Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Кооптуу кырдаалды колго алуу мүмкүн беле?


Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан кийин, 30-ноябрь, 2010-жыл

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы өлкөдөгү акыркы кырдаал жана коопсуздук маселесине арналды.


Талкууга катышкандар:




Мирослав Ниязов
– Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы








Марат Иманкулов
– Коопсуздук кеңешинин азыркы катчысы









“Азаттык”:
Оштогу, Бишкектеги акыркы окуялардын артында ким турат деген суроого өкмөт тарабынан “бул исламчылар” деген жооп келип атат. Андан тышкары бүгүн “улутчул жикчилдер жана улутчул шовинисттер” деген жооп келди. Эмне себептен ушундай чаташкан божомолдор келип жатат?

Марат Иманкулов: Мен исламчылар дегенге макул эмесмин. Ислам дининин бул жерде тиешеси жок. Бул жерде террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү турат. Анын себептери, далили бар. Далил катары тартип коргоо органдары тарабынан алынган кол менен жасалган жардыргыч каражаттар колдон жасалган эмес. Муну жөнөкөй адам жасай албайт, аны террористтик лагерь жана борборлордо, чет мамлекеттерде үйрөтүлгөн адамдар гана жасайт. Ошон үчүн террористтик-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жасады деген тыянакка көбүрөк ооп атат.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз макулсузбу? Дегеле улутчул жикчилдер, улутчул шовинисттер деген эмнени түшүндүрөт?

Мирослав Ниязов: Азыркы опурталдуу кырдаал кечээ, же бүгүн түзүлгөн жок. Буга биз 15-20 жылдан бери билип-билбей келатканбыз. Бүгүн кайсы күчтөр башын көтөрүп, кандай аракет кылып атканын баарыбыз билип атабыз. Бирок кайсы күчтөр дегенге жоопту таба турган бул албетте Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери иштеш керек. Бирок буга шарт түзүп берген, жолду ачып берген бул саясатчылар болду.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөтпү?

Мирослав Ниязов: Убактылуу өкмөттүн келгенине 7-8 ай болду. Мен айтып атпаймбы, бул опурталдуу кырдаалга 15-20 жылдан бери келатканбыз.

“Азаттык”: Анын ичинде сиз да барсыз, Улуттук коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы катары?
Биригүүдөн башка жол жок, биз бирикпесек турганыбыз тургандай, алдыга жылбай артты көздөй кете беребиз.


Мирослав Ниязов: Бүгүнкү күнү ар бир мен деген саясатчынын күнөөсү бар. Бул жерде жоопкерчиликтен качпаш керек. Бүгүн буга качып кеткен президенттер, премьер-министрлер, депутаттар жооп бериш керек. 20 жылдан бери Кыргызстан бүт бардык тармагынан төмөндөп кетти. Азыр Кыргызстан эң артта калган мамлекеттердин арасына кирет.

“Азаттык”: Азыр 20 жылдан бери топтолуп калды проблема деп атасыз. Бирок баары бир себептер бар да?

Мирослав Ниязов: Кыргыздын жакшы сөзү бар, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген. Биз болсо мамлекеттик кызыкчылыкты четке кагып, айрым өзүнүн кызыкчылыгын коргогонго аракет кылып, ошол мамлекеттик бийлик, министр болобу, же анын орун басарлары болобу, ошолор өзүлөрүнүн туугандарын, жоро-жолдошторун, жердештерин коюп жүрүп, мыкты адистерди четке кагып, бүгүнкү акыбалга келгенибиздин ушунун объективдүү түрдө негизи бар. Ошону баарыбыз эске алып коюшубуз керек. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин бир дагы саясатчы элден кечирим сурап, “биздин күнөөбүз бар” деген жок.

“Азаттык”: Сиз кечирим сурай аласызбы?

Мирослав Ниязов: Мен да кечирим сурашым керек. Башкалар да сурашы керек. Мен азыр да сураганга даярмын. Бирок башкалары президент, премьер-министрлер да сураш керек. Анткени бүгүнкү акыбалга, кырдаалга келгенге баарыбызда күнөө бар.

Себептер көп, имиштер арбын

“Азаттык”: Эмне себептен ушуга чейинки окуяларда дагы бир нерсе болсо эле Кыргызстанда исламчыл, террорчул топтор деген жооп келет. Тагыраак айтканга болобу, ушул окуялардан кийин, бирөө жооперчиликти мойнуна албагандан кийин эмне себептен ушул эле жооп келе берет?

Марат Иманкулов: Ар бир нерсени өз аты менен аташ керек да. Эгерде террорист болсо террорист деп, криминал болсо криминал деп аташ керек. Биздин тартип коргоо органынын кызматкерлери кармаган жерде жардыргыч каражаттар, заттар менен кошо бүт террордук атрибуттар турбайбы.

“Азаттык”: Эмне себептен сиз Спорт сарайында болгон окуяны Оштогу атышуулар менен байланыштырып жатасыз?

Марат Иманкулов: Анткени көп себептер бар, айтыла турганы, айтылбай турганы бар. Азыр тергөө, издөө жүрүп атат. Тартип коргоо органдар жана атайын кызматтар элдин алдында отчет бериш керек.

“Азаттык”: Айтыла турган себептери кайсылар?

Марат Иманкулов: Айтыла турган себептери жардыргыч заттар. Бардык жагынан алыстан туруп жардырып жатат.

“Азаттык”: Айрым эксперттер менен сүйлөшүп чыктым, сот өтүп жаткан Спорт сарайы террорчуларга эмне кереги бар?
Бир чиновник, бир адам коррупция деген берене менен жоопкерчиликке тартылдыбы, жаза тарттыбы? Андай бир да адам жок.


Марат Иманкулов: Дагы бир жолу мен сизге кайталап кетейин, исламчыл деген сөздү биз абайлап пайдалансак, ушуну менен биз ислам дининде жүргөн көп адамдарыбызды таарынтып алабыз. Ислам дини террорго эч тиешеси жок. Бул жакшы дин. Ислам дининде бирөө террор кылды, же бирөөнү өлтүрдү деп эч ким айтпайт. Ошондой эле башка диндер дагы.

“Азаттык”: Анда эмне себептен бир күч органы исламчыл деп айтса, башка күч органы террорчулар деп атат? Эмне себептен ушундай башаламандык болуп жатат?

Марат Иманкулов: Терминологиядан кичине адашып кетип аткандыр. Эгерде негизин карай турсак, бул – террористтик топ. Божомолдой берсек көп версияны чыгара берсе болот. Ошонун ичинде версиянын бири, июнь, апрель окуясынан кийин кичине эле стабилдүүлүк жолго түшүп баратканда, Кыргызстанды жолдон чыгарып, коркутуп-үркүтүп, токтотуу. Ушул эле максатты коюп атат алар.

“Бир карын майды чириткендер...”

“Азаттык”: Эгерде 20 жыл топтолду проблема дебегенде, акыркы айларды алсак, кайсы күчтөр болушу мүмкүн жана эмнеге азыр ушул кырдаал түзүлүп калды?

Мирослав Ниязов: Биз көзүбүздү жаппашыбыз керек. Июнда түштүктө болгон окуяда сепаратизм деген көйгөй чыкты. Бул өтө опурталдуу, коркунучтуу нерсе. Кыргызстан деген бул унитардуу мамлекет. Ошол унитардуу мамлекет катары калыш керек.

Айрым Кыргызстанды бөлөбүз, жарабыз деген, сепаратизм деген ой менен жүргөн саясатчылар болобу, күчтөр болобу, ошолор менен биз бекем күрөшүшүбүз керек. Объективдүү түрдө бул көйгөй июндан кийин пайда болду. Мунун өзбек эл чыгарган жок, муну өзбектердин арасында лидер сөрөйлөр бар, ошолор чыгарып, элди кагыштырып, ушундай акыбалга алып кетип атат. Мен муну жакшы билем, өзүм түштүктө чоңойгом. Ушунун баарын жасап аткан ошол лидерлер болуп атат.
Ички иштер министрлигинде террор менен күрөшүү боюнча бир дагы бөлүм жок.


Ошондуктан биз азыр тагдырыбызга так карашыбыз керек. Тагдырыбыз азыр оңой эмес, Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болуп көрүнбөй атат. Ошол келечегибизди сактап калабыз десек, сепаратизм деген күчтөргө карата кадимкидей каршы күчтөрдү көрсөтүш керек.

“Азаттык”: Ошол күчтөр барбы бизде? Күч органдарынын иши, жаңжалды алдын алышына кандай баа бересиз? “Биз алдын алдык” деп жатпайбы, болбогондо аябай жаман окуялар болуп кетмек да?

Мирослав Ниязов: Биз ачык сүйлөшө турган учур келип калды. Мактай турган азыр бир да тармагыбыз жок. Күч органдарынын коопсуздук жагын алып ачык сүйлөшө турган болсок, эгемендүүлүктү алгандан бери бир дагы мыкты адис, профессионал адамдардан ушул системаны башкарган жок. Мугалимдер, илимпоздор, бажычылар, милиционерлер келди. Ошол мыкты жакшынакай болуп аткан системаны жарып, деңгээлин өтө төмөн түшүрүп койду.



“Азаттык”: Марат мырза, чын эле июнь окуялары менен азыркы окуялар тыгыз байланыштабы?

Марат Иманкулов: Байланышы болушу да, болбошу да мүмкүн. Мисалы, июнь окуясы болбосо деле, террористтик уюмдардын Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде биздин Кыргызстандын түштүгүндө, жалаң эле Кыргызстандын аймагында жаңжалдарды чыгарып, негизги кырдаалды туруксуздаштырабыз деген максаттары бар болчу. Мүмкүн ошондон. Муну эми тергөө көрсөтөт, кармалчулардын баары кармалып атат чекесинен. Тергөөнүн аягында айтсак болот.

“Азаттык”: Канча адам кармалды?

Марат Иманкулов: Тогуз адам кармалган.

“Азаттык”: Ошол тогуз адамдын улуттук курамын айтып жатышат, булар ар кандай улуттагы адамдар. Бирок бейрасмий маалыматтар боюнча жалаң өзбек улутундагы адамдар деген маалымат бар?

Марат Иманкулов: Жок, андай эмес. 22-ноябрда кармалган жигиттердин арасында кыргыз жигит, өзбек жигит, орус жигит бар. Ушундан эле өзүңүз билсеңиз.

“Азаттык”: Оштогу операция жүргөн Мажүрүм-Тал жалаң өзбектер жашаган аймакпы?

Марат Иманкулов: Мен ал жерде кимдер турганын билбейм. Бирок Нурматов Фархат деген өзбек жигит экен. Ошол жерде мечиттин имамы болуп иштеген экен.

Терроризм улутту тааныбайт. Буларга баары бир өзбеги болобу, кыргызы болобу, орусу болобу, же чечени болобу. Азыр террористтик уюмдарда мен айтып кеткен элдердин баары тең даярдыкты көрүп атат. Ооганстанда өкмөт көзөмөлдөбөгөн райондордо лагерлер, базалар бар, бүт улуттардын миңдеген кишилери бар. Ошон үчүн булар интернеттен антитерроризм кылып атат. Биз ошол терроризмдин негизин, себептерин жоюушубуз керек. Ошондо терроризм менен экстремизм көбүнчө жоюлат. Калган уюштуруучуларынын баарынын үстүнөн тең атайын кызматтар жана укук коргоо органдары иштеш керек.

Туш тараптан тооруган коркунучтар

“Азаттык”: Өзбекстан Ислам кыймылы баш көтөрө баштады дегенге кандай пикирдесиз, негиз барбы айтканга?
Азыркы опурталдуу кырдаал кечээ, же бүгүн түзүлгөн жок. Буга биз 15-20 жылдан бери билип-билбей келатканбыз.


Мирослав Ниязов: Биз ушул көйгөйдү кененирээк карасак болмок эле. Мындай коркунуч Ошто гана болгон жок. Эсиңерде бар болсо, учурунда Наманган, Анжиян, Ферганада болду, Ошто, Жалал-Абадда болуп кеткен. Мунун себеби эмнеде? Жашаган элдин көпчүлүгү Фергана өрөөнүндө, суунун, жердин жетишпестигинен болуп атат, монокультура деп коебуз, пахтага өтө көп суу кетип атат. Муну да эсибизге алышыбыз керек. Бул кандайдыр бир кокустук деген сөз жарашпайт. Объективдүү түрдө шарттар түзүлгөн. Ошол себеп менен эл бир учур келгенде жарылып-жарылып чыгып атканы факт.

Марат Иманкулов: Мен Мирослав Ниязовго негизинен кошулам, атап кеткен негиздер бар, мындан тышкары да негиздер көп. Ошон үчүн саясий түзүлүш, ар бир мамлекетте болгон кырдаалдар, ошонун баары тең террордук жана экстремисттик идеологияны өркүндөткөнгө жол берет.

“Азаттык”: Кыргызстан географиялык жактан алганда геосаясий оюндар жүрүп жаткан аянтча. Азыр ошол геосаясий оюндар жүрүп жатабы?

Мирослав Ниязов: Жүрүп жатат. Анткени мамлекеттин алсыздыгы оркоюп эле көрүнүп калды. Эл да бийликке ишенбестигин көрсөтүп атат. Бүгүн да толук ишенич бар десек анда биз адашып калабыз. Бүгүн да бийликке ишенич жок. Бийлик аксап жүрөт.

Көп учурларда алдын ала чара көрбөй, тажрыйбасы жетишпестиктенби, күнөөкөр утурумдук бийлик да болуп атат. Ошол себеп менен азыр техникалык бийлик дейт, утурумдук бийлик дейт, асман менен жердин ортосунда турган бийлик башкаралбайт. Тезирээк бизге аткаруу бийликти түзүш керек. Жакшыбы, жаманбы депутаттарды шайлап алдык. Ушулар бүгүн жоопкерчиликти мойнуна алып, кырдаалды түшүнүп, тезден-тез коалицияларды түзүп, аткаруу бийликти түзбөсө аткаруу бийлик абдан керек болуп атат.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан коалиция да жардыруулардан улам тезирээк түзүлдү, ал өлкө үчүн жоопкерчилик алды деп ойлойм. Сиз геосаясий оюндар дегенди тагыраак айтып, аныктама бере аласызбы? Кандай оюндар жана кимдин кызыкчылыгы?

Мирослав Ниязов: “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, биз өзүбүз билбей атабыз Кыргызстандын байлыгын. Суунун башында турабыз, отун энергетика жагынан Кыргызстан Орто Азияда биринчи орундарды ээлеп турат. Бул өтө чоң байлык. 30 млрд. тонна көмүрүбүз бар. Биздин тоону ачканда миң деген тонна алтыныбыз бар. Бул кереметтүү жер, ата-бабабыз күрөшүп жүрүп сактап калган жер. Бул жакта азыр Американын аба базасы, Орусиянын аба базасы, ортодо көк бөрү деген оюндагыдай, чыгыш менен батыштын оюнунда кыргыздар улак сыяктуу болуп калды, тияк-биякка тартылып. Анткени туруктуу бийлик болбогондон кийин Кыргызстанда талаш-тартыш болуп атат.
Ислам дини террорго эч тиешеси жок. Бул жакшы дин. Ислам дининде бирөө террор кылды, же бирөөнү өлтүрдү деп эч ким айтпайт.


“Азаттык”: Марат мырза, божомолдор ар кандай боло бериши мүмкүн. Менде да божомолдор боюнча бир суроо бар. “Бул эч кайсы террорчул уюмдарын кызыкчылыгы эмес, бул ЕККУнун саммитинин алдында бийлик өзү уюштурду, ашкере кандайдыр бир аракеттер болду” деген пикирлер айтылып келатат. Сиздин пикириңиз кандай?

Марат Иманкулов: Бул өтө эле жоопкерчиликсиз пикир. Бийлик өзүнө-өзү жасагандын эмне кереги бар? Өзүбүзгө өзүбүз жумуш тааппы? Өз элибизди сактайлы деп, кайра өзүбүз ушундай нерсе жасамак белек.

“Азаттык”: Анда эмне себептен ушундай сөздөр чыгып жатат?

Марат Иманкулов: Эл көп экен, кээ бири билип сүйлөйт, кээ бири билбей сүйлөйт. Ошондуктан айтылган сөздүн баарын факттын негизинде таянып сүйлөш керек. Мына жакында тергөө бүтөт, кудай буйруса мен элди ишендирип кетем, мунун аягына чыгабыз. Биздин тартип коргоо органдары артына түшүп алды, чыгабыз да, ошондо ким артында турганы, баары билинет.

“Азаттык”: Себептерди айтып кеттик, күрөшүү боюнча кандай жолдор бар, эмне жасалып жатат?

Марат Иманкулов: Баарын эле мурдагы бийликтерге шылтагым келбейт. Азыр мен иштеп атам. 2006-жылы да ушундай эле иштер болгон, Ошто, Жалал-Абадда террордук топторду кармаганбыз, кээ бирин жок кылганга чейин барганбыз.

Ошол кезде биз нормативдик акттарды түзгөнбүз. Бизде азыр террорго каршы күрөшүү деген мыйзам бар, 2006-жылы чыккан. Ошонун үстүндө мен иштегем. Ошондо азыркы Улуттук коопсуздук кеңешинин астында антитеррордук борбор түзүлүш керек болчу. Мунун негизги максаты биздин мамлекетте болгон бүт күч органдардын баарын тең террорго каршы күрөшүүнү координациялаш керек болчу, алдын ала иштерди жүгүзүп, анан эгерде жанагыдай террордук иштер болсо ошону басууга.

Терроризмдин тамыры тереңде жатат

“Азаттык”: Антитеррордук борборду дароо эле айтып чыгышы. Орусия тарабынан да активдүү айтылып чыкты, сиз байланышты көрбөйсүзбү?

Мирослав Ниязов: Антитеррордук борборду куруу жөнүндөбү? Бул албетте форма катары бүгүн керектүү деп айтса деле болот. Бирок ички дүйнөсү кандай болот экен. Террорго каршы СНБда атайын бөлүмдөрү бар, жакшынакай тажрыйбасы да бар. Муну андай да кылса болот, же болбосо толугу менен СНБга ошол күчтөрдү бериш керек.
22-ноябрда кармалган жигиттердин арасында кыргыз жигит, өзбек жигит, орус жигит бар.


Мен бир нерсени айтып кетет элем, террор менен күрөшө турган адамдын сөзсүз тажрыйбасы болуш керек. Тажрыйбасы болбой эле, бул жакшы адам деп бирөөнү башына коюп койсок андан эч натыйжа чыкпайт.

“Азаттык”: Бизде ошондой кадрлар барбы?

Мирослав Ниязов: Андай кадрлар бар.

Марат Иманкулов: Азыр дүйнө жүзүндө эл аралык терроризм менен күрөшүүнүн деңгээли абдан курч. Бул басылбастан кайра өрчүп баратат. Мен өзүм Москвада антитеррордук борбордо жетекчинин орун басары болуп эки жарым жыл иштеп келдим. Дүйнөлүк тажрыйбаны алыш керек. Анан бир органга берип коюп, биздин Улуттук коопсуздук кызматы жалгыз терроризмди басат деген жаңылыштык.

Азыр бир мамлекет өзү жалгыз муну менен күрөшө албай калышы мүмкүн. Ошондуктан коалициялар, мамлекеттер бири-бири менен кызматташып жасап атпайбы. Ошондуктан биздин мамлекетте терроризмге каршы күрөшүүнүн бүт болгон субъектилер деп коет, Ички иштер министрлиги, куралдуу күчтөр, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биригип алып иштеш керек. Ошону бириктире турган бир орган керек. Ошол күнүмдүк иштеп аткан иштин баарын координациялап туруш керек.

“Азаттык”: Ал кайталанма болбойбу?

Марат Иманкулов: Кайталанма болбойт. Анткени ар биринин өзүнүн милдеттери бар.



“Азаттык”: Марат мырза, мени жөнөкөй жаран катары кызыктырат, мындан ары эмне болот, өлкөдө менин коопсуздугум камсыздалабы жана кандай аракеттер көрүлүүдө?

Марат Иманкулов: Азыр мамлекеттин ичиндеги күч органдарынын баары тең биздин элибиздин коопсузугун сактайбыз деп болгон аракеттерин жасап атат. Анан азыр мен алып чыгып аткан идеяны президент колдоп, ушуну тез аранын ичинде жасайлы деп атабыз, ушул кырдаалды колго алыш керек.

“Азаттык”: Күч органдары биздин коопсуздукту жетиштүү түрдө тейлеп жатабы жана эмне жетишпей жатат?

Мирослав Ниязов: Жок, тартип коргоо, сот системасын бүт баарын алсак, деңгээлдери төмөндөгөн. Коррупция жагынан Кыргызстан дүйнөдө эң алдыңкы орунда турат. Муну эске алып коюшубуз керек. Бизде болгон мекемелердин бардыгы коррупция менен байланышкан. Ошол себептен кайсы бир тармагыбыз жакшы иштейт десек биз катуу адашып турабыз.

“Азаттык”: Анда сиздин сунушуңуз кандай, күчтөндүрүш үчүн эмне кылыш керек?

Мирослав Ниязов: Дүйнөдө өзүбүздүн ордубузду таап, бүгүнкү Кыргызстандын акыбалын көрүп, аны туура түшүндүрүп, ошол жагдайга жараша чара көрүшүбүз керек.
Жакшыбы, жаманбы депутаттарды шайлап алдык. Ушулар бүгүн тезден-тез коалицияларды түзүп, аткаруу бийликти түзбөсө аткаруу бийлик абдан керек болуп атат.


“Азаттык”: Сиз айтып жаткан нерселер аябай абстрактуу болуп атат. Чараларды айтып кетсеңиз?

Мирослав Ниязов: Эң негизги чара – коррупция менен күрөшүү. Кыргызстанда бир да юрист, депутаттар коррупциянын жаратылышын бүгүнкү күнгө чейин түшүнө элекпиз. Дүйнөдө бир да мыйзамда коррупция деген конкреттүү түрдө берилген жок.

“Азаттык”: Макул, ал жакшы идея. Биз коррупция менен күрөшөбүз, эртең кокус жардыруу болуп калса, ал кандай жарам берет?

Мирослав Ниязов: Жок, мунун жаратылышын түшүнбөсөк, биз коррупцияны эч качан жеңе албайбыз. Ал эми коррупцияны жеңе албасак, биз эч кандай көйгөй маселелерди чече албайбыз. Ошол себеп менен мен бир нече жолу парламентке да, аткаруу бийликке да кайрылгам. Мен сунуш киргизгем. Коррупция деген 303-беренени алдырып салгыла, тарыхыбызда коррупциядан биринчи орун алып атабызбы? Бир чиновник, бир адам коррупция деген берене менен жоопкерчиликке тартылдыбы, жаза тарттыбы? Андай бир да адам жок.

Марат Иманкулов: Күч, тартип коргоо органдарынын ичинде эң чоң дагы, адамдын саны көп болгон бул – Ички иштер министрлиги. Ойлоп көрсөңүздөр, Ички иштер министрлигинде террор менен күрөшүү боюнча бир дагы бөлүм жок. Ошон үчүн бүгүн конкреттүү идеяларды айтып, бүгүн да мен ушул боюнча чогултуп келдим. Биз Ички иштер министрлигинде террорго каршы күрөшүү бөлүмдөрдү ачалы деп атабыз.

“Азаттык”: Эмне үчүн азыр ушул идея келип атат, мурда эмес?

Марат Иманкулов: Мурдагы бийлик жасаш керек эле бул ишти, ал жасабай кеткен. Аны эми биз жасайлы, качандыр бир жасаш керек да.

Мирослав Ниязов: Бул жерде кошумча айтып кетет элем, антитеррордук борбор ачабыз деген менен биротоло терроризм проблемасы чечилбейт. Анткени бүгүн терроризмге каршы күрөшүүнү жалаң эле тартип коргоо органдарынын мойнуна илип кетсек, анда биз кайра эле адашып калабыз. Бул жерде эң алдында саясий иштер, саясий эрк болуш керек. Андан кийин бүгүн биздин бюджетибизди карап көрөлү. Биз дефолтко түшүп калган мамлекетпиз. Айрым серепчилердин айтканына караганда, бюджеттин дефицити 28 млрд. сомду түзөт. Кайсы бюджет менен антитеррордук боробор ачабыз деп атабыз?

“Азаттык”: Сиз ушул суроого жооп бере аласызбы?

Марат Иманкулов: Негизинен ички ресурстардан.

“Азаттык”: Бюджетте таңкыстык болуп атса кайсы ресурстардан?

Марат Иманкулов: Ошол эле Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин азыркы бюджетинин негизинде эле жасаса болот. Муну реформалап, кээ бирки керексиз бөлүмдөрдү жоюп, ошондон алып жасаса болот. Анткени биз өкмөт болгондон кийин, негизги кокунуч болуп турганда биз күч топтошубуз керекпи? Топтошубуз керек.

“Азаттык”: Азыр конкреттүү пландар түзүлүп калдыбы?

Марат Иманкулов: Түзүлүп калды.

“Азаттык”: Качан ишке ашат?

Марат Иманкулов: Жакынкы күндөрдө, бүгүн мен ошол жыйындан келдим.

Укукту тепселегендерби, же тепселеткендерби?

“Азаттык”: Биз программанын башында акыркы окуяларды июнь окуяларына аябай байланыштырып кетпедикпи. Сиздин оюңузча, эмне себептен июнь окуяларында курман болгон адамдардын улуттук курамы азыркыга чейин ачыктала элек?

Марат Иманкулов: Менин оюмду айтайын, тиги жактан мынча адам, тигинче киши мындан өлдү дегенге, көп адамдар, күчтөр бар ошолор өз кызыкчылыгы үчүн колдонбосун деп атат. Бизге тынчтык керек. Баары тең болду. Эми биз ошону тергеп атпайбызбы. Бир дагы кылмыш кылган адам жазасыз калбаш керек деп атат.

“Азаттык”: Курман болгон адамдар жөнүндө айтып атабыз?

Марат Иманкулов: Курман болгон адамдарды мынча улуттан турган деп козгоп эмне кереги бар бизге?

“Азаттык”: Сиз макулсузбу? Себеби козгобосок ар кандай божомолдор болуп атпайбы?

Марат Иманкулов: Биз санын айтып атабыз, мынча сан каза болду, мынчасы жаракат алды деп атабыз. Бул өзбек, бул кыргыз, же орус деп улут жагы айтылбай атат. Мен айтылбаганын туура көрөм. Бирок санын, кылган кылмыштарды жашырбашыбыз керек.

“Азаттык”: Сиз кандай карайсыз ушуга?

Мирослав Ниязов: Биз бүгүн ушуларды изилдеп, иликтеп, 7-апрель эмне себептен болду, эмне үчүн кыргыздын 87 жигити окко учту, эмне себептен Ош окуясында түштүктөгү абдан кандуу окуя болду, ким күнөөкөр бул жерде? Ушуну толугу менен иликтеп, изилдеп туруп элге бүт баарын айтыш керек. Болбосо жашыруун жол менен ишеним табалбайбыз элден.

“Азаттык”: Сиз айтып аткан жашыруун жол боюнча ар кандай божомолдор келип чыгып атат. Мен ошол себептен айтып атам.
Ооганстанда өкмөт көзөмөлдөбөгөн райондордо лагерлер, базалар бар, бүт улуттардын миңдеген кишилери бар.


Марат Иманкулов: Бул мезгили келгенде айтылат. Азыр биздин белгилүү саясатчы Эркебаев баштаган улуттук комиссия иштеп атат. Андан тышкары эл аралык комиссия да иштеп атат. Биз ошонун жыйынтыгын күтүп атабыз. Биз да алдын алып жыйынтык кылбайлы, өзүбүздүн оюбузду айтпайлы деп турабыз. Ошолордун жыйынтыгы чыккандан кийин, анан Мирослав мырза айткан, ким күнөөлүү, эмнеден чыкты, ким себеп болду дегендин баарын карайбыз.

“Азаттык”: Сиз так аныкталышына далилдерди көрүп жатасызбы, азыр иликтөөлөр кандай жүрүп жатат?

Мирослав Ниязов: Бүгүнкү күндө сот жүрүп атат. Бул сот фарска айланып кетти. Анткени негизги күнөөкөр бир адам жок. Ортодо аскерлер, офицерлер күнөөкөр болуп атат. Мына Аксы окуясы болгондо да бир дагы саясатчы жаза тарткан жок. Ошондо да ошол офицерлер тартты. Бүгүн да “Альфанын” офицерлерин отургузуп, элге булар күнөөкөр деп көрсөтүп атат.

Биз бүгүн офицерлердин намысын тебелеп атабыз. Бизде жакшыбы, жаманбы тартип органдары бар. Кыргыз элине, Кыргызстанга кыйынчылык келгенде булар биринчи болуп көкүрөгүн тосуп беришет. Эми биз бүгүн булардын намысын тебелеп, негизги күнөөкөрлөрдү качырып, офицерлерди күнөөлөп салсак, анда булардын эркин жоготуп салабыз. Булардын күрөшө турган максаты болбой калат.

“Азаттык”: Аркыркы окуялар өлкөгө кандай таасир этти жана мындан ары эмне болот?

Марат Иманкулов: Чынын айтсак, кээ бир адамдар шок болушту, Ошто паника башталды. Аны көрүп турдук. Эл чочуп калган экен, аны да билип турабыз, элге азыр эмне керек экенин сезип атабыз, элге тынчтык керек. Биз ошол тынчтыкты орнотушубуз керек. Эл, күчтөрдүн баары биригиш керек, мамлекетибизди алдыга алып кетишибиз керек. Биригүүдөн башка жол жок, биз бирикпесек турганыбыз тургандай, алдыга жылбай артты көздөй кете беребиз.

Мирослав Ниязов: Менин оюмча бүгүн элге эң негизгиси тынччылык жана бийлик институттарына ишеним керек. Ишеним болбосо анда ар бир будамалоо чечимдерди кайра эле пайдаланып элге чыгарса, бул бийликтин дагы келечеги болбой калат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG