Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу 27, 4 гектар жердин айланасындагы чыр-чатак кеминде төрт жылдан бери чечилбей келатат.

Айылдагы демилгечи топ бул жер 2008-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин, апрель окуясынан кийин жер тилкелери муктаж болгондорго берилбей, чоочун адамдарга сатылып кеткен деп даттанууда. Алардын оюнча, жерлер жергиликтүү бийликтин акча жасоо булагына айланган, ошондуктан күнөлүүлөрдү жазалоо керек дешет. Айыл өкмөт болсо дооматтарды четке кагып, жер тилкелери муктаж тургундарга гана берилди деп ишендирет. Ороктогу бул жер талаш апрель окуяларынан кийин курчуп, жер бөлүштүрүүгө тиешеси бар тараптардын үйлөрүндө жардыруу фактылары да катталган болчу. Азыр бул айылда жер талаш дагы эле басылбай турат. Жакында жердин бөлүштүрүлүшү боюнча айыл өкмөт башчысына кылмыш иши козголуп, 14-майда Сокулук райондук сотунда алгачкы соттук жараян болуп өттү. Бул жараян кайрадан 25-майда улана турган болду.

Азайбаган кезек талашка себеп

Бишкекке улагалаш Селекция айылындагы нааразылык жараткан 27,4 гектар жер аянтында учурда курулуш кызуу жүрүп жаткан чак. Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнө караган бул жерде кээ бирлер жаңыдан үйдүн пайдубалын коюп жатса, айрым тыңдары эбак заңгыраган тамды көтөрүп салган. Бул тегерек мындан төрт жыл мурда эле айдоо боло турган, эми болсо кадыресе көчөлөр салынып, өзүнчө бир конуш түптөлө баштаган. Бул жердеги 480ден ашык жер тилкеси эбак сатылып бүтүп, турак-жай курулуп жатса да талаштын соңуна чыкчу түрү көрүнбөйт.

Орок айыл өкмөтүндөгү Кичи-Орок айылында ата-энесинин үйүндө кызы менен жашаган, орто курактагы Гүлнара Исакова жер алуу үчүн жети жылдан бери кезекте турат. Акыркы жолу 27,4 гектар бөлүнгөндө жер тилкеси тийбей калып, азыр өз укугу үчүн күрөшүп жатыптыр:

Гүлнара Исакова

Гүлнара Исакова

- 2005-жылдан бери Орок айыл өкмөтүнүн компьютеринде үч миңден ашык адам жер алуу үчүн кезекте турат. Жыл сайын эле жер берилет. Чындыгында жерге муктаж болгондор, көп балалуулар албай эле, алып-жуткандар эле алып жатышат. Биз ошону менен калып калып жатабыз.

Гүлнара Исаковага окшоп 27 гектар жер адилетсиз бөлүндү деген он чакты демилгечи тургун бар. Алар бул жер башында эле мыйзамсыз менчиктештирилгенин, апрель окуясынан кийин басымдуу бөлүгү кайра кайтарылганы менен жер тилкелери колунда бийлиги барлардан артпай жатканын айтууда.

Сөз - Орок айыл өкмөтүнүн тургуну Кылыч Сагынбековдо:

- Элде азыр үч-төрт баласы менен батирде жашаган жергиликтүү тургундар бар. Такыр жер тилкесин ала албай оорулуу энеси менен төрт беш тууган бир үйдө жашаган учурлар кездешет. А булар өз ара келишип, бүт жердин баарын өздөрү сатып жиберишти. Мурунку жер алгандардын баары экиден-үчтөн жер алышты. Элге эч нерсе тийген жок. Ошону үчүн нааразы болом.

“Азаттык”: Жер тилкелери канчадан сатылганы тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Башында беш миң доллардан кеткен. Азыр андан да көп. Жети-сегиз миңге чыгып кетти дешет. Акчалар тигилердин чөнтөгүнө кетип жатат.

Мына ушундай арыз менен демилгечи топтун өкүлдөрү “Азаттыкка” кайрылгандыктан, Орок айыл округуна караштуу бул жердин таржымалын териштирүүгө кириштик. Анда сөз башынан болсун.

Иликтөөнү толугу менен бул жерден угуңуз.

1-бөлүк



2-бөлүк




Экс-губернатордун энчисиби?

Ороктогу талаштуу жердин чоожайын шарттуу түрдө апрель окуяларына чейин жана андан кийин деп экиге бөлүүгө болот. Демилгечи топтун маалыматы боюнча, нааразылык 2008-жылы өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү 27,4 гектардын менчиктештирилишинен от алган. Ал кезде Орок айылынын алтымыштай жашоочусунун Сокулуктун ар кайсы бөлүгүндө чачыранды жайгашкан үлүш жерлери болгон экен. Ошол учурдагы айыл өкмөт жетекчилиги бул үлүштөрдү Селекция айылына жакын №10,62 контурга, тактап айтканда алдыда сөз болуучу 27,4 гектар жерге которот.

Көп өтпөй Чүй облусунун экс-губернатору Кубанычбек Сыйдановдун туугандары бул жерди сатып алышат. Алгач төрт адамдын наамына сатылган бул аянт кийинчерээк губернатордун кызы делген Гүлмира Сыйдалиеванын башкаруусуна өтөт.

2008-жылдын ноябрь айындагы өкмөттүн чечими менен Селекция айылынын жанындагы бул аянт трансформацияланат. Башкача айтканда, айдап себүүгө делген жер турак-жай курууга ылайыкташтырылат.

Орок айылынын тургундары бул жер убагында экс-губернатор Кубанычбек Сыйдановдун түздөн-түз көрсөтмөсү менен менчиктештирилгенин айтып келишет. Бирок губернатордун кызы Гүлмира Сыйдалиеванын атынан жер маселесин тескеген Селекция айылынын тургуну, Орок орто мектебинин директору Айгүл Исакова бул сөздөрдү четке кагууда.

Айгүл Исакова бул жерге Кубанычбек Сыйдановдун эч кандай тиешеси жоктугун, жер кызылдай акчага сатылып алынганын “Азаттыкка” билдирди.

Айгүл Исакова

Айгүл Исакова

- Сыйдановдун тиешеси жок. Кызы болуп калганы үчүн эле жер Сыйдановдуку, Сыйдановдуку деп калышты. Ал өзүнүн оокаты менен, биз деле өзүбүздүн оокатыбыз менен бир нерсе кылалы дегенбиз. Бул өзүбүздүн ишибиз болчу. Жер кызыныкы, небересиники же чөбөрөсүнүкү болсо деле эмнегедир Сыйданов күнөлүү болуп калат. Губернатор болгону үчүн кыянаттанып бир нерсени алган жерибиз жок. Биз таза сатым-алым менен сатып алган жер.

“Азаттык”: Ошол учурда канча сомго сатып алганыңыздарды айта аласызбы?

- Азыр бул боюнча комментарий айта албайбыз. Азыр кайра бул маселе кайра көтөрүлсө, Сыйданов микроинсульт алган, инфарк алып калышы мүмкүн.

Айгүл Исакованын айтымында, жакын туугандар бул жерге малайзиялык инвесторлордун жардамы менен көп кабаттуу үйлөрдү салууну пландаштырган экен. Бирок 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин инвесторлор курулушка акча салуудан баш тартып койгон. Натыйжада 27,4 гектар аянттын ээси Гүлмира Сыйдалиева жерди тилкелерге бөлүп, жеке менчикке сатууну чечет.

Айтмакчы, апрель окуясынан кийин Орок айыл өкмөтүндө да бийлик алмашып, жаңы башчы болуп Кубатбек Дүйшөналиев келет. Сөз - Айгүл Исаковада:

- Буга чейинки айыл өкмөттү кууп чыгышып, өзүбүздүкүн коёбуз деп Кубатбек Дүйшөналиевди коюшту. Ал келип талаага толтура аялдарды алып келип, бул жер жалпы элдики болушу керек дешти. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы ал жерден он пайыз жер бересиң дешти. Кубатбек байкеге эмне негиз менен беришим керек десем мага 300 миң сом бер, же жер бер деди.

Айыл өкмөттүн жетекчиси Кубатбек Дүйнөшалиев болсо эч кандай акча доолабаганын айтып, ал учурда элдин талабы менен жерди кайра кайтарып алуу үчүн сотко кайрылганын айтууда:

- Элдин баары бул жер менчик жер эместигин билишет. “Кайра бөлүштүрүү фондунун жери эмне үчүн менчикке өтөт?”, “эмне үчүн эки миң-үч миң адам кезекте турса эмне үчүн булар менчиктештирип алышат?”, деп эл доомат койгон. Чогулуп алып барышып, биз алабыз дешип. Бирок басып алуу болгон эмес. Эл кыйнап туруп алгандыктан менчиктештирүү боюнча биз сотко кайрылдык.

Ошентип, апрель окуяларынан кийин жердин менчиктештирилиши боюнча соттук териштирүү башталат. Ал арада жер ээлери генералдык планды, кызыл китептерди ырастап, менчик жер катары 2010-жылдын жай айларынан тарта тилке-тилке бойдон четинен сата башташат. Бирок күз айында айыл өкмөт менен жергиликтүү тургундар жерди сатууга бөгөт коюу үчүн 27,4 гектарды кайтарууга алышат. Жердин кожоюндары болсо бул аракеттерди жер басып алуу катары сыпатташат.

27,4 гектар жердин картасы

27,4 гектар жердин картасы

Ал арада соттун алгачкы инстанциясы бул жердин тагдыры эбак чечилип, мөөнөтү өтүп кеткенин жүйөө кармап, жаңы айыл өкмөт жетекчилигинин өтүнүчүн четке кагат. Нааразы тарап жогорку соттук инстанцияларга арыз менен кайрылышат.

Жердин алгачкы кожоюндары менен бийликке жаңы келген айыл өкмөттүн ортосундагы мамиле 2010-жылдын күзүнөн тарта кескин начарлайт. Эки ортодо карама-каршылыктар пайда болуп, күзүндө жердин алгачкы ээсинин өкүлү Айгүл Исакованын, кышында жаңы айыл өкмөт башчысы Кубатбек Дүйшөналиевдин үйүнө бензин куюлган бөтөлкөлөр ыргытылат. Бул окуяны эки тарап бири-бирине шылтагандай болот.




Айыл өкмөт башчынын үйүндөгү соңку жарылуу жер боюнча соттук териштирүү Жогорку Сотто каралар алдында болот. Акыры 2011-жылдын апрель айында эки тарап тынчтык келишимине келип, жердин кожоюнунун ишенимдүү адамы Айгүл Исакова 27,4 гектардын 80 пайызын айыл өкмөт менен жергиликтүү элге берүүгө макул болот:

- Жарылуу Жогорку Соттогу териштирүүнү утурлай болгондо, ушундай жарылуулар болгондон кийин адам өлтүрүүгө чейин окуялар болуп кетпесин деп туугандар жерди берүүгө макул болду. 80 пайызын берүүгө макул болду. Ошол учурда бир да уюм биздин укугубузду караган жок.

Аңгектен качсаң, дөңгөккөбү?

Ошентип жердин алгачкы кожоюну 80 пайыз жерди, башкача айтканда 21,9 гектарды айыл өкмөткө, жергиликтүү элге кайтарат. Бирок муну менен калктын жерге болгон муктаждыгы жоюлбай, нааразылыктын жаңы толкуну башталат.

Себеби сексен пайыз жер айыл өкмөттүн тескөөсүнө алынбай, эмнегедир жергиликтүү лидерлердин бири Бактияр Асакеевге берилет. Жердин мурдагы кожоюнунун өкүлү Айгүл Исакова айыл өкмөттүн жана жергиликтүү тургундардын талабы менен Асакеевге ишеним кат жазып берип, кызыл китептердин баарын тапшырат.

Жыйынтыгында айыл өкмөтү өз милдетимди аткардым деп четке чыга берет. Асакеев болсо жерди бөлүштүрө турган негизги фигурага айланат.

Акыры Орок айыл өкмөтүндөгү жети айылдын 25 өкүлүнөн турган комиссия түзүлүп, жер кимдерге берилерин аныктай башташат. Асакеевдин жетекчилиги астында жаңы генералдык план иштелип чыгып, ага ылайык, 27,4 гектар төрт сотуктан бөлүнүп, жалпы 482 участок даярдалат. Буга чейин социалдык объектилерге деп бөлүнгөн жерлер да жеке менчикке берүүгө ылайыкташтырылат.

Кичи-Орок айылы

Кичи-Орок айылы

Эгер ар бир участоктун баасын 5 миң доллар деп шарттуу баласак, 480ден ашык тилке кеминде 2,5 миллион долларды түзөрүн эсептөөгө болот. Тынчтык келишимине ылайык, 482 тилкенин 332си Асакеевге берилип, калганы жердин мурдагы ээсине калат. Бактияр Асакеевдин көзөмөлү астында жерлер 2011-жылдын декабрь айына чейин берилип бүтөт.

Жерлер бөлүштүрүлүп бүткөн менен айыл өкмөтүндөгү бардык эле тургундардын муктаждыгы канааттандырылган эмес. Кезекте турган бир катар тургундар дале болсо жерсиз кала берген.

Демилгечи топтун мүчөсү Кичи-Ороктун тургуну Гүлнара Исакова топтогон документтер боюнча, жердин кеминде төрттөн үч бөлүгүн айыл өкмөткө тиешеси жок адамдар алып кетишкен. Тизмеге ылайык, айыл өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жакындарына жер алып берген учурлары да болгон.

- 27,4 гектардан 480дей участка чыкты. Ошонун ичинде 108дей участканы гана Орок айыл өкмөтүнүн тургундары алды. Калганын башка жактан, башка айыл өкмөттөрдөн келген эле адамдар алышты.

Жер адилетсиз бөлүштүрүлдү деген сөздөр чыкканы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен нааразы тараптар ортосунда бири-бирин коркутуулар, алтурсун кол көтөрүүлөр да орун алган экен.

Жер албай калгандардын бири Орок айыл округуна караштуу Селекция айылынын тургуну Кундуз Каблашеванын пикиринде, нааразылык жерге анчейин муктаж эместер участокторду алып, аны кийин кайра сатып жибергенден да чыккан:

Кундуз Каблашева

Кундуз Каблашева

- Айыл өкмөт жетекчилиги, депутаттар бул иштерди уюштуруп, элге жер бербей, өздөрүнчө комиссия түзүп алышып, ошол комиссиянын баары төрттөн бештен участок алышты. Бизди силерге берилбейт деп такыр эле чийип ташташты. Мурда жер алгандар да алышты. Акыркы жолу 27 гектарды таратканда өздөрү эле алышты да, андан кийин эле четинен кайра сатып жатышат. Болбосо, кезек менен берсе, эл нааразы болмок эмес да.

Иши кылса Сыйдановдун убагында менчиктештирилген жердин сексен пайызы эмне үчүн айыл өкмөттүн балансына алынган эмес? Жер бөлүштүрүү эмне үчүн жеке адамга тапшырылган? Эмне үчүн кезекте тургандар жерге жетпей, айылдык бийликте отурган адамдар бир нече жер тилкесин алып алышкан? - мына бул суроолорго азыр демилгечи топ жооп таба албай турган чагы. Андыктан нааразы тарап экиден-үчтөн берилген жерлер кайра кайтарылышын, жерден пайдага туйтунгандарды жазалоону талап кылууда.

Айыл өкмөттүн арманы

Маселени дагы терең тактап, азыркы айыл өкмөтүнүн позициясын билүү үчүн Орок айыл өкмөтү жайгашкан Жал айылына сапар алдык. Айыл өкмөт өкүлдөрү дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп эсептешет.

Алгач айыл өкмөт башчы Кубатбек Дүйшөналиевди кепке тартып, эмне үчүн жер айыл өкмөт балансына өткөрүлбөй, айыл өкмөтүнө тиешеси жок адамга берилген деп суроо узаттык:

Кубатбек Дүйшөналиев

Кубатбек Дүйшөналиев

- Соттук иштерге биз тараптан, эл тараптан жалгыз эле айыл өкмөтү катышкан жок. Сотко 200-300 киши барып жүрдүк. Ошондо Асакеев Бактияр элдин өкүлү болуп сотко катышты. Депутаттар да өкүл болушту. Аларга ишеним көрсөтпөөгө акыбыз жок болчу. Эл тараптан беш-алты киши сотко барып катышып жүрдү. Ошол маалда эле тынчтык келишими түзүлгөндө жер элдин өкүлүнө берилсин деп көрсөтүлгөн.

"Азаттык": Эмне үчүн тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин жерди айыл өкмөтүнүн балансына алган жоксуздар?

- Менчик жерди кантип алабыз...?

"Азаттык": Сиздер мыйзамсыз менчиктештирилген деп айтып жатпайсыздарбы?

- Ал жер мыйзамсыз менчиктештирилди деп сот чечим чыгарып берген жок да. Болгону убактысын гана кайра карасын деп чечим чыгарды. Анан эл чыдабай кетишти. Жерди кышы менен кайтарышты. Жанагыдай чырлар болду. Андан кийин айла жок тынчтык келишимге келишти. Жердин 80 пайызы болсо биздин элге жетиштүү болот экен дешти. Ошол жерге 300-400 киши чогулуп, эл комиссия түзүп, алардын чечими менен жер бөлүштүрүлгөн. Жерди айыл өкмөттүн балансына алышы керек болчу деген кепти мурдагы чиновниктер чыгарып жатышат. Сот менчиктештирилген жер айыл өкмөтүнө алынсын деп чечим чыгарып бериши керек болчу.

"Азаттык": Эмне үчүн сиздер өзүңүздөр сотко кайрылып, ушундай чечим чыгарып бергиле деп өтүнгөн жоксуздар?

- Анда дагы бир үч-төрт жыл жүрмөкпүз. Туурабы? Ошондуктан мурдагы ээлери сексен пайызды берүүгө макул болгондон кийин, эл да макул болду.

Ошентип айыл өкмөт жерди бөлүштүрүү милдети кантип жеке адамга өткөрүлгөнүн түшүндүргөндөн кийин, Бактияр Асакеевдин өзүнө да суроо узаттык. Ал апрель окуясынан кийин айыл өкмөтү менен эл тарапка өткөн 21 гектар жердин 97 пайызы Орок айыл өкмөтүнүн тургундары алганын, жерлер болгондо да акысыз берилгенин айтты. Бирок андан жерге ээ болгондордун тизмесин ала алган жокпуз:

- Ушул 332 жер тилкесин ар бир айылдан келген комиссия тарабынан берилген. Комиссия жер берүүгө айыл өкмөткө ишенбейбиз, бул деген менчик жер деп өзүбүз бөлүштүрөбүз дешкен. Анан ар бир айылда комиссиянын лидерлери бар болчу.

"Азаттык": Участоктор канча сомдон сатылды?

Бактияр Асакеев

Бактияр Асакеев

- Символикалуу түрдө 50 сомдон деп койдук. Сатыш-алыш болуп жатканда белгилүү бир сумманы белгилеп коюш керек экен. Биз бул акчаны деле алган жокпуз.

"Азаттык": Ошондо жерлер бекер берилдиби?

- Бекер берилди. Комиссия чечим кабыл алды. Кызыл китептерди чыгардык. Комиссиялар ар бир кишинин колуна таратты. Тургундар кызыл китеп менен келишти. Мен аларды оформить эттим.

"Азаттык": Жер тилкелери негизинен кимдерге берилди?

- Аны айыл өкмөттөгү жети айылдан чогулган 25 кишиден турган комиссия чечкен. Алар дептерлерин карашып, протокол түзүлүп, жерди кайтарууга активдүү катышкандарга басым жасалды. Бирок 90 пайыз кезекте турган адамдар алды.

"Азаттык": Айыл өкмөттө каттоодо турбаган адамдар жер алыштыбы?

- Эми каттоосу жок адамдар алды болушу керек. Ал убакта алар Селекцияда батирде турушчу. Карапайым эл кыргыздын жараны болгондуктан аларды бөлүп коё албайсың да. Кезекте турган, бирок элди барбагыла деп үгүттөгөн адамдар эми дооматтарын коюп жатышпайбы?

"Азаттык": Негизи Орок айыл өкмөтүндө каттоодо турган адамдарга гана жер берилиши керек беле?

- Айыл өкмөтүнүн жери болсо ошентип берсек болот эле. Бул айыл өкмөттүн жери эмес да. Бир жолу айыл өкмөт бул жерди Сыйдалиева Гүлмирага берип койгон.

"Азаттык": Натыйжада жердин канча пайызын Орок айыл өкмөтүнө тиешелүү тургундар алды?

- 97 пайызы.

"Азаттык": Кимдерге жер берилгенин, тизмени көрө алабызбы?

- Тизменин баарын тергөө органдарына бергенбиз. Тизме жер комиссиясында болсо керек...

Буга чейин нааразы тарап айылдык кеңештин депутаттары жакындарына жерди жаздырып алды деген доомат коюшкан. Айылдык кеңештин депутаты Асылкан Жусубалиева бул жолку жер бөлүштүрүүдө өзүнө бир жер алып, дагы бирөөнө жер алууга көмөктөшкөнүн жашырган жок:

- Ооба мен алдым. Мен андан качпайм. Эмнеге мен албайт экенмин. 9 ай мен ошол жерде жүрдүм. Элдин жазгандарын болгон инстанцияларга жеткирип жаттык.

"Азаттык": Жер бөлүштүрүп жатканда ошондо канча жер алдыңыз?

- Жер бөлүштүрүп жатканда эл катары бирди алдым. Бир жаш баланын паспорту колунда дароо болбой калып, ага көмөктөштүм. Мен эмнеге муну жашырам. Мен аны прокуратурага да көрсөткөм. Бул жерде айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен азыркы жетекчинин ортосунда тирешүү болуп жатат. Бул мурдагы жетекчи Салмоорбек Бейшенов. Качан болбосун он катынды ээрчитип алат.

Айылдык кеңештин депутатынын бул дооматын Орок айылынын мурдагы башчысы Салмоорбек Бейшенов четке какты:

- Ушуга чейин эмне үчүн тизмени көрсөтпөйт? Жерди канча киши, кандай кишилер алды? Барсаң эле сен пикетке чыккан жоксун, пикетке чыккандар алды деп кайтарып жиберет. Эмне үчүн жерди мобулар алды деп айыл өкмөтүнө келип илип койбойт. Демек, ичинде мандем бар да.

Чычалаган көп, чындык каякта?

Кыскачы, тараптардын пикирлери кайчы чыгууда. Нааразы тарап жерлерди саналуу адамдар бөлүп алып, ар бир тилкени 5-7 миң доллардан сатты деп күнөөлөп жатса, айыл өкмөтү “жерлер убагында бекер берилген, кийин сатылса сатылгандыр” деген позицияны кармап турат.

Талаштуу жердеги жашоочуларды сурамжылоо

Талаштуу жердеги жашоочуларды сурамжылоо

Бул маалыматтардын чын-бышыгын билүү үчүн Селекция айылында талаштуу жерге келип, жер сатып алып, үй куруп жаткандарды сурамжыладык. Маселен, жалалабаддык Кайрат Карагулов Селекциядан кандай жер сатып алганын түшүндүрүп берди:

- Бул жерди айыл өкмөттөн, Сокулуктан сатып алганбыз. Кээ бирлери үлүш катары алыптыр. Кээ бирлери сатышыптыр, кызыл документтери менен.

"Азаттык": Сиз качан, канча акчага сатып алдыңыз?

- Былтыр июнда сатып алдым. 5100 долларга бааланды. 4,2 сотук да.

"Азаттык": Сиз Сокулук районунун кайсы бөлүгүнө барып, акчаны кимге төлөдүңүз?

- Ал документте бар. Саткан кишини деле тааныбайм да. Ошол кишиден алгам.




Участоктор өтө муктаждарга берилди делгени менен жер тилкелеринин басымдуу бөлүгү эбак эле колдон колго өтүп сатылып кеткенин көрдүк. Өзүн Азизбек Өмүралиев деп тааныштырган тургун бир канча жума мурда эле бул жерден участок сатып алып, үйдүн пайдубалын куруп жаткан экен:

- Иш илгери болсун! Жерди кимден алдыңыздар деп сурап кетели дедик эле?

- Бул жерди алууда эч нерсе деле болгон жок. Кызыл китеби менен 6800 долларга алдым. Эки жумадай болуп калдыбы. Бул жердин кожойкеси бөлөк экен. Светлана деген эже экен. Ал Жал айылына алмаштырып жибериптир да. Мен ошол алмашкан баладан сатып алдым.

- Каякка барып каттоодон өткөрдүңүз?

- Сокулук районуна бардык


Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук башкарма жетекчиси Казыбек Кубатов да жерлер бөлүштүрүлгөндөн кийин эле экинчи бир адамга сатылып кеткенин “Азаттыкка” тастыктады:

Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук башкармалыгы

Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук башкармалыгы

- Мен калп айтпасам, жер алган адамдардын 60-70 пайызы кайра сатып жиберишти. Колдон колго өтүп жатат. Мисалы, биринчи тизменин негизинде Бактияр Асакеев Орок айыл өкмөтүнүн тургундарына каттап берсе, эртеси күнү эле ошол киши башка бир адамга сатып жиберген адамдар болду деп айтып жатышат. Ошондой эле жерди акысыз ала турган адам, дароо келип, өзүнүн таекесине же жээнине жаздырып койгон фактылар да болду.

Иш сотто териштирилүүдө

Азыр Селекция айылындагы бул жерде сатыла турган жаңы тилке калган жок. Демилгечи топ буга чейин жердин бөлүштүрүлүшү боюнча мурдагы Каржы полициясына, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматка кайрылган. Бул маселени Чүй облустук администрациясынан түзүлгөн комиссия да иликтеп чыгып, ушул жылдын башында өз корутундусун жарыялаган. Комиссиянын төрагасы, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайын өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Руслан Бейшенкулов иликтөөдө айыл өкмөттүн аракетинде мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди:

- Жер айыл өкмөтүнө берилгенден кийин, Бактияр Асакеев айыл өкмөтүнүн өкүлү болгондон кийин бул жер айыл өкмөтүнө кириштелиши керек болчу. Андан кийин айыл өкмөтүндөгү жер комиссиясына жерге муктаждардын документтери киргизилип, комиссия карап туруп, өзүнүн чечимин бериши керек болчу. Ал берген тизменин негизинде жер берилип, мамлекеттик каттоодон өтүшү керек эле. Булар өз алдынча болуп кетиптир. Биз тактап көргөндө жерге муктажбы, муктаж эмеспи, кезекте турганбы бул маселелер каралбай, процесске катышкандарга жер берилип кеткен.

Облустук комиссиянын корутундусу укук коргоо органдарына берилип, натыйжада өткөн жылдын ноябрь айында Сокулук райондук прокуратурасы Орок айыл өкмөт жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Райондук прокурордун жардамчысы Равшан Токонов иштин чоо-жайын “Азаттыкка” түшүндүрүп берди:

Равшан Токонов

Равшан Токонов

- Мурда бул жердин туура эмес трансформация болгону боюнча кылмыш иши козголгон. Ал боюнча мурунку айыл өкмөтүнүн башчысы жоопко тартылып, соттолгон. Андан кийинки факт боюнча, 27 гектардын сексен пайызын тынчтык келишими боюнча алууда туура эмес кылганы, кызматын кыянаттык менен пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголду. Ал боюнча айыл өкмөттүн бүгүнкү башчысы Кубатбек Дүйшөналиев жоопко тартылып, анын үстүнөн үч берене боюнча айып угузулду. Бүгүнкү күндө бул иш сотко өткөн.

Айыл өкмөт башчысы Кубатбек Дүйшөналиев болсо кылмыш ишинин козголушун арызчыл тараптын талабын аткаруу үчүн гана ачылган иш катары сыпаттап, өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Ал арада Улуттук коопсуздук комитетинин алдында Коррупцияга каршы кызмат эки тараптын жүйөөлөрүн иликтеп жатканы маалым болду.

Бул бир айыл өкмөттөгү гана жер талаштын таржымалы болду, бул көрүнүш Кыргызстандын бардык аймактарына, өзгөчө Бишкек шаарынын чет жакаларына мүнөздүү. Убагында мыйзамсыз менчиктештирилди делген бул жер кийин колдон колго өтүп, акыры жеке менчикке бөлүнүп бүткөн. Бирок нааразы тарап мыйзамсыз кеткен жерлердин кайтарылышын талап кылууда. Бул жердин айланасында жаатташкан үч-төрт тарап пайда болуп, эми сот качан аяктап, окуялар кандай өнүгөрү белгисиз бойдон турат.

Ал ортодо Кыргызстандын ар кыл бурчунан келип, 27,4 гектардан жер тилкесин кызылдай акчага сатып алган жарандар алган жеринин таржымалына деле маани бербей, ылык-ысыкта үйүн бүтүрүп алуунун гана камын жеп жаткан чагы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG