Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Атамбаев ”Бир бол” фракциясынын депутаттарын сындады


"Бир бол" партиясынын жетекчилери.
"Бир бол" партиясынын жетекчилери.

Алмазбек Атамбаев аталган партияны Бишкектеги “Газпром” компаниясы курган спорт комплекстин ачылышында сынга алды. Президент “Кыргызгаз” “Газпромго” сатылган учурда оппозиция негизсиз сындап чыкканын, азыр да андай курулай айыптоолор уланып жатканын белгиледи.

Атамбаев мурунку президент Курманбек Бакиевдин эң жакын адамдары учурда “Бир бол” партиясына кирип алып, бийликти сындап жатканын билдирди.

Ошондой эле Атамбаев өлкөдөгү сөз эркиндигинен пайдаланып, айрым журналисттер аша чаап кетишкенин айтып өттү.

Парламенттеги “Бир бол” фракциясында мурунку бийлик учурунда премьер-министр болгон Игорь Чудинов, “Ак Жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов бар.(BkA/SDz)

XS
SM
MD
LG