Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Мугалим VS Окуучу


“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамилелерге арналды.

Талкууга катышкандар:




Балдар укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова








Билим берүү тармагында көптөгөн жылдар бою эмгектенип келе жаткан кызматкер Мурат Жетимишбаев



Мугалим VS Окуучу (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”:
Акыркы күндөрү №49 орто мектептин окуучусун мугалими уруп жатканын түшүрүлгөн тасма коомдо талкууну жаратууда. 2009-жылы Майлуу-Сууда №5 мектепте ушундай чыр чыгып, бүт өлкөгө дүң болду эле. Бул эки эле окуябы, же мектептерде мугалимдин балага кол көтөрүшү жалпы тенденциябы?

Назгүл Турдубекова: Биз бул боюнча атайын изилдөө жүргүзгөнбүз. Кыргызстандын мектептеринде балдардын укугу бузулат деген жыйынтыкка келгенбиз. Бул абдан жаман тенденция, көбөйүп баратат. Көп учурда мектеп директорлору жоопко тартылбайт. Билим берүү министрлиги тарабынан да биз позицияны көрө элекпиз, министр чыгып мектептерде сабоолор токтотулсун деп бир дагы жолу айткан эмес, мыйзам да чыга элек.

“Азаттык”: Акыркы жылдары конвенция деп келе жатабыз, балдардын укугу боюнча сайрап эле келе жатасыздар, машыктыруучу сабактар да өтүлөт. Ушул гранттардан, семинарлардан эмнеге майнап чыкпайт деген суроо туулат?

Назгүл Турдубекова: Негизи биздин мектептерде адам укугу боюнча, баланын укугун коргоо боюнча сабактар абдан аз өтүлөт, бир нече эле саат жана бир нече эле семинарлар болот. Ал ушуга чейин ишке ашырыла элек. Билим берүү министрлиги тарабынан жакшы аракет болбой атат, бул проблемага көңүл бурушпайт. Ошондуктан биздин балдар өзүнүн укугун жана өзүнүн эркиндигин кандай коргош керектиги жана башка адамдардын укугун бузбаш керектиги боюнча билимдери жок. Мугалимдерде да билим жок.

“Азаттык”: Мурат мырза, сиз Назгүл айым айтып жаткан тенденцияга макулсузбу? Чындап эле көп жайылганбы, абал ушунчалык коркунучтуу болуп баратабы?
Биз түшүнүшүбүз керек, эгерде Кыргызстанда ар бир баланын укугун коргой албасак, анда биз эч убакта эркин, укуктуу өкмөттү түзө албайбыз.


Мурат Жетимишбаев: Бир адамдын, же укук коргоочулардын көз карашы менен эле карап айтууга болбойт. Бул аябай терең маселе. Биз көргөн фактылардын болуп атканы мугалим катары мени да өкүндүрөт. Бирок медалдын ары жагы да, бери жагы да бар. Балдардын укугун коргоо конвенциясы ишке көп ашпайт деп карындашым айтып атат.

Мен сизге кайра айтаар элем, мен Жети-Өгүз районунда иштеп кеттим, бул боюнча министрлик тарабынан бизге аябай катуу тапшырма берилген. Ар бир мектепте өзүнүн программасы бар, атайын чыгарып, баарын илип, мугалимдерге айтып, балдардын укугун коргоо боюнча класстык сааттарды өткөрдүк. Силер деле канча кыдырып атасыңар, биз канча иш кылдык. Бул жерде такыр эле балдардын укугу корголбой калган жок.

Балдардын укугу да корголуш керек, балдардын милдети да болуш керек. Кээ бир учурда ушунчалык деңгээлге жеткирип туруп, атайын чагым уюштуруп, тасмага тартып алган учурлар да бар. Бул жок эмес. Атайын үйрөтөт. Менин башыман көп өткөн, андай видеолордун далайын көрсөтүп келген, ата-эне көтөрүп келчү. Себеби бир бала атайын жинге тиет, экинчи бала атайын жылма тартып турат, мугалимди ошончолук деңгээлге жеткирет, анан жаны кашайганда нерви чыдабаган, ушунча жыл мектепте иштесе, жан үрөп 45 сааттай какшап үйрөтүп атса, аны уруп-ойнобой кайра шылдыңдап атса, кээде ушундай болот экен. Бирок муну менен мен аны актабайм.

Ата-энелер, укук коргоочулар туура мамиле кылсаңар. Азыр Кыргызстанда сабоо тенденциясы көбөйүп кетти деп айтып атпайбызбы. Сабоо эмес, Кыргызстанда адам өзүнүн ролунун тенденциясы көп бузулуп калган.

“Азаттык”: Балдар өзү да ошого жеткирет деген пикир бар. Ошого кошуласызбы?

Назгүл Турдубекова: Мен таң калам, кайсы мугалим өзүн мугалим деп эсептейт, эгерде кичинекей баланын чагымына каршы кандайдыр бир альтернативдүү методиканы таба албаса. Эгерде ошол окуучулар мугалимдин жинине ушунчалык тийип, тарбиясы начар болуп турса, мугалим сабактан чыгып кеткенге укугу бар, ошол жерден мугалимдердин кеңешин уюштуруп, ата-энесин чакырып, ушундай тартипсиздикти жокко чыгарганга аракет кылса болот.

Кыргызча тарбия

“Азаттык”: Назгүл, сиз жакшы нерсени айтып атасыз. Бизге дагы бир эксперттен пикир келди, ал “мугалим жападан жалгыз бул проблема менен күрөшүп калууда. Ата-энелерге көбүрөөк тарбия маселесин жүктөш керек. Андан тышкары механизмдер жок. Мисалы, бала менен проблема болуп атса ошону чечүү жолдору көрсөтүлгөн эмес” дейт. Ошол жолдорду айтып кете аласызбы, кантип чечсе болот?

Назгүл Турдубекова: Мен айтат элем, мектепте болуп аткан окуянын бардыгы мугалимдердин жана мектеп директорунун мойнунда болуш керек. Бирок балдардын сезими жогору болуш үчүн, өзүн мектепте туура алып жүрүш үчүн албетте ата-энелер да көп иштеш керек.
Азыр колунан кармап алып, укук коргоочуга жөнөйт, жолдон баласын 1-2 жолу чымчып, аны силерге көгала кылып көрсөтүп, анан силер ызы-чуу болуп жатып каласыңар.


Бирок Кыргызстанда жаман тенденция бар: жалаң эле ата-энелер комитет түзүп алышат, анан камкордук кеңеш деген коомдорду түзүп алышкан. Бирок ата-эне комитеттери жана кеңештер биринчи проблеманы өзүнө чарбалык-материалдык суроолорду коюп алышкан. Мен бир дагы мектептен уга элекмин, ата-эне комитеттер, баланын укугу бузулуп, анан ошол баланын укугунун тегерегинде маселени чечкенин көрө элекмин. Кайсы бир директор, же мугалим ушул мектепте баланын укугу бузулуп атат деп коргоп чыкканын бир дагы мектепте көрө элекмин.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз райондук билим берүү борборунун башчысы болуп турган кезде “канча видео келген, бирок алып чыкпай үйүнө кетирчүмүн” деп айттыңыз. Эмне себептен ошондой кылчусуз?

Мурат Жетимишбаев: Сиз бир жактуу карап атасыз, бир гана мугалимди, же мектептин директорун күнөөлөп комиссияларды түзүп алды деп. Демократия деген жакшы, бирок баланын укугун кыргыздар кылымдан бери эле коргоп келген. Мисалы, бала балакатка толгучакты деп, 12 жашка толо элек, оор көтөрбөсүн, кыз киши мындай жумуш кылбасын деп эбактан бери коргоп келген.

Баланы коргоо ар бир ата-эненин жана ар бир кыргыздын менталитетинде бар. Ошону бошотуп жибердик. Анан 6 саат мектепке келет, калган убакыт үйдө, анан мугалим эле күнөөлүү болуп калат. Анан ар кандай тентек балдар бар. Мен өз башыман өткөргөм андай нерселерди.

“Азаттык”: Сиз окуучуларга кол көтөргөнсүзбү?

Мурат Жетимишбаев: Бир жолу болгон, мен ачык эле айтайын. Себеби завуч болчум, эже ыйлап келди, барсам 2-3 бала арт жакта кагазды күйгүзүп отурат, “эмне кылып атасыңар” десем, “биз эксперимент жүргүзүп атабыз” дейт. Мугалимге эч көңүл буруп койбойт. Кийин ошол балдардын бири киши өлтүргөнү үчүн соттолуп кетти.

“Азаттык”: Адам укуктары биздин салттарда деле бар деп айтып жатасыз. Бирок азыр конвенция биздин салттарга эмне себептен дал келбей жатат?

Мурат Жетимишбаев: Конвенцияда “баланын укугун коргогула, коргосоңор атаңарды сотко бергиле” деп айтылат. “Атаныкы ок, эненики бок” дейт. Ата баласына, эне кызына катуу айтат.

Аныкталбаган чек

“Азаттык”: Бирок бир беткей баланы урбаш керек деген чечим кабыл алса, катуурак турса балким чындап эле жакшыраак болмокпу дейм?
Болот турбайбы деп эртең 2-3 бала сүйлөшөт да, “сен жинине тийип тур, мен акырын тартып алайын, анан эженин сазайын окутабыз” дешет.


Мурат Жетимишбаев: Балдарды урбаш керек. Мен эч ур деп жаткан жерим жок. Бирок бул жерден бардыгыбыз чогуу иштешибиз керек. Жалгыз эле укук коргоочу эмес, ата-эне, коомчулук кайда жүрөт?

Назгүл Турдубекова: Ушул конвенцияга позициямды айтайын, себеби конвенцияда ата-эне менен баланын ортосунда уруштуруу боюнча такыр статьялар жок.

“Азаттык”: Бирок азыр балдар ата-энесин сотко берген заманда жашап калдык деген дооматтар айтылып атпайбы?

Назгүл Турдубекова: Жакшы мамиле болгондо андай болбойт. Кыргыз үй-бүлөлөрүндө балдарга кол көтөрүү көп. Изилдөөдө ушундай байкоо бар. Эмне үчүн кыргыз мектептеринде балдарга кол көтөрүү көп? Көп учурда бул көнүмүш адат болуп калган. Баланы кичинекей кезинен өзүнө кол көтөртүүдөн иммунитет бербесек, эгерде сага кол көтөргөнгө эч кимдин укугу жок десе, сен да башка адамга кол көтөрүүгө укугуң жок деп үйрөтсөк, анда биз абдан жакшы, бири-бирин сыйлаган коом болот элек.

Мугалим VS Окуучу (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Назгүл, сиз Муратбек мырза айтып жаткан жүйөгө макулсузбу? Көбүнчө укук коргоо органдары, бейөкмөт уюмдары ээ-жаа бербеген, чын тийбес балдарды колдоп жатат дегенине?

Назгүл Турдубекова: Бала деген чоң кишилердин буюму эмес да. Эгерде бүгүнкү күнү кайсы бир чоң кишиге бир ишкананын башчысы кол көтөрүп көрсүнчү – чоң жаңжал болот. Баланы мектепте уруп койсо боло берет деген позиция бар да.

“Азаттык”: Муратбек мырза, сиз ар бир бала ар кандай, кээ бир балдар жеткирет деп айтып атпайсызбы. Ошол чекти ким аныктайт? Мугалим айтышы мүмкүн да, “бул бала мени жеткирди, демек менин урууга укугум бар, биздин салт ошого жол берет” деп.

Мурат Жетимишбаев: Бул жерден телекөрүүчүлөр туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. Эч кимдин баланы жазалаганга акысы жок, баланы тарбиялаш керек. Айла кеткендеги сөз да.

“Азаттык”: Ушуну ким аныктайт?

Мурат Жетимишбаев: Айла кеткенди укук коргоочулар аныктасын. Эмне себептен ошого барып атат? Укук коргоочулар азыр “баланын укугу бул, мугалимдин укугу бул” деп атат. Эмне үчүн балага “чөнтөк телефонду үйүңө таштап кел, эженин сөзүн ук, сабакта тынч отур, каяша айтпа, кийимиң мындай болсун” деп милдеттерин айтпайсыңар? Кенедей чыр чыкса баса каласыңар.
Мугалимдер сөзсүз түрдө жоопкерчилик алыш керек. Себеби ошол мектептин директорлору, анын үстүнөн турган билим берүү борбору, билим берүү департаменти бар.


Назгүл Турдубекова: Милдет менен укуктун ортосунда айырма бар. Эгерде бала жакшы окубаса, аны укугунан ажыратып коюш керекпи? Албетте жок.

“Азаттык”: Мугалим күнөөлүү дегенден эч нерсе бербейт экен. Анда эмне кылыш керек? Чечүүнүн башка жолдору барбы, мисалы себептерин иликтеп?

Назгүл Турдубекова: Биз көп мектептерди көргөнбүз. Мисалы Бишкек шаарындагы №33 мектеп, алар менен дайыма иштешип жатабыз. Алар 1-сентябрда сабак башталганда балдардын укугу кандай деп мугалимдер сабак баштайт. Ошол мектептерде эч убакта балага кол көтөрүү деген болбойт.

“Азаттык”: Мурат мырза, сиз ынандыңызбы, мисалы балага кол көтөрсө, анда биз кандай муунду тарбиялап жатабыз?

Назгүл Турдубекова: Мындай да проблема болуп атат: эгерде балага биз кол көтөрсөк, ал “эгер мугалим мага кол көтөрсө анда мен башка адамга кол көтөргөнгө укугум бар” деп ойлойт, ушундай тенденция кете берет.

“Азаттык”: Мен проблеманын өзөгүн түшүнбөй жатам. Окуучуларда күнөө көппү, алар атайын чагым жасайбы, же мугалимдер эле күнөөлүүбү, же бул комплекстүү проблемабы? Эмне себептен кол көтөрөт?

Назгүл Турдубекова: Бул – комплекстүү проблема. Ар дайым окутуш керек.

“Азаттык”: Мисалы мугалим 2 миң сом айлык алат.

Назгүл Турдубекова: Баланы урбаш үчүн акчанын кереги жок. Жөн гана колун түшүрүп турса, эмнеге акча бериш керек?

“Азаттык”: Мугалимдерге ар тараптан басым көбөйүп кетти дегенге кандай карайсыз?

Назгүл Турдубекова: Мугалимдерди окутуш керек. Бизге көп мугалимдер кайрылат, бизди окуткула, баланын укугун кандай бузбаш керек деп. Бейөкмөт уюмдардын алы келбейт. Кыргызстанда 2 миңден ашык мектеп бар.

Мурат Жетимишбаев: Карындашым, Кыргызстанда жанагыдай тендеция көбөйүп кетти деген сөзүңүзгө мен такыр кошулалбайм. Мугалимдердин баары балчылдатып эле балдарды сабап аткандай сүйлөп атпайсыңарбы. Андай жок. Биздин жаркылдаган сонун мугалимдерибиз бар.

Европалык тарбия менен кыргыздын тарбиясы асман менен жердей. Кыргызда балаңды камчылап, же кызыңды байлап коюп тарбия бер деп айтылган эмес эч качан. Кыргызда, тескерисинче, европалыктарга караганда эң сонун тарбиялаган, зымпыйтып, “кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат” деп кылымдар бою тарбиялап келгенбиз.
Балдардын укугу да корголуш керек, балдардын милдети да болуш керек. Кээ бир учурда ушунчалык деңгээлге жеткирип туруп, атайын чагым уюштуруп, тасмага тартып алган учурлар да бар.


Азыр демократия айттырып атат. Мен бир балага көчөдө эскертүү жасасам, мен мугалиммин чыдай албайм, “ай бала, уят эмеспи” десем, “эмне аксакал, проблема болуп атабы” дейт. Бул жалгыз мугалимдин тарбиясыбы? Демократтардын тарбиясы, ата-энелердин туура эмес берген тарбиясы. Силер балдарга укук берип атасыңар да, алар ошондон пайдаланып каяша айтып атат.

Назгүл Турдубекова: Мен Европада көп болгом. Эгерде ал жакта көчөдө мыйзамды бузса, ал бала полицияга түз жеткирилет, “эмнеге улгайган кишинин укугун бузуп атасың” деп.

“Азаттык”: Ушундай кырдаалда эмне кылыш керек?

Мурат Жетимишбаев: Сиз экөөбүз айтышып атабыз. Ортобузда бала турат. Сизди ата-эне деп коелу, биз мындай талап коргобойбуз. Адегенде сиз менен менин көз карашым жакшы болуп анан баланы тарбиялашыбыз керек. Баланы тарбиялоо боюнча китептер толтура. “Адеп күзгүсү” деп өзүмдүн атамдын китебин көтөрө келдим. Муну менин атам жазган эмес, кылымдар бою кыргыздардын бала тарбиясы боюнча айткандары. Конвенциядан мурун ушуну жакшылап окусун. Мен дайыма айтам, Орто Азия, айрыкча кыргыздар балдарыбызды улуттук менталитет менен тарбиялашыбыз керек деп. Сиз ушуга макулсузбу? Европа дей бергенде болбойт да.

Назгүл Турдубекова: Мен буга макулмун. Бирок таң калычтуусу, эмне үчүн ушул күнгө чейин ата-эне комитеттери ушул “Адеп күзгүсү” деген сыяктуу китептер менен сабак өткөрүп, маек түзүшпөйт? Ошол эле 49-мектептин окуясын көрүп атасыңар. Балдар айтып атат комиссия түзүлгөн, бирок ушул убакыта чейин жыйынтыгын билбейбиз. Мен айтат элем, ушул проблема боюнча бүт өкмөт органдары актуалдуу дискуссия түзүш керек эле. Бирок бүгүнкү күнү кезектеги окуя болду деп унчукпай жатышат.

Этика жана философиянын ченеми

“Азаттык”: Билим берүү министрлиги жакшы, катуу өзүнүн турумун айтпай жатат деген жүйөгө макулсузбу? Мугалимдерди окутуш керекпи?

Мурат Жетимишбаев: Билим берүү министрлиги эмес, ар бир директор балдардын укугун тебелегенге акысы жок. Мен көп жыл бою мугалим болгом, мектеп директору, завуч, класс жетекчи болгом. Бардык тепкичти билем. Ошондуктан министрлик, же директор “өпкөсүн жулуп ал, же мындай тарбияла” деп айтпайт.

“Азаттык”: Эгер ушундай кырдаал чыкса, мектеп директорлору мугалим күнөөлүү эмес деген турумда туруп атышпайбы. Дагы бир маселени айтып кетти, мектеп директору азыр философиялык, же этикалык маселелерге кайрылбай эле чарбалык иштер менен алек деп.

Мурат Жетимишбаев: Жок, мен буга макул эмесмин. Чарбалык иштер болуп аткандыр, бирок мектеп директорунун милдети балага тарбия берип, анан терең билим берүү. Анан жанагыдай окуя болуп кеткенден кийин сөзсүз жазаланыш керек. Бирөөнүн баласын сокконго эч кимдин акысы жок. Жазасын алыш керек, бирок ошонун деңгээлин да байкап көрүш керек.

Сандан сапатка өтөт дейт. Балким эзип-эзип жүргөндүр. Мисалы Орусияда көрдүңөр, байкуш карыган кишини окуучулар спорт залда тегеретип жүрөт. Ал жагын эмнеге карабайсыңар? Балдар эжелерин кууратып атпайбы. Таластагы болгон окуя. Байкуш эже өлгөнү калды, ошончо жеткириптир да.

“Азаттык”: Сиздер ушул жагын карайсыздарбы, балдар өздөрү да ушундай кадамдарга барат деп?

Назгүл Турдубекова: Жеткирип аткан учурда эмне үчүн милиция органдарын чакырышпайт? Себеби бала 14 жаштан баштап мыйзамдын чегинде кесилип кетиши да мүмкүн, эгер туура эмес иш кылып, кылмыш кылып атса.
Кайсы бир директор, же мугалим ушул мектепте баланын укугу бузулуп атат деп коргоп чыкканын бир дагы мектепте көрө элекмин.


Мурат Жетимишбаев: Муну айтуу сизге аябай оңой. Мугалимдерге өз окуучусун милиция чакырып, сотко берген өтө оор. Ошол болмок беле?

“Азаттык”: “Мугалим уруп коюптур” деген ар кандай окуяларды угабыз. Бирок милиция чакырганга мугалимдин да укугу бар деген жагын көрбөй жатабыз.

Назгүл Турдубекова: Аны эмне үчүн колдонушпайт? Мугалимден запкы көргөн окуучулар абдан көп болуп атат. Мугалим окуучудан таяк жеди деген мисалдын бир нечесин эле угуп калабыз.

Мурат Жетимишбаев: Окуучудан инсульт болгон, куурап, нерв болуп өлгөн мугалимдерчи?

Назгүл Турдубекова: Ал мугалимдин тандоосу. Эгер ушунчалык кыйналып иштеп атса, ал мектептен чыгып кетсин.

Мурат Жетимишбаев: Аябай жеңил. Мугалим жок болсо кайда барат.

“Азаттык”: Анан кантип жан багат?

Назгүл Турдубекова: Мугалим кантип жан багат деп балдардын баарын сабап жата берсек болбойт да, бул мыйзам бузуу деп эсептелет.

Мугалим VS Окуучу (3-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00


“Азаттык”: Кандай эффективдүү механизмдерди киргизиш керек? Мен интернетте сурамжылоо койдум эле, “психологдор иштеш керек” деген сунуш келди. Ушуга окшогон сунуштар барбы, сиздерде иштелип чыкканбы?

Назгүл Турдубекова: Биринчиден, билим берүү системасында мыйзам иштеш керек. Мугалимдер сөзсүз түрдө жоопкерчилик алыш керек. Себеби ошол мектептин директорлору, анын үстүнөн турган билим берүү борбору, билим берүү департаменти бар.

“Азаттык”: Кадрдык жетишсиздик анда кандай чечилет?

Назгүл Турдубекова: Мыйзамды өндүрүш үчүн өзүнчө проблема чыгат, мыйзамды аткара албасак проблемасы бар турбайбы деп жакшы иштеген мугалимдерди иштеткенге аракет кылышат. Коррупция аркылуу орношпогон директорлорду иштетишет. Бул сөзсүз университеттен баштап балдардын укугун коргоо жана өндүрүү боюнча атайын сабактар киргизилиш керек.

“Азаттык”: Ушул айтылган сөздөр аткарылабы, мүмкүнчүлүк барбы?

Мурат Жетимишбаев: Сиздин ушул проблемадан кантип чыгабыз дегениңиз туура болуп атат. Жыйынтыктап келгенде, демократтар азыраак ызы-чуу салыш керек. Мисалы Жогорку Кеңеште бир маселени караганда жабык эшик артында өткөрүп атпайбы.
Баланы коргоо ар бир ата-эненин жана ар бир кыргыздын менталитетинде бар. Ошону бошотуп жибердик.


Назгүл Турдубекова: Анда биз “Ак жол” партиясын жолдойт турбайбызбы. Алар эшиктин баарын жабып алып, бизди убагында автомат менен чыгарчу, энергетиканы да сатып жиберишкен. Жогорку Кеңеш бүт ишин ачык өткөрүш керек.

Мурат Жетимишбаев: Эми бала боюнча айталычы. Ушинтип сабап атасыңар деп телевизордон көрсөтүп атасыңар, муну окуучу да, ата-эне да көрөт. Мунун оң жагы да, тескери жагы да бар. Болот турбайбы деп эртең 2-3 бала сүйлөшөт да, “сен жинине тийип тур, мен акырын тартып алайын, анан эженин сазайын окутабыз” дешет.

Назгүл Турдубекова: Мен ойлойм, ошол жерден мугалимдер милиция органдарын, ата-энелерин чакырып жыйынтык чыгарыш керек.

Мурат Жетимишбаев: Баланы ортого албадыкпы, силер да толеранттуу болуп, биз да толеранттуу болуп, бекеринен ортого баланы койгон жокмун, ата-эне менен биригип алып, кайым айтышпай, менин укугум, милдетим ушул деш керек.

Жалгыз окуучулардын укугу дебей, мугалимдердин да милдети да, тигиндей-мындай кылба деп ортого бир кеп-кеңешке келиш керек. Психолог да, силер да жетишпейсиңер. Эң негизгиси айыл өкмөтүнөн баштап, мектептин администрациясы, айыл аксакалдары баш болуп иштеш керек. Илгери бир айылды бир эле кемпир башкарып койчу. Ай десе эле зымпыйып калчубуз. Ушундай адамдар керек. Кыйкырыша бергенден жыйынтык чыкпайт.

Силер да балдардын укугун коргогондо байкасаңар, бул туура эмес экен, баладан да кетиптир деп. Баланы соккон мугалимди мен коргобойм, аны киши коргобойт. Кенедейимден какыс-кукус кылмак турсун, мугалимдер өпкөбүздү үзүп алчу, үйгө барып айткандан коркчубуз. Ата-эне эгерде мен айтсам сооп болот дечү. Азыр колунан кармап алып, укук коргоочуга жөнөйт, жолдон баласын 1-2 жолу чымчып, аны силерге көгала кылып көрсөтүп, анан силер ызы-чуу болуп жатып каласыңар.

Назгүл Турдубекова: Бул факт эмес да.

Талдоо же азайтуу

“Азаттык”: Сиз айтып атасыз, биз иштеп келатабыз, жыйынтык жок деп. Анда укук коргоочуларга дагы бир доомат бар: эмне грантты эле иштетип жатасыңарбы, грант алыш үчүн эле ызы-чуу саласыңарбы?

Назгүл Турдубекова: Азыр мындай ойлошот, укук коргоочулар грант үчүн иштейт деп. Укук коргоочулар 60 пайыз убактыбызда бекер иштейбиз. Ата-энелер чогулуп алып, жардам бергиле дейт. Акчаң, убактың барбы-жокпу, Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзамдын чегинде иштейбиз. Эл туура түшүнүш керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда укук коргоо уюмдары болбогондо канча адамдын өмүрү кыйылып кетмек, канча баланын укугу тебеленип көчөдө калмак.
Мугалимден запкы көргөн окуучулар абдан көп болуп атат. Мугалим окуучудан таяк жеди деген мисалдын бир нечесин эле угуп калабыз.


“Азаттык”: Назгүл, силердин милдетиңер ошол жаман тенденцияга мониторинг жүргүзүүбү, же азайтуубу?

Назгүл Турдубекова: Жыйынтык өткөргөндөн мурда биз анализ кылышыбыз керек. Анализди биз жөн гана ойлоп чыгарып айта бербейбиз да, факты аркылуу кылабыз анализди. Бир класста мугалим кол көтөрсө, аны токтотпосо, анда ар бир класста мугалимдер балдарды сабайт. Анда силер эмнеге барасыңар, бир күнү бирөөнү өлтүрүп койосуңар, болду.

Мурат Жетимишбаев: Кыргызстанда мугалимдердин баары жасоол болуп кеткенби баарын эле былчылдатып сабагандай. Айланайын, тобо, көзүңөргө басмачы көрүнүп атамбы? Мен өмүр бою мектепте иштейм.

Назгүл Турдубекова: Биз факты менен иштейбиз. Бизде арыздар бар.

Мурат Жетимишбаев: Боло берет. Адам болгондон кийин андай арыздын жүзү болот. Бала болгондон кийин боло берет.

Назгүл Турдубекова: Болбош керек.

Мурат Жетимишбаев: Сиз экөөбүз кыйкырышпашыбыз керек, сабырдуулук менен сүйлөшүшүбүз керек.

Назгүл Турдубекова: Туура кыласыңар, балдарды уруш керек, кыргыздын балдарын маңкурт кылып сабагыла.

Мурат Жетимишбаев: Кыргыздын балдарын чыгарышсын, кемчиликтерди жоюшсун.

Назгүл Турдубекова: Биз кыргыздын мугалимдери жакшы болсун деп ушул проблеманы көтөрүп атабыз.

“Азаттык”: Сиз кандай негизги жыйынтыктарга келдиңиз?

Мурат Жетимишбаев: Негизги жыйынтык – баланын укугун коргош керек. Бирок демократия десе эле кечке эле сүйлөп, жаман жагыбызды чукуп чыга бергенибизден эч жыйынтык чыкпайт. Муну айтып койсо эле баары зымга тарткандай болуп калбайт. Бул терең маселе.

Мугалимдерди көп басмырлоого да жол бербеш керек. Ошол байкуштар тытынып иштеп атат. Канча балаңыз бар билбейм, бирок 45 баладан 45 мүнөттөн алты саат кирет, анан кыркынын 40 мүнөзү бар. Ошого жеткирет, бирок чыдап иштеп атпайбы. Албетте туура эмес кылган мугалимдерди эзели колдобойм. Мугалим сабырдуу болуш керек. Сиз айткандай директор, завуч деген бар, аларды чакырыш керек. Бирок демократтар айткандай такыр эле Кыргызстандын мектеби колдон түшүп калды дегендерге караманча каршымын.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кимсиз, демократ болбосоңуз?

Мурат Жетимишбаев: Мен кыргыздын менталитетин, канын, кыргызча тарбияны аябай жактаган адаммын.
Эмне үчүн балага “чөнтөк телефонду үйүңө таштап кел, эженин сөзүн ук, сабакта тынч отур, каяша айтпа, кийимиң мындай болсун” деп милдеттерин айтпайсыңар?


“Азаттык”: Эгер мурдагы муун көп урса, ошону кайталап өнөкөт болуп калса, анда эмне үчүн азыркы муун мурдагы муундан жаманыраак десек болот?

Назгүл Турдубекова: Өз убагында алар мугалимден токмок жешкен, сабоо көргөн. Алар социалдык-экономикалык жагынан мүмкүнчүлүк болгон үчүн аман калышты. Советтер Союзунда запкы жеген, зордук-зомбулукка учураган балдар менен иштеген эмес. Биз ал балдар менен күнүгө иштейбиз.

Мурат Жетимишбаев: Кантип иштеген жокмун? Сизден көп иштедим мен. Сиз 1-2 баланын мисалында иш кылып атпайсызбы.

Назгүл Турдубекова: Биз миңдеген балдарга жардам беребиз. Азыр Американын акчасын алды деп атышат. Биз 60 пайыз бекер иштейбиз. Биздин коомчулук ушунчалык тажады, качан Кыргызстанда ар бир бала ушундай укук бузуудан корголот деп. Биз түшүнүшүбүз керек, эгерде Кыргызстанда ар бир баланын укугун коргой албасак, анда биз эч убакта эркин, укуктуу өкмөттү түзө албайбыз.

Мурат Жетимишбаев: Качан кутулаарын мен биллем: качан кыргыз өз баласын кыргыз кылып тарбиялаганда мындай укук бузуу да болбойт.

Назгүл Турдубекова: Сиздин кыргызыңыз деген эмне деген түшүнүк?

Мурат Жетимишбаев: Кыргыз деген толеранттуулук, баланы сыйлоо, баланын ата-энесин сыйлоо керек, бала деген бүт айылдын элин сыйлашы керек, өзүнөн улуунун баарын тең сыйлаш керек, ошолорго акарат айтпаш керек, тынч басып, берилген тапшырмаларды аткарыш керек.

“Азаттык”: Анда мыйзам эмне болот? Биз мыйзамды урматтаган өлкөнү кургубуз келип атат.

Мурат Жетимишбаев: Кыргыздар бала тарбиялаганда мыйзам бузулган жери жок да.

Назгүл Турдубекова: Мен ошол балдарга абдан ыраазымын, видеого тартып ачыкка чыгарганына. Себеби мындай нерсе мектептерде көптөн бери бар экен. Ачыкка чыккан үчүн биз мугалимдерди окутуп, мектепте болгон проблемаларды чечкенге аракет кылабыз.

Мурат Жетимишбаев: Тасмага тарканына рахмат деген сөзүңүз такыр туура эмес. Окуучулар мектепке телефонун көтөрүп барбаш керек.

“Азаттык”: Менин да кызым бар, бир жылдан кийин мектепке барат. Мен да мугалим урса эмне кылмакмын деп ойлонуп жатам. Бирок дагы эле чечим кабыл ала элекмин. Сиздерге рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG