Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы парламенттеги коалициянын келечегине арналды.


Талкууга катышкандар:




Курманбек Осмонов
– Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү








Акылбек Жапаров
– Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы






“Азаттык”:
Акылбек мырза, комитеттин төрагасы катары сиздер КСДПнын жана “Республиканын” чекесине чыккан чыйкан болдуңуздар. Сиз бюджет боюнча таңкыстыкты сындап, катуу чыктыңыз. Бирок бара-бара жумшарып отуруп, параметрлер өтө деле катуу өзгөргөн жок, бюджет кабыл алынды. Бул эмненин белгиси, эмне себептен жумшардыңыз?

Акылбек Жапаров: Сын пикирди туура кабыл алса, бюджетти мунаса жолу менен кабыл алса болот. Бирок ошону менен бирге 6 миллиард 843 миллион сомдун тегерегиндеги тактоолорду киргизип, бюджеттин туруктуулугун камсыз кыла алдык. Бюджет биринчи жолу парламентке келгенде биз кайра кайтарганбыз.

“Азаттык”: Бирок принципиалдуу маселелер өзгөргөн жокпу?

Акылбек Жапаров: Принципиалдуу маселелердин бири бюджеттин дефицити эле, 22 миллиард сомдон ашып кетти, ички дүң продукцияга салыштырмалуу 9 пайыздын тегерегинде. Парламент өзү 5 пайыз деп бекитип берген. Тилекке каршы “Ар-намыс” партиясы менен “Ата Мекен” фракциясы азчылык болгондуктан бул параметрлер көпчүлүк менен колдоого алынып калды. Бирок дагы эле болсо бюджеттин тартыштыгы 22 млрд., ошонун ичинен 10 миллиарддын булактары такталбай, аныкталбай, “буйруса болот” деп бекилгенин биз ачык айтып коюшубуз керек.

“Азаттык”: Эмне себептен буга бардыңыз, сүйлөшүүлөр болдубу, же айла жоктонбу?

Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күнү биз 3 млрд. 300 млн. сомдон ашык булактар туура эместигин белгилегенбиз. Ошонун 2 млрд. 750 млн. сомуна өкмөт макул болуп, жаңы булактардан, бюджетке кирбей калган 2 млрд. 350 млн. сомдун булактарын тактап алып келгендиктен болду.
Азырак укташ керек, көбүрөк эмгектениш керек. Мында көп акылдын деле кереги жок.


Мындан тышкары биз 1 млрд. 343 млн. сомго башкаруу органдарын, президент, премьер-министр, төраганын резерв фонддорун кескин түрдө кыскартуу менен бирге ушул суммаларды таап чыктык жана ушуга айла жоктон өкмөт макул болгондуктан, биз тараптан туура сын пикир айтылып жана булактар табылып, өкмөт да муну туура кабыл алгандыктан бул мунаса жол менен ынтымакка алып келе турган бир чечимге келдик десем жаңылбайм.

“Азаттык”: Курманбек мырза, парламентте отурган Акылбек мырза бюджет боюнча катуу чыкты. Бул – парламенттин табияты, оппозициялык функцияны аябай жакшы аткарып жатат, чындап эле өлкөнүн пайдасына алып келчү кадамдарбы, же анын артында башка ойлор жатабы, же коалицияны бузуу, же ага чабуул жасообу?

Курманбек Осмонов: Бюджетти кабыл алууда парламенттик көпчүлүк менен парламенттик азчылыктын тирешүүсү байкалган жок. Менин жеке пикиримде, бизде бюджетти чоң дефицит менен кабыл алуу салтка айланып калды. Депутаттар, бир эле “Ар-намыс” фракциясы, же булардын комитети эмес, башка комитеттер да, биз да өзүбүздүн салымыбызды коштук. Бирок жетишпеген каражатты табуунун булактарын ар кайсы жол менен, жалпы депутаттардын фракциясына, коалициясына карабай, ошолорду издеп тапканга аракет кылдык.

Чыгаша көп, киреше аз

“Азаттык”: Акылбек мырза, Курманбек мырза дефицит менен жабуу салт болуп калганын айтып жатат. 2010-жылы да сиз биринчи вице-премьер министр болуп турганда бюджетти 13 млрд. сом менен кабыл алгансыздар. Бизге курган маегинде Алмазбек Атамбаев мырза да “эмне эле өздөрү кабыл алган бюджет үчүн бизди сындап атышат, биз ошонун кесепеттери менен күрөшүп жатабыз” деп айтып чыкты.

Акылбек Жапаров: 2009-жылы дүйнө жүзүндө финансылык кризис жүрүп жаткан. 13 миллиарддын 7 млрд. сомун антикризистик Евразиялык фондго кол коюлгандан кийин, биз экономиканын өнүгүү жолуна түшөлү деп бюджеттин тартыштыгын көрсөткөнү менен биз ошол акчанын баарын өнүгүү жолуна жиберсекпи деген ой-пикир менен, анда каржы министри Марат Абдразакович эле, мен ошондо да өкмөттүн мүчөсү болуп туруп буга катуу каршы чыккам.

2005-06-07-08-жылдары төрт бюджетти мен парламентте коргодум, ошол убакта нөлдүн тегерегинде дефицит болчу. Демек мүмкүн болушунча биринчи өзүбүздүн кирешебизди тактап, ошого жараша чыгаша кылышыбыз керек. Буга саясий эрк керек. Убагында ошол эрк жетишкен. Тилекке каршы парламентте да, өкмөттө да көпчүлүк кандай чечсе, ошол чечим ишке ашып кетип атат.

Жалпысынан биз биринчи кирешебизди тактап алып, ошого жараша чыгашабызды коюшубуз керек. Мына азыр 22 млрд. чыгашаны коюп алып, ошонун ичинде айлык акыны көтөрдүк, дагы деле болсо пенсия, пособиени көтөрөлү деген үмүтүбүз бар. Бирок киреше булактарыбыз жок. Элди чоң сыноолорго каршы коюп жатабыз.
Ачыгын айтайын, 2-3 күндүн ичинде ар кайсы саясатчылардан турган топтор түзүлүп, коалицияны ыдыратууга аракет болгон экен.


Тилекке каршы бул бюджетте мурунку принциптер коргочу эле, бир үй-бүлөгө кетчү эле деп аткан энергобарондордун акчалары, алкоголдун, “Манас” аэропортунун, темир жолдун акчаларын бюджеттен көргөн жокпуз. Биз ошол жөнүндө ачык-айкын айтып чыгып, ошолордун эле кирешесинен 3 млрд. сомдон ашык бюджетке түшүш керек эле. Быйыл болгону бюджетте 300 млн. көрүнүптүр. Ошону талашып-тартышып, биз 750 млн. сомго чейин көтөрттүрдүк.

“Азаттык”: Эмне себептен булактары көрсөтүлбөй жатат, сиз айтмакчы принциптер жок болсо деле?

Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күнү бирөөнүн чөнтөгүнө кетпесе анда бюджеттен чыгыш керек эле. Мурунку башкаруу принциптери көсмүскө экономика ошол боюнча эле кетип атат. Ошол эле “Телеком” былтыр 2 млрд. 800 млн. сомдун тегерегинде киреше алса, бизге “болгону 40 млн. сом пайдадан салыкты төлөйм” деп жатат. Ошол эле “Мегаком” 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча 30 млн. долларды бюджетке төлөп берерин айтууда. 1 млн. долларды “Телеком” төлөйм деп атат, “Мегаком” болсо 30 млн. долларды силерге киреше катары төлөп берет элем деген ниетин айтып атат.

“Азаттык”: Курманбек мырза, сиз бюджет боюнча адис эмессиз, бирок ошентсе дагы коалициянын ичинде турган фракциянын мүчөсү катары айтсаңыз, негизи бюджетти талкуулоодо кайсы принциптер каралды, ушул жүйөлөр кабыл алындыбы?

Курманбек Осмонов: Бюджет маселесин талкуулаганда субъективдүү себептерди коюуга такыр мүмкүн эмес. Менин жеке көз карашым боюнча, бул жерде объективдүү эле нерселер коюлуп атты. Бул бюджеттеги 22 млрд. сомдон ашык таңкыстыкка Апрель ыңкылабы, андан кийин түштүктө чыккан коогалаң таасирин тийгизди.

Азыр өкмөт "биз бул бюджетти аткарабыз, парламенттин алдында жооп беребиз” деп белсенип атат. Бүгүн координациялык кеңеш бюджетке көзөмөл кылуу боюнча дагы бир маселе талкуулады, ошондо да өкмөткө кеткен айрым адамдардын өкүлдөрү деп коелу, ошондон дагы бир кыр издешти, “эмне кереги бар, бул өкмөткө жүктөлгөндөн кийин өкмөткө бербейсиңерби” деп. Биз парламенттик республикабыз. Коалициялык өкмөттү да парламент дайындаган. Ошолор бюджетти аткаруу процессинде парламенттин өкүлдөрү болсо жаман жагы жок да.
“Ата Мекен”, же “Ар-намыс” партиясы жаңы коалиция түзүлүшү толук мүмкүн.


“Азаттык”: Сиз парламентте көзөмөл болуш керек дегенди колдойсузбу?

Курманбек Осмонов: Мен колдойм.

“Азаттык”: Эмне себептен?

Курманбек Осмонов: Азыркы Конституция боюнча өкмөттүн иш аракетине көзөмөлдү парламент жүргүзөт. Ошондуктан бюджетти аткарууда да парламенттин көзөмөлү болуш керек.

“Азаттык”: Курманбек мырза, сизди угуп отурсам “азыр парламентте эч кандай тирешүү жок, коалиция менен оппозициялык фракциялар аябай жакшы иштешет, биз баары менен макулбуз” деген тезисти айтып жатасыз.

Курманбек Осмонов: Мен ал тезисти жалпы жонунан айтканым жок, мен бюджетке байланыштуу жагын гана айтып атам. Ал эми баарыбыз тең бир пикирде жүрөбүз деп айткандан алысмын. Тирешүү дебесек да, кандайдыр бир мамилелерде, коалицияга кирген фракция менен оппозициядагы фракцияларда айрым бир маселелер боюнча чыңалуулар бар. Албетте парламентке өтпөй калган да саясий партиялар бар. Бийликтин, парламенттин табияты ушундай экен.



Кызыкчылыктар бириктирет

“Азаттык”: Ушуга чейин эрегиш болуп келген. Бирок бүгүн Бабанов маалымат жыйынын өткөрүп, “Ата Мекендин” билдирүүлөрүн коалицияны бузуу аракети катары баалады. Мени таң калдырганы: Бабанов “тепки жеп атса”, “Ата Журт” эч качан коалицияны колдоп чыкпайт, четте эле турат. Эмне себептен ушундай байкалат?

Курманбек Осмонов: Бул жерде “Ата Журт”, же “Республика”, же КСДП деп конкреттүү айтканга болбойт. Фракциянын лидерлеринин, ошол эле Өмүрбек Бабанов бир фракциянын лидери болгон, бул жерде көбүнчө субъективдүү көз караштар таасир этип жатат болуш керек. Жалпы жонунан айтканда, кечээ бир гезитке маегим чыкты, парламентти таратууга, же коалициянын тарашына олуттуу мыйзамдык негиз, олуттуу себеп жок деп айттым. Коалициянын тарашына деле олуттуу себепти көрбөй турам. Албетте саясий чөйрө болгондон кийин бийлик чөйрөсүндө интрига жүрөт экен.

“Азаттык”: Ошол интригалар эмне себептен жүрөт? Азыр парламенттин ичинде фракциялар өз ара кандай мамиледе?

Акылбек Жапаров: Конституция боюнча көпчүлүк фракция үч эле партия менен түзүлүп калды, тилекке каршы. Анткени башында үмүт бар болчу, төртөө болсо анда бул өкмөттүн өмүрү узак болот го деп. Анткени бүгүнкү күнү өкмөт коргоосуз калды. Эртең менен жумушка келсе, кечинде коалиция жок болуп калуу коркунучу бүгүн да турат, эртең, бүрсүгүнү да тура берет. Ошондуктан колдон келсе төрттөн болсо жакшы болмок эле, үч болуп калды, үчүнүн бири кайсы күнү айнып, көңүлү бузулуп, кээде принципиалдуу учурда, кээде принципиалдуу учур жок болсо да жокко чыгып кетип калышы мүмкүн.

Мисалы, парламенттин төрагасы, дасыккан финансист Акматбек Келдибековдун 1 млрд. 330 млн. сом “Азия универсал банктан” уурдалып кеткен боюнча позициясы өкмөттүкүнө караганда таптакыр бөлөк. Биз өзүбүздүн фракцияда да, комитеттин төрагасы катары да толугу менен Акматбек Келдибековду колдоп чыктык. Бул – 1 млрд. 330 млн. сомдун тегерегиндеги сөз. Эгерде премьер-министр менен спикер экөө бир коалицияда туруп ушундай принципиалдуу маселени бири-бири менен сүйлөшө албай парламентке алып чыккандан кийин, демек тирешүү мындан ары да күчөйт деп айта алат элем.

“Азаттык”: Ошол карама-каршылыктар боюнча силер акырына чейин барасыздарбы, мисалы “Ар-намыс” фракциясынын мүчөлөрү катары өкмөткө келүү силердин кызыкчылыгыңарда да?
Жетишпеген каражатты табуунун булактарын ар кайсы жол менен, жалпы депутаттардын фракциясына, коалициясына карабай, ошолорду издеп тапканга аракет кылдык.


Акылбек Жапаров: Бийликке келебиз деп 5 партия парламентке өттү да. Ошондуктан “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” эгерде көпчүлүк коалиция жок болуп кетсе, көпчүлүк коалицияны түзүүгө даяр экенин биз элдин баарына шайлоо учурунда эле айтканбыз. Өкмөттүн башында туруп азыр кайталап аткан кемчиликтин баарын жокко чыгарып, экономиканын өсүү жолуна салууга бизде кудурет да, акыл-эс да жетет деп ойлойм.

“Азаттык”: Демек коалициянын тамыры бош экен да. Сиз ушуга макул болосузбу, бүгүн-эртең жоголуп кетиши мүмкүн деп айтып атпайбы? Биз да, журналисттер, күндө эле ушундай жаңылыктарды угуп калабыз.

Курманбек Осмонов: Албетте бул Акылбек Үсөнбековичтин өзүнүн жеке пикири. Бирок менин байкашым боюнча бүгүн-эртең эле жок болуп кете турган оңой-олтоң иш эмес. Ошол коалициялык келишим боюнча башка коалицияга кирбей калган партияларга, мисалы “Ар-намыс” үчүн деле эшик ачык болчу. Бул саясий күрөштү биз парламенттик, же жалпы саясий кризиске айландырбашыбыз керек. Жалпы мамелекеттик, жалпы элдик кызыкчылыкты жеке амбициялардан бир аз жогору коюшубуз керек.

Колдон байлаган коалиция

“Азаттык”: Коалициянын ишине баа берсеңиз? Азыр өкмөт кандай иштеп атат, эффективдүү иштеп атабы, карама-каршылыктар өтө көбөйүп кеткен жокпу, же эми жакшы иштей башташтыбы?

Курманбек Осмонов: Биз сынчыл болушубуз керек. Коалицияга кирген фракция мамыр-жумур болуп ынтымакташып кеткен деген ойдон алысмын. Кээде айрым бир маселелер боюнча, мисалы биздин фракциядан депутаттар демилгелүү маселелер боюнча биздин эле коалициядагы КСДПга каршы чыгып алышат.

“Азаттык”: Акылбек мырза, сиз айтып жатпайсызбы, партиялардын мүдөсү бийликке келүү, биз келсек башкача жасамакпыз деп. Өкмөттө эмнени өзгөртмөксүз?

Акылбек Жапаров: Быйыл бюджетте башкаруу органдарына 1 млрд. 300 млн. сомдон былтыркыга караганда көбүрөк акча сарпталып атат. Эбегейсиз чоң башкаруу структураларын бекитип алышты. Анткени үч партия бириккенден кийин ар бирине көбүрөк орун керек болгондуктанбы, мурунку өкмөткө караганда бир топ көп структуралар, жаңы министрликтер пайда болуп кетти.

“Азаттык”: Муну саясий системанын алмашышы менен байланыштырасызбы?
Тилекке каршы алдыда көп кыйынчылыктар күтүп турат. Жаз өтө эле кыйын боло турган болуп калды, азык-түлүккө баа кесин түрдө жогорулап баратат.

Акылбек Жапаров: Жок, муну байланыштырган жокмун. Жаңы Конституцияны жазып атканда Өмүрбек Чиркешовичке кайрылдым эле. 19 жылдан бери ар бир премьер-министрди президенттер сунуштап, ал өзүнүн программасын элге айта албай калды эле. Ошондуктан Конституцияга жазып койсок, премьер-министр болом деген талапкер өзүнүн программасын алып чыгып, ошого жараша структурасын бекитип, андан кийин командасын бекитсе жакшы болот эле, Конституцияны кыргыз эли колдоп берди. Бирок Алмаз Шаршенович программасын да, структурасын да берген жок жана өзүнүн курамын өзү түзгөн жок.

“Азаттык”: Үч партия болуп мүмкүнчүлүк болбой калды да?

Акылбек Жапаров: Мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок ошого саясий эрк жетпей койду. Биринчи кезекте партиялык кызыкчылыкты эмес, профессионалдык деңгээлди алдыга койгондо мындай көп мүчүлүштүктөр болбойт эле. Акыркы министрлерди алмаштыруу жолу менен айла жок Алмаз Шаршенович баратат, өзүнүн оюнда тыңыраак министрлерди, профессионалдарды алып келип атат, бирок кечирээк болууда.

“Азаттык”: “Ар-намыс” коалицияга кирсе деле ушул маселени кантип чечмексиздер? Чече албайт элеңер да, себеби башка фракциялар менен сүйлөшүш керек да?

Акылбек Жапаров: Башка фракциялар менен сүйлөшүп, башында Курманбек Эргешович айтып кетти, “Ата Мекенге”, “Ар-намыска”, “Ата Журтка” бериле элек. Биз үч партия менен сүйлөшүп атканда айтканбыз, өкмөттүн структурасы кескин түрдө кичирейиш керек жана ортодо ар бир партияга саясий гана органдар, өкмөттүн мүчөлөрү гана бөлүштүрүлүш керек, калганынын баарын премьер-министр өзү дайындап, жеке жоопкерчиликти өзү мойнуна алыш керек дегенбиз. Биз ошонун үстүндө иштеп жатканбыз. Буйруса биз келсек дагы эле ошондой болот.

Кыскартуу, эффективдүү жолдорду табуу менен экономикалык кризистен чыгышыбыз керек. Курманбек Эргешовичтин бир гана айтканына кошулам: саясий трагедия болбош керек. Мен беш өкмөттүн мүчөсү болуп, беш өкмөттүн отставкасына катыштым эле, 45 күн иштеген да өкмөттөр болгон. Ага караганда Алмаз Шаршенович иштеп атат, мындан ары да иштей берсин. Мен система туруктуу эместигин айтып атам, мындан эч кандай трагедия болбойт, дагы бир премьер-министр, дагы бир өкмөттүн курамы келет. Бирок ушунун баары парламенттин ичинде болот. Бул да болсо ыңкылаптын жетишкендиктеринин бири болсо керек деп эсептейм.

“Азаттык”: Окурмандардан ушул суроо көп келет: “азыр Акылбек Жапаров бюджетти, министрлерди аябай сындайт, каржы министри да келишпестиктен кетти окшойт деген сөздөр жүрөт. Бирок өзү жооптуу кезинде эмне себептен ошол иштерди аткарган эмес” деп сурашат?

Акылбек Жапаров: Мен колуман келишинче ошол иштердин баарын аткарып келатам. Эгерде 2005-жылы 24 млрд. сомдун тегерегинде акча болсо, мен 2007-жылы бюджетти тапшырып атканда 48 миллиардга чейин көтөргөм. Өкмөттө 5 жыл мүчөсү болуп турганда кайсы жыйын болбосун, мен өзүмдүн ой-пикиримди так айтып, өкмөттүн программаларын баарын колдоп келгем. Тилекке каршы чечүүчү маселеге келгенде саясий чечимдер бөлөк болуп атты.

Аткаруу бийликтин мүдөсү, жаратылышы да бөлөк. Көпчүлүк чечкенден кийин сен баш ийишиң керек. Ал эми парламент болсо башка, парламентте жеке ой-пикириңди фракцияң менен, комитет менен чогуу мыйзам катары коргоп алсаң болот. Ошондуктан биз азыр муну коргоп атабыз.

Ал эми 2000-жылдан 2005-жылга чейин мен парламенттин мүчөсү болгондо да Салык кодексин, Бажы кодексин жазып, 50дөн ашык мыйзамды жазып чыккам.



Саясий кармаш кайда жетелейт?

“Азаттык”: Курманбек мырза, коалиция туруктуу эмес деген пикирге кандай карайсыз? Туруктуу болушу үчүн кандай болуш керек эле?

Курманбек Осмонов: Туруктуу болуштун айныгыс принциптеринин бири – бардык нерсени чогуу-чаран акылдашып, комитеттерге, коалицияга кирген фракцияларда, азчылыкта оппозицияда калган фракциялар менен макулдашып, мунаса жолдорун таап, мамлекеттик орчундуу маселелерди чечкенде позицияларды жакындатууга аракет кылыш керек. Мына ушундай тартипте иштесек, коалиция да бекемделет жана башка оппозициядагы фракциялардын да туруму бекем болот.

“Азаттык”: Мен сизге ишенбей жатам, сиз аябай жакшы китептеги сөз менен айтып атасыз. Элге түшүндүрсөңүз, парламентте эмне болуп атат, азыр кандай кыйынчылыктар бар? Сиз коалицияны сактап калдык деп айттыңыз, эмнеден сактап калдыңыздар?

Курманбек Осмонов: Ачыгын айтайын, 2-3 күндүн ичинде ар кайсы саясатчылардан турган топтор түзүлүп, коалицияны ыдыратууга аракет болгон экен. Анын себептерин биз терең талдап чыгып, өзүбүздүн фракциянын ичинде жана башка фракциялар менен сүйлөшүп, азыр коалициянын тарашын токтотуп калдык.

“Азаттык”: Сиз чечмелеп бере аласызбы, кандай чабуулдар болду жана кантип токтотуп калышты?
Бул бюджеттеги 22 млрд. сомдон ашык таңкыстыкка Апрель ыңкылабы, андан кийин түштүктө чыккан коогалаң таасирин тийгизди.


Акылбек Жапаров: Саясий күрөш жүрүп атат. Ар бир партия өзүнүн программасы менен келген. Тилекке каршы ошол эле көпчүлүктү түзгөн коалициянын арасындагы бир топ депутаттардын өзүнүн ой-пикирлерин, элге берген убадаларын аткаралбай калгандыктан, же болбосо өкмөт менен көз караштары дал келишпегендиктен коалиция дагы эле жок болуп кетүү коркунучу бар, парламент беш жыл турат деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындан такыр трагедия кылбаш керек, буйруса парламент туруктуу иштей берет, жакшылап президенттик шайлоо өткөрүп алсак, андан кийин саясий стабилдүүлүк келет го деп ойлойм.

Бир айдын ичинде Алмаз Шаршенович “премьер-министр болгондо жаңы программаны, өкмөттүн жаңы структурасын алып келем, өзүмдүн программам менен келип элге чыгам” деген. Бул сөзү бүгүнкү күнү орундалган жок. Демек андай программа үч партияны бириктирип, чогуу иш аракет кыла турган программа жоктугунан, мен ойлоп атам, үчөөнүн арасынан эле кайсы бир партия өзү сунуш кылса, “Ата Мекен”, же “Ар-намыс” партиясы ошого кошулуп жаңы коалициясы түзүлүшү толук мүмкүн.

“Азаттык”: Сиз адис катары айтыңызчы, бизди жазында эмне күтөт? Бюджет кабыл алынды, кемчиликтерди айттыңыз. Президенттик шайлоого чейин эл кандай жашайт?

Акылбек Жапаров: Тилекке каршы алдыда көп кыйынчылыктар күтүп турат. Жаз өтө эле кыйын боло турган болуп калды, азык-түлүккө баа кесин түрдө жогорулап баратат. Күйүүчү майдын баасы да кескин түрдө өсүп атат. Дүйнө жүзүндө финансылык кризиси басаңдап, бирок азык-түлүк кризиси келатат. Тилекке каршы бюджетте болгон 300 млн. сомго мамлекеттик материалдык резервге акча каралып бекитилип калды, бул аябай аз.

“Азаттык”: Өкмөт ошого чараларды көрүп атабы?

Акылбек Жапаров: Ошого кадамдарды көргөнүн мен байкай элекмин. Анткени азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдын авторлорунун биримин. 2007-жылы Атамбаев премьер-министр болуп турганда баа кескин түрдө өсүп кетип, өкмөт начар аракеттерди жасап калган. Мен ошондо Экономика жана өнүгүү министри болуп, андан кийинки жылы которулуп келгенден кийин ушул мыйзамды иштеп чыкканбыз. Ушул мыйзамдын алкагында азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлүп, ошонун башында премьер-министр туруп, сегизден ашык азык-түлүк продукцияларына өкмөт көзөмөлдү катуу жүргүзгөнгө бүт механизмдери бар эле.

Үй-бүлөдөн урууга, уруудан улутка

“Азаттык”: “Фейсбуктан” жеке сизге суроо келди: “сиз генийсизби, кантип эки жылда кандидаттык гана эле эмес, докторлукту да жактап койдуңуз? Моралдык жактан кыйналбайсызбы? Эмне үчүн алигиче башка эле илимпоздор илимий иштеринде сиздин ишиңизге шилтеме бербейт? АКШда, Жапонияда, Европада докторанттар 5-10 жылдап жүрүп араң дегенде мындай даражаны алышат. Сиз эки жылда докторлук алган сырыңызды башка элдер менен бөлүшө кетпейсизби? Себеби министр болуп жүргөнсүз, убакытты кантип таптыңыз” дейт?

Акылбек Жапаров: Мен илим, билим менен 86-жылдан бери алек болуп келатам. 90-жылдан баштап ушунун үстүндө иштеп келатабыз. 3-4 монографиям, 130дан ашык макалаларым орду-орду менен чыкты. 2000-жылдан 2005-жылга чейин депутат болуп турганда 50дан ашык мыйзам, эки кодекс жазгам. Андан тышкары беш жылдын ичинде өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча авторлордун биримин. Бөлөк илимпоздорго караганда мен практикмин. Ошондуктан эгерде ар бир адам өзүнө талаптарды койо турган болсо убакыт табылат. Азырак укташ керек, көбүрөк эмгектениш керек. Мында көп акылдын деле кереги жок.

“Азаттык”: Акыркы убактарда угуп калам, журналисттерди нарындык журналист деп бөлүп чогултасыз. Эмне себептен ошону жасайсыз?
Бүгүнкү күнү өкмөт коргоосуз калды. Эртең менен жумушка келсе, кечинде коалиция жок болуп калуу коркунучу бүгүн да турат, эртең, бүрсүгүнү да тура берет.


Акылбек Жапаров: Мага жаш журналисттердин көпчүлүгү кайрылды. Анан теңиртоолук журналисттер кайрылганынан фонд түзүүгө ниетим бар экенин айттым. Бардык журналисттерге жардам берүүгө даярмын. Бирок теңиртоолуктарга жардам берүүдөн баштайын дедим.

“Азаттык”: Акылбек мырзадан тышкары башкалар да ысыккөлдүк журналисттерди бөлүп чогулта башташты. Ушуга чейин укканым, нарындыктар өзүнчө, ысыккөлдүктөр өзүнчө. Бул тенденцияга кандай көз караштасыз?

Курманбек Осмонов: Журналисттер болобу, же башка коомчулуктун өкүлдөрү болобу жердешчилик принцип менен чогултканына мен каршымын.

“Азаттык”: Эмне себептен ушундай болуп атат деп ойлойсуз?

Курманбек Осмонов: Анын түпкү максатын билиш керек, жердешчилик принциптерин тутунуп чогулуп атышабы? Ал эми жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн чогулуп атса бул башка иш. Мен Акылбек мырзанын айтканынан түшүнүп атам, мен жалпы эле журналисттер менен жигердүү кызматташып, бардыгына жардам көрсөтөйүн, биринчи теңиртоолуктардан баштадым дегенинен, Акылбектин аракетинен терс көрүнүш көрө алган жокмун.

Акылбек Жапаров: Мусулманчылыкта үй-бүлөсүн, уруусун, анан улутун багыш керек экен. Азыркы 21-кылымда биздин уруубуз өзүбүз туулуп өскөн жерибиз болуп калды го деп атам. Улутубуз, кыргыз элине кызмат кылууга даярбыз. Үй-бүлө бутуна туруп калды, эми өзүбүздүн уруубузга, облустарга жардам берип, анан улутубузга кеңири жардам берели деп атабыз. Мунун алкагында айтайын дегеним, 2071 мыйзам кабыл алынып, кыргыздын салтын, үрп-адатын камтыган мыйзам жок болуп калды. Бул көрүнүштөрдү коммунисттер да жойо алган жок.

“Азаттык”: Уруучулукту колдонууда сиз парламенттик системага, же демократиялык принициптерге карама каршылыгын көрбөйсүзбү? Биз ошондон азыр арыла албай атпайбызбы.

Акылбек Жапаров: Жети атабызды билиш керек экенибизди билем. Бирок ошол эле кочкорлуктар өзүнчө чогулабыз, же сарбагыш, монолдор чогулуп алып өткөрөбүз дегендерге каршымын. Ошону менен бирге эле “Ар-намыс” партиясынын лидери Кулов, мен да өз көз карашыбызды айттык. Курултай куруп, кыргыздар жашап аткан жерлерден өкүлдөр келип, экинчи палата катары парламентке, президентке, премьерге да баа бере турган орган болсо жакшы эле болот. Дагы бир жолу айтайын, кыргыз элинин салтын, үрп-адатын камтыган мыйзамдарды кабыл алмайынча биз алдыга жыла албайбыз.

“Азаттык”: Кулов менен да каршы болуп атат деген сөздөр чыгып атат. Эмне себептен ушундай сөздөр чыгышы мүмкүн?
Биз сынчыл болушубуз керек. Коалицияга кирген фракция мамыр-жумур болуп ынтымакташып кеткен деген ойдон алысмын.


Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күнү ар бир кишинин өзүнүн табияты, өзүнүн орду болуш керек. Профессионалдык деңгээлине жараша өзүнүн милдетин аткарат. Бизде лидерибиз Кулов Феликс Шаршенбаевич жана 25 депутатыбыз каттоодон өтүп атканда да бүгүнкү күнгө чейин ким көбүрөк упай алып келди, же алган жок деп, сен-мен деп урушканга жеткен жокпуз. Ал эми демократиянын көрүнүшү боюнча, ар бир принципиалдуу маселе боюнча ар бири өзүнүн ой-пикирин айтууга толук укуктуу дейбиз, “хоп-майли” деген бизде жок. Ар бир жерде принципиалдуу түрдө чечишебиз.

“Азаттык”: “Ата Мекен” катуу айтып чыкты, ушундан кийин “Ар-намыс” менен “Ата Мекен” кучакташпаса да, өкмөттү, коалицияны аябай сындап жатышпайбы. Бул ачыкталды дегенди билдиреби?

Курманбек Осмонов: Башында мен айткандай, Текебаев ушинтип айтып койду деп эле коалиция кулап, тарап кетсе болбойт да. Акылбек деле айтып атпайбы, кээде принципиалдуу маселелер боюнча фракциянын ичинде ар кандай ой-пикирлер болот. Биздин фракцияда да, коалициянын ичинде да бар. Бирок жалпы көпчүлүк менен чечилгенден кийин парламентке, жалпы жыйынга алып чыкканда ошол турумду карманып турабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG