Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Бишкек шаарынын мэринин шайланышында мыйзамдуулук сакталдыбы?” деген суроого арналды.

Талкууга катышкандар:




Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов









Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков







“Азаттык”:
Равшан мырза, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шайланып жатканда сиз мыйзамдуулук сакталбай жатканын айтып чыктыңыз. Сиз эмнеге каршы чыгып жатасыз?

Равшан Жээнбеков: Эки нерсеге каршы чыктым. Биринчиси, мыйзамдуулук маселеси. Экинчиси, азыркы күндө демократиялык мамлекет курабыз деп келген президенттин демократиялык жол менен эмес, мурдагы Бакиев салып берген түптүз жол менен кетип жатканына каршы чыгып, өзүмдүн принципиалдуу көз карашымды айттым.

Биринчи маселе боюнча: Кыргыз Республикасынын Конституциясы колубузда турат. Андагы 64-беренеге ылайык, президент кандай ыйгарым укуктары болсо ошону гана аткарганга милдеттүү жана укуктуу. Бул жерде президент шаардын мэрин шайлоо үчүн шайлоо процесстерин уюштурат жана шаардын мэрлигине өзүнүн талапкерин сунуш кылат деген бир дагы көрсөтмө жок. Ошондуктан президент өзүнүн чыгарган указын мен мыйзамсыз деп таптым.

Элдин башын айлантпай, ар нерсени айтпай, бир гана маанилүү, эң башкы мыйзамыбыз – Конституцияга таянып ушул нерсени айтып атам. Убагы чыкканда мындан да башка мыйзамдарды көтөрүп айтып берем. Ушул мыйзамдын негизинде президент биринчи жолу президент болуп келгенден кийин Кыргыз Республикасынын президенти катарында Конституцияны бузду деп айтсак болот.

Экинчиден, президент “биз демократиялык мамлекет курабыз” деп айтып атат. Демократиялык мамлекеттердин шаар башчылары демократиялык жол менен шайланат. Шаардын башчысын шаардын тургундары шайлаш керек.

“Азаттык”: Сиздер “премьер-министрдин укугу бар эле” деп айтып жатасыздар. Мэрди шайлоо премьер-министрдин ыйгарым укуктарына да кирген эмес экен. Кандай болуш керек эле?
Мени мэр катары шаардык кеңештин депутаттары шайлады. Мен сөзсүз түрдө шаардыктардын алдында, шаардык депутаттардын алдында гана жооп берем.


Равшан Жээнбеков: Туура айтасыңар. Бул Конституция чыккандан кийин, бул Конституцияга каршы келген Кыргыз Республикасындагы мыйзамдардын бардыгы өзүнүн күчүн жоготкон. Бул да мыйзамда жазылуу.

“Азаттык”: Сиз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө мыйзамды айтып жатасызбы?

Равшан Жээнбеков: Ооба, президент “мен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамга таянып, Бишкек шаарынын башчысын шайлоону уюштурдум” деп айтып атат. Бул мыйзам иштебейт. Бул мыйзамды бүгүн биз жок деп койсок болот. Анткени бул мыйзамдын кээ бир беренелери жаңы Конституцияга каршы келип атат. Ошондуктан башында мен айтып кеткендей, Конституцияда жазылгандай бул мыйзам өзүнүн күчүн жоготкон. Президент өзүнүн кайрылуусунда далилдеп айтып атат, меники мыйзамдуу деп. Иштебеген мыйзамга президент өзү биринчи кезекте таянып иштеп атат.

Коалициянын жаратылышы

“Азаттык”: Иса мырза, парламенттин ушул суроо боюнча каршы чыгышына Жээнбеков айткан негизги аргументтерден тышкары дагы башка себептер бар деп ойлойсузбу?

Иса Өмүркулов: Биринчиден, мен урматтуу Роза Исаковнанын жарлыгын сынга алууга акым жок. Анткени мен бүгүн аткаруу бийлигинде отурам.

Экинчиден, урматтуу депутат Равшан Жээнбеков айтып жаткан нерсе, мен жаран катары өз пикиримди айтат элем, бир аз жергиликтүү, өзүн өзү башкаруу, мамлекеттик администрациялар боюнча мыйзамдарды окусаңыз, ошол жерде жазылып турат. Ошондуктан бул мыйзам жокко чыккан эмес. Эгерде бул мыйзамды жокко чыгарсаңар, анда өзүңүз айтып аткан президенттин жарлыгын туура эмес деп айтсаңар болот.

Ал эми Конституция, президенттин ыйгарым укуктары боюнча, Конституциянын 5-беренесинин 3-пунктунда жазылып турат: “мамлекет, мамлекеттик органдар, өзүн өзү башкаруучу жергиликтүү органдар, анын жетекчилери баары тең Конституцияда, мыйзамда жазылган ыйгарым укуктарынан, алкагынан чыкпаш керек” деп. Конституцияда жазылбагандан кийин мыйзам иштей берет. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча мыйзамда толугу менен жазылып турат. Эгерде сиздер ушул маселени талкуулабай, мыйзамга учурунда өзгөртүү киргизип койсоңор силерде мындай нерселер болмок эмес. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасын, ага баа бере турган, аны шайлай турган шаардык кеңеш бар.

“Азаттык”: Эмне себептен ушуга чейин Жогорку Кеңеш өзүн өзү башкаруу боюнча жергиликтүү мыйзамды Конституцияга дал келтирип, карама-каршылыктарын жойгон жок, же болбосо сиз айтып жаткан эл шайлаш керек деген жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган жок?

Равшан Жээнбеков: Буга биздин күчтүү аргументибиз бар. Социал-демократиялык партиянын мүчөсү болот. Бүгүнкү күндө КСДПнын лидери – премьер-министр, коалициянын башында турат, көпчүлүк добуш Жогорку Кеңеште коалициянын колунда. Премьер-министр, коалициянын мүчөлөрү эгерде сунуш кылып мурда киргизе турган болсо албетте биз карап койсок абдан жакшы болмок. Бирок, тилекке каршы, коалициянын мүчөлөрү азыркы күндө күн тартибин аныктап, негизги маселелерди чечет, көпчүлүк добуш менен кайсы гана маселе болбосун өткөрүп да калат. Бул коалициянын иши, алар киргизиш керек эле. Ошондуктан бул биринчи кезекте коалицияга тийе турган сөз.
Эмне үчүн президенттер кеткен сайын шаардын мэрин жетелеп көчөгө чыгарып коет? Иса мырза өзү да шаардын мэрин жетелеп көчөгө чыгаргандан кийин мэр болуп келген адам.


Эмне үчүн Жогорку Кеңеш караган жок? Жогорку Кеңеш бир эле күндө президент алып чыгып ушул маселени көтөрө койот экен, биз ошол жакка бара калалы деп Жогорку Кеңеште көзү ачыктар эмес да, Жогорку Кеңеш күн тартибинде каралган бардык маселелерди өз убагында карай берет.

Мисалы мындан бир күн мурда эле, шайлаардын алдында мен маселе көтөргөм, биз жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизели, ошонун негизинде шаардын мэрин принципиалдуу түрдө демократиялык жол менен эл шайлай тургандай кылалы, президент эмес, эл шайласын деп.

Биздин президент беш жыл бою Бакиевге каршы чыгып келди. Бакиев жаман, ал эми анын механизмдери, демократияга жамынган жолдору бүгүн жакшы болуп калдыбы? Бакиевдин убагында мэрди шайлоо менен, бүгүнкү Отунбаева учурунда мэрди шайлоонун кандай айырмасы бар, карап көргүлөчү.

“Азаттык”: Ушул шайлоолор бир гана парламентте ызы-чуу жаратпастан, башка сайттардан да, көрөрмандардан да пикирлер келип, 7-апрелден бери биринчи Бакиев, Акаев мезгилинде өткөн шайлоолордон элес калтырды деп атышат. Мурда Нариман Түлеев кезинде вице-мэр Тарбинский өз талапкерлигин алып салса, бул жолу да Красиенко ошондой кылды. Сиз өзүңүз кандай пикирдесиз?

Иса Өмүркулов: Мен урматтуу Равшан Жээнбековдун аргументине пикиримди айтайын, мен дагы белгилеп коюн, мен жарандык өзүмдүн позициямды айтып атам, же бөгөт койду, келгенден бери ушул маселеде кайчылаш болгон жердин баарын оңдоп-түзөп коюуга силерге ким жолтоо болду?

Бүгүнкү күндө канча деген райондордо, канча деген уюмдарда жетекчилердин баары милдетин аткаруучу болуп отурат. Муну эмнеге күтүп отурасыңар, сөзсүз эле президентти күтүш керекпи?

Экинчиден, силер кандай мыйзам кабыл алсаңар аткарбай койсо ошону айтсаңар болот. Ал эми демократия, Бакиевди эстебей эле коелу. Анткени анын калтырган изин бүгүнкүгө чейин көрүп атабыз, эл азабын тартып атат.

Парламент мыйзамдар менен алек болсо жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө сиздер өкмөттүн, президенттин ишин сындоо, анысы аз келгенсип жергиликтүү бийликтердин маселесине кийлигишип атасыңар, болор болбос маселенин баарына комиссия түзүп атасыңар. Комиссия түзүп убакытты текке кетирбей эле, мыйзамдардын үстүнөн иштебейсиңерби. Мыйзамдар ордуна келсе мындай талаш-тартыш болбойт эле. Башка бирөөнү сындабай, өзүңөрдү сындасаңар жакшы болот эле.



Мен деле депутат болуп төрт жолу шайландым. Бирок ушундай бир дагы жолу болгон эмес. Парламент туруктуулукка кичине салым кошуш керек. Демократия деп атасыңар, бүгүнкүгө чейин окуялар, Роза Исаковнанын ага кошкон салымы, ар ким ар жакта жүргөндө баары тең качып, бийликтен коркуп, үйүнө жатып алып, бүгүн эми түзүлгөндөн кийин, жакшы Конституция кабыл алынды, албетте жетишпестиктер бар, иштейли да мындан ары. Эл карап турат. Ошон үчүн мен ойлойм, жакшы, принципиалдуу маселе болсо талкууласа болот.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча бул принципиалдуу эмеспи?

Иса Өмүркулов: Менин оюмча, жергиликтүү кийлигишип атышканы принципиалдуу эмес. Себеби жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, жергиликтүү администрациянын мыйзамында жазылып турат.

Бакиев чаап кеткен жол мененби?

“Азаттык”: Ал эми Равшан мырза айтып аткан шайкеш келбегеничи? Чындап эле Бакиев мезгилинде кабыл алынган жана 2007-жылкы Конституцияны түптөп турат деп айтып атышат адистер.

Иса Өмүркулов: Президенттин ыйгарым укугун окуп берди, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укугунда 89-беренеде 7-пунктунда жазылып турат, жергиликтүү администрациянын башчыларын жергиликтүү кеңештин сунушу менен дайындайт жана бошотот деп. Бирок өзүн өзү башкаруу жөнүндө жазылбай калган. Бул жерде карама каршылык жок, эгерде ошол жерде жазылып кала турган болсо бүгүн ошол эле сунушту премьер-министрге бермек.

“Азаттык”: Ал эми мындай жолду кандай карайсыз, макул парламент ошол мыйзамдарды иштеп чыкпай, карабай койду. Бирок сиздер эрте сунуштап, парламенттин чечимин күтүп, башка мыйзам менен, же алар сунуштаган мыйзам менен өтсөңүз кандай болот эле? Шашылыш түрдө болду.
Мамлекетте Конституция жана мыйзамдар иштеш керек. Эгерде Равшан мырза айткандай, биз ур-токмок менен боло берсек биз кайра артка кетебиз.


Иса Өмүркулов: Бул маселени мен чечпейм. Шайлоону да мен жүргүзгөн жокмун, шаардык кеңеш жүргүздү. Менимче бул бүгүнкү күндө принципиалдуу маселе эмес. Принципалдуу маселе бүгүн – стабилдүүлүк. Экономикалык абалды, албетте өкмөттүн тапшырмасын, Жогорку Кеңеш чыгарып берген мыйзамдарын жергиликтүү атакаруу бийликтеринин баары тең сөзсүз түрдө аткарыш керек.

“Азаттык”: Формалдуу түрдө өттү деп айтышууда. Сиз ушуга өзүңүздүн пикириңизди билдиресизби?

Иса Өмүркулов: Мен ойлойм, атаандаш болобу, дагы бирөө болобу, баары бир шаардык кеңештин депутаттары чечти. Менин шаардык кеңештин депутаттарына сын айтууга акым жок, алар добуш берсе керек. Ошондуктан менин талапкерлигим сунушталгандан кийин, 30ка жакын депутаттар демилге көтөрүп, сунуш киргизип, менин талапкерлигимди колдошту окшойт.

“Азаттык”: Равшан мырза, сизге келген пикирлерден Иса мырза айтып жаткандай эле, парламентте өкмөттүн мүчөлөрүн сындамай, өздөрү эч нерсе жасабай эле, бирөө бир маселе алып чыкса, ошону сындап жатып калмай. Сиз мэр болуп дайындалып калсаңыз кандай болот эле? Сиз кандай чараларды көрмөксүз?

Равшан Жээнбеков: Эгерде менин партиям, “Ата Мекен” партиясы коалицияны түзүп, башчысы премьер-министр болуп отурса, эгерде мен шаардын башчысынын милдетин убактылуу аткарып атсам, мүмкүн мен айтат элем. Анткени менин башыма келип аткан нерсе, бардыгын көрүп атам да, ушундай маселе көтөрүлгөнү турат жакында, биз мыйзамды ордуна келтиришибиз керек деп кат жүзүндө кайрылат элем.

Экинчиден, Иса мырза “парламент ар кандай маселелерге кийлигишип атасыңар” деп айтып кетти, туура, Иса мырза өзү да 3-4 жолу депутат болгон адам, парламенттин негизги жаратылышы бул сүйлөө деген сөз, ошол жерде бардык нерсе талкууга алынат. Үчүнчүдөн, биз парламенттик мамлекетке өттүк, бүгүн парламентте көзөмөл функция бар. Эгерде кайсы бир мыйзам аткарылбай атса, бузулуп атса, анда парламент, же депутаттар ал маселени көтөрүп чыгып айтышка Конституциянын негизинде толук укуктары бар.

“Азаттык”: Сиздин сунушуңуз боюнча азыр кандай болуш керек эле?
Биздин президент беш жыл бою Бакиевге каршы чыгып келди. Бакиев жаман, ал эми анын механизмдери, демократияга жамынган жолдору бүгүн жакшы болуп калдыбы?


Равшан Жээнбеков: Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү жаңы мыйзам даярдалды, бир топ юристтердин, депутаттардын катышуусу менен бүгүнкү күндө даяр турат. Жакын арада бул Жогорку Кеңешке кирет. Менин каршы болуп аткан себебим, мен Иса мырзага каршы эмесмин, мен принципке каршы болуп атам. Себеби Иса мырзанын альтернативасы Красиенко эмес, Иса мырзанын альтернативасы мүмкүн Феликс Кулов, Нариман Түлеев, Равшан Жээнбеков. Красиенко Иса мырзага альтернатива боло албайт. Бул жөн гана сыймалап, жылмалап, Бакиевдин убагындагыдай болуп өзүбүздүн кишини эптеп-септеп президенттик шайлоо келатканда мэр кылалы деген гана Отунбаеванын президент катары аракети.

Эгерде Кулов менен альтернатива болсо, эгерде Куловду утуп чыкса, мен Иса мырзага айтат элем, бул альтернативалык демократиялык шайлоо деп. Красиенкону утуп чыгыш бул демократиялык деп айтыш кыйын.

Экинчиден, биз Лукашенконун убагындагы Белоруссияда жашап атабызбы? 40 депутаттын 39у колдоп атат, бул эмне деген шумдук? Бул биз кайрадан Бакиевдин убагына, тоталитардык мамлекетке кетип атабыз дегендин көрсөткүчү. Эгерде 40 депутаттын 25и берсе, мүмкүн бул реалдуулукка жакын болот эле. 40тын 39у колдогон деген бул демократияны колдогон аң-сезимдүү адам ишене албай турган нерсе. Мунун артында бир сыр жатат дегенди билдирет.

“Азаттык”: Кандай сыр? Сиз айтып атасыз президенттик шайлоого Роза Отунбаева киришти, өзүнүн адамдарын коюп атат деп. Чечмелеп бересизби?

Равшан Жээнбеков: Бишкек шаары бул – стратегиялык шаар. Бишкек шаарында 600-700 миңге жакын добуш бар. Бул добуш келечекте ким президент болот, ошол адамга аябай маанилүү.

Экинчиден, Отунбаева өзүнүн гана кадрын алып отуруш үчүн бүгүнкү күндө мыйзамды да бузуп, демократиялык принциптерди да бузуп ушул жолго барды. Ошондуктан мен айтып аткан принципиалдуу позиция катарында биз депутаттар, мен жеке адам катарында, депутат катарында каршы туруп атканымдын себеби ушунда.

Жаңы демократиянын жаңы эрежелери

“Азаттык”: Равшан мырза, мен түшүнбөдүм, сиз ушул суроо чыкканда дароо эле айтып чыкпадыңызбы, алдын ала Иса мырзанын мэрдин милдетин аткаруучу экени белгилүү, ошону алдын ала алып чыксаңыз болот беле?

Равшан Жээнбеков: Туура.

Иса Өмүркулов: Ушул суроого мен жооп берет элем. Равшан мырза айтып атат, коалиция күн тартибин аныкташ керек эле, сунушташ керек эле деп. Оппозиция бүгүн мурунку эле стиль менен иштеп атасыңар. Мурун бийликте бөлөктөр турганда биз алардын жетишпегенин, кылып аткан иштерин, коррупцияга байланыштуу маселелердин баарын тең көтөрчүбүз, ошонун ичинде мен да бир топ маселени көтөргөм. Бүгүн силер деле ошол нук менен кетип атасыңар, алдыңарда турат экен администрациянын жетекчиси, аны сындап атасыңар.
Демократия, Бакиевди эстебей эле коелу. Анткени анын калтырган изин бүгүнкүгө чейин көрүп атабыз, эл азабын тартып атат.


Бүгүн президентте укук жок, президент эртең өзү президентикке барабы, барбайы, аны бир кудай билет. Бүгүн алдын ала эле күнөөлөй берген, бул депутаттык эмес, жигитчиликке жатпай калат го деп ойлойм, урматтуу Равшан.

Демократия эмес деп атасыз, Лукашенкону айтасыз, демократия деп Конституция кабыл алынганына, чыныгы демократиялык жол менен шайлоо таза өткөнүнө бүгүн бардык эл аралык эксперттер баа берди. Будамайлап бирөөнү бирөөгө өткөрө койду деп атасыз. Мен өзүм жөнүндө айтканым туура эмес болот. Бирок бүгүнкү күндө маселенин баарын тең коалиция чечип атат, коалициялык өкмөт чечип атат, ошонун ичинде кадр маселеси да чечилип атат. Эгерде сиздер ошол коалицияга кирсеңиздер, сиздер да өкмөттүн бир өлчөмүндөгү портфелдерди алып кошо иштемексиңер. Ошондуктан бул жерде бир кишини күнөөлөгөн адамгерчиликке жатпай калат.

“Азаттык”: Иса мырза, Бишкек шаарынын тургундары мэрин өздөрү шайлаш керек деген принципке кандай карайсыз?

Иса Өмүркулов: Кандай мыйзам кабыл алынса ошондой болуш керек. Мамлекетте Конституция жана мыйзамдар иштеш керек. Эгерде Равшан мырза айткандай, биз ур-токмок менен боло берсек биз кайра артка кетебиз. Ошондуктан бизде жаңы демократия бутуна туруп атат деп айсам болот.



“Азаттык”: Эгерде мыйзам даярдалып калса сиздин өзүңүздүн приниципалдуу позицияңыз кандай? Эгерде 500 миң адам сизди шайласа, өзүңүздү бир нече эсе легитимдүүрөк деп эсептейт белеңиз, азыркы 39 адамга караганда?

Иса Өмүркулов: Ал бүгүнкү күндө мыйзамда жазылган нерсе, аны мен ойлоп чыккан эмесмин. Дагы бир жолу айтам, шайлаган депутаттардын берген добушуна, же ойлоруна, пикирине эч кандай тиешем жок, тийишүүгө да акым жок. Ал эми шайлоо боюнча айтып атасыз, мен кудайга шүгүр, Кыргызстандын жаңы тарыхында төрт жолу шайлоо болду, төртөөнө тең катышып, 60-70 миң деген шайлоочулардын купулуна толуп шайланып келгем. Шайлоодон коркпойбуз. Бүгүн шайлоодон коркуп жана бөлөк дегенден, мен кыска мөөнөттүн ичинде иштегеним, же баскан-турганым туура эмес болсо мен мындай жерге басып да бармак эмесмин.

Равшан Жээнбеков: Эгерде Иса мырзаны 500 миңге жакын шаардыктар шайлай турган болсо Иса мырза мындан дагы бир топ күчтүү болмок, мындан дагы жакшы иштемек. Анткени президентке карыз болмок эмес. Бүгүнкү күндө Иса мырзаны президент сунуш кылганда, Иса мырза шаардыктардыкы эмес, биринчи кезекте президенттин көзүн карап турат, “эмне деп айтат” деп.
40 депутаттын 39у колдоп атат, бул эмне деген шумдук? Бул биз кайрадан Бакиевдин убагына, тоталитардык мамлекетке кетип атабыз дегендин көрсөткүчү.


Экинчиден, эмне үчүн президенттер кеткен сайын шаардын мэрин жетелеп көчөгө чыгарып коет? Иса мырза өзү да шаардын мэрин жетелеп көчөгө чыгаргандан кийин мэр болуп келген адам. Эмне үчүн чыгарып коюп атат? Биз өзүбүзгө суроо беришибиз керек. Анткени шаардын мэри эл аркылуу келген эмес. Шаардын мэри Бакиев койгон мэр болчу, аны айдап чыгышты да, жаңы мэрди алып келди. Жакында башка революция боло турган болсо, Иса мырзаны чыгарып, дагы башка бирөө келет. Эгерде эл менен келе турган болсо, Иса мырзага эч ким эч нерсе деп айта албайт. Анда Иса мырза элдин ишеничине татыган, жеңип келген мэр болуп отурат болчу.

Иса Өмүркулов: Ошондой мыйзам чыгарсаңар ошондой болот.

“Азаттык”: Равшан мырза ошондой мыйзам чыгабы? Демилге көтөрүлөбү?

Равшан Жээнбеков: Демилге көтөрүлдү. Азыркы күндө жаңы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамынын негизинде шаардын мэрин эки жол менен шайлай турган болот. Биринчиси, түз демократиялык шайлоо, шаардыктар шайлайт.

Экинчи жолу, партиялар аркылуу шаардык кеңеш түзүлөт да, шаардык кеңеш мэрдин талапкерлигин сунуш кылат. Кайсы партиялар болбосун өзүнүн партиясын сунуш кылат да, алардын кимиси күчтүү болсо, азыр премьер-министр талаш болгондой, шаардык кеңеште да мэрдин кандидатурасын алар алып чыгып шайлай турган болот. Экөө тең жакшы жол. Мыйзам жалпысынан даяр болду. Менин оюмча, бир айдын ары жак-бери жагында бул мыйзам Жогорку Кеңешке кирет.

“Азаттык”: Ушул мезгилде Бишкек шаарын эгер эл добуш берип шайласа, Ошту эске алганда Кыргызстан даяр эмес деген пикирлерге кандай көз караштасыз?

Равшан Жээнбеков: Менин оюмча, биз андан коркпошубуз керек. Президентти, парламентти шайлаган кыргыз эли, шаарлардын мэрин шайлаганга да акыл-эси, мүмкүнчүлүгү жетет. Ошондо гана биз күчтүү, эффективдүү, таза, татыктуу бийликти, шаар башчысына, мамлекет башчысына алып келе алабыз.

“Азаттык”: “Фейсбукта” Иса Өмүркулов кимге жооп берет, кимдин алдында отчет берет деген суроо чыкты. Сиз кимге баш ийесиз? Азыр “Отунбаевага карыз болуп калды” деп айтып атпайбы.

Иса Өмүркулов: Бул туура эмес, урматтуу депутат Равшан бир аз аша чаап атат. Бул мыйзамда турат, анын негизинде шайлоо болду. Ал эми кийин кандай мыйзам чыгарат өздөрү билсин. Шаарды жалпы эл шайлайбы, же кайра эле кеңештин депутаттары шайлайбы ал өздөрү чечет, менин ишим жок. Мени мэр катары шаардык кеңештин депутаттары шайлады. Мен сөзсүз түрдө шаардыктардын алдында, шаардык депутаттардын алдында гана жооп берем. Эң негизгиси Конституция – мыйзамдар жана шаардын тургундары.

“Азаттык”: Дагы бир суроо Сейитбек Усмановдон келди, Бишкек шаарынын мэри канча айлык алат деген суроого жооп берип койсоңуз.

Иса Өмүркулов: 17 миң сом айлык экен.
Парламент мыйзамдар менен алек болсо жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө сиздер өкмөттүн, президенттин ишин сындоо, анысы аз келгенсип жергиликтүү бийликтердин маселесине кийлигишип атасыңар.


Равшан Жээнбеков: Мен бир нерсе айта кетейинчи. Биз ушул маселе боюнча маселе көтөргөндөн кийин, Отунбаева өзүнүн жарлыгын чыгарып актанды десек болот. Мен туура кылып атам, бүгүнкү күндө абалыбыз аябай кыйын. Биринчи кезекке президент Конституция менен мыйзамдуулукту коет. Кайсы гана мамлекетте болбосун ушундай айтылат. Кечээ күнкү ММКларга конституциялык укук боюнча адис Мурат Укушовдун да билдирүүсү чыкты. Ал киши “мэрди шайлоо боюнча президенттин жасаган кадамдарынын бардыгы туура эмес, мыйзамсыз” деп айтып атат.

Иса Өмүркулов: Демек Укушов да Бакиевдин кадры. Мурда Акаевдин кадры болчу. Бүгүн Акаевдин, Бакиевдин кадрлары катуу чыгып атасыңар. Мен ойлойм, бүгүнкү кабыл алынган Конституция Орто Азияда, КМШ мамлекеттинде да биринчи болуп атат. Менимче, бул – Кыргызстандын келечеги. Ошон үчүн мен жөнөкөй жаран катары урматтуу депутаттардан суранат элем, карама каршы келген жерлердин баарын тең кабыл алып, түздөп, андан тышкары элдин стабилдүүлүгүнө бара турган жакшы мыйзамдарды чыгарып, элге кызмат кылсак.

Кызыкчылыкпы? Мыйзамдуулукпу?

“Азаттык”: Сөзсүз эле шаарды жакшы көрүп, шаарга кызмат кылыш үчүн мэр болуш керекпи?

Равшан Жээнбеков: Биз бардыгыбыз шайлоого баратканда Бишкек шаарынын эли менен жолукканда айтканбыз, Бишкек шаарынын башчысын биз эл шайлай турган кылабыз деп. Өзгөчө “Ата Мекен” партиясынын Бишкекте иштеген адамдары элге убада бергенбиз. Мен бул убадамды элдин алдында аткардым, бул маселени көтөрдүм. Муну кыргыз эли да, шаардыктар да көрүп атат. Ошол убаданы аткарып, бүгүнкү күндө маселе көтөрүп атам, Бишкек шаарынын башчысын шайлай турган кылалы, эл шайласын, эл кожоюн болсун деп.

“Азаттык”: Муратбек Укушев айткандай, Отунбаева өзү биринчи мыйзамды бузса, анда башкалар укуктук нигилизм деген болуп атпайбы, негизги сөз ушул жөнүндө болуп атат. Сиздин пикириңизди мен так, анык уккан жокмун, сиз өзүңүздү легитимдүү деп эсептейсизби?

Иса Өмүркулов: Мен буга баа бере албайм. Равшан Жээнбеков депутат катары сот эмес, Укушев да сот эмес. Туураны, туура эмести сот чечет, Кыргызстанда сот бар. Ал эми ар ким туура эмес деп айта бергени, ар кимдин өзүнүн ою.
Президентти, парламентти шайлаган кыргыз эли, шаарлардын мэрин шайлаганга да акыл-эси, мүмкүнчүлүгү жетет.


“Азаттык”: Дагы бүдөмүк маселе – кандайдыр бир сыр жатат деп айттыңыз. Ошону чечмелеп кетсеңиз, президенттик шайлоого даярдык деп. Бирок түшүнүксүз, Роза Отунбаева айым өзү президенттик шайлоого барбагандан кийин.

Равшан Жээнбеков: Ар бир саясий команданын өзүнүн кызыкчылыгы болот. Бул саясий команданын өздөрүнүн кызыкчылыгында жасап аткан ишке жардам бере турган нерсе. Мен дагы бир нерсени айтып коеюн, Роза айым айтып кетпедиби, биз мамлекеттин кызыкчылыгында, бизде жазында абал аябай кыйын болуп атат, ошон үчүн мэрди тезирээк шайлаш керек болду деп. Ошонун артынан мыйзамды бузду.

Аргентинага келген аскер диктатурасы 27 миңге жакын адамды өлтүргөндө да, Чилиге келген Пиночет 3 миңге жакын адамды өлтүргөндө да, Бакиевдин убагында да бир топ саясатчыларды, журналисттерди өлтүргөндө да бардыгы биринчи кезекте кыйкырып, мамлекеттин кызыкчылыгы деп жасап келишкен. Бул болбогон нерсе. Президентте, мамлекет башчысында эч кандай мамлекеттин кызыкчылыгы деген сөздөр болбойт, мамлекеттин башчысында бир гана мыйзамдуулук деген сөз бар, андан башка эч кандай сөз болбош керек.

“Азаттык”: Равшан мырза, “Ата Мекен” менен КСДП мурдатан бери тилектеш партиялар. Сиз акыркы мезгилде президент Роза Отунбаеваны кескин сындап жатасыз. Же өзүңүз мэр болгуңуз келдиби?

Равшан Жээнбеков: Жок, менин эч кандай мэр болоюн деген оюм жок. Бул маселе боюнча эч жерде көтөрүлгөн да эмес. Мен эки нерсеге каршы чыктым. Биринчиси, президент айым айтты, менин айлыгым 30 миң сом деп. Биз Жогорку Кеңеште муну катуу талкуулап чыкканбыз, президенттин айлыгы бүгүн 30 миң сом эмес, бардык төлөмдөрү менен 120 миң сом. Мен болгону гана президенттин калп айтканын чындыкка чыгарып бердим.
Жаран катары депутаттардан суранат элем, карама каршы келген жерлердин баарын тең кабыл алып, түздөп, андан тышкары элдин стабилдүүлүгүнө бара турган жакшы мыйзамдарды чыгарып, элге кызмат кылсак.


Биз бүгүнкү күндө парламенттик мамлекет курууда, каршылыктарды жана баланстарды жаратып атабыз. Бири-бирибиз туура эмес айтсак, мамлекеттик кандайдыр бир чечимдер туура кабыл алынса биз саясий оппоненттер бетибизге айтышыбыз керек.

Экинчиси, мыйзамды бузуп, шаардын мэрин шайлоо жөнүндө указ жарыялады. Бул боюнча дагы айттым. Бул принципиалдык позиция, шаардын мэри шайланышы керек. Эгер мындан кийин да президент мыйзам бузуп, кандайдыр бир принципиалдуу нерселерди туура эмес жасай турган болсо, өзүмдүн көз карашымды айта берем.

“Азаттык”: Сиздин сыныңыз саясий жактан упай топтоо эмеспи?

Равшан Жээнбеков: Ар бир адам өзүнүн көз карашына жараша баалайт. Антип ойлогон адамдар туура болушу мүмкүн, туура эмес болушу мүмкүн. Мен депутат, саясатчы катарында өзүмдүн позициямды туура болобу, туура эмес болобу, бирөөгө жагабы, жакпайбы качан болсо да айта берем.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG