Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Кыргызстандагы интернет дүкөндөрдүн иши кандай?


Кыргызстанда дүйнөлүк желе аркылуу буюмдарды сатыкка коюп, соода кылган интернет-дүкөндөр пайда болууда. Деген менен жаңы келип жаткан бул көрүнүшкө ишеним артып, интернетте буюмду сатып алгандардын саны дале чектелүү.

“Бут жыртып, базарга же дүкөнгө баруунун ордуна, колуңда интернет жана кредиттик эсеп картасы болсо жетиштүү.” Мына ушундай ураан астында интернет тармагы аркылуу соода кылган сайттар иштеп келишет. Компьютерден болобу, чөнтөк телефондонбу үйдөн чыкпай эле тиешелүү интернет-дүкөн сайттарына кирип, өзүнө керектүү буюмдарга буйрутма берсең болот. Саналуу сааттан кийин тапшырган буюмуң үйүңө жеткирилет.

Интернет дүкөн убакытты үнөмдөйт

Бишкек тургуну Темирлан Нуркулов чет өлкөлүк жана жергиликтүү интернет дүкөндөрдөн соода кылганды өздөштүрүп алган. Ал буга чейин бир нече жолу компьютер, фотоаппарат өңдүү буюмдарды сатып алганын айтып, интернет-дүкөн аркылуу соода кылуунун эрежелерин түшүндүрүп отурду:

- Интернет дүкөндөрдүн өзүнүн сайттары бар. Ошол жактан атайын каттоодон өтөсүң. Атайын коргой турган эки үч баскычтары бар. Каттоо учурунда өзүңдүн кредиттик картаңдын номерлерин киргизесиң. Анткени ошол аркылуу сатып алып жаткан нерсеңди төлөйсүң. Мисалы интернет дүкөндөн өзүңө керектүү буюмду карап, бүт өзгөчөлүктөрүн көрсөң болот. Бир гана кармап көрө албайсың.

Темирлан Нуркулов интернет аркылуу соода кылу
Мисалы интернет дүкөндөн өзүңө керектүү буюмду карап, бүт өзгөчөлүктөрүн көрсөң болот. Бир гана кармап көрө албайсың.
...
унун эң жагымдуу жагы убакытты үнөмдөгөнгө жардам бергенинде дейт. Ошол эле учурда баалардын арзан болушу, буюмдун үйгө чейин жеткирилиши кардарды кызыктырып турарын белгилейт:

- Убактың канчалык тар болсо, канчалык өзүң дүкөнгө барып тандап алганга мүмкүнчүлүгүң болбосо, андан көрө үйдө, же жумушта отуруп эле бош боло калганда интернетке кирип, дароо сатып алганга мүмкүнчүлүгүң бар.

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун интернет дүкөндөр аркылуу каалаган товарларды сатып алууга мүмкүн. Айрым жерлерде онлайн тартипте оператор товар жөнүндө маалымат да берип, жол көрсөтүп турат. Интернет сайттарында буюм сатып алууда кредиттик карта, электрондук акча жана кыска билдирүүлөр (СМС) аркылуу да акы төлөөгө болот.

Интернет дүкөндөргө ишеним барбы?

Кыргызстанга мына ушундай көрүнүш жаңы гана жайылып баратса, АКШда алгачкы интернет дүкөн мындан 15 жыл мурда пайда болгон. Амазон.ком деп аталган алгачкы интернет-дүкөн учурда жылына кеминде 20 миллиард доллар көлөмүндөгү товарды жүгүртүп, 650 миллион доллардан ашуун таза киреше табат.

“Интернет дүкөн колдонуу үчүн кол астыңда дүйнөлүк желе жана кредиттик эсеп картасы болсо жетиштүү.”
Мынчалык киреше таппаса да, Кыргызстанда интернет аркылуу соода кылган сайттар жок эмес. Алардын негизгилери “светафор.kg”, “нет.kg”, shop.ai.kg сайттары. Жергиликтүү интернет-дүкөндөрдүн иштөө ыкмасы туурасында shop.ai.kg сайтынын кызматкери Ольга Усанова буларды түшүндүрүп берди:

- Интернет дүкөн болгондуктан биздин товарлар кеңседе эмес, атайын кампаларда сакталып турат. Анан биз алдын ала төлөм берүү ыкмасы менен иштейбиз. Башкача айтканда кардар сайттан кайсы бир товарды тандап алат жана кредиттик карта, банктагы эсеп өңдүү ыкмалар менен тапшырык берет. Кардар кеминде товардын баасынын 30 пайыздан ашыгын төлөп берсе, бир саат аралыгында жеткирүү иштери башталат.


Ольга Усанова билдиргендей, Кыргызстанда бул тармак жаңы жанданып келе жаткандыгы үчүн кардарлардын саны анчейин көп эмес. Анын үстүнө интернет дүкөндөр көбүнесе шаарга ыңгайлашкан.

Деген менен бир катар интернет колдонуучулардын виртуалдык дүкөндөргө анчейин ишеним артпаганы маалым. “Мен акча берсем, товар келбей калсачы” деген жарандар көп. Мындан улам адистер, соода кылып жаткан интернет сайттын каттоодон өтүп-өтпөгөнүн текшерип коюу керек деп кеңеш беришет. Ошол эле учурда көп өлкөлөрдө кадимкидей иштеп жаткан интернет-дүкөндөргө ишеним акырындык менен калыптанат дешет.

XS
SM
MD
LG