Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

"Интернет аркылуу кол сунам..."


Кыргызстанда "Твиттер" аркылуу кайрымдуулук иш-чарасын жүргүзгөн жаштар тобу пайда болду.

Жарым жылга жетпеген убакытта бул топ муктаж болгондорго 40 миң сомдон ашык акча таап берди. Сумманын көбү оорукчан балдарга таратылган. Социалдык түйүн аркылуу кайрымдуулук миссиясын аткаргандардын бири Мээрим Абдиева “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Адамдардын боорукерлигинен пайдаланып, калп жерден каражат чогулткан адамдар пайда болду. Чындап жардамга муктаж болгондорду кантип аныктайсыздар?

Мээрим Абдиева: Биз "Дизель" интернет форумунун кайрымдуулук бетинде жарыяланган адамдарга жардам беребиз. Бул сайттын эрежесине ылайык, алар бардык документтерди толтурушат. Интернетте да ошол документтердин көчүрмөлөрү коюлган. Ошого карап жардам беребиз. Биз жардам берген адамдардын баарын көргөн эмеспиз.

“Азаттык”: "Дизелде" жардам сурап кайрылгандардын саны өтө көп, алардын ичинен кантип тандап аласыңар?

Мээрим Абдиева: Биринчи кезекте операцияга шашылыш муктаж болгондорду тандап алып, "Твиттердеги" баракчабызда добушка койобуз. Адамдар көбүнчө ымыркайларга добуш беришет. Кимге эң көп добуш чогулса, ошол адамга каражатты жөнөтөбүз.

“Азаттык”: "Твиттерде" жардам берүүнүн техникалык жолу кандай?

Мээрим Абдиева: Биринчи айда биз акча берем дегендерден өзүбүз барып чогулттук. Бирок буга көп убакыт кетет экен. Кийин мобилдик компаниялардын бирине барып, арыз жаздык, расмий номер бөлүп бергиле деп. Ага кадимкидей өзүңүн телефонуңа салгандай эле бирдик салышат. Кайра барып аны аласың.

“Азаттык”: Кайрымдуулук сурап, көбүнчө кимдер кайрылат?

Мээрим Абдиева: Биз бирөөнүн кайрылуусун күтпөйбүз. Аларды таап эле жардам беребиз. Айрымдары биз ал үчүн каражат чогултканыбызды билбейт. Өзүбүз да канча акча таап бере алышыбызды билбейбиз.

“Азаттык”: Буга чейин канча балага жардам бердиңиздер?

Мээрим Абдиева: Март айынан тарта 4 балага жардам бердик. Төртүнчүсү рак менен ооруган Максим Ким деген кичинекей бала. Израилге операцияга кеткенин билесиңер, ал азыр операциясын күтүп жатат.

XS
SM
MD
LG