Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Ирода Зулунова: Мени уурдап кетишкени чын


Учурда ооруканада дарыланып жаткан Ирода Зулунова.
Учурда ооруканада дарыланып жаткан Ирода Зулунова.

Ошто 9-декабрда жоголуп, үч күндөн кийин табылган 16 жаштагы келин Ирода Зулунова азыр Араван райондук ооруканада дарыланууда. Ал укук коргоо органдары жарыялаган маалыматты четке кагып, аны эки эркек жана бир аял уурдап барып, кыйноого алганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Ирода, саламаттыгыңыз жакшыбы?

- Акыбалым азыр жакшы болуп калды. Жатканыма тогуз күн болду. Болгону бир аз башым ооруп, көңүлүм айнып турат. Оорукананын дарыгерлери жакшы эле карап жатышат.

- Азыр Оштогу келиндердин уурдалышы боюнча ар түркүн сөздөр жүрүп жатпайбы. Сизди кимдер уурдап кетишти эле, окуя кандай болду эле?

- Мен 9-декабрь күнү үйүбүздүн алдына үй шыпырганы чыккан элем. Чыксам бир аял машинеден түшүп, арыктын аркы бетине өтүп отурду. Анан мага бирдеме деди эле мен укпай калдым. «Эмне дейсиз?» дегиче болбой эле бетиме бир нерсе сээп жиберди. Көзүм ачышып, эсимди жоготуп коюпмун. Анан мени машинеге салып кетишти. Караңгы болуп калган эле. Бир үйдүн бөлмөсүнө алып киришти. Төр жагында бир керебет турган экен, мени ошол жерге жаткызып коюшуптур. Бир уктап эсиме келип, жардам сурап кыйкырдым. “Эмне кыйкырып жатасың?” деп жанагы аял кирип, мени уруп жиберди.

- Ал кандай аял экен? Аны менен кошо бирөөлөр бар беле?

- Салабаттуу келген, сары, чачы тармал келген аял экен. Анын жанында бир эркек киши да бар болчу. Телефондон бир нерселерди сүйлөшүп жатты. Эсиме келгенден кийин сыртка ажатканага чыгайын десем, алып чыгып келди. Кайра келээрим менен бир үкөл (укол дегени – Нурматов) беребиз дешти. Мен үкөлдөн корком десем, анда дары ичесиң дешти. Аны да ичпейм десем, башыма, бутума уруп, бычак менен кескилешти. Мен дагы эсимди жоготуп, уктап калыпмын. Эсиме келээрим менен кайра дагы дары бермекчи болушту. Ичпейм десем, кыйнап жатып ичиришти. Жанымды абдан кыйнашты.

Мен курсагым ачып, алым калбай, дагы уктап калыпмын. Кайра бир маалда турдум. Таң атып калган экен. Нан, чай бергиле десем, дары ичсең беребиз дешти. Анан коркконуман берген дарысын дагы ичтим. Дагы уктап калыпмын. Канча жатканымды билбейм, тургандан кийин жанагы аял кирди дагы, үйүңө кетесиң деп караңгы бөлмөдөн жетелеп чыкты. Мен кетем десем, дагы дары ичирди…

- Сиз аларды таанып калдыңызбы?

- Аял кишини таанып калдым. Азыр көрсөм тааныйм. Бирок, эркек кишилерди тааный албайм.

- Анан сизди жөн эле коё берип жибериштиби?

- Ооба, ал жерден саат алтыда алып чыгып кетишти. Бир ак “Мерседес” унаасы менен барып, ошого салып, алып чыгышты. “Мерседестин” айдоочусу семиз келген, бою жапыз, ак жуумал киши экен. Анын жанында олтурган киши бою узун киши эле. Ал үйдөн чыгып кетип жатып, чоң бир көлдү, бир даракты көрдүм. Анан үйдөн алып чыккандан кийин бир жерге алып келишип, бир ак “Матиске” салып коюшту. Анын айдоочусу менен жанагы тармал чач аял сүйлөшүп кетип калды.

Анан мени “Матис” менен Аравандын борборуна алып келип коюшту. Ал жерге келгенден кийин “Матистин” айдоочусунан 10 сом сурап, үйгө телефон кылайын дедим. Апамдын телефонуна чалып, алдыра албай койдум. Араванда сиңдимдин үйүнө кирип, араңдан апам менен байланыштым. Апам эки милиция менен келиптир. Анан алар мени ушул ооруканага жаткырышты.

- Уурдагандар сизден эмне каалагандыгын айтышпадыбы?

- Билбейм анысын. Эмне каалагандыгын айтышпады. Бирок мени олтүрөбүз деп айтышты. Анан Казакстанга сатабыз дешти.

- Алар кимдер болушу мүмкүн?

- Эми алар кимдер экенин билбедим. Үч тилде сүйлөп жатышты. Менин оюмча, алар кыргыз менен өзбекти уруштургусу келген бирөөлөр болушу мүмкүн.

- Азыр укук коргоо органдары келип иликтөө иштерин жүргүзүп жатышабы?

- Башында келип бир сыйра келип иликтеп кетишти. Азыр билбейм башкасын. Анан мени өзү жигити менен качып кетиптир деп маалымат чыгарып алышыптыр. Бирок, мен баары бир чындыгын айта берем. Себеби, коомчулук чындыкты билиши керек. Бул нерсе улана берсе, болбойт. Мени уурдаган кишилер кармалып, жазаларын алышы керек деп эсептейм.

Кубатбек Байболов: Бизге башка көрсөтмө берип жатат

Ирода Зулунованын тагдыры иликтенип жатабы? – деген суроо менен кабарчыбыз Султан Жумагулов Кыргызстандын башкы прокурору Кубатбек Байболовго кайрылды.

- Бизге Зулунова башкача көрсөтмө берип, андай болгон эмес деп жатат, - деди башкы прокурор. – Демек, адамдар өз укуктарына өздөрү кам көрүп, окуяны болгондой кылып айтып бербесе, биз кандай чара көрө алабыз?

“Азаттык”: Укук коргоочулар бери дегенде жети өзбек кыз-келини уурдалып, сабалып, кордолуп, ийне сайылып жатканы тууралу жарыялашты. Бул фактыларды тактадыңыздарбы?

Кубатбек Байболов
Байболов: Тогуз эпизод болгонун Төлөйкан Исмаилова жарыялады. Баарын иликтеп чыктык. Бүгүнкү күндө адам уурдоо боюнча бир гана эпизод катталып, арызы боюнча иш козголду. Милиция тарабынан да, прокуратура тарабынан да териштирип чыктык. Айтылган фактылар башкача болуп чыкты. Далилденген жок. Укук коргоочулар элди дүрбөлөңгө салган фактыларды таркатып, анан биз текшере келгенде көп учурда далилденбей калууда.

“Азаттык”: Милициядан коркуп, башкача көрсөтмө берип жатат деген да дооматтар угулууда.

Байболов: Андай фактылар да болушу мүмкүн. Бирок укук коргоочулар айрым фактыларды абдан чоң глобалдуу көрүнүш катары көрсөтүп, элди дүрбөтүп жатпайбы.

“Азаттык”: Сиз жогоруда бир фактыны айтпадыңызбы. Ал кайсы жерде болгон жана арыз ээси ким?

Байболов: Ошто болгон. Албетте, иш козголуп, териштирип жатабыз. Прокуратура болобу, милиция болобу, бул өңдүү окуялар өзгөчө көзөмөлгө алынып, абдан дыкат териштирилет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG