Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Кара-Балтада мунай иштетүүчү кыргыз-кытай “Жунда” заводунун токтоп калган өндүрүшү кайра калыбына келтирилди.

Бул компаниянын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу заводдун өндүрүшү убактылуу токтоп калган болчу. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы камакка алган компаниянын жетекчи орун басары Ю Шан Линге карата бөгөт чарасы кайра каралып, андан өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат алынып, тергөө абагынан бошотулду.

Өзгөртүлгөн баш коргоо чарасы

“Жунда” мунай иштетүү компаниясынын төрага орун басары Ю Шан Лин жана башкы эсепчи быйыл январ айынын ортосунда каржы полициясы тарабынан кармалып, 17-январь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды эки айга камоого бөгөт чарасын тандаган болчу. Буга байланыштуу парламент маселени чукулунан карап, кармоонун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча депутаттык комиссия түзгөн. Анткени буга компаниянын мунай өндүрүшү токтоп калганы себеп болгон. Бир катар парламент депутаттары муну инвестициялык климатка жагымсыз окуя катары баалашкан эле. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бактыбек Аширов ири өлчөмдө салык жашырууга шектелип кармалган компаниянын эки адамынын өлкөдөн качып кетүү тобокелчилиги бардыгы үчүн алар камакка алынганы боюнча парламентте түшүндүрмө берген.

Бирок Бактыбек Аширов камакка алынгандардын баш коргоо чарасы кийин кайра өзгөртүлгөнүн мындайча кабарлады:

Бактыбек Аширов

Бактыбек Аширов

- Башында тергөөчүлөр процессуалдык ченемге ылайык ошондой чечим кабыл алышкан. Ага карма же кармаба деп мен да кийлигише албайм. Алар качып кетиши мүмкүн же тергөөгө таасирин тийгизет деген негизде камакка алынган болчу. Прокуратура текшерип чыгып, камоого алууда мыйзам бузуу болбогонун айтты. Анан он күнгө чукул отургандан кийин камакка алынгандардан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынып, тергөө абагынан бошотулушту.

Салык жашыруунун сары изине түшкөн иш

Каржы полициясы 2015-жылдын 18-декабрында “Жунда” мунай иштетүү компаниясына карата кылмыш ишин козгогону январь айынын орто ченинде гана белгилүү болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө компания 54 млн сом мамлекеттен салык жашырганы чыгып калган. Мындан тышкары бензин сакталган кампадан 1000 тонна АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май жетишпестиги аныкталган. Бул 26 млн сомдун айланасын түзөт. Ал эми компаниянын кассасында каржылык тартип бузуу аныкталган. Документтер боюнча кассада 2 миллион 600 миң доллар болушу керек деп көрсөтүлсө, ал жерде болгону 600 миң сом акча болгон. Буга чейин “Жунда” компаниясынын каржылык иштери текшериле элек болчу. Тар чөйрөдө бул компаниянын калканчы күчтүү деген жүйө менен анын “кол тийгис” экени тууралуу ар кандай кептер айтылып жүргөнү белгилүү болду.

"Жунда" заводу

"Жунда" заводу

Азыр эми мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков бардык фактылар салык жашыруудан улам чубалып чыгып жатканына мындайча токтолду:

- Бул эми ачылгандан берки иштер. Чийки затты иштеп чыгарып, саткандан соң саналгандан чыккандан кийинки эсеп мына ошондой болду. Салык органы анализдеп чыгып, тиешелүү материалдарды каржы полициясына берген. Биз бул тууралуу эскертпей туруп каржы полициясына билдирүүгө милдеттүүбүз. Анткени бул жерде ири өлчөмдө салык жашыруу болуп жатат. Салык органы өз алдынча кылмыш ишин козгоп, ыкчам тергөө иштерин жүргүзө албайт. Ошондуктан толук иликтөө үчүн кат жөнөтүлгөн.

"Инвесторлор коргоого муктаж"

Ири өлчөмдө салык жашырууга айыпталып, андан сырткары дагы табышмактуу жагдайлары ачыла баштаган “Жунда” мунай иштетүү компаниясынын айланасындагы бул чатакка парламент депутаттары тымызын жана ачык түрдө кийлигишкени белгилүү болду. Алар парламентте каржы полициясынын аракетин сындап, чукулунан камоо иши экономикага ири каражат салган чет элдик инвесторду чочутту деген доомат коюшкан. Экономика министри болуп турган учурдан бери бул мунайды кайра иштетүү ишканасын колдоп келген учурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев да чет элдик инвесторлорго карата мамиле жагымдуу болушу керек деген позицияны карманды. Өкмөт башчысы ишкерлерге негизсиз жерден кылмыш ишин козгоп, жүйөсү жок туруп камакка алуулар ансыз дагы алсыз абалда турган инвестициялык климатты буза турганын айткан. Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асанов бул жагдай туурасында тиешелүү текшерүү органдарына мурда эле эскертүү берилгенине токтолду:

Бакыт Асанов

Бакыт Асанов

- Премьер-министр Темир Сариев инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын укугун коргоо боюнча маселе көтөрүп, аны бардык жетекчилерден талап кылып келет. Бул тууралуу өкмөттүн программасында дагы көрсөтүлгөн. Текшерүүлөр кайсы бир адамдын кызыкчылыгына карабастан, мыйзамдын чегинде жүрүшү керектигин айткан. Мына ошол эле “Жунда” заводун текшерүүгө байланышкан мисалда дагы өкмөт башчысы мыйзамдын алкагында текшерүү жүргүзүү керектигин эскерткен болчу.

Кадимки көрүнүшкө айланган калканч

Бирок ошол эле кезде чет элдик инвестор Кыргызстандын мыйзамдардын бузуу жолу менен, жең ичинен тымызын иштерди жасап, көмүскө киреше табууга ыңгайланышып алса, анда аларга карата мамиле кандай болууга тийиш деген суроо кабыргасынан коюлуп турган учур.

- Азыр чет элден келген инвесторлор бийликтеги жетекчилердин “мен сага эч кимди тийгизбейм” деген убадасын алып алгандан кийин анан мына ошондой мыйзам бузууга барышат. Мына ушул эле “Жунданы” канча жылдан бери кимдер калкалап келгенин тар чөйрөдө бардыгы билишет.

Мына ушуга байланыштуу буга чейин Кара-Балтадагы “Жунда” компаниясы бийликтеги кайсы бир топтун чөнтөгүн толтурууга иштейт деген дооматтар да айтылып келген. Парламенттин экс-депутаты Турат Мадылбеков бул компанияны өкмөттө ири жетекчилер калкалайт деген түкшүмөлүн ачыкка чыгарды:

- Азыр чет элден келген инвесторлор бийликтеги жетекчилердин “мен сага эч кимди тийгизбейм” деген убадасын алып алгандан кийин анан мына ошондой мыйзам бузууга барышат. Мына ушул эле “Жунданы” канча жылдан бери кимдер калкалап келгенин тар чөйрөдө бардыгы билишет. Бирок айтышпайт. Ал чоң фигуралар асмандан түшмөк беле. Алар ушул эле Ак үй менен "Көк үйдө" отурушат. Анан эми каржы полициясы таап чыккан 54 миллион сом – бул бери жагы эле. Тыкыр текшерсе андан дагы көп нерселер чыгат. Бирок аягына чейин чыгарышпайт. Болбосо камалган жетекчилерин чыгарып жиберишмек эмес. Ал жерде толтура уурулук бар. Ошонун бардыгын ачып, коомчулукка бул иштин артында кимдер калканч болуп турганын айтышы керек болчу

"Жунда" заводу

"Жунда" заводу

Бирок “Жунда” мунай иштетүү компаниясын калкалаган күчтөр туурасында мындай түрдүү түкшүмөлдөөлөр менен ар кандай божомолдорго азырынча далилдер жетишсиз. Тергөө азырынча бул компания кимге ишенип жана эмне себептен мына ошондой ири өлчөмдөгү салык жашырууга барганы жана аны бийликтеги кайсы бир келишип алган топтор колдоп келген деген шектенүүлөр туурасында коомчулукка ачык маалымат берүүдөн айбыгууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бактыбек Аширов чет элдик инвесторду мыйзамды бузууга түрткөн жагдайлар күбөлөр менен айыпкерлердин көрсөтмөсүнүн негизинде кеңири иликтене турганын убада кылды:

- Азыр тергөө жүрүп жатат. Кошумча чаралар дагы жүрүп, салыктык текшерүү аягына чыга элек. Албетте ал жерде чоң мыйзам бузуу бар. Ал жагы аныкталган. Анан эми азыр материалдардын бардыгын алып, биз салык органына текшерүүгө бердик. Мына ошол иштер бүткөндөн кийин анан бул иштер ким аркылуу жасалганы жана кимдер түздөн-түз аралашканы белгилүү болот. Тергөө бүтө электигине байланыштуу бардыгын азыр айта албайм.

Мунайды иштетүүчү “Жунда” компаниясы Кытай тараптын инвестициясына түзүлүп, мамлекетке жылына 5 миллиард сомдон ашуун акча салык түшүрөт деген башында өкмөттүн планы болгон. Ошондо бул компания ай сайын кеминде 90 миллион сомдун айланасында салык төлөмөк. Парламентте 2015-жылдын тогуз айында заводдон бюджетке салык түрүндө 1 миллиард 576 млн. сом, камсыздоо төлөмү катары 30 млн. сом түшкөн деген маалымат айтылган. Бирок экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аны четке кагып, заводдон бюджетке 2014-жылы 200 миллион сом, айына 17 млн. сом, ал эми 2015-жылы 364 млн. сом төлөгөн, демек айына 30 млн. сом түшкөн деп ырастайт. Бул компания жылына 800 тоннага чукул мунайды кайра иштетип чыгарууга ыңгайланышкан. Мында негизинен АИ-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик отун майы иштелип чыгып, кайсы бир бөлүгү ички рынокко сатылып, көпчүлүгү Кытайга жана Ооганстанга экспорттолот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG