Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Инвестиция: керкисинде да, кемигинде да...


Кыргызстандагы инвестициялык кырдаалдын оош-кыйыштары “Азаттыкта” “арай көз чарай” талкууланды.

Кыргыз өкмөтү инвестициялык климат начарлап кеткендигин моюнга алууда. Буга эмне себеп болуп жатат? Кыргызстан ресурстук жеке басарлык оорусу менен ооруп жатат деген чет элдик айрым байкоочулардын көз карашында жүйөө барбы?

Эмне үчүн жергиликтүү калк менен инвесторлор ортосунда чыр-чатактар тыйылбайт? Чет элдиктер ташып кетип жатат деген жергиликтүү, кыргыздар – бүлдүргүчтөр деген эл аралык стереотиптерден кантип кутулуу керек?

Ушул жана башка суроолорго “Азаттык” биринчи вице премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Кеңештеги “Ата-:урт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев жана радиоугармандары менен чогуу жооп издеди.

“Азаттык”: Албетте, Кыргызстанда инвестициялык кызыкчылыгы бар тармактар энергетика менен тоо-кен тармактары эсептелип келатат. Жакында премьер Жантөрө Сатыбалдиев Ишкердик менен инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин акыркы жыйынында чет элден инвестиция тартуу маселеси татаалдап, кырдаал оор болуп жатат деп айткан экен. Инвестиция тартууда негизги кыйынчылыктар эмнеге байланыштуу болуп жатат?


Жоомарт Оторбаев: Бул кыйынчылык эмес, дүйнөлүк процесс болуп атат. Мына дүйнө боюнча 200 мамлекет инвестициялык климатты жакшыртат элек деп иштеп атышат. Иштешибиз керек. Өзүбүз билебиз. Ошол эле мыйзамдардын сапатын көтөрүшүбүз керек, биринчиден. Экинчиден, коррупция менен күрөшүүбүз керек. Үчүнчүдөн келген инвесторлорго инфраструктураны түзүшүбүз керек. Ошол багыттарда иштеп атабыз. Идеалдуу инвестициялык климат дүйнөдө бир да мамлекетте жок. Ошон үчүн биз да аларга салыштырып, ишти жакшыртышыбыз керек.


Азамат Арапбаев: Албетте, инвестицияларды тартышыбыз керек. Ошол эле учурда инвестор, тыштан келген жаран биринчиден, коопсуздук маселесин карайт экен. Мисалы, бизде тыштан келген жаран ошол биздин система менен күрөштө жалгыз калып атат. Коррупция бизде гүлдөп атат, күчөп атат. Ошону тыюу маселесин эгерде өкмөт, президент, парламент биригип, кескин түрдө чечпесе, инвестициялык климат бизде оңолбойт. Сельсия өлчөмү менен алганда нөлдө тура берет дагы, плюс деген маселени айтыш кыйын болуп калат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG