Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы байкалбайт. Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, пара алуу жана жемкорлук аркылуу мамлекетке зыян келтирүү фактылары ачылганы менен анын көпчүлүгү тергөө учурунда же сотто өндүрүштөн кыскартылып же убактылуу токтотулуп койулган.

Ал гана эмес, кылмышка шектелген адамдардын жетекчи кызматтарга дайындалган учурлары мамлекетте кадыресе көрүнүшкө айланды. Бул жараянды белгилеген талдоочулар муну өлкөдөгү чырмалышкан коррупциянын жыйынтыгы катары баалашууда.

Сандар бар, бирок “жандар” жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан өткөн жылы 298 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 96 иш сотко жетип, андан иргелип отуруп соттордун чечими менен 40 адам соттолгон. Быйылкы жылдын үч айында 63 кылмыш иши ачылып, анын кырк алтысы сотко жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги тарабынан жемкорлукка жана экономикалык кылмыштарга байланышкан үч жүздөн ашуун кылмыш иши ачылган менен анын жарымына жакыны боюнча сот органдары актоо, ишти өндүрүштөн кыскартуу же аны кайра тергөөгө жөнөтүү чечимдерин кабыл алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев мына ошондой жолдор аркылуу жемкорлукка малынган жетекчилердин жазасыз калуу өнөкөтү күчөп жатканын белгиледи:

- Мына ушул кезге чейин канча фактылардын бети ачылганы менен алардын көпчүлүгү аягына жетпей эле жабылып калууда. Бул жерде сот системасынын өксүгү көзгө даана көрүнөт. Ушул күнгө чейин пара алган соттор өздөрү баш болуп кармалганы менен жемкордукка малынгандардын негизгилери жазасын алып соттоло элек. Мамлекеттик казынадан дагы деле уурдап, жеп-ичип жатышат. Мына ошол элдин канын соргондор эч нерсе болбогондой бийликтен-бийликке секирип жүрүшөт. Бирок алардын көпчүлүгү жазасыз калууда. Муну жоопкерсиз жана жазасыз калуу синдрому деп коёт.

Кылмыш иши козголгондор жогорку кызматта

Жемкорлукка шектелген жетекчилер кылмыш жоопкерчилигине тартылмак тургай жогорку кызматтарга коюлган фактылар көбөйө баштады. Өткөн жылы Ош шаардык прокуратурасы 2009-2010-окуу жылында Ош Мамлекеттик университетинен окуудан чыгарылган студенттердин 2,5 миллион сомдук келишимдик акысын кымырып алуу фактысынын бетин ачкан. Буга байланыштуу ОшМУнун ошол кездеги ректору Мухтар Орозбековго, проректору Ашыраалы Борбоевге жана башкы эсепчи, азыркы парламент депутаты Элмурад Обдуновго кылмыш иши козголгон болчу.

Кылмыш иши козголгон учурда билим берүү жана илим министринин орун басары болуп турган Мухтар Орозбеков кызматынан алынган. Бирок мына ошол кылмыш иши жабыла электе эле Орозбеков Ош мамлекеттик социалдык университетине ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мухтар Орозбеков өзү сүттөн ак болгону үчүн ага дагы бир жолу ишеним көрсөтүлүп жатканын шардана кылды:

- Эми ал жөн эле сөз болушу мүмкүн. Мага эч качан кылмыш иши козголгон эмес. Мен өзү мурда мыйзамчы депутат болгон адам катары мыйзамды бузбайм жана бирөөнүн мыйзамды бузуусуна дагы жол берген эмесмин. Мен өткөн жылы билим берүү министринин орун басары кызматынан иштеги кемчилик үчүн кеткен эмесмин. Ошол кезде эле менин өзүмдүн сунушум боюнча башка бир окуу жайдын жетекчилигине которулуу боюнча сүйлөшүлгөн эле. Ошонун сааты азыр келди окшойт. Мына ошол чечим боюнча бул жакка ректор болуп келдим.

Ош прокуратурасы Орозбековдун артынан түшөт

ОшМУнун окуудан чыгарылган студенттеринин акчасын кайтарып бербей койууга байланышкан кылмыш иши депутат Элмурад Обдуновдун кол тийбестигин алууга парламент макулдук бербей койгон үчүн убактылуу токтоп турган. Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу жакында аталган кылмыш иши кайрадан жанданганын белгиледи. Атай Шакир уулу муну менен Мухтар Орозбековдун ага каршы кылмыш иши жок деген маалыматын жокко чыгарды:

- Биз жакында эле аталган кылмыш ишин жандандырып, андан депутат Обдуновго караштуу материалдарды бөлүп салдык. Анын депутаттык мөөнөтү аяктаганга чейин анын кылмыш иши убактылуу токтоп турат. Ал эми калгандары боюнча тергөө иштери кайрадан улантылат. Бул ишке катышы барлардын арасында ОшМУнун мурдагы ректору Орозбеков дагы бар. Биз бул ишти тергөөнү аягына чыгарып, аны жакында сотко ашырабыз.

Бирок Ош мамлекеттик социалдык университетинин эмгек жамааты Орозбековдун кызматка дайындалышын иренжиген маанайда кабыл алды. Аталган окуу жайдын проректору Шералы Эгембердиев бул дайындоону эмгек жамаатын шылдыңдоо катары мүнөздөгөн болчу:

- Биз муну министрдин окуу жайдын эмгек жамаатын шылдыңдоо катары кабыл алабыз. Анткени министр эки мурунку буйругун негизи жок эле кайра артка кайтарды. Ал аз келгенсип кечинде келе калып, тар чөйрөнүн катышуусунда жаңы ректор деп бул кишини отургузуп кетип жатат. Муну биз аша чапкан мыйзамсыздык деп ойлойбуз.

Өкмөт башчысы кийлигишкен эмеспи?

Парламент жакында кабыл алган мыйзам боюнча жогорку окуу жайларынын ректорлору шайлоо жолу менен тандалып, президент жана өкмөт башчысы тарабынан бекитилет. Буга чейин улуттук макамы бар жогорку окуу жайларынын жетекчилерин президент, калгандарын өкмөт башчысы дайындап келген. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов Мухтар Орозбековду ректордун милдетин аткаруучу кылып дайындоого премьер-министрдин тиешеси жок экенине токтолду:

- Ал кишини билим берүү министри өз буйругу менен эле ректордун милдетин аткаруучу кылып, шайлоо өткөнгө чейин убактылуу дайындаптыр. Буга премьер-министрдин эч кандай тиешеси жок. Качан гана окуу жайдын эмгек жамааты шайлоодо эң көп добуш топтогон талапкерди тандагандан кийин өкмөт башчысы ошондо гана аны ректор кылып бекитет. Ага чейин премьер-министр бул процесске кирише албайт.

Өздүк булактардын маалыматына караганда билим берүү жана илим министри Канат Садыков башында Орозбековду Ошко аталган окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштыруу үчүн өзү алып барган. Бирок эмгек жамаатынын маанайынан чочулаган министр Садыков окутуучулар менен жолугушпастан келе берген. Мына ошондуктан эмгек жамаатынын айрым өкүлдөрү Орозбековду дайындоо кызылдай акча менен жең ичинен чечилген деп шектенишет. Окуу жайдын декандарынын бири Кутманалы Абдрахман уулу министр муну менен эмгек жамаатынын талабын басмырлаганын айтты:

- Биз буга чейин министр Садыков менен бир нече ирет сүйлөшкөн элек. Ошондо биз ага эки талап койгонбуз. Биринчиси - окуу жайдын аталышы тууралуу болсо, экинчиси - ректор боло турган адамды дайындоодо эмгек жамаатынын кызыкчылыгы эске алынсын дегенбиз. Бирок министр эч ким менен кеңешпей туруп, ректордун милдетин аткаруучуну дайындай койуп, качып кетип жатат. Муну кандайча түшүнсө болот?

Садыковдун кабары жок...

Билим берүү министри Канат Садыков мурдагы иштеген окуу жайдан миллиондорду кымырып алды деп шектелген Мухтар Орозбековду кайрадан башка бир окуу жайга ректордун милдетин аткаруучу кылып дайындоо буйругу боюнча эмгек жамаатына түшүндүрмө бере алган эмес.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Орозбековдун бир жылдан бери тергелип жаткан кылмыш иши тууралуу кабары жок экенин айтып, өзүнүн буйругунун мыйзамдуулугун коргоп чыкты:

- Туура, ошондой буйрук чыкты. Биз анын үстүнөн кылмыш иши бар экенин билген жокпуз. Ал иш качан козголуптур? Эгерде прокуратура мына ошондой иш бар жана аны кызматтан четтетүү тууралуу өтүнүч келтирсе, биз аны карап чыгабыз. Азырынча андай расмий кат бизге келе элек.

Билим берүү министри Канат Садыковдун Орозбековду дайындоого байланышкан буйругунан мыйзам бузуу табылбаган менен анын колу таза эмес деп шектелген жетекчилер менен тилектеш экенинен кабар берет дешет талдоочулар.

Парламенттин билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев мында моралдык жана укуктук баа берүүнүн ортосунда айырма бар экенин белгиледи:

- Негизи билим берүү тармагындагы жетекчилик орундарга беделине шек келбеген адам келиши керек. Эгерде билим берүү министри чын эле үстүнөн кылмыш иши козголгон адамды ректорлукка дайындап жатса, бул жерде маселе бар. Бирок мындай моралдык жоопкерчилик менен укуктук жоопкерчиликтин ортосунда айырма бар. Ошондуктан адам сот жообуна тартылмайынча аны кылмышкер деген шек менен кароо да туура эмес. Ошондуктан бул иш боюнча соттун жообун күтүүгө туура келет.

Ошол эле кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ири суммада пара алуу фактылары менен иш козголгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайрадан кызматына калыбына келтирилген учурлар көп каттала баштады. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча өкмөттүк жыйында министр Абдылда Сураничев өткөн үч жыл аралыгында ар кандай себептер менен милициядан айдалган 120 кызматкер соттордун чечими менен акталып чыкканын айтты. Ички иштер министри азыр алардын көпчүлүгүн кызматына кайрадан калыбына келтирүүгө мажбур болушканын мисал келтирген.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Жоробай Абдраимов мындан өздүк курамдын ичин тазалоо иши аксап жатканын жашырган жок:

- Мындан ары кайсы бир кызматкер жумуштан айдалса, анын айыбын толук далилдеп туруп анан чечим кабыл алуу зарылдыгы турат. Анткени ар кандай тартип бузду деген негиз менен иштен кеткендердин көбү тергөөдө жана сотто айыбы тастыкталган жок деген шилтеме менен кайрадан келип жатышат. Биз андан кийин анын ким экенине карабастан кызматына калыбына келтирүүгө аргасыз болобуз. Бирок кызматтан кеткендердин көпчүлүгү кандай негиздер менен кеткени белгилүү да. Ошондуктан бул маселеге кандайдыр бир мыйзамдык чектөө киргизүү жагы сунушталууда.

Ошол эле кезде ири аткаминерлердин деңгээлинде геология жана жаратылыш агенттигинин мурдагы жетекчилери Учкунбек Ташбаев, Замирбек Эсенаманов, социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров жана анын орун басары Гүлнара Дербишова кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышат. Жемкорлук менен шектелген Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши болсо бир жарым жылдан бери аягына чыга элек. Ошол эле кезде талдоочулар бийликте турган коррупционерлерди кармап, жазага тартуу жагы колго алынбай жатканын белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG