Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

88 жаш курагында каза болгон белгилүү укук коргоочу Елена Боннэрдин ишмердүүлүгү тууралуу аны менен бир нече ирээт жолугушкан Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акунду кепке тарттык.

“Азаттык”: Бүгүн белгилүү укук коргоочу Елена Боннэр дүйнө салганы кабарланды. Сиз бул укук коргоочу айымдын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Анын адам укуктарын коргоо жаатындагы салымы кандай болду?

Турсунбек Акун: Елена Георгиевна Андрей Сахаровдун ишмердүүлүгүнүн көбүн ал киши көзү өткөндөн кийин уланткан. Ал анын экинчи жубайы. Бул киши өзү башынан эле Сахаров Горькийде сүргүндө жатканда бир нече ирээт барып, ал кишинин кыйынчылыгынын жарымын көрүп, канча жолу КГБнын куугунтугуна учурап, Горькийде Сахаровго жолугам деп канча жолу көз жашын көлдөтүп жүрүп, анын идеясынын бардыгын дүйнөгө тараткан адам.
Андрей Сахаров Елена Боннэр менен Горкийде, 1985-жыл.


1962-жылдары Ковалев баштаган көптөгөн укук коргоочулар адам укуктарын коргоо боюнча кеңеш түзүшкөн. Боннэр менен Андрей Сахаров да бул кеңешке мүчө болушуп, кеңештин башында турушкан.

Анан Елена Георгиевна Боннердин ишмердүүлүгүнүн эң чоң мааниси, ал Сахаровдун бүтпөй калган иштерин бүткөрдү деп эсептесек болот. Бүткүл дүйнөгө Сахаровдун идеясын таратып, анын көргөн кыйынчылыктарын, жети жыл Горькийде сүргүндө жүргөнүн тараткан. Эң бир дүйнөгө белгилүү укук коргоочу катары анын мурастарын баарын дүйнөгө жеткирди.

“Азаттык”: Сиз бул адам менен бир нече ирээт жолугушкан экенсиз. Боннэр менен качан, кайсы жагдайларда жолуккансыз?

Турсунбек Акун: Мен 1993-жылы бул киши менен жолуктум. Бул жылы Венада адам укуктары боюнча бүткүл дүйнөлүк конференция болду. Ал 25 жылда бирден боло турган конференция. Ошондо он эки күн Елена Георгиевна менен бирге болдук. Бул киши аябай дүйнөгө белгилүү укук коргоочу болчу. Орусияда Елена Боннэр менен адам укуктары боюнча иштеген Ковалев да кеңешип турчу.

Бул киши советтик режимден азап тарткан, түрмөлөрдө жаткан адамдарга барып, ошолордун баарын чыгарып, бүткүл дүйнөгө кат жазып, Хьюман Райтс Вотчко да кат менен кайрылчу. Анан бүткүл совет аймагындагы, дүйнөдөгү укук коргоочулар Елена Боннэр менен кеңешип турчубуз. Ал конференцияларда кеңештерин берип, жалындуу сөз сүйлөчү. Мага да “Турсунбек, сен Борбор Азиядагы алгачкы укук коргоочулардын бирисиң” деп айтканы бар.

“Азаттык”: Елена Боннэрдин жеке адамдык сапаттары кандай эле?

Турсунбек Акун: Бул киши Андрей Сахаровдун экинчи аялы болгон. Сахаровду эмне үчүн сүйдү? Себеби, Андрей Дмитриевич дүйнөгө белгилүү укук коргоочу эле. Елена Боннэр эмне үчүн ага турмушка чыгып, кийин ишин улантты?

Себеби Боннэр да тубаса укук коргоочу болчу. Анан талыкпаган, ушунчалык кыска сүйлөгөн, узун сүйлөгөндү жактырбаган, бардыгын бетке айткан адам эле. Ельцинге да, Горбачовго да, бүткүл дүйнөлүк диктаторлорго каршы күрөшүп келген аябай өжөр, талыкпаган укук коргоочу эле.

“Азаттык”: Деги эле Елена Боннэрдин ишмердүүлүгүнүн, анын идеяларынын коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга, жергиликтүү укук коргоочуларга кандай таасири болду?

Турсунбек Акун: Мен ойлойм, Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова өңдүү укук коргоочулар Елена Боннэрдин жолун жолдоп жатат деп. Елена Георгиевна мага кандай таасир берсе, башкаларга деле ошондой таасир берсе керек.

Анан анын биринчи жолдошунан баласы бар. 2002-жылы Аксы окуясында атайын ачкачылык жарыялап, Азиза Абдрасулова, аксылыктар болуп жатканда Елена Боннер бизге уулун жөнөткөн. Ал бизге кеңештерин берип, Елена Георгиевнанын атынан келип үч күн жаныбызда жүргөн. Ушунчалык бизге дем берип кеткен. Ошондуктан Боннердин идеясы Кыргызстанда да жайылып жатат. Биз ал кишинин окуучулары деп эсептелебиз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG