Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Сауд Арабия ханзаадасын өлүм жазасына тартты


Сауд Арабиянын падышасы Салман.
Сауд Арабиянын падышасы Салман.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-24-октябрь).

Дүйнөлүк басма сөздө узаган аптада Сауд Арабияда падышалык үй-бүлө мүчөсүнүн өлүм жазасына тартылышы кызуу талкууга түштү жана ал тууралуу бир катар талдоо макалалары чыкты.

Newsweek журналында аталган өлкөнүн Турки аттуу ханзаадасы эмнеге мындай оор жазага тартылганы талданды. “Саудияда өкүм шарияттын мыйзамдарына ылайык жүрөт. Мисалы, эгерде жабыр тарткан тарап өз доосунан баш тартса, ханзаада өлүм жазасына тартылбай калмак. Бул өлкөнүн падышасы Салман ислам мыйзамдары баарына бирдей экенин көрсөттү. Айрым серепчилер алгач кылмыш иши ачылганда ханзаада жазаланбайт деп жатышкан. Падышанын жээни Ханзада Турки бин Сауд аль-Кабири бир нече ай мурда араб чөлүнөн Адел аль-Мехамид аттуу адамды атып өлтүрүп алган. Саудиянын мыйзамдары боюнча, киши өлтүрүүгө барган атуул өлүм жазасына тартылып, жабырлануучу тарапка кун төлөнөт. Сауд падышалык үй-бүлөсү абдан чоң. Арасында жаманы да, жакшысы да бар. Мындай окуялар Салмандан мурдагы Файзал падышанын учурунда да болуп келген. Ханзааданын жазага тартылышы өсүп келе жаткан көп сандагы саудиялык хаанзадаларга мыйзамдан качып кутулуу мүмкүн эмес деген чоң сабак болду. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Саудияда монархтын жакындарына мыйзам боюнча кандайдыр бир артыкчылык берилбейт”, - деп жазат Newsweek журналы.

Асма Асад - "тозоктун ханышасы"

Сириянын лидери Башар Асаддын жубайы Асма "Орусия-24” телеканалына маек куруп, өлкөсүндө болуп жаткан окуяларга катуу кайгырып жатканын билдирди. Ушундан улам The Guardian гезити Асма Асаддын бейнесине сереп салган. “Чачтарын жакшынакай тармалдап алып, теледен сүйлөп жатканда Асманын сегиз жылга созулган согушка карата айткан сөздөрү ынанымдуу чыккан жок. Кантип жакшынакай, билимдүү лондондук кыз жырткычтык менен өлкөсүн кыйратып жаткан диктатордун жубайына айланды? Техастагы Сан Антонио университетинин тарых боюнча профессору Девид Леш Сириянын канайымынын азыркы аракети талкаланган өлкөнүн фонунда стабилдүүлүктү көрсөтүү катары баалады. Алар Орусия менен Ирандан колдоо алгандыктан, жакынкы келечегине ишенимдүү карашат дейт профессор. Асма күйөөсү Башар Асаддан айырмаланып, жырткыч диктатордун үйүндө чоңойгон эмес. Ал теги сириялык, Британияда жашаган кардиологдун кызы эле. Англиядагы чиркөө мектебинен билим алып, досторунун арасында Эмма деген ат менен белгилүү болчу. Башар Асад менен 25 жашында жолугуп, 2000-жылы баш кошушкан. Ошондо дүйнө коомчулугунун жүрөгүндө билимдүү, британиялык аял бул диктатордук системаны талкалап, демократияга жол ачат деген ишеним ойгонгон. Сириялыктардын көбү Башарды эми лидер катары тааныбайт. Үч баласы менен чытырман жансакчылардын арасында, тозоктун чок ортосунда жашоо менен доору аяктап бара жатканын Асма чын эле түшүнбөйбү”, - деген суроо койот The Guardian.

Жапонияда ашыкча иштегенден өлгөндөр азайган жок

Asian Nikkei Review журналы Жапонияда ашыкча иштегенден улам өз жанын кыйган адамдар азайбай жатканын жазды. Коомдук жана менчик сектордо “уулуу иштермандык” маданиятын жоюу боюнча жасалган иш-аракеттер жемишин бербей жатат. “Кароши” же ашыкча жумуштан өз жанын кыюу синдромуна аптасына 105 сааттан көп иштегендер кабылышууда. 2014-жылы "карошини" алдын алуу боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип чыккан. Саламаттык, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги өлкөдөгү компаниялардын 20 пайызы апталык иш саатын 80 сааттан ашырбай жатат деп билдиргени менен 2015-жылы көп иштегенден улам өз жанын кыйгандардын саны 2 159 адам болгон. 1515 адам акыл оорусуна чалдыккан. Жапон калкы мамлекеттин “анти-кароши” саясаты жакшы иштебей жатканына нааразы. Чуо университетинин профессору Сйозо Ямада компаниялардын ээлери жумушка жаңы орношкон жаштарга карьерасы жана иш акысы боюнча атаандаштыкты азайтуусу керек деп эскертет.

Нобел академиясы Боб Диланды “текебер” деп атады

Адабият боюнча быйылкы Нобел сыйлыгынын ээси деп табылган америкалык ырчы Боб Диланды көп ирет издеп, телефон чалып, байланышууга аракет кылышса да жооп бербей койгондуктан, комитет аны “текебер жана тарбиясыз” деп атаганын Time журналы жазды. 75 жаштагы ырчы Дилан бир нече аптадан бери Нобел академиясына жооп бербей жатат. Ал өз интернет сайтындагы сыйлык тууралуу кабарды да алдырып салган. Швециялык жазуучу Пир Уотсберг SVT телеканалына берген интервьюсунда Диландын декабрда Стокгольмдо өтө турган сыйлык тапшыруу аземине катышуусу арсар болуп жатканын айткан. Азыркы тапта Нобел академиясы ырчы менен байланышуу аракетин токтотту. Боб Диландын Нобелдин адабият боюнча сыйлыгына татыганы 13-октябрда белгилүү болгон эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG