Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:34

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы көмүскөдөгү өкмөт жана парламенттин саясий системадагы орду жана атаандаш бийлик структураларынын зарылдыгы тууралуу болду.


Талкууга катышкандар:





Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков







“Замандаш” партиясынын лидери, жалпы улуттук конгресстик атаандаш парламенттин жетекчиси Мухтар Өмүракунов






“Азаттык”:
Мухтар мырза, Аликбек Жекшенкулов көмүскө өкмөттүн жетекчиси болуп шайланды, сиз болсо парламенттин спикери болдуңуз. Сиздерди ким шайлады?

Мухтар Өмүракунов: Баарыңыздар билесиздер, төрт айдын жүзү болуп калды, биздин жалпы улуттук конгрессте партиялардын бирикмелери бириккенден бери биз талкуулап келе жатып, жобо иштеп чыктык, ошонун негизинде альтернативдүү парламент жана өкмөт деп түздүк.

Тагыраак айтканда, бул жалпы улуттук конгресстин атаандаш парламенти болуп эсептелет, ошол конгресске тиешелүү. Ошонун ичиндеги 20га жакын партиялар жана коомдук уюмдар мүчө болуп эсептелет. Ошолордун жетекчилери менен шайланган, жобо да жетекчилик менен бекиген. Бизде ошол парламентте 60ка чейин мүчө боло алат. Жалаң гана ошол конгрессте мүчө болгон партиялар эмес, саясий ишмерлер, коомдук ишмерлер, ар кайсы тармактын адистери. Демек биздин парламент ачык.
Азыркы системада мүмкүнчүлүк бар, кыйын болсоң парламентке кел, ошол жерде бийликке жетпесең да бийликти сындай бер деген мүмкүнчүлүк ачылды. Ага көнө албай атабыз.


“Азаттык”: Чыныбай мырза, 5 пайыздык босогону өткөн партиялар, мисалы сиздин партияңыз коалициялык өкмөттүн ичинде турат, ушул жаңылыкты кандай кабыл алды?

Чыныбай Турсунбеков: Биринчиден, мыйзамда тыюу салынбаган нерсенин бардыгына уруксат. Ошон үчүн 20 партиялар биригип көмүскөдөгү парламентти, өкмөттү түзгөн экен. Ал булардын эрки. Биз нормалдуу кабыл алабыз.

Бир гана нерсе: көмүскө деген сөз мага жакпайт, анткени мен бизнестен келген киши катары, биз дайыма көмүскөдөгү бизнеске каршы күрөшүп келгенбиз. Анткени өлкө үчүн да, эл үчүн да пайдасы жок, өздөрү гана үчүн пайдалуу болчу. Ошондуктан көмүскөдөгү экономиканы жок кылыш үчүн биз дайыма маселе коюп келгенбиз. Бүгүн мен кичине ошого салыштырып, көмүскөдөгү парламент деген канчалык деңгээлде расмий оппозициянын деңгээлине чыгалат, чыгалабы, мына ушул маселени да ойлонуш керек деп атам.

Шайлоо карааны байкалабы?

“Азаттык”: Сиздер азыркы коалициялык өкмөт менен жана парламент менен кандайча иштешесиздер? Ошону чечмелеп өтөсүзбү?

Мухтар Өмүракунов: Чыныбай Акунович, атын кандай атасаң ошондой болот дегендей…

Чыныбай Турсунбеков: Көлөкөдөгү деп айтыптырсыңар.

Мухтар Өмүракунов: Көлөкөдөгү эмес, альтернативдүү деп аталат. Альтернативдүү демек атаандаш. Өзүңүз айткандай бизнестеги атаандаш бизнестин өнүгүшүнө гана жол ачат.

Чыныбай Турсунбеков: Расмий атаандаш.

“Азаттык”: Азыр жаз келди, үчүнчү ыңкылап болуп кетет деп жатышат. Азыр сиздер чыктыңыздар. Ансыз деле кырдаал стабилдүү эмес. Эмне себептен жазга байланыштырып чыктыңыздар, же президенттик шайлоону утурлаппы? Бул президенттик шайлоого даярдыкпы?

Мухтар Өмүракунов: Биздин конгресс өткөн шайлоонун жыйынтыгында келип чыккан уюм. Шайлоо таза эмес өткөндүгү, жыйынтыгы туура эмес болгонун биз дээрлик далилдедик. Бирок албетте сот да, бийлик да башкача чечим кабыл алды. Чечим туура эместигине карабастан биз тынчтык үчүн деп ага макул болдук, биз Жогорку Кеңешти жана өкмөттү тааныдык.
Албетте биз жөн эле митингге, же пикетке чыгалы деген эч кандай оюбуз жок. Сөзсүз парламенттин ичинде, же өкмөттүн башчысына берип аны талкуулаганга, маалымат каражаттары аркылуу жеткиргенге аракет кылабыз.


Ошол кезде элдин ичинде нааразычылык абдан көп болгон. Биз буга макул эмеспиз, бул партиялар келбеш керек деген нааразылыктар абдан көп болду, аны баарыбыз жакшы билебиз. Алтургай каякка чыгуу боюнча маселелер болду. Биз толук ишеним менен айта алабыз, биз элди аянтка чыгарбай, башка саясий аянтчада ошону талкуулап, нааразычылыкты билдирип, мыйзам чегинде күрөш жүргүзгөнгө алып келдик.

“Азаттык”: Көмүскөдөгү өкмөттүн пайда болушу менен конструктивдүү оппозиция пайда болду деген ойлор чыкты. Сиз ушуга кандай карайсыз?

Чыныбай Турсунбеков: Ачыгын айтыш керек, мен башында бекеринен көмүскөдөгү деп айткан жокмун, өздөрү да көлөкөдөгү өкмөт деп атышпайбы. Бүгүнкү күндө парламентте расмий оппозиция бар, бир эмес эки фракция отурат. Расмий атаандаштык, расмий оппозициянын өкүлдөрү ушулар.

“Көп түкүрсө көл болот”

“Азаттык”: Ушул өкмөттүн, парламенттин ордун кандай баалайсыз? Эмне себептен булар чыгышты?

Чыныбай Турсунбеков: Ачыгын айтканда менин анча-мынча маалыматым бар, 20сы расмий элдин жана ар кандай деп атпайбы, бирок баарын чогултканда 4 пайызды түзөт. Бир жагынан булардын түзүлгөнүн мен колдойм. Анткени булар биригип, чоңоюп, өздөрүнүн күчүн арттырууга алган багыт деп эсептейм. Ошондой болуш керек болчу. Эгерде ушундай биригүү болбосо, баягыдай эле бытыранды калса, баягыдай эле майда добуштар менен элдин көпчүлүгүнүн пикирин билдире алмак эмес.

Бирок алар элди козутуп, өлкөдөгү абалды бузуу максатында пайдалана турган болсо, айтып коюшубуз керек, бийлик бүгүнкү күндө ооздукталбай турган, ала качып кете турган бийлик эмес. Керек болсо фракциялардын ичинде деле ар биринин кадамын, бири-бирибизди карап турабыз.

“Азаттык”: Жалпы улуттук конгресстин түзүлүшү, көмүскө өкмөттүн, көмүскө парламенттин түзүлүшү азыркы легитимдүү бийликке ишенимдин аздыгын билдирбейби?

Чыныбай Турсунбеков: Ким тарабынан ишенимдин аздыгын?

“Азаттык”: Ошол эле шайлоочулардын.
Азыркы күндө өкмөт жакшы иштеп кете албай атат, тилекке каршы бизде азыр 122 премьер-министр пайда болду.


Чыныбай Турсунбеков: Турмушта бир маанилүү нерсе бар, шайлоо болду, Кыргызстандагы акыркы кездеги эң адилеттүү, туура шайлоо деш керек. Атайын бурмаланган фактылар болгон жок. Муну баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Ошондуктан бүгүнкү саясий абал Кыргызстандагы элдин жалпы көз караштарын, идеяларын чагылдырып турган эле акыбал. Ошонун ичинен демек 5 пайыздан көбүрөк добуш алыптырбыз. Азбы-көппү, 35 пайыздын тегерегиндеги добуш менен келип, анын ичинен 3 фракция биригип, бүгүнкү күндө Кыргызстанды башкарып атат.

“Азаттык”: Мухтар мырза, сиз маегиңизде айтыптырсыз, азыркы коалициялык өкмөт добуш берүүчүлөрдүн 20 пайызын гана алып турат деп.

Мухтар Өмүракунов: Үч партияны кошкондо 20га жетпеген пайызы, жалпы сандан 36 пайыз.

“Азаттык”: Чыныбай мырза айтып жатпайбы, жалпы улуттук конгресске кирген 20 партия 4 пайызды да албайт деп. Сиздер муну эсептеп чыктыңыздарбы?

Мухтар Өмүракунов: Биз эсептеп чыккан эмеспиз.

“Азаттык”:
Анда эмнеге таянып “сындаганга бизде көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар, азыркы парламентке караганда бизде көбүрөөк укук бар” деп айтып жатасыздар?

Мухтар Өмүракунов: Бизде ошол эле парламенттеги партиялардын мүчөлөрү жана башка жаңы кирип аткан көп партиялар, көп коомдук уюмдар бар. Албетте бул азыркы кайсы бир убакытка чейинки кирген партиялардын пайыздарын мүмкүн эсептегенсиздер. Азыркы күндө да коомдук уюмдар жана партиялар кирип жатат.

Альтернативдүү парламент, альтернативдүү өкмөт десе эле мындан чочубаш керек. Ошол эле парламентке өткөн оппозиция деп атпайбызбы эки партияны, бул эки партия эгерде оппозиция болсо көмүскө өкмөт түзүш керек болчу. Ошону түзө алышкан жок. Биз аны колго алып, түзө алдык. Ошондой эле биздин коалициялар бириге албай кыйналып атканда, биз сиздерге өкмөттүн структурасы боюнча жакшы сунуш бергенбиз. Бизде 14 министрлик жана бир канча агенттик бар эле, андан бир канча убакыт өткөндөн кийин кабыл алдыңыздар, тилекке каршы министрликтердин да, агенттиктердин да саны көбөйүп кетти.
Коалициялык өкмөт дегенди буга чейин билген да, уккан да эмеспиз. Ар кандай туура эмес, ашыкча кадамдар болуп кетиши ыктымал.


“Азаттык”: Сөзүңүздү уласам, мисалы биздин саясий тажрыйба көрсөткөндөй, беш партия кирди, азыр коалицияга үчөө кирди, өз ара талаштар көп, макулдаша алышпайт. Ал эми жалпы улуттук конгрессте 20 партия. Шайлоого чейин партиялар жакшы биригишет, бийликти кулатуу, же сындоого. Бирок шайлоодон кийин көрүп жатпайбызбы, бири-бири менен такыр сүйлөшө албайт. Сиздер ушул маселени кантип чечесиздер?

Мухтар Өмүракунов: Бизде ар бир маселе ачык-айкын талкууга алынат. Ал тургай бизде конгрессте кээде чогулуш болгондо катуу сөз айтканга чейин жетет, бирок биз мунасага жеткенге чейин аны талкуулайбыз.

Бизде меморандум бар, ар бир кирген партия кол койгонбуз, ошондо көшөгө артындагы оюндар, же өз-өзүнчө сүйлөшүүлөргө, конгресттин максаттарына туура келбеген иштерди алып барууга тыюу салганга макулбуз деп ар бирибиз кол койгонбуз.

Альтернативдүү парламенттин жетекчилиги кандай болду дейт, мунун баарын биз сүйлөшүү жүзүндө келип, демек биз өз ишибиз менен үлгү көрсөткүбүз келет. Бара-бара ит жыгылыш боло бербестен, сүйлөшүү жол менен чечекенге өтсөк деп ошону көрсөткүбүз келет.



“Азаттык”: Мухтарбек мырзанын жүйөлөрү сизге канчалык ынанымдуу, баары ачык дегенине? Бийликке келгенде да, өзүңүз көрүп жатпайсызбы, парламенттин ичиндесиз?

Чыныбай Турсунбеков: Бир эле нерсеси ынанымдуу: бийликти алыш керек, ошол максат үчүн биригип атышат. Эртең бийликке келгенде канчалык деңгээлде ынтымагы бар экенин көрөсүңөр, мен азыр көзү ачыктык кылбасам деле түшүнүктүү. Мына ошондо талаш-тартыштар башталат. Ал үчүн булар бир лидерди тааныш керек. Азыр бириккенде акыры келип бир партияга кириш керек, ошонун негизинде күрөшкө чыкса, менимче, көбүрөөк ийгиликке жетишет.

Максат – бийлик, турум – оппозиция

“Азаттык”: Сиздерде партияларды ирелештирүү, бириктирүү боюнча кандай сунуштар бар?

Мухтар Өмүракунов: Сөзсүз ирелештирүү керек. Себеби Шайлоо кодекси каралып атат. Биз “Замандаш” партиясынан жана конгресстен мүчөлөр кирсин деп сунуш бердик эле. Жетекчиси Галина Анатольевна экен, макулдук берилген, бирок иш жүзүндө бизди иш тобуна киргизе элек. Ошентсе да биз сунуштарды бердик. Мисалы ирелештирүү боюнча, ар бир партиянын, же топтун кызыкчылыгын биз экинчи планга коюшубуз керек.

Иш жүзүндө мындай болуш керек: бул көп өлкөнүн практикасында бар, бир нече партиялар биригип, саясий блок түзүп, бир ат менен бир күч болуп шайлоого кирет. Азыркы күндө биздин өлкөдөгү коалиция жакшы түзүлбөйт, түзүлгөндөн кийин да ич ара бут тосуулар болуп кыйналып аткан саясий топтун, партиянын көпчүлүгүн түзө албаганында. Эгер ошол кабыл алынса, бара-бара Кыргызстанда 3-4 эле саясий блок болсо, бизге парламенттеги көпчүлүк бир саясий күч алыш керек, ошондо анан стабилдүүлүк болот.

“Азаттык”: Сиз ушуга кандай карайсыз?
Көлөкөдөгү оппозиция жок дегенде эл унутуп калбасын деп, биз барбыз, бизди унутпагыла деген элге берген сигналы деп эсептейм


Чыныбай Турсунбеков: Ачыгын айтканда, саясий блокко биригип, ошону менен баралы деген нерсени бир партияга бириге албагандыгы, ынтымаксыздыктын көрсөткүчү катары кабыл алам. Ынтымакка келе алгандар, сүйлөшө алгандар, бир партияга кире алгандар, бир партияга кирип чоң партия болуп келсе деле болот. Блок катары киргендер, ал партия катары эмес да, ал блок катары.

“Азаттык”: Мухтар мырза айтсаңыз, мен түшүнбөй атам, сиздер жалпы улуттук конгресс саясий күрөштө негизги мүдөңөр эмне, парламентке келүүбү, же президенттик шайлоого катышуубу?

Мухтар Өмүракунов: Ар бир саясий партиянын максаты - өзүнүн программасын ишке ашырыш үчүн бийликке келүү болуп эсептелет. Муну жашырып жапкандын өзү калп нерсе. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок ошол кандай жол менен барат, мыйзам чегиндеби, же башка жол мененби? Биз азыр президенттик шайлоодо өзүбүздүн бир талапкерге токтогонго аракет кылабыз. Ушунун үстүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз, азыр конгресстин ичинде башталды. Анан биздин максаттарыбыздын бири – конгресстеги партиялар бир күч болуп парламентке баруунун үстүндө дагы ойлонуп иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Мухтар мырза “биз конструктивдүү күч болобуз, парламентке өз сунуштарыбызды айтабыз, кандайдыр бир мыйзам долбоорлорун да сунуштайбыз, же азыркы парламентте иштеп чыккан мыйзам долбоорлорун да карап чыгабыз” деп айтып атпайбы. Азыркы парламентте отурган депутат катары кеңештерди бере аласызбы, кандай иштесе пайдалуу болот эле сиздер үчүн, иштеше аласыздарбы?

Чыныбай Турсунбеков: Программасын иштеп чыксын, ачыкка чыгарсын, талкууга койсун, бизге алып келсин, ичинен чындап эле конструктивдүү деп эсептелген, өлкөнүн келечеги үчүн, мамлекеттин пайдасы үчүн келген сунуштар болсо биз колдойбуз.
Коалициянын өзүндө да керек болсо иштейбиз деген мыкты жигиттер турат, алардын өзүнө да кызмат жеткен жок.


“Азаттык”: Системасы кандай болот? Булар ММКлар аркылуу айтып чыгышабы, же парламентке келип отурушабы? Сиз кызматташууну кандай көрүп атасыз?

Чыныбай Турсунбеков: Бардыгына макулбуз, ММКлар аркылуу айтса, аны карап чыгып талкуулаганга даярбыз, тегерек үстөл уюштурса ага катышканга даярбыз, биз да уюштурганга даярбыз, парламентке келгенге эшик ачык, отуруп, катышып, пикирлерин айтса угабыз.

“Азаттык”: Ого бетер келишпестиктерди, ызы-чууну көбөйтпөйбү?

Чыныбай Турсунбеков: Атайын эрежелер, белгилүү убакыттар иштелип чыгыш керек. Каалаган күнү келип алып парламенттин ишине тоскоолдук кыла турган болсо ал кабыл алынбайт. Айына бир жолу дейбизби, күнүн тактап алып бүгүнкү күндөгү көлөкөдөгү парламент менен көлөкөдөгү өкмөттүн сунуштарын алып келсин, парламенттин сунуштарын биз кабыл алабыз, өкмөттүкүн биздин бүгүнкү өкмөт кабыл алсын, ичинен пайдалуусун карап чыгабыз.

Чуусу бүтпөгөн шайлоо

“Азаттык”: Мухтар мырза, азыр сиздер кандай сунуштарды иштеп чыктыңыздар?

Мухтар Өмүракунов: Жогорку Кеңештин жетекчиси катары спикердин ортосунда меморандумга кол коюлду, кызматташуу боюнча сунуштарды беребиз, спикер өзүнө милдет кылып алды, эгер муктаж болгон учурда, эгер биз конструктивдүү мыйзам долбоорун берсек, же талкууга катышабыз десек пленардык жыйынга катышканга мүмкүнчүлүк түзүлөт, комиссиялардын, комитеттердин жана жумушчу топтордун талкуусуна катышканга шарт түзүлөт деп милдет алынды. Менимче бул баарыбызга жана мамлекетке керектүү нерсе.

Биз азыр конструктивдүү оппозициябыз. Ошон үчүн бири-бирибизге сын айтып, кызматташуу менен Кыргызстандын саясатында жаңы кадам жасап атабыз. Бул “көчөгө чыгып кетсин” деп кыйкыруу эмес, бул ушак-айың кеп эмес, бул – жакшы кызматташуу.

“Азаттык”: Кызматка жетпей калган адамдар бийлик талашуунун гана бир жолу болуп калгандай сезилбейби сизге?

Чыныбай Турсунбеков: Андай нерсени өзү деле ачык “биздин максатыбыз саясий партия, саясий күч катары бийликке жетиш” деп айтып атпайбы. Аны булар да жашырган жок, биз да аны көрүп турабыз. Биздин саясий оппоненттер катары көрүп атабыз. Тилекке каршы элдин ишенимине ээ боло элек саясий оппоненттер. Элдин ишенимине ээ болгон биздин саясий оппоненттерибиз парламентте отурат. Алардын пикирин көбүрөөк угабыз, алар менен көбүрөөк эсептешебиз. Анткени аларга эл көп ишенген үчүн көбүрөк добуш берди.
Ар бир саясий партиянын максаты - өзүнүн программасын ишке ашырыш үчүн бийликке келүү болуп эсептелет.


Мухтар Өмүракунов: Сунуштар боюнча айтып кетпедиңизби, биз Шайлоо кодексине сунуштарды даярдадык, аны бердик деп. Андан сырткары элдик курултай боюнча сунушту даярдап жатабыз. Сиздин азыркы айткан сөзүңүз боюнча, жаңы кадам шилтеген, жаш, кичинекей партиялар деп атпайсызбы. Сиздин эркиңиз жетсе парламентке сунуш киргизип туруп, Ленин заводунун складында сакталып турган бюллетендер, эгер дагы эле сакталып турса, закон боюнча эки жылга чейин сакталыш керек, ошону санатпайсызбы, ошондо көрөлү ким канча добуш алганын.

Чыныбай Турсунбеков: Бир гана нерсе бар, эртең ушул өлкө үчүн пайдалуу болуп, же ошону шылтоолоп...

Мухтар Өмүракунов: Чындык эч убакытта зыян келтирбейт. Ошондо жакшы ордуна коюп алат элек, кайсы партия чоң, парламентке ким отуруш керек, ким отурбаш керек. Биз 66 миң добуш алдык, бул таза, бизге чындап ишенип берген добуштар, акчага сатылбаган, административдик ресурстан коркуп эмес, таза берген добуштарды алдык. Биз элибизге ыраазыбыз, ошону менен сыймыктанабыз.

Чыныбай Турсунбеков: Бир нерсени айтып коюш керек, кокустан кимдир бирөө административдик ресурстан коркуп, бирок добушун ошол кездеги бийликтеги партияларга берсе, анда эмне үчүн “Ак шумкар” өткөн жок? Добушун баары бергенден кийин ал берилген добуш да, коркуп бердиби, акчага сатылып бердиби, же идея боюнча берилдиби, бирок берилди. Мен шайлоого быйыл биринчи жолу катыштым, бирок мен өзүм жүргөн аймактарды жакшы билем, тартип бузууларга карабастан бүгүнкү күндө реалдуу картинаны көрсөтүп турган эле жыйынтык чыкты.

“Азаттык”: Мухтарбек мырза, сиздер чындап эле жеңдик деген тезисти сот аркылуу далилдей алган жоксуздар да?

Мухтар Өмүракунов: Туура, сот аркылуу далилдей алган жокпуз. Эгер мүмкүн таза эмес жол менен барып, көчөгө чыгып митинг кылсак балким далилдемекпиз, мажбурламакпыз. Бирок биз ал жолго барган жокпуз. Себеби сот да, башка административдик шайлоо комиссиясы да бийликтики. Административдик ресурс деп мен КСДП партиясын айткан жокмун.

“Азаттык”: Кайсы партияны айтып жатасыз?

Мухтар Өмүракунов: Аны ар ким өзү каалагандай түшүнүш керек, өзү билет.

“Азаттык”: Көмүскө болгондон кийин баары көмүскө болуш керекпи?

Мухтар Өмүракунов: Көмүскө оппозиция парламенттеги эки партия деп сүйлөштүк азыр. Биздики болсо альтернативдүү.

“Азаттык”: Жок, көмүскө оппозиция эмес, ал расмий оппозиция.

Чыныбай Турсунбеков: Ал расмий оппозиция, алар келди, парламентте отурат, анткени эл аларга ишенип добушун берди.



“Азаттык”: Бул программага чакырганда сиз каршы чыкмаксыз, аргументтерди даярдап келишиңиз керек эле. Бул көмүскө өкмөт, көмүскө парламент эмнеси менен жаман, эмнеси менен жакшы? Буга чейин сиз жакшы деп айттыңыз. Мен уккан жокмун, эмнеси менен сизге жакпай жатат, кандай кесепеттери болушу мүмкүн?

Чыныбай Турсунбеков: Биз азыр парламенттик система деген бир жолго кирдик. Парламентте оппозициянын өкүлдөрү отурат. Элдин мыйзам чегинде көпчүлүгү добушун алып укук алды. Ошолор чыныгы оппозициябыз деп эсептейбиз. Ал эми көмүскөдөгү, көлөкөдөгү оппозиция жок дегенде эл унутуп калбасын деп, биз барбыз, бизди унутпагыла деген элге берген сигналы деп эсептейм, ошол эле нерсе башка эч нерсеси жок.

Мухтар Өмүракунов: Бул албетте эң туура. Биз сигнал бермек тургай, иштегенге, жөндөмдүүлүгүбүздү азыртадан көрсөткүбүз келет. Себеби эртеңки күндө бийликке биз келебиз да.

Чыныбай Турсунбеков: Буйруса келесиңер, буйрубаса дагы келбей калышыңар ыктымал.

Мухтар Өмүракунов: Албетте кудай буйруса, бардыгы кудай буйругандан болот. Мен парламенттин иши боюнча мүмкүнчүлүктөн пайдаланып 1-2 оюмду айта кетсем. Муну өзүңүздөр талкуулап ойлонуп көрөсүздөр. Азыр өкмөттү түздүңүздөр, иштеп жатат, ошол эле учурда сиздерден башка 3 партия тең өкмөттүн, аткаруу бийлигинин ишине ашыкча киришип жаткан жоксуздарбы, ошону менен бут тосуп тоскоол болуп жаткан жоксуздарбы?

Чыныбай Турсунбеков: Эгерде мен “жок, андай эмес” десем жалганчы болуп калам. Андай болушу толук мүмкүн. Биздин өлкөдөгү бул тажрыйба жаңыдан эле башталды. Коалициялык өкмөт дегенди буга чейин билген да, уккан да эмеспиз. Ар кандай туура эмес, ашыкча кадамдар болуп кетиши ыктымал. Бирок аларды жөнгө, тартипке салуу өзүбүзгө байланыштуу.
Айына бир жолу дейбизби, күнүн тактап алып бүгүнкү күндөгү көлөкөдөгү парламент менен көлөкөдөгү өкмөттүн сунуштарын алып келсин.

“Азаттык”: Сиз эмнеге ушул суроону бердиңиз, мен түшүнбөй атам?

Мухтар Өмүракунов: Себеби азыркы күндө өкмөт жакшы иштеп кете албай атат, тилекке каршы бизде азыр 122 премьер-министр пайда болду. Расмий премьер-министрден башка биринчи премьер-министр жана 120 депутат. Министрлер, министрлердин орун басарлары көпчүлүк убактысын парламентте өткөрөт. Эгер ошол депутаттар өздөрү бекиткен, ошол эле көпчүлүктү түзгөн коалиция өзүлөрү койгон министрлерге ишенбесе, эмнеге өздөрү барган жок ошол министрликке? Менимче буга чек коюш керек.

“Азаттык”: Конкреттүү кандай сунушуңуз бар?

Мухтар Өмүракунов: Министрликтер жок дегенде эки жылдык мөөнөт менен көрсөтүлүп шайланыш керек жана ар бир жарым жыл сайын отчетун угуп туруш керек. Андан кийин анын ортосунда эч кандай чакыруу болбош керек, суроолор болсо кат жүзүндө болуш керек. Тилекке каршы андай болгон жок.

“Азаттык”: Сиз айтып атпайсызбы, 122 премьер-министрибиз бар деп. Андан тышкары көмүскө да түзүлүп атат, парламент, өкмөт, министрлер болот. Бизде Кыргызстанда бийлик системасында кызмат жетеби бардыгына, айлыгын ким төлөйт?

Мухтар Өмүракунов: Жогорку Кеңештеги депутаттарда бийлик бар. Биз оюбузду гана айта алабыз.

Чыныбай Турсунбеков: Мен кошумчалап койсом, ачыгын айтканда, парламент иштей баштаган учурда жаңылыштыктар болду, аларды түзөөгө аракеттер болуп атат. Дагы бир нерсе бар экен, мен бул жерге келген жаңы адам катары айтайын, депутаттарда мурдатан калган оору бар экен, министрлерди чакырып алып “такалап”, ушул кыйын экен деп, шайлоочуларына, элге өзү жөнүндө билдириш керек.

Жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттан улам айрым депутаттардын өтө демилгелүү болуп атканы, кайра-кайра министрлерди чакырып, “такалап” атканы да ушул жагынан болду. Бул көбүрөк жеке кызыкчылыктан келип чыккан нерсе болуп калды. Бирок ал аз эле санда. Депутаттардын арасында 120 эмес, балким ичинен бешөөдүр.

“Азаттык”: Ошону оңдоо жолу барбы?

Чыныбай Турсунбеков: Биз оңдоп атабыз, оңдоого багыт алдык. Өкмөттүк саат деген бар, ошол учурда эң маанилүү маселе үчүн тиешелүү министрди чакырып маалыматын алалы, талкуулайлы деп чечтик.

Бардыгына жетпеген кызматтар

“Азаттык”: Жалпы улуттук конгресстин милдеттери кандай? Азыр бийликке келип, бийликтен кеткенден кийин жоопкерчиликтин жоктугу байкалат. Сиздер сындагандан башка милдеттеме аласыздарбы?

Мухтар Өмүракунов: Кыргызстанда бийлик жетишеби деген сурооңузга жооп берейин. Азыр мен бир нерсени байкадым, Жогорку Кеңеште 16 комитет бар экен, ошонун төрагаларын, орун басаларын, фракциялардын жетекчилерин эсептегенде 55ке жакын төрага жана орун басарлары бар экен. Демек Жогорку Кеңештин ишинде эле жарымы өздөрүнө өздөрү жетекчи.

Чыныбай Турсунбеков: Төраганы, орун басарлары менен кошо эсептесек 38 болот экенбиз.
Биз азыр конструктивдүү оппозициябыз. Ошон үчүн бири-бирибизге сын айтып, кызматташуу менен Кыргызстандын саясатында жаңы кадам жасап атабыз.


“Азаттык”: Азыр бюджеттик таңкыстык бар, акчаны, аппаратты кыскартыш керек деген демилгелер чыгып атпайбы. Сиз өзүңүз айтып жатасыз, альтернативдүү бийлик структураларын кайра эле түзүп жатпайсыздарбы?

Мухтар Өмүракунов: Биринчиден, бул коомдук башталыш, эч ким айлык алып иштебейт, айлык алайын, же айлык төлөйүн деген оюбуз жок. Коомдун, мамлекеттин өсүшүнө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Эмне кылып? Бир иштиктүү сунуштар, программалар, мыйзам долбоорлору менен, ошолорду сунуш кылып, ишендирип, ынандырганга аракет кылып, мыйзам чегинде саясий маданиятта жаңы маданиятты алып келүү биздин милдетибиз.

“Азаттык”: Жекшенкулов мырза “эгерде биздин сунуштуарды укпаса, биз митинг, пикеттерге чыгабыз” деп айтты. Муну кандай түшүнсө болот?

Мухтар Өмүракунов: Мыйзам чегиндеги саясий акциялар бар да, жөнөкөй билдирүү кылсак болот, анан мамлекеттик маанидеги өтө актуалдуу маселелер бар. Албетте биз жөн эле митингге, же пикетке чыгалы деген эч кандай оюбуз жок. Сөзсүз парламенттин ичинде, же өкмөттүн башчысына берип аны талкуулаганга, маалымат каражаттары аркылуу жеткиргенге аракет кылабыз.

Чыныбай Турсунбеков: Эгерде ушул аткарылбаса пикетке, митингге чыгабыз деген буга чейинки авторитардык режим иштеп турган мезгилде ойлонуп табылган саясий күрөштүн формасы болчу. Андан жаңы системага келгенибизди биз түшүнө албай атабыз. Ошон үчүн Мухтар мырза менен Аликбек мырзанын жетектеп аткандардын билдирүүлөрү, мунун артынан пикетке чыгабыз деген нерсеси ошол оорунун уландысы, коркутуу жол менен элди козгойбуз дегени, экинчи жагынан соодалашуу формасы. Анткени соода кылып, эртеси күнү портфель алышчу. Бирок ал азыр ишке ашпайт. Жаңы системанын өзгөчөлүгү ушул. Коалициянын өзүндө да керек болсо иштейбиз деген мыкты жигиттер турат, алардын өзүнө да кызмат жеткен жок. Үч күч бүгүнкү күндө бийликте турат. Ал эми саясий кызматтар 30тун тегерегинде бар, 40-50дүр. Анан өздөрүнө жетпей атканда, жанагыдай коркутуп чыккан шантаж кабыл алынбайт.

“Азаттык”: “Өздөрүнө жетпей атканда” деген жакшы экен.

Чыныбай Турсунбеков: Чындыгы ошол.

Мухтар Өмүракунов: Чыныбай Акунович абдан жакшы нерсе айтты. Элди пайдаланып пикетке чыгып, кызмат соодалашуу абдан уяты жоктук деп эсептейм. Аныңыз туура. Биз пикетке чыгышыбыз мүмкүн, кайсы убакта? Эгерде Баткенден бир жер коңшу өлкөгө берилип жаткан болсо, эгер Аксай, Арпа, же Жетим-Тоо бир жакка берилип жаткан болсо, ушундай маселелер болсо биз чыгабыз. Элди пайдаланып кызмат соодалашуу деген болушу мүмкүн эмес. Бул жеткен уятсыздык болот. Аныңызды колдойм.

Чыныбай Турсунбеков: Мурдагы оппозициянын башка жолу жок эле да, анткени аларга мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Азыркы системада мүмкүнчүлүк бар, кыйын болсоң парламентке кел, ошол жерде бийликке жетпесең да бийликти сындай бер деген мүмкүнчүлүк ачылды. Ага көнө албай атабыз. Анткени бизде саясий күчтөр көп экен. 29 партиянын 24ү сыртта калып калды. Башкасын эсептеген жокмун. Бийликке жетпей калгандан кийин жок дегенде көлөкөгө туруп алып анан…

Мухтар Өмүракунов: Көлөкө эмес, альтернативдүү, биз күндө эле турабыз.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG