Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

HRW Анжиян кыргынын көз карандысыз иликтөөгө уруксат сурады


Human Rights Watch эл аралык уюму Өзбекстандын жаңы шайланган президентине кайрылып, өлкөдөгү “адам укуктарына байланыштуу начар абалды жакшыртууга көнүл бурууга” чакырды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан аталган уюм өзбек бийлигинен 2005-жылдагы Анжиянда болгон калабаны көз карандысыз иликтөөгө уруксат берүүнү да суранды. Ал окуяда жүздөгөн киши өлүп, бир топ адамдар чет элге баш паанек сурап кеткен.

Уюм жолдогон катта саясий туткундарды бошотуу, БУУ менен тыгыз иштешүү, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чектөөлөрдү алып салуу, эркин жарандык коом түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү, жыныстык азчылык өкүлдөрүн мазактоолорду жана элди мажбурлап эмгекке тартууларды токтотуу маселеси көтөрүлгөн.

Human Rights Watch аталган катты 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодон беш күндөн кийин жиберген. (SE)

XS
SM
MD
LG