Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

В. Богатырев: Бул коалициянын жолу оор болот


“Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев.
“Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев.

Парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын келечеги көп ишеним жаратпай тургандыгын “Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Жогорку Кеңеште парламенттик көпчүлүк түзүлдү. Ага кирген үч партиянын тандап алган багыттары бири-биринен абдан эле айырмаланып турат. Натыйжада бул коалициянын келечегине, анын өкмөт түзүп, иштеп кетүү мүмкүнчүлүгүнө кандай баа бересиз?

В. Богатырев: Менин түзүлгөн коалициянын келечеги жөнүндө күмөн оюм бар. Себеби, өзүңүз туура белгилегендей, алар таптакыр ар башка көз караштарды карманган партиялар. Биз премьер-министр жана өкмөт үчүн добуш берүү кандай аяктарын азырынча айта албайбыз. Ал учурда ар кандай сюрприздер да болуп кетиши мүмкүн. Бардык иш коалициялык макулдашуунун алкагында жүргүзүлө турган болсо да бул коалициянын жолу оор болот.

"Азаттык": Эмне себептен мындай ойду карманып жатасыз?

В. Богатырев: Билесизби, парламенттин күн тартибине укуктук талааны түзүүгө багытталбаган, саясий күрөштүн негизиндеги маселелер чыгышы мүмкүн. Мисалы, бул апрель окуяларына баа берүү маселеси болушу ыктымал. Ошондой эле июндагы окуяларга, декреттерге баа берүү өңдүү маселелер көтөрүлүшү мүмкүн. Ал түгүл мындай суроолорду азыр эле күн тартибине кое баштады. Мисалы, "Ата Журт" көтөрүп чыккан биринчи маселе, апрель жана июнь окуяларын иликтеген комиссиялар жөнүндө болгон. Анан бул маселелер коалицияга өз таасирин тийгизет. Анткени КСДП жана "Ата Журт" аталган көйгөйлөргө ар башка баа беришет эмеспи. Мындан сырткары, менин оюмча, ресурстарды көзөмөлдөө жагындагы бөлүшүүлөр да эч бир тараптын талабына төп келбейт. Натыйжада бул багытта бир катар маселелер чыгышы мүмкүн.

Менин көз карашым боюнча эгер бардыгы жакшы болуп, алар коалициялык өкмөт түзсө да, бул өкмөт дээрлик иштебей калат. Анткени бир партиядан келген бир министр башка партиянын премьер-министринин айткан сөзүн угары күмөн. Коалицияны ыдыратуу жөнүндө ар кыл шантаждар башталышы мүмкүн. Өзүңүздөр билгендей эгер коалициянын курамынан бир гана партия кетсе, ал коалициянын өмүрү бүтөт.

Менимче бир нече айдан кийин учурда башы көрүнө баштаган коомдук нааразычылык бышып жетилет. Өкмөткө олуттуу сындар айтыла баштайт деп эсептейм. Балким мындай сындарды алгачкылардан болуп "Ата Журт" партиясы башташы мүмкүн. Бул өңдүү жыйынтыктын чыгышы да толук ыктымал. Мен коалициянын курамындагы фракциялардын бири-бирине ишеними абдан эле төмөн деп ойлойм.

"Азаттык": Ушул тапта премьер-министрди шайлоо, өкмөттүн курамын аныктоо аракеттери жүрүп жатат. Айрымдар өкмөттү куроо ишине үч партия тең биригип киришет дешсе, айрымдары бул милдет КСДПга берилет деп айтышууда. Сиздин баамыңызда өкмөт кантип, кандайча түзүлүшү керек?

В. Богатырев: Өкмөт - кызматташ фракциялар арасында бөлүшүү, же коалициялык принцип жолу менен эмес, антикризистик өкмөт катары түзүлсө жакшы болмок. Антикризистик өкмөт дегеним эмнени билдирет?
Бул өкмөт – катуу чараларды көрүп, чечим кабыл алууга коалиция жана парламент тарабынан мүмкүнчүлүк берилген өкмөт болушу керек. Мындай катуу чаралар Кыргызстандын азыркы абалында абдан маанилүү. Мисалы, эгер өкмөттү куроо иши толугу менен КСДПга берилсе, менимче бул эффективдүү жол болот. Бул жерде КСДП маанилүү эмес, милдеттин үч партиянын бирөөсүнө гана берилгени маанилүү. Бул учурда партиянын лидери өлкөнү кризистен чыгарып кетүүчү адамдарды өкмөткө алып келиши толук мүмкүн.

"Азаттык":
Буга чейинки сөзүңүздө коалициянын жана түзүлө турган өкмөттүн келечеги күмөн туудурарын белгилеп кеттиңиз эле. Натыйжада бул коалиция жана курала турган өкмөт өлкөнү кризистен алып чыга албай деп ойлойсузбу?

В. Богатырев: Коалиция эч кимди, эч жактан чыгарып кетпейт. Коалиция күн сайын ортолорунда териштирүүлөрдү өткөрүү менен алек болот. Түшүнөсүзбү, парламенттин күн тартибине коюлган каалаган мыйзам долбоору жаңы коалициянын эсебинен кабыл алынып турат. Анткени ар биринин ыкмалары ар кандай. Натыйжада ар бир мыйзам долбоору үчүн фракциялар арасында ушундай эле макулдашуулар болуп турат. Анын үстүнө депутаттардын мандаты императивдик мандат эмес. Муну эске алганда бул парламентке коррупция дагы келиши мүмкүн.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG