Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Бүгүн мамлекеттин туусу кабыл алынган күн. “Азаттыктын” суроолоруна туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров жооп берди.

“Азаттык”: Сабыр мырза, сиз кыргыз желегинин же болбосо туусунун авторлорунун бирисиз. 1992-жылдын 3-мартында ушул желегибиз кабыл алынган экен. Андан бери 20 жылдай убакыт өтүп калды. Ошондон бери өлкөнүн мамлекеттик символдорунун бири болгон тууга мамиле өзгөрдүбү?

Сабыр Иптаров: Суроо абдан кенен коюлуп атат Илим. Себеби символдордун ээси мамлекет да. А мамлекет деген кенен түшүнүк. Бирок мен ушул символдорго болгон мамилени, анын авторлоруна болгон мамиле менен кичине байланыштыргым келет. Себеби кандай символ болбосун аны адам жаратат. Мисалы улуу “Манас” дастаныбыз Саякбай атабыздын варианты менен жашап атат да. Баардык жерде “Манас” деп мактаныч менен айтабыз, даңазалап бетибизге кармайбыз, бирок Саякбай атабыздын эмгегин эстеген киши жок. Мына ушул сыяктуу бул өңүттө айтсам, чынында мына желек кабыл алынганына 19 жыл болду деп атабыз, бирок ошол 19 жыл ичинде мамлекет “барсыңарбы?, жоксуңарбы?, кимсиңер?” деп эстеп койгон жок.

Эң акырында мына жаңы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баарыбызды кабыл алып, биздин арыз-муңубузду укту. Эми буюрса мамиле өзгөрөт деген үмүт-тилек бар.

“Азаттык”: Желектин авторлору эмнелерди күтөт мамлекеттен? Конкреттүү айтсаңыз, көңүл бурулбайт деп атасыз. Сиздерге сыйлык бериши керекпи мамлекет, эмне кылышы керек?

Сабыр Иптаров: Бул жерде эки жагдай бар. Мисалы, мамлекеттик символдорду кабыл алгандан кийин, анын юридикалык ээси так аныкталышы керек. Себеби, бул канткен менен бир “продукт” да. Муну кийин колдонот, мунун өзүнүн макамы, өмүр-жолу бар.

Биздин мамлекеттен күткөнүбүз, биринчи, ошол туунун юридикалык ээсин так аныктап койсо. Эгерде туу мамлекеттин менчиги боло турган болсо, анда мамлекет ошону жасаган адамдардын макамын так аныктап бериши керек. “Ушул тууну жасап, мамлекетке бериптирсиңер. Мына силерге мобундай ыраазычылыгыбыз, рахматыбыз” дегендей акысын берип.

Маселен туу кабыл алынгандан кийин бир жылдан соң гимн кабыл алынды, дагы бир жылдан кийин герб кабыл алынды. Эки символдун тең, гербдин да, гимндин да авторлоруна дароо ардак наам берилди, акчалай сыйлыктар берилди. Бир сөз менен айтканда мамлекет аларга учурунда көңүл бөлүп, алар ушу кезге чейин жеңилдиктерди алып келатат. Ал эми туунун авторлору ушу кезге чейин ардак наам түгүл бир дагы тыйын көргөн жокпуз. Бизден азыр үч киши пенсияга чыкты, 3000 сомдон алышат. Берки символдордун авторлору болсо жаманбы-жакшыбы 10 000 сом же андан өйдөрөөк пенсия алып, тийиштүү макамына жараша пенсияга чыгышты. Анан минтип бирөөнү ала, бирөөнү бөлө кылып бөлгөн туура эмес. Буга чейин жыл сайын эле жылдырылып келатат. Бүгүн күтүп көрөбүз, эгер болбосо юридикалык жол менен сотко кайрылып, өзүбүздү так аныкташыбыз керек. Антпесе бирдеме үмүт кылып эле, кудайчы болуп эле, “ушуну берип коёсуңарбы, карап коёсуңарбы” деп, өзүбүзгө эле эмес балдарыбызга уят болуп атабыз.

“Азаттык”: Эгер бул маселе каралбаса, макамы аныкталбаса сотто чечишебиз деген тыянакка келген турбайсыздарбы?

Сабыр Иптаров: Соттон сөзсүз аныктайбыз. Себеби мунун юридикалык өзүнчө эрежеси бар экен. Ошону биз таптык. Биз эми ырасмий түрдө мамлекет менен ачык чечишип алышыбыз керек. Анткени өзүңүз “туунун автору экенсиз” деп кайрылып атпайсызбы. Бирок менин колумда “туунун автору” деген кагазым же күбөлүгүм жок. Тарыхый фактыны бекемдеп койгон эч бир документ жок.

“Азаттык”: Эми туунун өзүнө келсек. Туунун түсү туурасында кээде талаш-тартыш боло калып жүрөт. Кыргызда негизи кызыл туу менен катар көк асаба дагы болгон да. Туунун түсүн тандап атканда ушундай талаштар болду беле?

Сабыр Иптаров: Абдан талаш-тартыштар болгон. Туу эки ай талкууланган. 500 ашык вариант келип түшкөн. Анан акырында мына ушул кызыл туу кабыл алынган. Кызыл туунун бир гана негиздемеси ушундай болду кабыл алынып атканда, аны Академиядагы “Манас” секторунун башчысы Самар Мусаев агай негиздеп берди, “Манас атабыздын хандык туусу кызыл болгон” деп. Ошондо ага чейин талашып аткан бардык депутаттар макул болду дагы, легендарлуу парламент ушул пикирде баш кошту. Ага чейин көк туу, жашыл туу, ак туу, кызыл туу болуп, бир пикирге келе албай атышкан чынында эле.

Ошентип азыркы биздин туубуздун түсүнүн маданий, эстетикалык негиздемеси, бул “Манас” атабыздын хандык туусунун түсү кызыл болгон.

“Азаттык”: Сиз башында айтып кеттиңиз, “тууга болгон мамиле, анын авторлоруна болгон мамиледен көрүнүп турат” депчи. Ошентсе да эгемендүүлүк келгенине 20 жыл болду. Дегеле коомчулукта желекке, тууга болгон мамиле кай жагына өзгөрдү:

Сабыр Иптаров: Адегенде, кызуусу менен бир топ пикирлер айтылган желегибизге. Мунун өңүнө карата, символдордун элементтерине карата. “Күн карамага, чемичкеге окшошуп калыптыр”, “өрттөнүп бараткан түндүккө окшошуп калыптыр” дегендер абдан көп болгон. Азыр деле ошондой сөздөр айтыла калат.

Бирок бул жерде бир нерсени эске алып коюшубуз керек сыяктанат. Адамдын татымы, табити бул өзү абсолюттуу бир беткей болушу кыйын экен. Ошондой пикирге карата, тескерисинче андан кем эмес жүйө келтирип, аргументтеп, “Биздин бул туу дүйнөдөгү эң кооз туулардын бири, идеясы, эстетикасы ушунчалык терең” деп далилдегендер да абдан көп.

Мунун эки гана фактысын айтайын. Мисалы биздин туудагы түндүктүн элементи, абдан фундаменталдуу, глобалдык деңгээлде чечилген. Себеби, өзүнүн тээ адепки жараткан мүлкү болгон түндүктү өзүнүн ыйыгы деп, үй-бүлөнү, ынтымакты, биримдикти, жаңырууну, өмүрдү өзүнүн туусуна салган аз эле элдердин бири биз, кыргыздар болобуз. Экинчиден, жанагы күндүн символу, ал кырк нурун чачыратып турат. Кырк уруу, кырк огуз, кырк күн деген сыяктуу, кырк уруудан куралган элбиз дегенди, ошол кырк нур аркылуу чагылдырганбыз.

Анан калса күн – бул өмүрдүн символу. Күн - бул ааламдын түндүгү деп койсок болот. Ошондуктан экөө жупташып берилген да. Түндүк бул адамдын өмүрүнүн, күн болсо ааламдын өмүрүнүн символу деген идеяны бергибиз келеген. Муну эми ар бир кишиге чечмелеп айтып бериш кыйын экен.

Өткөндө мага бир таанышым тамашалап айтат. Канада деген бай мамлекеттин туусунда жалбырак бар. Ошол жалбыракты байыркы антикалык доордо аял заты өзүнүн уяттуу жерин жаап жүргөн деп сүрөттөлөт. “Канадалыктарга айтпайсыңарбы, уялбай ушуну кантип салып алдынар” деп силер оппоненттериңерге айтпайсыңарбы деген сөздү айтты эле...

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG