Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Бул жагдайды иликтеген эксперттик топ миллиарддаган долларга бааланган жаратылыш байлыгы коррупциялык схемалар аркылуу чет элдик компанияларга текейден арзан берилип кеткен алтын кендеринин тагдырын ашкерелеп чыкты.

Алтын корунун көлөмү боюнча өлкөдө үчүнчү орунда турган Кеминдеги Талды-Булак Сол жээк кенин башында казакстандык компания “Кыргызалтын” ишканасы менен биргеликте иштетүү укугун алып, бирок кийин өз үлүшүн 76 миллион долларга Кытай компаниясына пулдап жиберген.

Таламайга түшкөн Талды-Булак

Чүй облусунда жайгашкан Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштетүү үчүн кыргыз өкмөтү 1995-жылдан 2006-жылга чейин бир топ чет элдик инвесторлорду тартууга аракеттенген. Бирок ошол учурдагы алтынга болгон дүйнөлүк баанын төмөндүгү жана анын техника-экономикалык негиздемеси өзүн өзү актабайт деген себеп менен алтын кенин ачуу иши улам артка жылган. 2006-жылы гана “Кыргызалтын” мамлекеттик концерни казакстандык Summer Gold компаниясы менен бирге “Алтынкен” ишканасын түзүп, аны биргеликте иштетүүгө макулдашкан. Кыргыз тараптын үлүшү 40 пайызды түзүп, 60 пайызга ээлик кылган казак компаниясы каржылоону моюнуна алган. Бирок эксперттик топтун иликтөөсүндө көргөзүлгөндөй, лицензияны жети жылга чукул кармап отурган казакстандык Summer Gold компаниясы 2011-жылы өзүнүн үлүшүн кытайлык SuperB Pacific Ltd компаниясына 76 миллион АКШ долларына сатып жиберген.

Бул жагдайды иликтеген эксперттик топтун жетекчиси, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов кыргыз бийлиги аталган коррупциялык ишке көз жуумп, тескерисинче, лицензияны узартып берген жагдайды төмөндөгүчө ашкереледи:

Базарбай Мамбетов

Базарбай Мамбетов

- Бул иште мурдагы жана азыркы жетекчилердин жеке кызыкчылыгы болгон деп тыянак чыгарууга болот. Анткени бийликтеги тиешелүү кызмат адамдары сатылып кеткендиктен казак компаниясынын бул алтын кенди сатып жибергенине эч ким үн ката алган эмес. Максим Бакиевдин тушунда коррупциялык жол менен эч кандай милдеттенмеси жок эле алтымыш пайыз үлүштү алып, бирок эч кандай иш жүргүзбөгөн компанияга 2011-жылы лицензиясын кайра 2026-жылга чейин узартып беришкен. Ошондон кийин казак компаниясы лицензияны кытайлык компанияга 76 миллион долларга сатууга мүмкүнчүлүк алган. Ага карата кыргыз бийлиги эч кандай чара көргөн эмес. Демек, булардын сөзү бир болгон деген жыйынтык чыгарууга болот.

Казып алууга жана ташып жеткирүүгө ыңгайлуу шартта жайгашкан Талды-Булак Сол жээк алтын кени совет мезгилинде эле чалгындалып, алтын корунун көлөмү 78 тонна экени аныкталган. Азыр дүйнөлүк базарда алтындын бир унциясынын баасы 1200 доллар турат. Ошону менен эсептегенде 78 тонна алтындын баасы 3 миллиард АКШ долларынан ашуун акчага барабар.

Жаңы өкмөт кантип көздү будаймалаган?

Коомдук эксперттик иликтөөнүн корутундусунда 2006-жылы Бакиев бийлиги бул алтын кендин алтымыш пайыз үлүшүн казакстандык компанияга жең ичинен кармата бергени аз келгенсип, аны ыңкылаптан кийин бийликке келген өкмөт 2011-жылы алтын кендерине берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун кайра текшерүү учурунда да атайылап “көз жаздымда” калтырганы көрсөтүлгөн. Ал турсун өкмөт менен Мамлекеттик геология агенттигинин бул багыттагы ишмердигин көзөмөлдөй турган азыркы парламенттин дагы ак же көк деп үн катпай келе жатканы эксперттик топтун корутундусунда келтирилген. Анткени 2011-жылы тоо-кен тармагын лицензиялоону текшерүү комиссиясына депутаттар мүчө болуп кирген.

Ошондон кийин казак компаниясы лицензияны кытайлык компанияга 76 миллион долларга сатууга мүмкүнчүлүк алган. Ага карата кыргыз бийлиги эч кандай чара көргөн эмес. Демек, булардын сөзү бир болгон деген жыйынтык чыгарууга болот.

Ошол эле кезде парламенттин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев анын дарегине айтылган дооматка карата мындай деп жооп берди:

- Ушинтип жөн эле асыла бергенден эмне пайда? Талды-Булак Сол жээк алтын кенин Кытай тарап мыйзам чегинде сатып алган. Ал жерде маселе болсо, аны сот аркылуу гана чечүү керек. Алтымыш пайыз үлүшү бар казак компаниясы лицензиясын сатууга акылуу экен, сатты. Аны башында өкмөт карашы керек болчу. Бул жерде эч кандай деле талаша турган маселе жок. Мамбетов эмне бүгүн ойгонуптурбу?

2011-жылы ошол кездеги өкмөт атайын комиссия түзүп, Бакиев режиминин тушунда тоо-кен тармагы боюнча берилип кеткен лицензиялардын мыйзамдуулугун бир сыйра иликтеп чыгууну убада кылган.

Айрым майда алтын кендерине берилген лицензиялар комиссиянын тыянагы боюнча, кайра артына чакыртып алынып, бирок кээ бирлерин сот мурдагы кожоюндарына кайтарган. Базарбай Мамбетов алтын кендерин айырбаштоодогу мындай көмүскө иштерге баа берилбей калган жагдайды азыркы бийликтеги өтө чоң күчтөрдүн жана тамырлашкан коррупциялык шакекченин түздөн-түз таасири менен байланыштырды:

- Кенди иштетүү шарттарын караган документ болбогондон кийин Кытай тарап “184 миллион доллар сарптадым, эми алты кени толук меники, аны каалагандай иштетем, каалагандай ташып кетем” деп турат. Талды-Булак Сол жээк алтын кенинен башка Жерүй, Шыралжын, Жамгыр, Иштамберди, Бозумчак , Кара-Казык, Узун-Акмат сыяктуу кендердин бардыгы мына ушундай жолдор менен жең ичинен көмүскө түрдө эл аралык чайкоочу компанияларга берилип кетти. Бул боюнча биздин УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура оозуна талкан толтуруп алгансып, унчукпай отурат. Карап чыгып кылмыш иштерин козгоп, Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелегенге жол берген жетекчилерди жоопко тартыш керек болчу. Бирок анткенге алы келген жок. Себеби, бул жерде өтө чоң мафия бар.

Максим Бакиевдин тушунда, 2006-2009-жылдары болгон экен. Елисеевге окшогондор келип, кендерди иштетүү үчүн инвесторлордон түшкөн пайданы мамлекеттин казынасына эмес, өз чөнтөгүнө салып турушкан.

2011-жылы азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысы болуп туруп, президенттик шайлоодон кийин бул жогорку мамлекеттик кызмат орунга “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов келген. Ошол учурда тоо-кен тармагындагы мурда берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун кайрадан карап чыгуу иши ошол кездеги Жаратылыш ресурстары министрлигине тапшырылган.

Бирок 2013-жылы Замирбек Эсенамановго лицензиялоо ишиндеги мыйзамсыздыктарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган болчу. Кийин ал соттон өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, эркиндикке чыгууга жетишкен. Замир Эсенаманов Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин айланасындагы ызы-чууга анын эч кандай тиешеси жок экенин айтты:

- Талды-Булак Сол жээк алтын кенине берилген лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча өкмөттүк комиссия изилдеп чыккан. Ал комиссия өз сунуштарын айткан. Негизги жыйынтык 2012-жылы чыкса керек эле. Ага менин эч кандай тиешем жок. Кайра тескерисинче, ушул маселени айтып чыккан Базарбай Мамбетов ошол комиссиянын мүчөсү болгон. Казак компаниясы алты жыл аралыгында Талды-Булак Сол жээк алтын кенин иштетүүгө бир топ акча чыгымдап, салым кошкон. Бул жерде жалгыз баарын мен чечкен эмесмин.

Максим кетти, “максимчилик” кала берди...

Мына ошентип Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү үчүн казакстандык андан соң кытайлык ишкана менен кирешеден түшчү үлүштү жана иштөө шарттарын аныктаган генералдык макулдашуу түзүлбөй калганы белгисиз бойдон калды. Так келишим болбогондон улам, алтын өндүрүү качан башталышы керек жана андан түшө турган толук төлөм тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. “Алтынкен” компаниясынын көзөмөлдөөчү пакети учурда алтымыш пайыздык үлүштү сатып алган Кытай тарапта болгондуктан, аны операциялык башкарууну дагы ошол тарап чечет.

Токон Мамытов

Токон Мамытов

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Токон Мамытов ал жетектеп турганда үлүш бөлүштүрүү маселесинен мурун өндүрүштү ишке киргизүү тапшырмасы турганын айтып, бирок бул кенге байланышкан көмүскө жагдайлар менен үстүртөн гана тааныш экенин белгиледи:

- Мен ал кызматка барганга чейин эле маселе чечилип бүтүптүр. Чынын айтканда, мен кендеги үлүштү кайра бөлүштүрүү маселесин көтөргөн эмесмин. Менин алдымда аталган алтын кенди ачып, өндүрүштү ишке киргизүү тапшырмасы коюлган. Мурда көп эле алдатып жибериппиз. Коррупция дагы аралашып кеткен. Бул иштердин бардыгы Максим Бакиевдин тушунда, 2006-2009-жылдары болгон экен. Елисеевге окшогондор келип, кендерди иштетүү үчүн инвесторлордон түшкөн пайданы мамлекеттин казынасына эмес, өз чөнтөгүнө салып турушкан. Андан кийинкисин билбейм. Буга чейин ал маселе көтөрүлбөй эле, бардыгыбыз Кумтөр менен Жерүйдүн иши менен алек болуп жүрдүк да.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы Талды-Булак Сол жээк кениндеги фабрика толук курулуп бүтүп, расмий түрдө ишке берилгенин жарыялаган. Анын салтанаттуу ачылышында бул кенди жыйырма жыл аралыгында австралиялык, малайзиялык, швейцариялык, казакстандык инвесторлор иштете албай, акыры кытайлык компания гана өндүрүштү толук кубаттуулукта ишке киргизгени мисалга алынган эле. Бирок андан бери бир жылга чукул убакыт өткөнүнө карабастан Талды-Булак Сол жээк кенинен алтын өндүрүлүп, анын кирешесинин эсебинен бюджетке күтүлүп жаткан ири өлчөмдөгү салыктык же башка социалдык төлөмдөр түшө элек. Тескерисинче, фабрикадагы өндүрүш тесттик режимде былтыр бир ирет сыноодон өткөндөн бери токтоп турат. Анда иштеген жумушчулардын көпчүлүгү учурда эмгек өргүүсүнө жөнөтүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG