Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Боршайком: төрт миллиондун жиги


БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан төш белги жана күбөлүк үчүн акча топтоп, кымбат баалуу кызматтык машинелерди сатып алганы ачыкка чыкты.

Абдраимов өзү муну мыйзамдуу деп карап, бюджеттик каражатты үнөмдөгөнүн айтып чыкты.

Ошол эле кезде “Жаштар кеңеши” коомдук уюму Абдраимов жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгисин жана күбөлүк сатуу менен бир катар мыйзамдарды бузду деп айыптоодо.

Маселенин мыйзамдуулугун аныктоого Башкы прокуратура киришти.

Төш белги менен күбөлүк сатылат

Өткөн жылы 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо утуп чыккан айрым депутаттар мандатын тастыктоочу төш белгиси жана кызматтык күбөлүгүн ушул кезге чейин алыша элек. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттары төш белги менен күбөлүктү өздөрүнүн эсебинен сатып алууга тийиш деген талабы себеп болгон. Мындай талапты мыйзамсыздык катары баалаган жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары аны сатып алуудан баш тарткан.

Өзгөн районуна караштуу Саламалик айылдык кеңешинин депутаты Исмаил Шайбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү депутаттык мандатты тастыктоочу белгилерди сатып, аны киреше табуунун булагына айлантканына мындайча токтолду:

- БШКнын райондогу өкүлү жергиликтүү кеңештин ар бир депутатынан 1000 сомдон чогулта баштаганда мен “муну кайсы мыйзамдын же укуктук ченемдин негизинде чогултуп жатасыңар, мурда мындай нерсе жок эле го” деп айттым. Ал кандайдыр бир негиз боло турган документ көргөзө албагандан кийин мага окшогон бир нече депутат акчасын берген жокпуз. Кийин БШКнын аппарат жетекчисине чалсам ал төш белги менен күбөлүккө 700 сомдон акча топтоо боюнча буйрук бар экенин айтты. Анда мен "силердин райондордогу өкүлдөр эмне үчүн 1000 сомдон чогултуп жатат, демек алар 300 сомдон өздөрүнө иштеген турбайбы" десем ал жактагылары да, бул жактагылары да унчуга алышкан жок. 4 миллион 900 миң сом чогултулду деп жатышат, бирок ал сумма республика боюнча алганда 7 миллиондон көбүрөөк болот эле. Кеп акчада деле эмес, маселе мандатты тастыктоочу каражаттарды соодалоодо болуп жатпайбы.
Туйгунаалы Абдраимов
Туйгунаалы Абдраимов
Борбордук шайлоо комиссиясы кайсы мыйзамдык негизде депутаттарга мандатын тастыктоочу төш белгиси менен күбөлүктү сатканы укуктук жагынан негизделген эмес. Мына ошондуктан “Жаштар кеңеши” уюму Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макамы жөнүндө”, “Шайлоо менен референдумдарды өткөрүү жөнүндө” жана “Бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө” үч мыйзамды бузганын айтып чыкты.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге 7545 депутат шайланган. БШК өзүнүн бюджетин бекитип жатканда 3 миллион 465 миң сомду төш белги жана күбөлүк даярдоого бөлгөн. БШК акчаны “Статус” деген фирмага которуп берип, төш белги менен күбөлүк даяр болгон соң аталган сумманы депутаттардын чөнтөгүнөн өндүрүп алган.

Бул тууралуу “Жаштар кеңеши” уюмунун теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов мына буларды кошумчалады:

- Туйгунаалы Абдраимов ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке чечими менен 4 миллиондон ашуун акча топтогон. Бирок ага чейин эле БШК бюджетте каралган акчадан 3 миллион 465 миң сомду “Статус” деген фирмага төш белги менен күбөлүк даярдоо үчүн которуп берген. Бюджеттеги мына ошол каражат колдонулган соң, анда эмне себептен кайрадан аталган чыгымдар үчүн депутаттардан акча чогултулган? Келишимде ага кеткен чыгымдар ар бир депутат үчүн 450 сом деп көрсөтүлсө, БШК төрагасы Абдраимов 700 сомдон акча чогултулганы тууралуу айтты. Бирок көп жерлерде 1000 сомдун айланасында акча чогултушкан.
2011-жылы кабыл алынган "Жергиликтүү кеңештер жөнүндө" мыйзамга ылайык, БШК жергиликтүү депутаттарга бирдей үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк ыйгарат. Бирок ал акысыз берилиши керекпи же мамлекеттин эсебинен даярдалышы керекпи - бул нерсе мыйзамда ачык көрсөтүлгөн эмес.

Мына ошондуктан БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жарандар паспорт менен айдоочулук күбөлүк үчүн төлөгөндөй эле, жергиликтүү кеңеш депутаттары мандатты тастыктоочу күбөлүк менен төш белгини өз чөнтөгүнөн сатып алууга тийиш деп эсептейт:

- Бул жерде мыйзамда бекер берилсин деген сөз жок. Эгерде мен акысыз даярдатып берсем, анда Эсеп палатасынан келип, алар да мага айып койуп, бул ишти прокуратурага бермек. Төш белги менен күбөлүк жергиликтүү кеңештердин депутаттарына мурун да өзүнүн акчасынын эсебинен берилген, азыр да ошондой эле тартипте берилди. Анан калса жаңы мыйзам боюнча айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер күрөө койбойт. Алардын саны мурдагыдан бир канча эсе көп болду. Анын бардыгына мамлекеттин эсебинен төш белги берүүгө мүмкүнчүлүк аз.

Кооптондурган логика

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан айырмаланып, Жогорку Кеңештин депутаттарына төш белги менен күбөлүк мамлекеттин эсебинен даярдалган. Парламенттин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча комитетинде аталган маселени кароо учурунда мындан ары Жогорку Кеңеш депутаттары менен президенттин бийлик укугун аныктоочу төш белги менен күбөлүк да сатылабы деген маселе көтөрүлдү.
Аталган комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев БШК төрагасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттары мындан мурда эле төш белги менен күбөлүктү өздөрү сатып алып келишкен деген маалыматын четке какты:

- Мурдатан бери эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары өзүнүн эсебинен сатып алып келген деген маалыматыңыз жалган. Мурда айыл аймагы же шаардык мэрия каржылап келген. Жаңы мыйзам боюнча БШК бирдей үлгүдөгү төш белги менен күбөлүк ыйгарат деген талапка ылайык ошол милдетти сиздер өз мойнуңарга алышыңар керек эле. Ошондой эле сиз мыйзамда аталган атрибутикалык белгилер бекер берилсин деген сөз жок деп жатасыз. Анда парламент депутаттарынын төш белги жана күбөлүгү менен президенттин штандарты бекер берилсин деген мыйзамда барбы? Мындай боло турган болсо, ал каражаттарды да ээлерине сатасыңарбы?

Мыйзам боюнча мамлекетте бажы жана салык кызматтары гана каражат чогултууга укугу бар. Калган бийлик органдарынын күбөлүк же төш белги сыяктуу атрибуттарды сатуунун эсебинен акча чогултушу мыйзамда каралган эмес. Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мандатын тастыктоочу төш белги менен күбөлүктүн сатылышынын моралдык жагына кызыкты:

- Мындай өнөкөттүн эми башка бийлик органдарына да таралып кетүү коркунучу бар. Бул өнөкөт боюнча эртең эле мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери өздөрүнүн кызматкерлерине кызматтык күбөлүктү жана тиешелүү төш белгилерин сатса болот турбайбы деген ойго келиши мүмкүн. Элестетсеңиз, мен кайсы бир коомдоштуктун же мамлекеттин атынан иш алып барып жатсам, мамлекет мага берген ыйгарым укукту тастыктоочу күбөлүк менен төш белгини кайра өзүмө сатып жатса, бул логиканын аягы аябай коркунучтуу да.

"Волга" уят, "Жип" кымбат

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн да мындан ары төш белги менен күбөлүк сатылышы мүмкүн экенин белгиледи. Мунун бардыгын ал мамлекеттик каражатты үнөмдөө саясаты менен байланыштырды.

Жергиликтүү шайлоону уюштурууга өткөн жылы 168 миллион сом бөлүнсө, анын айтымында, 46 миллион сом бюджетке кайтарылып берилген экен. Бирок “Жаштар кеңеши” уюмунун теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов БШК төрагасынын кымбат баалуу кызматтык автоунааларды сатып алганы үнөмдөө саясатына кандайча үлгү боло алат деп сурады:

- Кыргызстанда бюджет тартыштыгы 23 миллиард сомдун айланасында болуп жатса, тышкы карыз 3 миллиард долларга барабар болсо, Туйгунаалы Абдраимовго окшогондордун 4 миллион сомдон ашуун каражатка 25-30 литр бензин куйула турган кымбат баалуу “Жип” автоунаасын сатып алууга моралдык укугу бар беле? Абдраимов шайлоо учурунда мына ошол автоунааларды сатып алып, анан бюджеттен ашкере чыгым болуп калып, аны жабуу үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан акча чогултканы көрүнүп эле турат.
БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жергиликтүү шайлоо учурунда эки кызматтык машине сатылып алынганын тастыктады. Анын бардыгы Каржы министрлигинин уруксаты менен БШКнын өзүнүн атайын эсебине чогулган каражатка алынгандыгы айтылды. “Жаштар кеңеши” уюму жергиликтүү кеңеш депутаттарына төш белги менен күбөлүктү даярдоодон акча аяган БШК төрагасынын кымбат баалуу кызматтык унааларды сатып алганына өкмөт эмне үчүн көңүл бурбаганын сынга алды.

Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кызматтык машине сатып алуу менен мыйзам бузууга жол берилди дегенге кошулбайт:

- Мен бир жарым жылдан бери өзүмдүн “Ленд Крузеримди” тээп жүрсөм эч ким унчукпайт да, эми минтип дуулдатып чыгышууда. Мен жеке жаран катары “Волга” менен да жүрө берем. Бирок БШКнын төрагасы катары жаңы кызматтык машина минсем эмнеге болбойт? Биз муну Каржы министрлиги менен макулдашып, анан бир “Ленд Крузер" жана бир минивен машинесин сатып алдык. Чет элден коноктор келгенде же иш сапарга чыкканда керек болот экен.

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби комитети БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белги жана күбөлүк үчүн 700 сомдон акча чогултушунун мыйзамдуулугун иликтөө чечимине келди. Бул жагдайды иликтеп чыгып, Абдраимовдун бул багыттагы кызматтык ишмердигине укуктук баа берүү жагы Башкы прокуратурага тапшырылды. БШКнын киреше-чыгашаларын текшерүү Эсеп палатасына жүктөлдү.
XS
SM
MD
LG