Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Тил, дил жана кыргыз-орус алакасы


Кыргыз тилинде сапаттуу китептер жетишсиз болгону көп эле айтылып келет.

Кыргыз тилинде сапаттуу китептер жетишсиз болгону көп эле айтылып келет.

"Ыңгайсыз суроолордо" бул жолу орусча аталыштагы жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгеси жана ошол демилгеден улам козголгон маселелер талкууга алынды.

Талкууга катышкандар:




Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Азимжан Ибраимов








Режиссер Элнура Осмоналиева








“Азаттык”:
Азимжан мырза, сиз улуттук тил комиссиясын башкарып турганда жер-суу аттарын кыргызчалоо демилгесин көтөрүп, бул демилге коомдо кызуу талкууну жаратып, сизди жумуштан алышты. Сиз ушул жагдайды ачыктап бере аласызбы? Президент Роза Отунбаева, же президенттин администрациясы тарабынан эмнеге кызматтан кеткениңиз тууралуу түшүндүрмө берилген жок.

Азимжан Ибраимов: Бул маселе бүгүн эле келип чыккан жок. Бул коомчулукта көп жылдардан бери эле талкууланып келатат.

“Азаттык”: Сиз жазган кайрылууда жер-сууларын кыргызчалоо болдубу?

Азимжан Ибраимов: Мен ошого баратам. Бул да биздин аракетибиз, биздин Кыргызстандын пайдубалын бекемдөөгө болгон салымыбыз деп эсептейбиз. Анткени Кыргызстанда “-евка”, “-овка” болгон: Петровка, Антоновка, Михайловка, Сазановка, Семеновка ж.б. толуп кеткен.

Убагында союз күжүлдөп, өсүп турган мезгилде буга аябай эркиндик берилген. Бирок биз ошол эле мезгилде жер-сууларда Ленин, Карл Маркс, Ульянов деген биздин элибиздин, мамлекетибиздин калыптанышына, өсүшүнө чоң салым кошкон инсандардын аттарына тийбей эле коелу дедик. Бирок 99, же 100 пайыз кыргыздар жашап турган жер орусча аталып турса, анын болгондо дагы мурда тарыхый аты бар болсо, эмне үчүн ошол жергиликтүү эл, жергиликтүү бийлик бул маселени өздөрүнүн талабына ылайык чече албайт?

“Азаттык”: Элнура, сиздин оюңузча, эмне себептен ушул маселе биздин коомчулук тарабынан аябай оор кабыл алынып атат? Дагы эле экиге бөлүнүп кетип атышат, биз макулбуз, колдойбуз дегендер – элдин калың катмары, ошол эле убакытта аябай каршы чыккандар да жок эмес. Эмне себептен ушундай болуп атат?
Мен көп тилдүү коомду колдойм. Анткени кыргыз кичинекей эл, базарыбыз да кичинекей, көп акча кылалбайбыз.


Элнура Осмоналиева: Анын бир нече себеби бар. Биринчиси, жакында эле болуп өткөн Оштогу окуялардан кийин улутчул темадагы суроолорго көпчүлүк өтө оор мамиле жасайт. Ал туура деп эсептейм. Анткени жаңы эле эки элдин ортосунда уруш-талаш болуп өтсө, анан кайра эле биз орус-кыргызга тиешелүү маселени чече баштасак сөзсүз көбү каршы чыгат.

Экинчиден, кыргыз кыйын эл болсок, жакшы жашасак, өз тилибизде сүйлөсөк деп, ошону кантип оңдоп, ошого кантип жетишерибизди билбей атабыз. Анын маселеси көбүнчө эле каражатта болуп калып атат. Каражат жок күндө муну ишке ашырыш өтө кыйын.

“Азаттык”: Азимжан мырза, сизди сындап чыккандардын арасында “кыргыз тилин таңуулоо башталды, административдик ыкмалар менен кыргыз тилди биз үйрөтө албайбыз” дегендер да бар. Андан көрө күчтү башка тарапка кетириш керек дешет. Сиз ушуга кандай жооп кыласыз?

Азимжан Ибраимов: Мен мындай пикирге каршымын. Анткени биз мамлекеттик Тил мыйзамын кабыл алганыбызга 22 жыл болуп атат. Ошол мезгилден бери мамлекеттик тилге өтүүнү улам кийинкиге жылдырып келе жатабыз, 1995-жылга, 2000-жылга, 2005-жылга чейин жылган болчу. Биз ушинтип жүрүп кайсы күнгө барып такалабыз? Биздин мамлекеттин, улуттун келечеги кандай болот? Бул жөнүндө да ойлош керек деп эсептейм.

“Азаттык”: Элнура айткан жүйөлөргө кандай карайсыз, чындап эле Ош окуялары болуп кетти. “Эми кыргыз улутчулдары орустарга асыла башташтыбы” деген ачык эле пикирлер жазылып жүрөт интернетте.

Азимжан Ибраимов: Муну күтсө болот болчу. Бирок бүгүнкү күндө жалпысынан Кыргызстан маалымат саясатында жеңдирип коюп атканын моюнга алыш керек. Биз өзүбүз эгемендикке ээ болгонубуз менен, бирок эгемендүүлүктүн баалуулуктарына дале жетише элекпиз. Бүгүн ошонун жыйынтыгы чыгып атат. Июнь коогалаңында да кыргыздар баш кесээр, зулум катары дүйнөлүк коомчулуктун алдында кабыл алынган болчу. Бүгүн биз мамлекеттик тилибизди жайылтып, ушуну мамлекетибизге орнотолу деген аракетибиз да тескери бааланып атат.

Бут тоскон көз карандылык

“Азаттык”: Бул өтө чоң жаңжал болду, бул суроону орус тилдүү массалык маалымат каражаттары көтөрүштү, ызы-чуу чыгып кетип, андан кийин Азимжан Ибраимов мырза кызматтан алынды. Сиз президент Роза Отунбаеванын кадамын кандай баалайсыз?

Элнура Осмоналиева: Бир чети президентти түшүнүп эле атам. Анткени өтө оор жыл болду, талаптын баары президенттен болуп атат, Ош окуялары боюнча да алдын ала жумуштар аткарылбаган деп президентти күнөөлөгөн кишилер көп.

“Азаттык”: Бул демилге негизинен алганда туура деп жатасыз. Бирок азыр туура эмес мезгил тандалып калган дегендер да бар.
Бүгүн биз кыргыз тилинин мыктылыгын, баалуулугун ачып көрсөтүп, далилдеп беришибиз керек.


Элнура Осмоналиева: Байкенин сөзүн “Замандан” укканда, байкенин кыргыз тили да сонун, жүрөккө тийгизип сүйлөдү. Бир чети айрым айылдардын илгерки өзүнүн аттары болгон. Кээ бир айылдар болсо жок жерден эле курулган. Илгерки аттары болсо, ошол жерде жашоочулардын ыктыяры ошондой болсо, илгерки атын берсе болот эле. Бирок азыр ал үчүн аябай туура эмес мезгил болуп калды.

“Азаттык”: Орусия менен экономикалык кызматташтык бар, экономикалык жактан көз карандыбыз. Анын үстүнө Ош окуяларынан кийин ушул мезгилди эмнеге тандадыңар?

Азимжан Ибраимов: Бул мезгилди биз тандаган жокпуз. Буга чейин эле иш жүрүп келген. Биз жер-жерлерди кыдырып, элдин пикирин, каалоосун угуп, ошонун натыйжасында чыкты. Биз болгону элдин пикирин гана коомчулукка билдирдик.

Экинчиден, биз аны таңуулаган жокпуз. Биз ушундай болсун деп чечим чыгарган жокпуз, биз болгону коомчулуктун, элдин кайра эле талкуусуна, сунушуна койдук, жергиликтүү эл жана жергиликтүү бийлик чечип алмак. Кечээги күнкү окуялардан кийин бүгүн бизде саясат ушундай кыйчалыш маалда, экономикабыз кыйналып турган убакта ушул маселени көтөрбөй койо турсак болбойт беле деген пикир бар. Мен буга кошулам. Бирок биз бүгүн болуп кетсин деген жокпуз да, биз буга даярдык көрүп атабыз.

“Азаттык”: Айылдын аталыштарын өзгөрткөндөн адамдардын жашоосу жакшырып кетпейт деген пикирге кандай карайсыз?

Азимжан Ибраимов: Мен буга макулмун. Бирок бизде түбөлүктүү маселелер бар да: мамлекеттүүлүк, мамлекеттин баалуулуктары, маданият, тил, улут маселелери.
Бишкекте азыр мен орус тили менен англис тилин билип, абдан жакшы айлык менен жумуш таба алам. Жалаң кыргыз тили менен мен ал жумушту таба албайм.


“Азаттык”: “-овка”, “-евкаларга” чейин эле Орусияга байланыштуу бир нече окуялар болуп өттү: КТР ОРТдан чыга баштады. Бул боюнча орус элчилиги тынчсыздануусун билдирип өттү. Андан тышкары Атамбаев Путиндин аты менен чокуну атайм деди. Эмне үчүн Орусия кыргыз мамлекетинин ишине кийлигише берет? Сизде ушундай сезим калбайбы?

Элнура Осмоналиева: Андай сезим сөзсүз бар. Биз кичинекей, көз каранды өлкөбүз, эгемендүү мамлекет болгонубуз менен. Бирок бир чети карап көрсөңөр, бир мамлекеттен акча сурап атсак, акчаны алып, анан өз каалаганыбызды кылабыз деп айта албайбыз да. Ал туура эмес. Батыш өлкөлөрүнөн болобу, Орусиядан болобу акчаны алгандан кийин, алар койгон шарттарга да жооп беришибиз керек.

Азыркы күндө, кризис маалында биз ири өлкөлөрдөн көз карандыбыз. Алар менен уруш-талашка түшпөй эле коюш керек. Эгерде биз грузиндер сыяктуу экономикалык бир ийгиликке жетишсек, анда өз каалаганыбызды жасап, өз каалаганыбызды айтмакпыз. Чын көз караш менен, же комплекстүү көз караш менен караганда ошондой эле.



Азимжан Ибраимов: Мен бир аз башкача пикирди айтат элем. Биз Кыргызстан гастрономиялык саясаттан алысыраак болсок. Акча берди эле деп биз Орусиянын субъектиси болуп өтүп кетишибиз керекпи? Орусия биз менен соода-сатык, экономикалык мамилелерде. Орусиянын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы бар. Ошон үчүн алар биз жакта өздөрүнүн саясатын жүргүзүп атат. Биз болсо Орусия акча берип койду эле деп бардык нерсеге макул боло берип, биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздүн баалуулуктарынан ажырап атканыбызды байкабай атабыз.

Путинге биз чокунун атын берип койдук, аны кыргыз коомчулугу түшүнүү менен кабыл алып атат. Бирок ошол эле мезгилде эмне үчүн Орусия, же орус тилдүү калк тарыхый аттарын айылдарга кайтарып берүү жөнүндө маселе коюлса, өзүбүздүн жерибизде бизге макул болбой, ушуга башкача мамиле жасап атканына мен түшүнө албай атам. Бизге сырттан саясат таңууланып атса, тиги чокуга Путиндин атын койгула десе, биз ошого барып атабыз. Бул сырткы таасирлердин абдан күчөп атканын билдирип турат.
Биз качан өзүбүздүн улуттук китептерди чыгарабыз? Качан биз Кыргызстандын тарыхын, географиясын, кыргыз элинин маданиятын окутабыз?


Элнура Осмоналиева: Сиздин сөзүңүзгө толук кошулам. Бирок реалдуу көз караш менен карайлы. Биз эгемендүү мамлекет болуп, өз чечимдерибизди кабыл алышыбыз керек. Бирок бул жерде жашап жаткан орус жарандарыбыз да бүгүнкү күндө бөтөн элбиз деп сезбеши керек. Чындап эле кыргыздар ушул күндө кедейликтин себептериненби, же улутчул сезимдерин башкача түрдө айтып бере албагандыктанбы, кыргыз эмес башка кыргызстандык жарандарыбыз өзүн четте бөтөндөй болуп сезип калууда. Сиздин демилгеңиз да ошол сезимдерди күчтөндүргөнсүйт.

Азимжан Ибраимов: Биз өз коомчулугубузда өзүбүздү бөтөн сезебиз. Мындай элибизге жакшылык алып келбеген, элибзди кысымга алып бара турган демократияны, сырттан таңууланган саясат, бул биз үчүн эгемендүүлүктөн ажыратып атат. Мындай эгемендүүлүктүн бизге кереги жок.

Маалымат майданындагы кармаш

“Азаттык”: Андан башка альтернатива барбы?

Азимжан Ибраимов: Кыргызстан өз алдынча саясат курушубуз керек, ички саясатты биз өз алдыбызча жүргүзүшүбүз керек. Экономикалык жактан биз бүгүн кызматташышыбыз керек. Биз көз каранды болуп ал жакка бүтүн жан дүйнөбүздү, мүлкүбүздүн баарын, саясатыбыздын баарын өткөрүп бербешибиз керек.

Элнура Осмоналиева: Аны эч ким сунуштаган эмес да. Биз айтып аткан нерсе, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени бузууга барбашыбыз керек. Аны колдош керек. Жүз жылдан бери кыргыз, орус тилдери аралаш эки тилдүү коомдо жашап келатабыз. Кудай буйруса акыркы 20 жылдын ичинде кыргыз тилин кайра өз калыбына алып келдик. Жакшыбы, жаманбы көбүбүз кыргыз тилинде сүйлөп калдык. Улуттук радио, сыналгыбыз кыргыз тилинде, кыргыз тилинде китептер чыгып атат, мектептер бар, кино кыргыз тилинде чыгып атат. Мен ошого аябай кубанам.

Сөзсүз эле башка тилдердин эсебинен кыргыз тилин алдыга жылдыруу туура эмес деп эсептейм. Анткени тарыхый мурасыбызды карасак, эки тилдүү мамлекет болуп калганбыз көп жылдан бери. Андан качып кетүү болбойт, андан качып кетүүнүн кереги деле жок.

Азимжан Ибраимов: Кыргыз тилин орус тилине, же орус тилин кыргыз тилине атайын карама-каршы коюп, ушундан жаңжал чыгарганга аракет кылгандар да бар.

“Азаттык”: Ошолор кимдер? Бул жолу орус тилдүү массалык маалымат каражаттарынан улам жаңжал чыгып кетпедиби.

Азимжан Ибраимов: Мен башында да айттым, биз маалымат айдыңында өз кызыкчылыгыбызды көрсөтө албай жеңдирип коюп атабыз.

“Азаттык”: Канткенде жеңилбейбиз?
Жаңы эле эки элдин ортосунда уруш-талаш болуп өтсө, анан кайра эле биз орус-кыргызга тиешелүү маселени чече баштасак сөзсүз көбү каршы чыгат.


Азимжан Ибраимов: Ал үчүн биздин журналисттер күчтүү болуш керек. “Кыргыздар силер селсаяксыңар, бул жерди силерге орус падышачылыгы калмактардан алып берген, бул менин жерим” дегендерге каршы туралбай атабыз. “Эмне үчүн Отунбаева ант берүү аземинде кыргыз тилинде сүйлөйт, кыргыз тилинде ал кимге кайрылды” деп айткандарга биз жооп айта албай атабыз. Бул биздин алсыздыгыбыз.

Элнура Осмоналиева: Кыргыз журналистикасы эмне үчүн алсыз? Мен кыргыз мектебинде да, орус мектебинде да окудум, экөөнүн айырмасы өтө чоң деп айта алам. Кыргыз мектеби билимди төмөн сапатта берет. Биздин билим берүү тармагыбыз, экономикабыз оңолмоюнча биз эч кимди жеңе албайбыз. Эмне үчүн массалык маалымат каражаттары жагынан жеңилип калып атабыз? Бизде каражат жок, ал сөзсүз бирөөнүкү. Кыргыз тилинде иштеген журналисттерибиздин да тили кыска.

“Азаттык”: Элнура, ушул окуя чыкканда орус тилдүү массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер ашкере чуу чыгарып жиберишти. Андан тышкары сизди студияга атайын чакырдым, сиз жаңы муунсуз. Биздин муун Азимжан Ибраимовдун демилгесин түшүнгөн жок. Бирок Азимжан мырзанын демилгесинин артында элдин калың катмары турат. Ажырым күчөп баратат. Ушуга сиздин оюңуз кандай?

Элнура Осмоналиева: Бул чоңдордун мууну жашоонун көп бөлүгүн Советтер Союзунда өткөргөн, кыргыз жеринде эле жашап атып орустардын шовинизмин көбүрөк көрүп калган. Мисалы мен Советтер Союзу кулаганда 11 жашта болуп, көп көрбөй калгам. Бирок мен деле анча-мынчасын көрүп калдым. Аны билем.

Биз өзүбүздүн Орусияга болгон тиешебизди, тарыхый мамилелерибизге даана баа бере элекпиз, сүйлөшө элекпиз, улуттук деңгээлде сөз боло элек. Өзүбүздүн эле эл башчыларыбыз орус падышасына кат жазып өз ыктыярыбыз менен кошулуп алганбыз.

Советтер Союзунан абдан көп пайданы көрдүк, өзүбүздүн мамлекетибиз болуп калды. Азыркы күндө биз кимбиз? Биз Орусиянын мурунку колониясыбызбы, же биз Советтер Союзунан ажырап калган жаңы эгемендүү мамлекетпизби? Ошого карай биздин так көз карашыбыз жок, сөз да боло элек, реабилитация да өтө элек.

Сиз айттыңыз, биз өз жерибизде өзүбүздү бөтөн сезип атабыз деп. Мен өзүмдү бөтөн сезбейм, мен өз үйүмдөгүдөй сезем. Бирок башка улуттарга караганда менин укуктарым көбүрөк деп эсептебейм. Жоопкерчилигим көбүрөк. Кыргыздар жапайы, киши өлтүргүч дегенде, “жок, биз андай эмеспиз” деп биринчи күнү ыйлайм, жиним келет. Анан отуруп ойлоном, эмне үчүн ушундай айтылып атат, бизден да кетип калып атабы деп ойлонуп, башкаларга сүйлөгөндөн кийин бизден да кеткен жер көп экен деп ачык эле айта алам.

Улуттук маданияттан улуттук демократияга

“Азаттык”: Кечээ мен бир шаардык кыргыз менен сүйлөштүм. Ал “койчу, ушул теманы чыгарбачы, кыргыз сасыган сазда жашап атабыз, форточканы аччы, прогрессивдүү бололучу. Сен Азимжандын айткан демилгесин эмне себептен талкууга айлантасың, бул жарабаган демилге, бизди бөлүп-жарган, орус калкы менен да бөлүп аткан, дүйнөлүк ММКларда кыргыздарды жапайы деген элес түзүлдү деп жатпайсызбы, ошону ого бетер күчөткөн элес” деп айтып атты. Сиз буга кандай жооп бересиз?

Азимжан Ибраимов: Албетте мен буга каршымын. Бүгүн орус менен кыргыздын ортосунда жарака кетирбеш керек.

“Азаттык”: Сиздин демилгеңиз ошондой жарака кетирип атат дегендерге кандай жооп бересиз?
Кыргызстан маалымат саясатында жеңдирип коюп атканын моюнга алыш керек. Биз өзүбүз эгемендикке ээ болгонубуз менен, бирок эгемендүүлүктүн баалуулуктарына дале жетише элекпиз.


Азимжан Ибраимов: Сиз суроону ушундай кыязда берсеңиз, сиз бирөөнүн пикирин ушинтип таңуулап коомчулукка жар салсаңыз, албетте ушул пикир көбөйө берет. Бул чоң кыз айткандай, кыргыз улуту негизги улут катары ресупбликада эң жооптуу улутпуз. Биз мыкты болушубуз керек. Маданий жактан да, саясий жактан да күчтүү болушубуз керек жана башка улуттарды өзүбүздүн айланабызга топтой беришибиз керек, мыкты болуп артыбыздан ээрчитип алышыбыз керек. Биз андай гегемон улутка айлана элекпиз тилекке каршы. Биз бүгүнкү күндө начар болуп атабыз, начардыгыбызды бардык жактан көрсөтүп атабыз. Адеп эле Батыштын канондорун, демократиясын өзүбүзгө сиңирип албай, кыргыздын улуттук маданиятынан, адеп салтынан келип чыккан өзүбүздүн улуттук демократия болсо экен деп атам. Биз ошого жетишибиз керек.

Бүгүнкү күндө Орусиядан канчалаган окуу китептери келет. Ошону окуган балдар “менин мекеним Орусия”, “менин президентим Ислам Каримов” деп аткан окуу китептери, мына тарыхын, географияны окуйбуз, керек болсо мектептерде “Родная речь” деп окуп атат Орусиядан келген китептерди. Ал кыргыз баласы үчүн эне тили эмес, орус тили деп окутуш керек. Ошол китептер менен биздин муундар өсүп атат.

Элнура Осмоналиева: Ошого так өзүбүз күнөөлүүбүз. Ал китептерди жөнөткөн орустарга рахмат. Сатып алып атабызбы?

Азимжан Ибраимов: Ал китептерди жөнөткөн жок, аларды биз бизнес кылып алып келип атабыз. Ошону токтотуш керек

Элнура Осмоналиева: Анда орустардын күнөөсү жок.

Азимжан Ибраимов: Мен орусту күнөөлөгөн жокмун. Биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Ошол китепти ташып келип, бизнес кылгандар бар. Бизде улуттук этнопедагогиканын негизинде жаралган мыкты окуу китептери чыкса. Керек болсо орус мектептерде кыргыз адабияты китептери жок экен. 6-7-класстар үчүн орус мектептеринде кыргыз адабияты окутулбайт экен, китеби иштелип чыга элек экен. Биз качан өзүбүздүн улуттук китептерди чыгарабыз? Качан биз Кыргызстандын тарыхын, географиясын, кыргыз элинин маданиятын окутабыз?



Элнура Осмоналиева: Акчабыз болгон күндө.

Азимжан Ибраимов: Акчага такабаш керек.

Элнура Осмоналиева: Акчага такалат, мына мен кино жөнүндө китеп чыгарайын деп жатам. 300дөй нуска чыгарыш үчүн 7 миң доллар керек экен. Китеп чыгарам деген кишиге акча керек. Акча жок болсо китеп жок. Кагаз болот, полиграфия болот, аны түзгөн, жазган, оңдогон кишилердин баарына тыйын төлөнүшү керек.

Азимжан Ибраимов: Мен китеп чыгарууну жакшы билем. Акча каражаты керек. Бирок акчадан мурда идея мыкты болсо ага сөзсүз акча табылат.

“Азаттык”: Элнура, сиз каражат деп айтып жатпайсызбы. Ушул оюңузду чечмелеп берсеңиз, кантип кыргыз тилин каражат аркылуу өнүктүрсө болот? Механизмдери барбы?

Элнура Осмоналиева: Биз азыр базар экономикасында жашап атпайбызбы. Тил да дүйнөдө экономиканын бир продукциясына айланган. Орус тили да, англис тили да, башка тилдер да, кыргыз тили да сөзсүз экономика менен тыгыз байланышта.
Эгерде биз грузиндер сыяктуу экономикалык бир ийгиликке жетишсек, анда өз каалаганыбызды жасап, өз каалаганыбызды айтмакпыз.


Бишкекте азыр мен орус тили менен англис тилин билип, абдан жакшы айлык менен жумуш таба алам. Жалаң кыргыз тили менен мен ал жумушту таба албайм. Ошондой эле сөз. Андан тышкары мен сатуучу катары алган продукциялар да бир тилде, же англис, же орус, же кыргыз тилинде, мен тандаган продукттардан орус, англис тилине болгон продукция сапаты жогору. Кыргыз тилиндеги продукция биздин кедейлигибизден сапаты начар. Ошон үчүн мунун баары экономикага байланыштуу болуп атат.

Биз кайсы күнү экономикабыз күчтөнүп, же акылыбыз ошого жетип демөөрчү таап, кыргыз тилинде жакшы продукция чыгара баштасак, ошондо жаштарыбыз да кызыгат. Азыр “Актан Акылай” мультфильми чыгып атпайбы, кандай сонун мультфильм, орус балдары да көрөт экен.

“Азаттык”: Менин кызым да көрөт. Сиздин кызыңыз кыргызча билеби?

Элнура Осмоналиева: Кыргызча билет, ошону көрөт. Мен сураштырып жүрөм, орус балдар да көрөт экен. Ошол мультфильм сыяктуу башкалар да чыкса азыркы заманга жараша. Ошол жерде кыргыздын үй-бүлөсү, кыргыздын үйү, балдар жакшынакай кыргызча кийим кийген. Сюжети заманбап. Ошондой кинолор, берүүлөр, гезиттер болсо мен жыргап ошону сатып алып окумакмын. Бирок жок. Менин талабыма жооп бербейт.

Кампасы бош Уикипедия

“Азаттык”: Азыр көбүнчө прогрессивдүү кыргыз жаштары интернетте отурат. Бир дагы орусча-кыргызча электрондук сөздүгү жок. Бир гана Жаныбек Жанызактын сөздүгү бар.

Азимжан Ибраимов: Эмне үчүн? Бар.

“Азаттык”: Жакшы өнүккөн эмес. Андан тышкары Уикипедияны билесиз да.

Азимжан Ибраимов: Орусча-кыргызча сөздүк турат интернетте.

“Азаттык”: Кайсы сайтта?

Азимжан Ибраимов: “АКИпрессте” турат.

“Азаттык”: Бирок мага ал жетишсиз, көп сөздөр табылбайт.

Азимжан Ибраимов: Орусча-кыргызча сөздүктүн электрондук версиясын биз бүгүнкү күндө дискке жазып дагы таркатып атабыз.

“Азаттык”: Сизге бир эле сунуш, Уикипедияны эле толтурсаңыздар кыргыз тили жайылмак.

Азимжан Ибраимов: Кызматтан кеткениме өкүнбөйм. Бирок баштаган иштеримдин аягына чыгалбай калганыма, ошого жетишпей калганыма өкүнүп атам. Бир максатым ушул болчу – электрондук дүйнөдө кыргыз тилинин ордун таап берип, ушуга жакшы сунуштар болуп атты эле. Ошол Уикипедияга улуттук энциклопедияны толук жайгаштыралы деп атканбыз, 1-2-3-4 тому электрондук версиясы даяр болгон.

“Азаттык”: Азыр деле кеч эмес да, жумуштан кетсеңиз дагы, же каражат керекпи?
Биз болсо Орусия акча берип койду эле деп бардык нерсеге макул боло берип, биз өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздүн баалуулуктарынан ажырап атканыбызды байкабай атабыз.


Азимжан Ибраимов: Жайгаштырабыз. Буга эч кандай каражаттын кереги жок, ага кетчү каражат кеткен, эми болгону жайгаштыра турган адистерди алып келип, жаңы маалымат технологиясында мыкты иштеген жигиттерди таап келип, ушул ишти баштаганбыз. “Майкрософттун” продукцияларын кыргызчалап, “Виндоус-7”, “Офис-14” версиялап, компьютер да кыргызча иштей турган убакытка келип калганбыз.

“Азаттык”: Мен өзүм интернетти жакшы билем. Уикипедияны кээде которуп толтуруп коем. Ал мамлекеттик тил комиссиясы жасай турган жумуш эмес. Бир эле адам жасап коет аны. Эмне үчүн жайылбай жатат анда?

Азимжан Ибраимов: Мен Уикипедиядагы макалаларды көрдүм, Кыргызстандан болгону 1200-1300 эле макала бар экен.

“Азаттык”: Анын миңин биздин мурдагы жетекчибиз Тынчтыкбек Чоротегин толтурат.

Азимжан Ибраимов: Карасаң, Казакстандыкы 6 миң, Тажикстан 4 миң, Армения 12 миң макала болуп кетиптир. Мен ошого намыстандым.

“Азаттык”: Бирок сиз Кыргыз тил комиссиясы жаман иштейт дегенге кол коюп берип атасыз да.

Азимжан Ибраимов: Мүмкүн.

“Азаттык”: Ошол жактан аракеттерди көрсө болмок да.

Азимжан Ибраимов: Туура.

Үлгү жана далил

“Азаттык”: Элнура, чынын айтканда Бишкекте жашаган шаардыктар көбүнчө орус тилинде сүйлөшөт, кыргызча билбейт. Аларды албетте күнөөлөй албайбыз. Бирок кандайдыр бир деңгээлде биздин күнөөбүз барбы? Мисалы, кыргыз тилин өнүктүрбөй, Уикипедияны толтурбай?
Биз азыр базар экономикасында жашап атпайбызбы. Тил да дүйнөдө экономиканын бир продукциясына айланган.


Элнура Осмоналиева: Күнөөнү кое албайм. Кыргыз тилинде сүйлөгүлө, аракет кылгыла деп үгүттөйт элем. Анткени көбүбүз ошондой шарттын курмандыгы болуп калдык окшойт. Бала бакчабыз, окуган китебибиз орусча болуп. Жада калса ата-энебиз, алардын атасы, апасы кыргызча билбеген үй-бүлөлөр бар, 3-4 муун орус тилинде сүйлөп жашап келген.

Азыркы кыргыз, анан киргиз кылып бөлүп аткандар өтө туура эмес саясатты жүргүзүп атат. Ансыз деле бөлүнүп турган коомду бөлүп атат. Бирөөгө күнөө, же айып койгондун кереги жок. Мен сунуштагандай эле кыргыз тилинде жаңы, сонун продукцияны чыгарып, ушул нерсеге акылы, аң-сезими жетип калган кыргыздар чогулуп, башы биригип, биргелешкен саясат жүргүзсө анан бир натыйжа болмок. Калп эле телевизордон чыгып алып, “киргиздер, силер акмаксыңар, силер эне тилиңерди унутуп койдуңар, силер мусапырсыңар” дегенде үйрөнөм, кызыгам деген киши биротоло үйрөнгүсү келбей калат. Эгер кыргыз болуп силердей “колхозник” болсо мен анда болбойм, мен андан көрө аң-сезими өнүккөн киргиз эле болуп жүрө берейин деп көбү аракетин да токтотот.

Азимжан Ибраимов: Бүгүн биз кыргыз тилинин мыктылыгын, баалуулугун ачып көрсөтүп, далилдеп беришибиз керек. Чындыгында бул багытта сиз айткандай балдар үчүн мыкты жомокторду, кызыктуу көркөм адабияттарды чыгарышыбыз керек.

“Азаттык”: Чыгарышыбыз керек, бирок колубуздан келбейт.

Азимжан Ибраимов: Эмне кыл дейсиз? Биз жасадык, жок эмес, колубузда бар, бүгүн ондоп саналат.

“Азаттык”: Элнура айтсаңыз, мындан ары эмне болот? Кызматтан кетти, ушул бир прецендент болуп калды. Бүгүн мен Фейсбуктан карап чыксам ошол эле журналисттер сүйүнгөнүн жашырышкан жок. Бул Отунбаеванын катасыбы, же жакшы эле кадамыбы?

Элнура Осмоналиева: Бул чечим көбүн ачууландырат. Анткени акыркы парламенттик шайлоодо да көбүбүз Москваны карай, кыжырдануу менен сөз кылдык, эмне үчүн биздин чоңдорубуз өздөрү Кремлге барып, алардын макулдугун алып келиш керек деп мен аябай эле ачууландым. Бирок шартыбыз ушундай экен.
Бизге сырттан саясат таңууланып атса, тиги чокуга Путиндин атын койгула десе, биз ошого барып атабыз. Бул сырткы таасирлердин абдан күчөп атканын билдирип турат.


Мен ойлойм, кыргыз кыйындыгын сөзү менен эмес иши менен далилдеп бериш керек. Бирөөгө сен кыргыз тилинде сүйлөгөнгө милдеттүүсүң деп сөз менен айтпай, өзү кыйын болсо, өзү сонун шаарларды, айылдарды куруп ошого кыргыз атын берип, сонун адабий чыгармаларды чыгарып, ошондой жетишкендиктерге жетсе, анда сөздүн деле кереги жок. Башкалар карап, булар кыйын турбайбы деп өздөрү тартылмак.

Биз комплекси көп өспүрүм баладай болуп калып атабыз, бир нерсе болсо таарына калып, аны коркутуп эле. Биз чоңоюп калган, акылы чоң, аң-сезими бышкан адамдай мамиле кылышыбыз керек бул маселеге.

Мен көп тилдүү коомду колдойм. Анткени кыргыз кичинекей эл, базарыбыз да кичинекей, көп акча кылалбайбыз. Башка элдер менен соода кылышыбыз үчүн башка тилдерде сүйлөшүбүз керек.

Бирөөгө аркабызды буруп, өзүбүзчө мурдагыдай жашай албай калдык, канча кааласак да ага мүмкүнчүлүк жок. Негизи биз ачылып, заманбап улут болуп, бирок ошол эле мезгилде өзүбүздүн маданиятыбызды, тилибизди жоготпой, башканы куубай, жамандабай, кайра бириктирип, экономикабызды күчөтүп, кыргыз мигранттардын санын азайтып, ал жакта кишилерибиз көчө шыпырып жүрсө алар бизди кантип сыйлайт? Ушуга жетип калдык окшойт. Ушул күндөн баштап тилге, маданиятыбызга, улуттук ар-намысыбызга мамилебиз өзгөрсө, кемчиликтерибизди баалай биле жүрсөк. Ошол кемчиликтерибизди билип, ошондон ары өссөк.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG