Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

HRW Жанета Хамзаева боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Стив Свирдлоу
Стив Свирдлоу

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму теги тажикстандык активист, оппозиционер Собир Валиевдин кыргызстандык жубайы Жанета Хамзаеванын кармалганына тынчсызданууда.

Уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу, Борбор Азия боюнча эксперт Стив Свирдлоу бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде айтты. Ал Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул кармоонун себептерин түшүндүрбөй жатканы эл аралык нормаларга дал келбестигин белгиледи.

Свирдлоу: Human Rights Watch (HRW) уюму тажик жарандык коомунун өкүлү жана саясат айдыңындагы көрүнүктүү активисттердин бири Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеванын кармалышын өтө тынчсыздануу менен кабыл алды. Анын колго түшүү себептери азырынча бизге маалым эмес. Биз кыргыз бийлигине кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл буруп, эл аралык нормаларды сактоого чакырабыз.

Жанетага бардык укуктарынан пайдалануусуна, туугандары, адвокат менен кезигип, маселени талкуулоого мүмкүнчүлүк беришин сурайбыз. Улуттук коопсуздук кызматы же аны бошотушу керек, же болбосо эл аралык нормаларга ылайык, ага коюлуп жаткан айыпты ачык айтышы зарыл.

Албетте, бул кармоо анын өмүрлүк жолдошу Собир Валиевдин ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн. Валиев “Группа 24” кыймылынын активдүү мүчөсү. Бул кыймыл Тажикстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү талап кылып келет. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети биздин өтүнүчүбүзгө көңүл бурат деп үмүт кылабыз. Бул жагдайга дыкат байкоо салып турабыз.

"Азаттык": Айрым талдоочулар бул кармоонун артында тажик бийлиги турганын, Валиевдин жубайы Тажикстандын атайын кызматынын суранычы менен колго түшкөнүн боолгоп жатышат. Бул божомол канчалык негиздүү?

Свирдлоу: Бул кармоо тажик тараптын суранычы менен ишке ашкан болушу мүмкүн деген божомол бар. Бирок дал ошондой деп кесе айтуу да кыйын. Өткөн жумада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Варшавада жыйыны уюштурулган. Бул жыйынды адам укуктарына арналган ири масштабдагы иш-чара десек болот. Ал жерде Тажикстандагы саясий куугунуктар, адам укуктарынын басмырланышы боюнча талкуу жүрүп, сындар айтылды. Ошол учурда тажик делегациясы жыйындан чыгып кеткен...

Азыркы талаптар боюнча, бийликтер, бардык укук коргоо уюмдары, укук коргоочулар эл аралык нормаларды аткарууга милдеттүү. Андыктан, Кыргызстан бийлиги Жанетанын укуктарын бузбай, дүйнө коомчулугунун алдында эл аралык талаптарды колдоорун көрсөтүшү керек.

"Азаттык": Собир Валиев өзү бул жагдайды кандай деп баалап жатат? Силер байланыштыңарбы?

Свирдлоу: Бишкектеги кармоодон улам Собир Валиевдин коопсуздугуна да камтама боло баштадык. Ошондуктан, Human Rights Watch уюму аны менен байланышты үзбөй, абалга байкоо сала бермекчи.

P.S.: Жанета Хамзаеваны (Валиева) 2-октябрга караган түнү Молдовадан Бишкекке келген учурда "Манас" эл аралык аэропортунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармаган. Анын себеби айтыла элек. Ошол күнү анын апасынын Бишкектеги үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн. УКМК окуянын чоо-жайы боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG