Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Орусиянын RAEX агенттиги чыгарган рейтингде Кыргызстан инвестициялык климаты начар өлкөлөрдүн катарында аталды.

Дүйнөнүн жети өлкөсү Кыргызстандан экcпорттолгон товарларды алууну кыскартууда. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө кандай себептер негиз болууда, кыргыз өкмөтүндө кризиске каршы программа барбы? Ушул жана башка суроолорго “Арай көз, чарай” талкуусунда жооп издейбиз.

Талкууга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана ЖИА ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Руслан Акматбек катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, Орусиянын аталган агенттиги Кыргызстанды инвестициялык климаты начар деп баалап жатат. Мындай баалоону кыргыз өкмөтү кандай кабыл аласыздар. Эгер чын эле инвестиция кылууга тобокел өлкө болуп жатса, анын негизги себептери, көйгөйлөрү эмнеде?

Данияр Иманалиев: Албетте, эл аралык уюмдарбы же орусиялык болобу өзүнүн ыктыяры, мүмкүнчүлүктөрү менен мындай баа берсе болот. Бирок мен азыркы баа берүүгө макул эмесмин. Акыркы беш жылда мындан да абройлуу, кадыр-барктуу делген эл аралык рейтингдерди чыгарган Standard and Poor's жана Muudis уюмдары өз баасында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу көп иштерди атап, оң баа беришкен. Мен эми баарын айтып отура албайм, негизгисин айтсам, биз эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу кредиттик рейтинг боюнча оң баа алдык. Өнүгүп келаткан биздей мамлекеттер үчүн бул чоң жетишкендик. 2015-жылдын жыйынтыктарын карасак өлкөгө келген инвестициялардын көлөмү 1 миллиард доллардан тегерегинде болгон. Курулушка, кызмат көрсөтүү тармактарына да инвестиция келүүдө. Эгер жалпы дүйнөлүк тенденцияны карасак, инвестициялардын келиши көп өлкөлөрдө кыскарууда.

Ал эми Кыргызстандын экспорттоосу да азайып жатканы жөнүндө айтсам, бул Орусия менен Казакстандагы экономикалык кырдаалга байланыштуу болууда. Жалпы дүйнөдө доллардын баасы көтөрүлгөндө, мунайдын баасы түшүп кетпедиби.

Руслан Акматбек: RAEX агенттиги Орусиянын Каржы министрлигинде жана Борбордук банкында каттооддон өткөн уюм экен. Бир кызык жагдай, Орусия бизге акча бербей, инвестиция салбай жатканына ушундай себептер бар дегендей кыр көрсөтүп, жарыялап койгондой да элес калтырат.

Бизде инвестор эмнеге келбейт деген бир көндү суроо бар. Биз коомчулукка, расмий өкүлдөргө суроону башкача коет элек: бизге инвестор эмнеге келиши керек? Инвестор эмне үчүн Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга барбай Кыргызстанга келиши керек деп сурасак жакшы болот эле. Ошол суроого жооп тапсак анан бизге келет. Инвестиция келишине бизде көп тоскоолдуктар бар: инфрастуктуранын начарлыгы, укуктук келишимдердин иштебегендиги, кесипкөй адисттердин жетишсиздиги, сот системасынын ачык эместиги, өкмөттүн улам-улам алмаша бергени жана башка маселелерди чечсек, анан келет инвестор.

Дагы бир маселе. Албетте, Кыргызстан кошуна өлкөлөргө караганда бир топ артыкчылыктары бар. Ачык өлкөбүз, парламентаризм бар. Бирок, ошону дүйнөгө тааныта албай келебиз. Атактуу CNN жана Euronews программаларында Казакстан, Өзбекстан жөнүндө рекламаларды көп көрөбүз, биз жөнүндө жок. Кыргызстанды дүйнө эли алигиче эки революциялар аркылуу эстешет. Инвестиция келиши үчүн Кыргызстан жөнүндө жагымдуу жагдайларды, маалыматтарды жайылтышыбыз керек.

“Азаттык”: Данияр мырза, азыркы кыргыз өкмөтүнүн экономикалык кризиске каршы турууга, андан чыгуу боюнча программасы барбы, болсо андай кандай чаралар каралган? Бул дагы инвестициянын келишине шарт түзөт эмеспи...

Данияр Иманалиев: Биринчиден, макроэкономикалык туруктуулукту сактоо-эң негизги максатыбыз болот. Экинчиден, баалардын туруктуулугуна жетишүү болууда. Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугуна көп көңүл бурулат. Программанын дагы бир чоң багыты ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү каралган. Анда биз үч багытта иш алып барабыз. Биринчиден, фискалдык органдар менен иштөөнү жеңилдетүү, экинчиден, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу, үчүнчүдөн, ишкерлердин каржы булагы менен иштөөсүн ыңгайлаштыруу ж.б. чаралар көрүлөт.

Андан сырткары кошуна өлкөлөргө караганда, Кыргызстанда салыктын көлөмү өтө аз. Экспорттук операциялардан да салыкты алып салдык. Былтыркы 1-июндан баштап акча каражаттарын банк аркылуу которуу жолу менен иштеген ишкерлерге да салыктарын кыскартканбыз. Бул дагы ички ишкерлерибизге жакшы жардам берет.

“Азаттык”: Руслан мырза, сиздердин бизнес бирикмеңиздер өлкөнүн экономикасына өбөлгө боло турган “Беш кадам” деген программа сунуш кылдыңыздар, ага өкмөт кандай карап жатат, ишке ашчу реалдуу документпи?

Руслан Акматбек: “Беш кадам” программасы бизнес чөйрөсү менен өкмөттүн ортосундагы кызматташуунун бир көрсөткүчү. Ишкер чөйрө өкмөттөн сурай эле бербей, өнүгүү боюнча сунуштарын берип жатат. “Беш кадамдын” үчөө Экономика министрлиги тарабынан кабыл алынып каралууда. Биздин сунуштар биз эле ойлоп тапкан нерселер эмес, алар өнүккөн өлкөлөргө өбөлгө болгон инструменттер, жолдор. Алар кабыл алынган күндө да дароо эле жемишин бербейт, ага убакыт керек. Биздин оюбузда Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн көтөрүү көп, жакшы натыйжа берет деп жатабыз. Сырткы соода боюнча бир мекеме же адам жок. Ошондуктан өзүнчө агенттик түзүлсө деп эсептейбиз. Мындан сырткары биздин программа боюнча орто жана чакан бизнеске өзгөчө көңүл бурулушу керек, салыкты төлөй турган, жумуш ордуларын да ача турган ошолор. Өнүккөн өлкөлөрдө орто-чакан бизнес 90 пайызды түзсө, бизде 40 эле пайызды түзүүдө.

“Азаттык”: Данияр мырза, Орус-кыргыз инвестициялык фонду берип жаткан насыялар реалдуу сектордун өнүгүшүнө канчалык өбөлгө боло алат?

Данияр Иманалиев: Азыркы күндө бул фондго 300 миллион доллардай акча келип түшкөн, биринчи транш насыяга берилип, өздөштүрүлүүдө. Экинчи бөлүгү май айында келиши күтүлүүдө. Насыя 10 миллион доллардын тегерегинде суралса, аны фонд өзү берет, андан аз көлөмдөгүлөр болсо, башка эки банк аркылуу берилүүдө. Орусия тараптан келе турган акчалар өз мөөнөтүндө келүүдө. Келишимдер толугу менен аткарылат деп ойлойм. Насыялар жемиши жакынкы убактарда бериши керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG