Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ат-Башы районундагы эң четки Өзгөрүш айылындагы мектепте 36 жылдан бери орус тили мугалими болуп иштеп келаткан Нурила Жумаканова 8-марттын алдында өзү өмүрү күтпөгөн белекке ээ болду.

Кыргыз президентинин жардыгы менен ага "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылды. Нурила айым жолдошунан эрте ажырап, беш баланы багып чоңойткон, бүт өмүрүн мектепке арнаган эле. Ал тууралуу “Азаттык” айтып чыккандан кийин жогорку бийликтер көңүлүн бурган экен. Нурила Жумаканова майрам алдында сыйлыгын алуу үчүн Бишкекке келгенинде атайын “Азаттыктын” кеңсесине баш багып, ыраазылыгын айтты.

"Азаттык": Сиз “Эмгек сиңирген мугалим” деген наамга татыктуу болгон экенсиз. Бул сиз үчүн күтүлбөгөн окуя болсо керек?

Нурила Жумаканова: Бул сыйлык мен үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Көп жылдан бери иштеп келе жаткандыктан, көп эле сыйлыктарга көрсөтүлүп, көп грамоталарды алып жүрдүм элем. Мисалы мурдагы жыл, андан да мурдагы жылдары президенттин Ардак грамотасына көрсөтүлүп, алар ишке ашпай, акыркы күндөрү үмүтүмдү деле үзүп калгам да.

"Азаттык": Буга чейин канча жолу ушу грамоталарга тапшырдыңыз эле?

Жумаканова: Буга чейин үч жылдан бери эки-үч жолу болду. Мына тынымсыз өзүмдүн эмгегим менен өзүм чуркап, болгон иш кагаздарымды даярдап жөнөттүм эле. Былтыр, 2009-жылы да президенттин ардак грамотасына деп кетирдим эле. Анан мага күтүлбөгөн “Эмгек сиңирген мугалим” деген наам берилди.

Мен, биринчиден, "Азаттыктын" жамаатына рахмат айтам. Менин үйүмө чейин барып, иш тажрыйбам менен таанышып, айыл жеринде жашаган мугалимдердин социалдык абалын көрүп, акыбалыбызды сурап кеттиңиздер эле. Мен ойлойм, ушул “Азаттыкта” иштеген кызматкерлердин эмгеги тийди болуш керек. Анан жаңы өкмөттө калыстык бар экен деп ойлоп калдым, ушинтип карапайым адамдардын мээнетин баалашты. Буга чейинки эки бийлик тушунда канчадан бери грамота берилбей жүрүп, эми грамота эмес, дароо чоң сыйлыгын беришти. Адилеттик, калыстыкты туу тутат тура деп жатышат.

"Азаттык": Сизди пенсияга чыкканыңызга карабай, кайра мектепке чакырып келишкен экен. Эми сыйлык алгандан кийин мектептен такыр эле кеткиңиз келбей калат го?

Жумаканова: Бул - мен аздектеген кесип. Өткөндө ушул Жаркын Ибраева “Азаттыктан” барып интервью алганда, айттым эле, 2004-жылы өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн Бишкекке келип, ар кандай жумуштар менен алек болгом. Анан мындай байкап көрсөм, көрсө кадр жетишпегендиктен, айыл жерине жаштар барып, айыл жерине тургусу келбей жаткандыктан мен кайра бардым. Өзүмдүн кесибимди уланттым. Анан мына бүгүнкү күнгө чейин көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан ишимдин үзүрү көрдүм.

Менин окуткан окуучуларым, көп жерлерди аралап, ЕККУда, чет өлкөлөрдө, Италияда, Москвада, көп жерлерде жооптуу, жакшы кызматтарда иштеп жүрүшөт. Мен ушулар менен сыймыктанам. Көрсө, айыл жеринде жашап жатып, сабак берген кичинекей, көрүнбөгөн эмгегим балдарга чоң таасир берген экен.

"Азаттык": Мына сиз 36 жылдан бери бир мектепте иштеп келе жатасыз. Сиз да өзүңүзгө окшогон мугалимдерди тарбиялап коюшуңуз керек да. Бирок мектептерге жаштар келбейт дедиңиз. Жаш кадрлардын айыл жергесиндеги мектептерге келиши үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

Жумаканова: Жаш кадрлар келип, аларды көтөрүү үчүн эң биринчиден социалдык турмуштарын оңдоо керек да. Бүгүнкү күнгө чейин айыл жергелеринде спорт аянттары жок. Маданий, кызыктыруучу эч нерселер уюштурулбайт. Акыркы технологиялар менен жабдылбай жатпайбызбы. Анан жаштарыбыз кантип өсөт?

"Азаттык": Акыркы айларда мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп айтылып жатат. Балким ушу айлык көтөрүлсө, жаш кадрлар айылга келет чыгаар?

Жумаканова: Туура. Биринчиден айлыктан абдан кыйналгандыктан балдар кетип калып жатышпайбы. Эмгек акылар көбөйсө балким жаштар токтойбу деп ойлойм.

"Азаттык": Жеке өзүңүз мугалим катары маянаңызга канааттанасызбы?

Жумаканова: Кийинки жаш кадрларды, жаңы бүтүп келген мугалимдерди айлык үчүн эмес, сабагыңдын натыйжасы чыккыдай кылып сабак берүүгө, иштөөгө чакырат элем. Мен өзүм алып жаткан айлыгымдын, канча алдым, аз алдымбы же көп алдымбы деп эч качан өзүмдүн натурамда ушуну эсептегим келбейт да. Ар бир өтүүчү сабакка, жоопкерчиликтүү даярданып, анан бүгүнкү сабагым натыйжалуу болдубу деген суроого жооп алышым керек да. Мен ошого чакырып кетет элем.

"Азаттык": Сиздин кесиптик чөйрөңүздөн өтүп, үй-бүлөңүз тууралуу билгим келип жатат. Жубайыңыздан эрте ажырап калган экенсиз. Сиз тарбиялаган уул-кыздарыңыз кандай ийгиликтерге жетишти? Сиздин ордуңузду баскандай жөндөм, шыкка эгедер болдубу?

Жумаканова: Ооба, мен Москва районунда Беловодск айылында төрөлүп чоңоюп, ошол жерден билим алгам. Орусча чөйрөдө өстүк, орусча билим алдык дегендей. Анан турмуш шартыма байланыштуу Ат-Башынын Өзгөрүш айылына туш келип калдым да. Анан тилекке каршы 36 жашында жолдошум кырсыктан каза болуп калды. Мен үч эркек бала, эки кыз менен калдым. Орус чөйрөдө өсүп, кыргызча нукура жашоого көнүп кетүү, бир жерден башка жерге которулуп, ал жердин жашоо-шартын үйрөнүү өтө кыйын болду. Анын баарын жеңдим го деп ойлойм. Атасы жок болсо да, балдарыма жүз болбосо да, сексен пайыз жакшы тарбия бердим го деп ойлойм.

"Азаттык": Сизге рахматыбызды айтабыз. Ишиңиз илгери, жолуңуз шыдыр болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG