Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Ж.Шамыралиев: "Кумтөр" боюнча өкмөттөн жооп күтөбүз


Балыкчыда “Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтындын 68% элге берилишин талап кылган митинг бүгүн да уланат. Буга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна митингдин уюштуруучуларынын бири Жекшен Шамыралиев жооп берди.

- Сизлер кечээ Балыкчыда митингге чыктыңыздар. Силер "Кумтөр" ишканасы өндүргөн алтындын 68% элге берилиши керек деген талапты коюп жатасыңар. Бул талаптарды кимдерге айттыңыздар? Өкмөткө билдирдиңиздерби?

- Бул талапты биз 27-декабрда эле Р. Отунбаева, А. Атамбаевге киргизип бергенбиз. Өкмөт жактан азырынча эч кимден жооп боло элек. Көчүрмөлөрүн “Кумтөр” ишканасынын президентине өткөрүп бергенбиз.

Бул демилгенин тарыхы узун. Бул 1998-жылы цианит төгүлгөндөн бери эле уланып жатат. Өкмөт жакшы көңүл бурбай жатат. Анан биздин үлүшүбүз көтөрүлбөй эле жылдан жылга президент алмашкан сайын эле түшүп, төмөндөп жатат. Мына башкы келишимде кыргыз элине 68 пайыз деди эле, таза алтындан, салыктардан тышкары. Бүгүнкү күндө силердин отуз пайыз акцияңар бар. Бул силерди байытат деп коюп жатышат. Ал акциялар кайда экени да түшүнүксүз. Ал акциялар тууралуу биз маалымат алдык, баягы Максим менен Елисеев көчүрүп кеткен деп.

- Сиздер жолду тороп, “Кумтөрдүн” унааларын өткөрбөй жатыпсыздар. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанга акчасын салайын деп жаткан башка чет элдик инвесторлорду чочутпайбы? Деги сиз кандай ойлойсуз?


- Жок, бул өзүнчө эле мокочо кылып коркутуп жатканы. Инвестор келбейт, эл аралык коомчулуктун ою башкача болот дегендер, элдин оюн башка жакка бурганга иштелип чыккан тактика, программа да.

Чындыгында “Кумтөрдүн” башында турган "Центерра Голд" компаниясы. Буларга атаандаш болуп чыккан, мына “Барий Голд”, “Орус алтын” компаниясы, керек болсо “Өзбек алтын” бүт бардыгы деген соттошкон күнү да чыгымдын баарын биз төлөп беребиз, биз иштеп беребиз, 70 пайыз таза алтындан кыргыз элине берип турабыз, он жылдан кийин бүт татынакай кылып өткөрүп беребиз деп жатышат. Алтын изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетимиш жылга чейин жете турган кору бар. Андан коркуунун кереги жок. Анан киши келбей калат деген туура эмес саясат.

- Сиздердин талаптар убагында аткарылбаса, бул маселени чечүү үчүн эмне кыласыздар?

- Аткарылбаса, "Кумтөрдүн" алтын саткан жери токтотулат. Ар кайсы тараптан, көп эле чараларды көрсө болот. Электр энергиясы жактан, жолду бууп салып. Биз ага чейин барган жерибиз жок. Биз өкмөттүн жообун күтүп жатабыз. Өкмөттө бул эмне болуп жатат деген эч ким жок. Эл эмне удургуп жатат, барып көрөлүчү деген бир адам жок. Биз ишкананын президентти менен сүйлөштүк. Жалгыз ушу өкмөт тарабынан Балыкчынын мэри катышты. Бирок ал кишиден биз эч нерсе уккан жокпуз.

- Өкмөттөр аралык келишимдерге бир өзгөртүү киргизүү аз убакыттын ичинде чечиле койбосо керек. Бул учурда кандай болуп калат?

- Биз он беш күн бергенбиз. Он беш күн өттү. Кабар жок. Анан келишимдер боюнча, биздин Баш мыйзамда элге, өлкөгө туура эмес жазылган келишимдерди жокко чыгарса болот деген.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG