Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Аксы: мугалим кысымга кабылганын айтууда


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Аксыда текшерүүчүлөрдү узатууга акча бербеген мугалим кодуланып жатканын билдирди.

Райондон билим уясын текшерүү үчүн келген комиссияны педагогдор ортодо акча жыйнап, жол кире жана тамак-ашынан бери көтөрүшөрү айтылып келет. Мындай көмүскө жөрөлгө билим берүү гана эмес бардык тармактарда кездешип, атүгүл аттуу-баштуу чиновниктердин аймактарга сапарлары да коноктоо менен уланарын буга чейин да билдирип чыгышкан. Райондун Кара-Жыгач айылындагы №64 Асанбек Кулбаев атындагы мектептин социалдык педагогу Айгүл Шабданова мектепте орун алган жагдайды мындайча айтып берди:

- 2016-жылдын ноябрь айында биздин мектепке Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы баштаган он адамдан турган комиссия келди. Бул алардын беш жылда бир ирет мектептерди утурумдук текшерүүсү болчу. Мектептеги текшерүү бүткөн соң аларды бир мугалимдин үйүндө кой союп сыйлап, эки миң сом жол чыгымын да көтөрүп бергенбиз. Алар кеткен соң мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы комиссияны тоскон бардык чыгым 17 миң 300 сом болду, мугалимдер 1000, ал эми жөн кызматкерлер 500 сомдон бересиңер деди. Мен мынчалык чыгым кеткенинен күмөн санадым. Бизге түшүндүрүп берүүсүн талап кылып, акча бербей койдум. Бирок окуу бөлүмүнүн башчысы мени катуу урушуп салды. Мен бирок акча берген жокмун.

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим сабады деген 2-класстын окуучусунун окуясын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды.

Айгүл Шабданова кошумчалагандай, мектеп жетекчилиги менен акчанын айынан талашка барган соң ага куугунтук башталган экен.

- Ошондон бери окуу бөлүмүнүн башчысы менен мектеп директору мени көргөн сайын тилдеп, кодулап жатат. Райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылайын десем, алардан майнап чыкпайт. Эмне кылышымды билбей калдым, - дейт Айгүл Шабданова.

Бирок аталган мектептин директору Зайырбек Кулданбаев мугалимдерден акча чогултулбаганын айтып, бул багытта өз алдынча текшерүү болорун билдирди. Учурда бул билим уясында 125 окуучуга 15 мугалим сабак берет.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова текшерүүгө ар ким өз каражатынын эсебинен чыкканын жана эч бир жерде сый тамакка барышпаганын айтууда:

- Ар бир мектептеги текшерүүгө кызматкерлер өз каражаты менен барат. Бизде кыдырып текшерүүгө сапар чыгымдары каралган эмес. Биз эч бир жерде сый дасторкон үстүндө отурган жокпуз. Ал эми Кара-Жыгач айылындагы мектеп боюнча директор кошумча акы жыйнаган протоколду көрсөтпөдү. Менден дагы, директордон дагы буйрук болгон эмес. Эгерде бардыгы жалган болсо мен сотко кайрылам.

Эң коркунучтуу текшерүүчүлөр булар - Эсеп палатасынын кызматкерлери. Башкаларга бир аз сом берсең макул деп ынанышат. Ал эми буларга доллар менен гана берүүгө туура келет.
Дөөлөтбек Эргешов

Мектеп мугалимдери гана эмес кээде райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери да өздөрү текшерүүчүлөргө акча жыйнап турушат. 40 жылдан ашык педагогика жаатында иштеп, Сузак районунун Барпы айылындагы мектепте бир топ жыл директор болуп эмгектенген Дөөлөтбек Эргешов мындай деди:

- Борбордон келген текшерүүчүлөрдү райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тосуп алып, аларды мейманканага жайгаштырып, атүгүл самолетко билет алып берип учуруп койгон учурлар бар. Бул көнүмүш адат мурдатан бери бар, азыр токтотууга мүмкүн эмес деп ойлойм. Ошонун айынан райондук билим берүү бөлүмү мектептерге акча салып, жаман көрүнүп жатпайбы. Эң "коркунучтуу текшерүүчүлөр" булар - Эсеп палатасынын кызматкерлери.

Эшик аттап келген конокту сыйлоо, бейтааныш адамга даам сыздыруу эзелтен келе жаткан салт. Бирок мамлекеттик кызматкерлер жасакерленүүнүн айынан аны ашыкча колдонуп, башкаларга зыяны тийип жатканы айтылат.

Социолог адис жана жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу Абилбап Мамарасулов бул адатты токтотууга мүмкүн эместигин айтууда.

- Чыгышта бардык маселе дасторкон үстүндө чечилет деп коет. Мындайча айтканда, ийри отуруп, түз кеңешип дегендей. Бирок аны чектен ашырбоо кажет. Конокту ашыкча эркелетүүгө болбойт. Анткени конок койдон жоош болушу керек. Бирок бизде бардык жөрөлгө чектен ашып, жагымпоздукка барып жатпайбызбы. Ал келип башкаларга терс таасирин тийгизип жатат. Бул көрүнүштү катуу чаралар менен тыйбаса ашынып кетти. Жемкорлуктун бир түрү да .

Кыргызстанда той-аштарда ашыкча чыгымдарды кыскартуу демилгеленип, айрым аймактарда ишке ашып жаткан мезгилде мамлекеттик мекеме-ишканаларда сырттан келген жетекчилерди коноктоо өнөкөтү тыйылбай келет.

2011-жылы бул маселени ошол мезгилдеги президент Роза Отунбаева көтөрүп, өзүнүн аймактарда болгон иш сапарларында тай жана башка жандыктарды союу жөрөлгөсүнө тыюу салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG