Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Талдоочулардын баамында, 7-апрелдеги окуялардын от алышына күч түзүмдөрүнүн “Форумдагы” митингди кууп таратуу аракети жана ал жерде ири өлчөмдөгү курал-жарактын таланып кетиши себеп болгон.

Бирок серепчилер ал жагдайлардын түпкүлүктүү себептери жана өзөктүү логикасы иликтене электигине токтолушат.

Өткөн жылы апрелдин алтысынан жетисине караган түнү оппозициялык лидерлердин дээрлик көпчүлүгү камакка алынган. Мындай жагдай алардын жактоочуларынын “Форумга” митингге чогулушун шарттаган. Ошондогу бийликтин күч түзүмдөрү митингди кууп таратуу үчүн куралчан кызматкерлерин жөнөтүп, бирок алар чогулган элдин толкунуна туруштук беришкен эмес.

Окуянын катышуучусу Манасбек Акматов жаалданган адамдар курал-жарактарды тартып алып, аянтты көздөй кантип барганына токтолду:

- Жолдон унааны токтотуп, курал-жарактарын тартып алышты. Кийинки машинага барсак, анда бир көзгө атар мылтык жана жащиктин ичинде гранаталар бар экен. Алардын дүрмөттөрүн дароо чыгарып салдык. Бирок автоматтар элдин колуна чар-жайыт тарап кетти.

Биз аянтка киргенде жигиттерди Ак үй жактан ата баштаган экен. Биз элдик кошуундун штабын уюштуруп, колдо бар болгон, тартылып алынган куралды эсептесек жыйырма эки даана экен. Биз ошондо автоматтардын көпчүлүгү чыныгы октор менен октолгонун көрдүк.

Тергөө материалдарында “Форумга” милиция күчтөрүнөн сырткары Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” жана мамлекеттик күзөттүн “Арстан” топтору атайын даярдык менен жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Ал жердеги митингчилерге күч көрсөтүү аракеттери башка адамдардын да көңүлүн буруп, алардын агымынын көбөйүшүнө өбөлгө болгон.

Серепчилер оппозициялык саясатчыларды камакка алуу менен эртеси күнкү “Форумдун” алдындагы окуянын өз ара байланышын белгилешет.

Саясат таануучу Табылды Акеров бул байланышты чагымдын классикалык үлгүсү деп эсептейт:

- Форумдагы эл арасында чагым уюштуруп, кубалап, айрымдарын кармап, анан буга чейин кармалган оппозиция лидерлерин "булар мамлекеттик төңкөрүш уюштурганга аракет жасаган экен" деп айыптап, түрмөгө отургузууну көздөшкөндөй. Анткени кийин ал имараттан атайын катылган курал-жарак табылбадыбы.

Кийин ал жердеги лидерлери жок эле митингге барышып, чагым уюштуруп, куралдарын тарттырып жиберишкен. Андан соң өздөрү баштаган кырдаалды өздөрү көзөмөлдөй албай калышкан.

Көшөгө артында калган жагдайлар

Ошол эле учурда аянттагы кандын төгүлүшүнө ошол маалдагы оппозиция жооптуу болгонун айткандар да аз эмес. Анткени буга чейин алар жер-жерлерде курултайларды уюштуруу жана элдик бийликти орнотуу талаптарын коюшкан болчу.

7-апрель окуясы боюнча соттолуп жаткан аскер кызматкерлеринин укугун жана эркиндигин коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Чыңгыз Шаршебаевдин айтымында, мында күмөн саноону жарата турган жагдайлар арбын:

- Тергөөдө көп жагдайлар объективдүү иликтенген жок. Мисалы камалбай калган оппозиция лидерлеринин айрымдары өздөрү УКМКга барып, колго түшүп берип жатышпайбы. Бул өтө шектүү жагдай. Алар ошол күнү эмне болоорун билип, анын жоопкерчилигинен качышкан.

"Ата-Бейит", 10-апрель, 2010-жыл
Учурда 7-апрель окуясы боюнча кылмыш иштери Бишкек Аскер гарнизондук сотунда каралууда. "Аянттагы кыргынга шектүү" деп табылган мурдагы президент К. Бакиев баштаган 28 адамдын айыбы угузулган. Бирок кылмыш ишинде оппозиция лидерлерин камакка алуу жана куралдуу топ менен митингди таратуу буйруктарын түздөн-түз ким бергендиги тергөөдө ачык айтылган эмес.

Башкы прокуратуранын башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Канат Аманкулов ал жагдайлар соттун жүрүшүндө жарыялана тургандыгына токтолду:

- Алдын-ала тергөө иштеринин жүрүшүндө курал-жаракчан тынч митингге баруу, аны таратуу аракеттери боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана жооптуу кызматкерлеринин айыбы угузулган. Бул маселенин түпкү жагдайлары соттун жүрүшүндө аныкталат болуш керек. Негизи мыйзамга жана ошол мезгилдеги кырдаалдын талаптарына каршы келгендигине карабастан мындай буйрукту эмнеге чыгаргандыгы сотто айтылат.

Түшүнүксүз түкшүмөлдөр, күтүүсүз күмөндөр

Аянтка келген адамдарды Ак үйдүн коргоочулары алгач кулакты тундуруучу гранаталар жана желим октор менен тосуп алышкан. Андан соң чыныгы октор чуулдап атылып, алгачкы адам курмандыктары каттала баштаган.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева ок атышууну токтотуу боюнча ошондогу сүйлөшүүлөрдүн табышмагын азыркыга чейин жандыра албай жүргөнүн жашырган жок:

- Ак үйгө саат он бирлерде кирген К. Дүйшөбаев эмне жөнүндө сүйлөшкөн? Андан кийин Ак үйгө кирген саясатчылар Т. Сариев, И. Өмүркулов жана Р. Отунбаева эмне жөнүндө сүйлөшүп, кандай жыйынтыкка келгени азыркыга чейин белгисиз. Анткени "болду, эми ок атылбайт" дегенден кийин канча адам окко учуп жатты. Ошол учурдагы лидерлер элди аянттан ары алып кетпей эмне кылып жүрүштү? К. Дүйшөбаев кайда жоголуп кетти? Анан ал кантип М. Суталиновдон УКМКны өткөрүп калды? Мунун баары алдын-ала сүйлөшүлгөндүгүнөн кабар бербейби? Мына ушуга окшогон суроолор толтура.

Бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошол учурдагы Ак үйдө өткөн сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотуу жана камалып турган саясатчыларды бошотуу талабы коюлган. Башкалардан мурдараак бошотулуп, сүйлөшүүлөргө катышкан “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев буларды билдирди:

- Болжол менен түштөн кийинки төрт чендерде биз 7-кабатка көтөрүлгөндө Д. Үсөнов, ошондогу башкы прокурор Н. Турсункулов жана УКМК башчысы М. Суталинов менен жолуктук. Биз талаптарыбызды айтсак, алар "президентке айталы, бирок силер элди аянттан ары жылдыргыла, ок атылбайт" дешти. Бирок биз сыртка чыккандан кийин деле аткылоо күчөп кетти. Ошентсе да камакта жаткан саясатчылар толук бошотулду.

Айыптан мурда кайып болгон көзгө атарлар

Коомчулукка ал окуядан кийин аянттагы канбайранды чет элдик жалданма көзгө атарлар ишке ашыргандыгы боюнча имиштер таркаган. Бирок мындай фактылар тергөөдө тастыкталган эмес. Анткен менен окуянын катышуучулары чатырлардан атып жаткан беткапчан көзгө атарларды байкашкан. Мурдагы аскер кызматкери Манасбек Акматов алардан жергиликтүүлөргө мүнөздүү болбогон белгилерди байкагандыгын кошумчалады:

- Дене бою олбурлуу, кийген кийимдери башка формадагы адамдар жүрүштү. Алардын айрымдарынын чачынын узундугу, кыймыл-аракеттери жана даярдыгы бизди таң калдырып жатты. Салыштырып көргөндө биздин күч түзүмдөрдөн дене-түзүлүшү жана кыймыл аракеттери боюнча андай адамдарды кезиктирүү кыйын.

Апрель окуясы боюнча сот, 17-ноябрь, 2010-жыл
Анткен менен айрым талдоочулар 7-апрелдеги кан төгүү үчүн эки тарапты тең айыпташат. Анткени эки жакта тең кырдаалды колдон чыгарбоо жана маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болгон жөндөмдүн жоктугу байкалган. Талдоочу Нуржигит Кадырбеков муну Кыргызстандын саясий элитасынын жоопкерчиликсиз мамилеси менен байланыштырды:

- Кан төгүүнү болтурбай койсо болмок. Бул үчүн адам күчкө таянбай, акылга таянышы керек. Анан бийликтегиси, же оппозициядагысы болсун, саясий күчтөр жөнөкөй адамдарга, өздөрүнүн максаттарын ишке ашыра турган курал катары мамиле жасоосун өзгөртүшү керек болчу. Мына ошондой жоопкерчиликсиз тирешүүнүн аягы ушуга алып келди.

Буга чейин мурдагы мамлекет башчысы Курманбек Бакиев 7-апрелдеги окуяда тышкы күчтөрдүн колу бар деп айтып, бирок кайсы мамлекеттин атайын кызматы экендигин атоодон баш тарткан. Ошол маалда Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп турган Роза Отунбаева 87 адамды жоготууга алып келген ал окуяны эл аралык иликтөөгө берүүнү убада кылып, бирок ал убада кийин аткарылган эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG