Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстанда көчөдөгү саясий активдүү аялдардан куралган ОБОН деген ылакап аты бар уникалдуу кубулуш жашап жатат. Ал качан, кантип пайда болгон? Эртеңи кандай?

"Аялдардын атайын даярдыктагы курамы" ("отряд баб особого назначения"), башкача айтканда, ОБОН аттуу жаңы термин Кыргызстандын саясий лексикасына киргенине кыйла жыл болуп калды. Бул ылакап атты адегенде парламентте белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер, бийликке карата курч сындары менен ооздо калган Дооронбек Садырбаев айтып чыкканы коомчулуктун эсинде.

Бүгүн ОБОН ар кандай саясий күчтөрдүн куралы, пайдакеч тажаал аялдар деген элести берет. Курагы болжол менен 35-65 жаштын тегерегинде экендигин, үй-бүлөсүз, же бала-бакырасы бой жетип кеткен, башы бош аялдар болорун эксперттер болжоп жүрүшөт. Адатта бул топто деп саналган аялдар кыргыздардын адеп жана жүрүм-турум эрежелерине коошпогон, бөтөнчө албуут аракеттерине жараша аныкталат. Кеп жебеген аялдарды жалдаган тарап адатта каршылаштарына тукуруп, кандай жол менен болсо да коомчулук алдында сындыруу максатын көздөйт.

Моралдык айыптоолор эле болбосо, жазалай турган мыйзам жобосу жок. Кээде гана бейбаштык деген беренеге такап, административдик жазага тарткан учурлар жолугат. Бул акчалай айыппул деген сөз.

ОБОНдун теги кайда?

Ошентип ОБОН Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланып калды. Антсе да анын түпкү “мекени” Кыргызстан деп эч ким так кесе айта албайт.
1987-жылы Баткенге Тажикстандын биринчи катчысы Махкамов учуп келип, Рафик машинеден түшөйүн дегенде 200гө жакын аял чогулуп келип, "тажиктер биздин жерде жашап атып балдарыбызды сабап койду" деп үч тонналык Рафикти чайкаганда ал кишини чыгара албай калганбыз....


Жергиликтүү бир катар саясатчылардын, талдоочулардын баамында, Өзбекстандагы Анжиян окуясында, чечен согушунда, Совет кыйрагандан кийинки Орусияда менчиктерди басып алуу кезеңинде, 33 жыл мурдагы Иран ыңкылабында, Египеттеги аскерий төңкөрүштө, Грекия, Украина баштаган Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү саясий толкундоолордо аялдар артиллерия, б.а. алдыңкы сокку уруучу күч катары пайдаланылып келген. Анын себеби: көпчүлүк коомдордо, айрыкча постсоветтик мейкиндикте кыз-келиндерди аярлуу катмар саноо көз карашы терең сиңген. Кыз-келинди камоо турмак, күч колдонуу адепке, жигитчиликке жат көрүнүш катары калыптанган эле. Тажрыйба айгинелегендей, алдыңкы сапта аялдар жүрсө да, муш да, ок да жегени эркектер болушкан.

Деген менен тигил же бул кырдаалга таасир этүүгө кудуреттүү, албуут аялдар тобу Кыргызстанда Совет мезгилинде эле болгондугун мурдагы чекист Артур Медетбеков 1987-жылы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя аркылуу далилдөөгө аракеттенди:

- Баткенде Самаркандек деген айыл бар, аркы бетинде тажиктер, берки бетинде кыргыздар топтолгон, ошол жерде эркектерди кыргыз аялдар башкарып турганына күбө болгом. Ал жерге Тажикстандын биринчи катчысы Махкамов учуп келип, Рафик машинеден түшөйүн дегенде 200гө жакын аял чогулуп келип, "тажиктер биздин жерде жашап атып балдарыбызды сабап койду" деп, үч тонналык Рафикти чайкаганда ал кишини чыгара албай калганбыз. Эптеп алып чыгып, Тажикстанга өткөрүп жибергенбиз. Биз аялдардын курчоосунда калып, анан аман калганбыз.

Ошол эле кезде постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда аялдардын эч бир эрежеге сыйбаган аракеттерин бир жагынан дүйнөлүк дөөлөттүү мамлекеттердин атайын долбоору катары санагандар да бар. Маселен, кезинде биринчи президент Аскар Акаевди колдогон акциялардын алдында жүргөн укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кыргызстандык ОБОНдорду түстүү ыңкылаптардын элементи деп санайт экен:

- Бул сырткы саясий долбоор. Багыты – мамлекетти бөлүп-жаруу. Азыр мамлекетти басып алуу үчүн автоматтар менен атып, аскерлерди киргизүүнүн кажети жок. Анын түрдүү механизмдери бар. Азыр мунай, таза суу, кургак жер үчүн күрөш башталды. Бул Нигерияда да, Африка өлкөлөрүндө бар. Бул түстүү революциянын бир элементи.
Түптөгү тополоң: 2008-жыл, 26-апрель


Тереңинен иликтей турган болсо, бул технологиянын төркүнү бийлик кабаттарына жетерине Үмөталиева ишенет. А бирок бул долбоор Бишкектеги жетинчи кабаттан түшкөнүн да, Акаевдин бийлигине каршы оппозициянын табылгасы болгонун да эч ким кепилдей албайт.

Кыргызстанда ОБОН качан түптөлгөн?

Кыргызстанда саясий кырдаал чыңала баштаган 2000-жылдарда адегенде адилеттик талап кылган аялдар топторунун акырындан саны артып, ар жерде баш көтөргөн. Бара-бара карааны көп эркекке караганда калайман салма аялдардын үркөрдөй тобу кыйла таасирдүү экенине көзү жеткен бийлик да, оппозиция да аларды курал катары пайдаланууга өтүшкөн деп жүрүшөт.

Маселен, 2002-жылдагы Аксы окуясын алсак, Боспиектеги жөө жүрүштө аялдар алдыңкы сапта турганы менен бирине да ок тийген эмес. Кырчындай эркек балдары окко учкандан кийин аялдар “Аксылык энелер” коомун түзүп, бийликке тайманбай каршы туруп, ок аткандарды жазалоо талабы менен Бишкекке чейин келишкен.

Ошол кездеги оппозиция көзүр туткан, Аксы окуясынын себепкери саналган депутат Азимбек Бекназаров аялдардын курчуп, тажаал аракеттерге оошуна кайгы жуткан аксылык аялдарга бийликтин аксым мамилеси түрткү болушу ыктымал деп болжойт.

- Үсөн аке айтат, сен чыгаргансың муну, сен камалганда аялдар чыгып дейт. Мен камакта отуруп уюштурган жокмун да, аялдар өздөрү активдүү жүргөн деп мен айтып атам, - дейт Бекназаров.

Кийинки жылдары тигил же бул тараптын таламын талашып, көчө-көйдө калайман салган ак элечекчен, жоолукчан аялдар кырчындай жигиттердин кунун сурап жөө жүрүшкө чыккан “Аксылык энелер” кыймылынын үлгүсүн алгандай таасир калтырат.

Канткен менен ОБОНдун жаралышы белгилүү ишмер, Акаевдин айыгышкан саясий атаандаштарынын бири Үсөн Сыдыковдун ысымы менен тыгыз байланыштырылып келатат. Мунун жүйөөсү жок эмес экенин айтылуу коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев да белгиледи. Жоромолдорго караганда, Сыдыков парламенттик шайлоодон четтетилип калгандан кийин аялдардын уюшма топтору чыңдалып, кийинчерээк жергиликтүү бийликтерди алууда кубаттуу күчкө айланган.

Жоогазын ыңкылабынын катышуучусу, элде Үсөн Сыдыковдун шакирттеринин бири катары айтылып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева саясатчыга байланыштырылган кепти белдүү саясатчыны каралоо аракети деп санайт:

- Бул киши элге таанымал инсан. Мамлекетке кошкон салымы эбегейсиз зор. Ал кишинин ОБОН түзгөнүн көрбөсөм, аралашпасам, өз көзүм менен көрбөгөн нерсеге мен ишенбейм. Мүмкүн ал кишинин аброюн түшүрүүгө, саясий бойок сүртүүгө жасаган күчтөрдүн аракетидир.


“Азаттыкка” берген жообунда Үсөн Сыдыков өзү да муну "ойдон чыгарылган нерсе, иш жүзүндө бийликке нааразы активдүү аялдар кимдир бирөөнүн буйругусуз эле пайда болгон" деди.

Ошол кездеги бийликтеги саясатчылардын бири Аликбек Жекшенкуловдун билдиришинче, ажаан аялдар топтору 2003-жылы - парламенттик шайлоодон бир жыл мурда атайын долбоор катары пайда болгон. Парламенттик шайлоо жараяндарынын маалындагы жагдайды Базар-Коргондун мисалында саясатчы мындайча эскерди:

- 2005-жылдан мурун, шайлоолордун маалында башталгандай эстеп жатам. Түндүк-түштүк деп, регионализм күчөп, бийликтин өкүлдөрү барганда ошентип ажылдап тосуп алышкан. Аялдарга тийе албайт деген негизде атайын ойлонуп чыгарылган долбоор болгон.

Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда улуттук коопсуздук органдарында жетекчи кызматтарда иштеген, азыркы депутат Токтокүчүк Мамытовдун да ою Жекшенкуловдун пикирине үндөш. Чекисттин айтымында, эрежесиз күрөш жүргүзгөн аялдарды бийликке каршы тукуруу ошол кездеги оппозициянын эң сыналган ыкмасы болгон. Ошол эле амалды жер-жерлерде бийлик да колдонуп, антимитинг атка конгон:

- Мен көрүп-билип аттым, партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер айылдарга барганда, Ысык-Көлгө, Таласка, Баткенге, башка жерлерге барганда айрым айыл өкмөттөрү, акимдер, райондун милиция башчылары ушул куралды пайдаланып атканы болуп атты. Аны тана албайм, эл да көрүп-билип атты.

Анткен менен андагы оппозициячы, азыркы каржы министри Акылбек Жапаров ОБОНду оппозиция эмес, Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартабыз деп жан далбастаган бийлик ойлоп тапкан деп талашат:

- Президенттин жанында жүргөн губернатор, акимдер, өздөрүнүн чала сабатыгын көргөзбөө, элде баркы жоктугун жабуу үчүн ушундай сүрөөндү жакшы көргөн кишилерди астыга чыгарып коюп, ошолорго кол чаптырып коюп, бөлөк кишилерди мазактаткан өнөр ошол 2002-2003-жылдары бутка туруп кеткен. Аксы трагедиясы болгон эмес, эч нерсе болбосо деле чуу чыгарды деп кыйкырып-өкүргөндөр да ошондон башталган.

Үзөңгү-Кууш маселеси, Аксы окуясы 2005-жылдагы козголоңдун алдындагы оппозициянын бийликке каршы көзүр темалары болгон. Жер-жерлерде ар кандай нааразылык акцияларында жана антимитингдерде эки тарап тең каршылашына аялдар аркылуу психологиялык чабуул жасап турганы маалым.

Ушул күнгө чейин көчө саясатына күжүрмөн катышып келаткан Канайым Бердибаеванын 2002-жылкы Ат-Башыдагы окуяны эскерүүсү аялдарды бийлик да, оппозиция да бирдей пайдалангандыгын далилдеп турат:

- Бизди саясатка киргизген Ишенбай Кадырбеков болду. Биз ага көзүбүздү ачканына ыраазыбыз. Ошол кезде Кадырбеков, Мадумаров, Данияр Үсөнов баштаган депутаттар Ат-Башыга келгенде атбашылыктар помидор, жумуртка менен койгулап киргенде биз да бар болчубуз да... Кадырбековдун бетин аялдар тытаарда биз сактап калганбыз.

Бердибаева оппозицияга каршы ошол кездеги чагым губернатор Аскар Салымбековдун идеясы менен уюштурулду деп ишендирет. Каршылашын таш менен да, аш менен да, анын ичинде жумуртка менен уруу аркылуу сындыруу амалы кийинчерээк Ысык-Көлдүн Түп аймагында, Балыкчы шаарында, Базар-Коргондо кадимкидей жемишин берди. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин ушундай эле ыкманы аялдар Ошто, Жалал-Абадда убактылуу президент Роза Отунбаевага каршы да колдонгондугу айтылып келатат.

Ыңкылаптан ыңкылапка чейинки ОБОН

2005-жылдагы Акаев бийлигине каршы күрөштө көчөдөгү аялдардын ролу эң бийик чекке чыкканын азыр эч ким тана албас. Мамлекеттик машинанын сүрүнөн аялдар эч жалтанбасын ал кездеги оппозиция лидерлери жакшы түшүнүшкөн. Жалал-Абаддагы, Оштогу жергиликтүү администрацияларды ээлеп алууда аялдар алдыңкы катарда жүрдү.

Март окуясы бийликти алууда аялдардан артык күч жок экенине жумурай журттун көзүн ачты. 24-марттагы окуяга аралашкан кесиптештерибиз бийлик салган карылуу эркектер митингди кууп тарата баштаган чакта бир ууч аял качпай туруп алып, ага демденген эркектер качып баратып кайра кайтканын айтып жүрүшөт.

Чоң сыноолордон өткөн аялдар топтору Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда оппозицияга каршы эң күчтүү курал катары кадимкидей пайдаланылганы да жашыруун эмес. Бул күчтү Бакиевдин бийлиги кулаган кезде жон териси менен сезгенин Артур Медетбеков минтип айтып берди:

- 2010-жылы Тейит айылына Бакиевдерди алып чыгабыз, Жаныш Бакиевди кармайбыз деп барганда бизди 120га жакын киши курчап, биз менен барган алты кишинин курткаларын айрып, барымтага алабыз деп, ОБОНдордон араң качып кутулганбыз.
Кечээ Жумгалда жүрсө, бүгүн Бишкекте жүрөт. “Эмнеге чыктың?” десе - билбейт. Кыйкырып коёт экен, акча алат экен. Алар өздөрү деле коркпой эле айтып атышпайбы


2010-жылдагы апрель ыңкылабына чейинки саясий күрөштө ОБОНчулар кылмыштуу топтор менен чогуу пайдаланылган. Бишкектеги борбордук аянтта, жер-жерлерде өткөн акцияларда колтугунда тапанчасы бар жигиттер менен чуулдаган аялдар топтору да аралаш жүргөнү буга күбө. Бара-бара бул топторду пайдалануу кадыресе системага айланып, аларды жер-жерлерге ташып, оппозиция лидерлеринин сесин алып турушкан. Бул ыкма бара-бара “десант” деген дагы бир каймана атты жараткан.

2007-жылкы Базар-Коргондогу жолугушууну ал кездеги “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев эскерет:

- Ошол жерде базаркоргондук эмес, качкан-бозгон ар кандай аялдарды алып келип, аким, милиция жергиликтүү криминалдык авторитеттер коргоп, алып келген жумурткалары, таш-тыпырлары менен ургулап, жаман сөздөрдү айтып, аймалайбыз деп аракет кылышкан. Муну менен ОБОН аялдарды "торпедо" катары пайдалануу Бакиевдин убагында мамлекеттик саясаттын деңгээлине чейин көтөрүлгөн.

Мындай көрүнүштөр Бакиевдин бийлиги менен кылмыш дүйнөсүнүн жуурулушуп кетишинин анык күзгүсү болуп турган, дейт Текебаев.




Чуулуу аялдар 2008-жылы апрелде Каркыра жайлоосунун жана төрт пансионаттын Казакстанга берилишине нааразы оппозициянын Ысык-Көл жүрүшүнө да каршы салынган. Алкынган аялдар оппозициянын автоунаасын талкалап салчудай койгулап, ач-айкырык салышкан. Элдин көкөйүндөгү ураандар менен жөө жүрүшкө чыккан саясатчылар Түптөгү ушундай каршылыктан кийин тайм-аут алууга аргасыз болушкан. Алар "эл колдоп-буттап кетет" деп жаңылышканын, бир ууч аял жумурай журттун эсин чыгарып коёорун ошондо сезишкенин айтып жүрүшөт.

Өзүн чыныгы ыңкылапчымын деп эсептеген Канайым Бердибаеванын айтымында, Нарында да бийлик оппозицияга каршы аялдар тобун даярдаган экен:

- Бекназаровду жумуртка менен койгулап, бийликте турган беш катын эле чыккан. 2010-жылы 6-апрелде бир пакетке жумуртка катып алып келген катындарды сабап туруп кууп чыкканбыз. 40 жумуртка экен. Карапайым беш катынга караганда бийликте отурган беш катын өтө ыплас болушат.

Азыркы ОБОН

Он жылдык тарыхы бар ОБОН кубулушу бүгүн да күч-кудуретин, маанисин жоготкон жери жок. Биз сурамжылаган эксперттердин баамында ОБОН катарынан чыккандардын алды чоң саясатка баш багып, жарандык уюмдарды түзүп алышкан. Алардын кызматына чоң саясий күчтөрдөн тартып, жер-жерлердеги саясий жана коомдук ишмерлер, ишкерлер, кызматынан ажыраган чиновниктер муктаж. Аны ар кайсы акцияларда өңү тааныш аялдар, алардын артында жаңы жүздөр жүргөнүнөн байкаса болот. Бул өзүнчө кадыресе кесипке айланды. ОБОНду идея кызыктырбайт, ала турган акысы кызыктырат. Баасы келишсе, сунушту кыйшаюусуз аткарып берүүгө даяр. "Азаттыктын" суроосуна жооп бергендердин бири, Нарын шаарынын мурдагы мэри Алмаз Курматов муну элди алаксыта турган тамада сыяктуу эле кызмат болуп калды дейт. Анын баамында бүгүнкү ОБОН :

- Кечээ Жумгалда жүрсө, бүгүн Бишкекте жүрөт. “Эмнеге чыктың?” десе - билбейт. Кыйкырып коёт экен, акча алат экен. Алар өздөрү деле коркпой эле айтып атышпайбы, маалымат каражаттарында - дейт Алмаз Кулматов.

ОБОН кубулушун иликтеп жүргөн жарандык коомдун өкүлү Гүлжамал Султаналиева Жалал-Абаддагы байкоолору менен бөлүштү. Анын айтымында, ОБОНду кесип кылгандар арасында кадыресе байлык топтоп алгандар, бай-мүлккө ээ болгондор, кымбат автоунаа мингендер бар:

- Бул аялдар топ-топ болуп жүрүшөт. Ар бир топтун жетекчиси бар. Карапайым аялдар ким заказ бергенин билбейт, сунуш түшкөн тарап менен жетекчи сүйлөшөт, аткаруучуларга тапшырманы топ башы берет, кылган кызматтарына жараша алардын баасы бычылат.

Эксперттин айтымында, бир жолку заказдын баасы миң долларга чейин чыккан учурлар бар.

Деген менен ОБОНчу аялдардын кызматынан пайдалангандар өздөрүн көмүскөдө кармашат. Биз сурамжылаган бийликтин жана ага каршы күчтөрдүн өкүлдөрү болсо дээрлик өз тараптарын актап, эрежесиз күрөштү атаандаштарга оодаруу менен чектелишти.

Өндүрүш Токтонасыров - коомдогу тигил же бул көрүнүштөргө нааразылыгын көчөгө жалгыздап тынымсыз чыгып, көрсөтүп келаткан укук коргоочулардын бири. Ага бир нече жолу белгисиз адамдар келип, тиешелүү маяна чектеп, кызматташууну сунушташкан. Ошондуктан ал кызмат сунуш кылгандар бар экенине, болгондо да алардын түбү чоң саясатка барарына ишенет:

- Качан көрсөң эле ар кайсы акцияларда жүрүшөт. Же позицияларын түшүнбөйсүң. Ошондой обончу аялдардын бар экенин мен көрүп-билип эле жүрөм. Буларды бийлик төбөлдөрү да пайдаланат. Булар акча үчүн келген аялдар.

Өздөрүн чындык үчүн чыркырап жүргөндөрдөнбүз деп, бирок эл ичинде ОБОНчу атыккандар бул каймана атты өздөрүнө жуутушпайт, кайсы бир саясий күчкө же таасирдүү адамга курал болдук дегендер сейрек. Алардын бири Асыл Жаманова март ыңкылабында коммунисттердин, апрель ыңкылабында “Ата Мекендин” ураанын чакырып чыккан:

- Кой, эми революцияны жасап бердик. Албууттанганда эмне, баатырлардын аброюн ылдыйлатып коёобуз деген ой менен, кимдир бирөөгө курал болуп жатканымды түшүндүм да чыгып кеттим. Мобу 7-апрелде бир жыл болот.

Буга чейин Жаманова өткөөл бийликтен ыңкылапчы төш белгисин алган Нарындагы активдүү он чакты аял менен бирге болчу. Бакиевдин өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун Нарында көпчүлүк алдындагы сөзүнөн кийин “Беш катын” деген ылакап атка конгон бул аялдар тобу революциячылбыз дешип, ар кайсы таасирдүү тараптарга кызмат кылып жатышат деген айың кеп кеңири тараган.

Алардан жабырлангандардын биримин деп, коомчулуктан жардам сурап жаткан Жыпархан Өмүрова буларды айтты:

- Мен Отунбаевага чыгам, Атамбаевге чыгам деп раймилициянын ичке коридоруна отуруп алып эле, орденин тагынып алып эле милицияларды коркутуп атат. Милиция аргасы жок туура эмес тергөөлөрдү жасап жатат.

Облустук администрациянын атын атагысы келбеген кызматкери болсо бул аялдар мурдагыдай басым жасабай калгандыгын айтып, жергиликтүү бийлик аялдардын эмес, мыйзамдын гана жетегинде иштейт деп ишендирди. Ал ортодо Нарындын дагы бир беймаалым калууну каалаган тургуну бул аялдар менен кезинде Отунбаева да, Атамбаев да кезиккенин, азыр да облус бийлиги эсептешүүгө аргасыз деп “Азаттыкка” айтканы бар.

Бул ыңкылапчы аялдардын бир мүчөсү Канайым Бердибаева болсо мындай кептерди жалаа деп, караманча четке кагат. Ал аялдар жарандык уюм түзүп, бардык терс көрүнүштөргө, анын ичинде коррупцияга каршы катуу күрөшүп жатышканын айтты:

- Мисалы, мен эч кимге курал болбойм, болгум да келбейт. Курал болгондор кимдер? Мисалы, жакында мен Жогорку Кеңешке бардым. Үч күн болду келгениме. Ташиев үч аялды отургузуп коюптур. Бабановду, Атамбаевди жамандап акча алышат экен. Он күн жүрдүм, он күн жүрүштү ошерде. Айткандары бир эле сөз – Атамбаев кетсин, Бабанов кетсин.

Азыркы оппозиция лидери Камчыбек Ташиев мындай дооматты негизсиз дейт. Тескерисинче, саясатчынын ишендиргенине караганда, 7-апрелден кийин бийликтин обончуларды жалдоо толкуну күчөп кетти. Буга мисал катары саясатчы Бишкекте өткөн “Мекен шейиттери” кыймылынын бир катар акцияларын келтирди.

Өзүн акыйкаттык үчүн күрөшкөндөр катарында атагандардын дагы бири - Запар Кайназарова. Ал 2005, 2010-жылкы ыңкылаптарда маалымат каражаттары, анын ичинде “Азаттык” үнүн элге далай жеткирген айымдардын бири. Акыркы жолу ал коомчулуктун назарына Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун төрагалык кызматтан алынышына каршы нааразылык акцияларында болуп, маалымат жыйыны аркылуу журналисттерге кайрылып, саясатчынун укугун активдүү коргоп чыккандардын бири катары урунду.

Кайназарованы кечээ жакында биз Коопсуздук комитетинин алдында милиция кызматкеринин белгисиз өлүмүнө байланыштуу чыккан нааразылык акциясында топ аялдын катарында жолуктурдук. Өзү катышкан апрель, июнь окуяларын эске салып, 90-жылдардан бери чындык үчүн күрөшүп келатканын жар салды. Бул акцияга кокустан кабылып калганын, акыйкаттык бузулганын бул жерден да көрүп жаткандыгын айтып, үчүнчү ыңкылапка элди бийлик өздөрү даярдап атат окшойт деди. Аялдын нарк-насили тууралуу сүйлөшүү аракетибиз атайын заказ катары кабылданды, жанындагы аялдарга да биздин темабыз жаккан жок:

-Тияктан заказ болду, билип турам да. Мынабу бала көрсөттү. Дагы бирөө көрсөттү. Мен коркпойм чындыктан.

Запар Кайназарова баштаган бир нече аял биз кепке тарта баштаганда бириндеп тарап кетишти. Акцияга чыккандар бул аялдарды тааныбай тургандыгын айтышты.

Эмнеге аялдар куралга айланды?

Билермандар аялдардын саясий күрөштөрдүн куралына айланып калышын түрдүү себептерге байлап жатышат. Биринчи кезекте, албетте, айтыла жүргөн жокчулук, кедей турмуш. Билим жана саясий деңгээлдин тайкылыгын да бетке кармашат. Депутат Камила Талиева эркектер аялдардын ак жүрөктүгүн, чынчылдыгын жана убадага бекемдигин өз кызыкчылыгына пайдаланып жатышат дейт.

КСДПнын шайлоо тизмесинде турган журналист Жылдыз Мусабекова акыркы парламенттик шайлоодон кийинки бир жыйында атаандаштары тукурган аялдардын чабуулуна Ат-Башыда кантип кабылганын айтып берди. Анын пикиринде, эркектердеги жеке кызыкчылыктан башканы көрбөгөн пастык, аядардагы алды-артын карабаган акылсыз тажаалдык аялзаттын баркына көлөкө түшүрүп жатат:

- Биз журналисттер жакабызды далай жолу кармадык го. Өзүнөн өзү жерге оонап, бети-колун, кийимин тыта коюп, догурунган аялдарды мен далай көрдүм. Эркектер ушундай үчүн колдонушат экен да. Ат-Башыда уюштурулган иште да ошол эркектин алдына барып айттым: байке, сиз мобу кыймылыңыздан кийин эркекмин деп эл арасына баспай эле коюңузчу дедим.

ОБОНдун эртеңи эмне болот?

Ошентип, саясатта албуут аялдарга муктаждык дагы эле кала берүүдө. Жогорку Кенештин депутаты Өмүрбек Текебаев ОБОНдун кызматына муктаждык акырындык менен азаярына ишендирди:

- Биз бир-эки жылда (ыңкылаптан кийинки) басаңдайт деп ойлогонбуз. Андай боло элек. Саясий мотивация, жасалмалуулук, артында адамдар бары көрүнүп турат. Бирок баары бир бир-эки жылда коом өзү, анын ичинде журналисттердин кесиптик кошуундарынын таасири менен бул кубулуш басаңдайт.


Таяктын эки учу бар дегендей, азыр кыргыз коомунда тың-тарс, чындыкты бетке айткан өткүр аялдарга чочулап караган, ОБОН деген ылакап аты бар аялдарды жактырбаган, атүгүл айыптаган маанай өкүм сүрүп, андай аялдардын мизин кайтаруу аракеттери күн тартибине коюлуп, жолдору изделе баштады. Ыңкылаптан кийин кыска убакыт Нарын облусунун губернатору болуп иштеген Адыл Эсенбеков эрежесиз күрөшкө чыккан аялдарды токтотуу үчүн ыңкылапчылар менен пайдакечтерди ажыратуучу чараларды ишке ашыруу керек дейт:

- Буларды тыйыш үчүн революцияга тиешелүү аялдарды чогултуу керек. Нарын облусу боюнча сураса мен иргеп бере алам. Алып барып сыйлап же жана апрель баатыры дегенге статус киргизип берсе, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө алар үйлөрүндө жатып калмак.

Башка билермандар ОБОНду мыйзам жолу менен тыюуну сунуш кылып жатышат. Бирок аны ким, кантип аныктайт? Эксперт Гүлжамал Султаналиева болсо көчөдөгү саясий активдүү аялдардын күч-кубатын коомдук пайдалуу нукка буруу орундуу деп эсептейт. Мунун өңүтүн ал аялдын саясий маданиятын көтөрүүдөн көрөт:

- Ошондой (албуут - ред.) мүнөз биздин чон саясатта жүргөн аялдардын мүнөзүндө да бар. Ошондуктан, эгер аялдын жарандык позициясын активдештирүү керек болсо анда активдүү саясатта жүргөн аялдын маданияты деген маселени көтөрүү керек болот.

Ал эми Токтайым Үмөталиева ошол эле ажаан аялдардан конфликтологдорду, б.а., чатактарды басуу боюнча дипломаттарды тарбиялоо оңой болмок деп далилдейт. Аялдардын үй-бүлөдөгү, бала тарбиялоодогу ролун күчөтүү, аларды иш менен камсыз кылуу аркылуу бул көрүнүштөн бара-бара арылса болоорун айткандар да чыгууда.

Айтор, ОБОН ушинтип бүгүн коомчулуктун назарында турат. Ага Кыргызстандын эгемен жылдарындагы бир келип кеткен, кезинде оң да, терс да таасирин калтырган тарыхый кубулуш катары кароо жөндүү болчудай. Анткени, коомчулукта кыргыз аялдарына таандык кылымдан берки аруулукту, назиктикти, үйдүн куту боло алган касиетти, жоолошкон эки элди жоолугун таштай коюп элдештире алган акылгөй кудуретти бул он-он беш жылдык процесс жууп кетпес деген илгери тилек бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG