Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Кыргызстанда жергиликтүү жана чет элдик 100дөн ашуун инвестордун башын бириктирген уюм – Эл аралык ишкер кеңеш апта башында өлкө жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда азыр бизнестин негизи – менчикке болгон укукту тебелеп-тепсөө боюнча коркунучтуу тенденция байкалып жатканына токтолуп, муну негизинен өкмөттүн ачык –айкын эмес саясатына байланыштырды.

Кайрылууда ага катар Кыргызстанда инвестициялык климаттын начарлоосу али уланып жатканы, бул биринчи кезекте инвесторлордо менчикке болгон укук корголору жана кепилденерине ишеним жоктугунан улам экени айтылган.

Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, оболу алардын кайрылуусуна өкмөттөн ошол замат реакция болгонун белгиледи.

- Биз премьер-министрдин кеңешчилери менен жолуктук. Жакшы жери – алар биздин катты туура кабыл алышты. Алар айткандай, биз да түшүнгөндөй эле, эки айдан бери иштеп аткан өкмөттүн иштерин азыр жыйынтыктаса туура болбойт, аз убакыт өттү. Бирок алар бизнес коому менен чогуу иштешип, жакшы ийгиликтерге жетишүүгө макул экендигин белгилешти. Бул каттын жыйынтыгы менен биз азыр өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдап жатабыз. Буйруса кийинки аптада бизнес чөйрөнү оңдоо боюнча кат түрүндө сунуштарыбызды беребиз.
Өкмөт эл менен көбүрөк иштеш керек, болуп аткан процесстерин айтып турса ар кандай маалымат каражаттары аркылуу жакшы болмок.


- Сиздер катыңыздарда белгилеген нерсе, бизнес коомчулук улутташтырылган объектилердин тагдырын аныктоо боюнча жараяндан сыртта калып жатат деген ойду айткансыздар. Демек улутташтырылган мүлктөрдө, мисалы ишкер чөйрөнүн башка өкүлдөрүнүн да үлүштөрү барбы?

- 47 мүлк улутташтырылды. Алар кандай улутташтырылып атат? Ошондо биз туруктуулук жок деген маселени козгогонбуз. Колдон келишинче элдин арасынан болобу, бизнес чөйрөдөн болобу, өкүлдөр катышып, ошол комиссиялар менен чогуу иштеп көрүшсө өкмөткө да, элге да жакшы болмок, ачык-айкын процесс жүрүп атканын эл билмек.

Азыр ушул 47 мүлктүн канчасы иштеп атат, өкмөткө, өлкөгө кандай пайда алып келип атат – бул жөнүндө маалымат элде жок. Биз ушул маселени козгогонбуз. Эл бул суроолордун жоопторун билсе өкмөткө да ишеничи пайда болот беле деген ой болуп жатат.

- Демек сиздер катыңыздарда козгогон маселе улутташтырылган объектилерди иштетүү, башкаруу жараянына ишкер коомчулугу да аралашуусу керек деп түшүнсөк туура болобу?

- Ошондой түшүнсөңүз туура болот. Бирок бул жерде улутташтыруу маселеси мисал катары берилген. Бул катыбыздын биринчи максаты – Кыргызстандагы инвесторлордун тынчсыздануусу бар экенин көрсөтөлү дегенбиз. Ошого карата өкмөт тез арада жакшы иш аракеттерди көрбөсө, келечекте Кыргызстанга инвестиция келиши оор болуп калат. Атүгүл азыркы инвесторлордун коркуу сезимдери пайда болуп жатат деген максат менен жазылган бул кат.

- Демек азыр түз инвестиция жараяны токтогонбу, өлкөгө келбей калды деп айтсак болобу?

- Келбей калды деп айтсак болот. Азыр Кыргызстанда иштеп жаткан инвесторлордун чет өлкөлүк болсун, жергиликтүү болсун тынчсыздануусу бар. Мисалы потенциалдуу инвесторлордун көпчүлүгү «Кыргызстанга акча салсакпы, салбасакпы» деп апрелге чейин ойлонуп аткан. Анан апрелдеги, июндагы окуялардан кийин алар бир аз күтө туралы дешти. Эми бийлик келди, иштеп жатат, бирок биздин байкаганга караганда, инвесторлор тарабынан Кыргызстанга акча салынбай жатат. Анткени алар билбей жатат, Кыргызстанда жеке менчик укуктары корголобу, корголбойбу деген суроолор алардын башынан кетпей жатат.
Өкмөт тез арада жакшы иш аракеттерди көрбөсө, келечекте Кыргызстанга инвестиция келиши оор болуп калат.


Азыркы улутташтыруу абдан жакшы мисал болуп жатат. Эгерде алар бул жакта ачык-айкын иштеп атабыз, туура улутташтырылды, акыйкат бар деп ушундай иштерди жүргүзсө, инвесторлорго, элге маалыматтарды жеткирсе, балким Кыргызстанга инвестициялар акырын куйула баштайт беле деген ойдобуз.

- Убактылуу өкмөт тарабынан 47 объект улутташтырылган. Андан кийин улутташтыруу болгон жок. Азыр андай жараян жок, же бизнесте рейдерлик көрүнүштөр болуп жатабы азыр деле?

- Алар улутташтырылды. Бирок менин түшүнгөнүмө караганда, бул процесс бүтө элек, чекит коюла элек. Эл алчу маалымат интернеттерде кээде пайда болот, мисалы “Мегаком” боюнча жыйынтыктар чыкты, улутташтырылган мүлктөр боюнча депутаттардын комиссиясы бар. Бирок ошолордун иши да сыналгыдан, радиодон, гезиттерге жыйынтыктары чыкса жакшы болмок деп ойлойм. Иштеп аткан мүлктөр улутташтырылды, ага карабай азыр иштеп атат, өкмөткө, мамлекетке пайдасын тийгизип атат деген жарыялар элге керек деген ой бар.

- Рейдерлик деген нерсе токтогонбу, же бизнес чөйрөдө барбы?

- Буга мен жооп бере албайм. Өкмөттүк саясаттын аябай ачык эместигинен балким ошондой суроолор туулуп жатат. Ачык болсо көп суроолор жоголуп кетмек деген ойдобуз. Коррупция барбы, жокпу, эмне болуп атат деген суроолор да жок болмок. Өкмөт эл менен көбүрөк иштеш керек, кылып аткан иштеринин натыйжасын, болуп аткан процесстерин айтып турса ар кандай маалымат каражаттары аркылуу жакшы болмок.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG