүү социалдык тармактар аркылуу илинишкен.

Милиция элдин терс диний агымдарга азгырылуусун алдын алуу жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү үчүн жаштарды жардамга чакырууда. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев прогрессивдүү жаштар менен иштешүү үчүн атайын долбоор даярдалып жатканын белгиледи.

-"ВКонтакте" болсун, "Одноклассники" болсун, ушул сыяктуу социалдык түйүндөр аркылуу колдонууучуларды өздөрүнө үндөп, азгырып жатышат. Биз анализ кылып көргөндө экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп кеткендердин көбү 28-35 жаштагылар. Экинчи топто 24-29 жаштагылар. Жаштарга жаштар гана эң көп таасир эте алат. Ошондуктан коомдук жоопкерчиликти алдыга коюп, шек жараткан жагдайлар болсо, бизге билдирип жардам берсе болот.

Одноклассники социалдык тармагы

Одноклассники социалдык тармагы

23 жаштагы Мухамед Осмонали уулу социалдык тармактарды активдүү колдонгондордун бири. Ал да бир жыл мурда шектүү агымдардын интернеттеги азгырыктарына туш болгон. Анын баамында, экстремисттик уюмдардын торуна диний сабаты жок, интернетке жаңы кошулган жарандар кабылат. Ошондой эле ал Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдун өкүлдөрү айрым социалдык тармактарда ээн-эркин эле иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

- Мени өздөрүнө азгырган учур бир жыл мурда "Одноклассникиде" болгон. Алар өздөрүнүн жүзүн ачкан эмес, баракчаларына ар кандай сүрөттөрдү коюп жазышкан. Алар сен тууралуу маалымат алып, өзүнө кызыктыра баштайт. Социалдык тармактарга жаңыдан кирген адамдар дин тууралуу жазылган пикирлерге өз оюн жазып, жооп берип же “жакты” деген белгини басып, ошол аркылуу азгырылууда.

Экстремизмди алдын алуу боюнча иш жүргүзүп келе жаткан “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” (Search for common ground) эл аралык уюмунун координатору Кеңешбек Сайназаров милициянын кайдыгер эмес жаштарды бул ишке тартуу демилгесин колдойт. Бирок ал мында айрым тобокелчиликтер да бар экенин белгилөөдө.

- Эки нерсени карашыбыз керек. Бүгүнкү күндө бирөөнү экстремист же террорист деп айтып коюш аябай оңой. Жөн гана пикир жазган же “лайк” койгону үчүн күнөөлүү болгон жагдайлар болуп жатат. Ошондуктан бул жерде чогуу-чаран, тең салмактап, иш алып баруу зарыл. Мындан сырткары интернетти, өзгөчө социалдык тармактагы маалыматтарга көз салган активдүү жаштардан, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү сунуштайт элек.

Намазканаларды көзөмөлгө алуу демилгеси

Ал ортодо Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эл көп чогулган намазканалардын ишин мыйзамдаштырып, алардын кожоюндарынын жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөрүүдө.

Комиссия жетекчиси Орозбек Молдалиевдин белгилешинче, учурда Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда.

Орозбек Молдалиев

Орозбек Молдалиев

- Бизге кайрылып, "баланча баланчаны азгырып, ушундай иштерди жүргүзүүдө" деп айткандар болуп жатат. Бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берип жатабыз. Мыйзамда намазканалар каралбаптыр. Ал кезде бул маселе актуалдуу эмес экен. Намазканалар мусулмандардын сыйынуу амалдарын аткаруусуна жеңилдик кылуу максатында ачылган. Бирок алардын айрымдарынын эч кандай уруксаты жок, кандай багытта иштеп жатканы белгисиз. Жаңы мыйзамда намазкана ээлеринин жоопкерчилиги каралат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда Сирия жана Ирактагы террордук топторго барып кошулгандар саны 400-500дүн тегерегинде. Эксперттер алардын басымдуу бөлүгү диний сабатсыздыктан азгырылган десе, экономикалык муктаждык, каражат табуу максатында алдангандар да бар экени айтылып келет. Ал эми өлкө 17 уюмдун ишмердүүлүгүнө экстремисттик жана террористтик деп тыюу салынган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG