Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Шариаттын жол-жобосу менен иштеген банктар дүйнөдө жайылууда.

Ислам банктары, башкача айтканда шариат жол-жоболору менен иш алып барган банктар 1970-жылдары пайда болуп, дүйнө жүзү боюнча азыр 300дөй бар. Адистер мындай банктар исламдын жайылуусунан келип чыккан көрүнүш деп аташат.

Дүйнө жүзү экономикалык кризиске кабылганда дал исламдык банктар салыштырмалуу аз чыгым тарткан. Мындан улам жана кардарлардын кызыгуусуна жараша учурда ислам принциби менен иштеген банктар Батышта да кеңири жайылууда.

Ислам банктарынын негизги принциби - үстөк акча албоо. Шариатта уруксат делген жана дүйнөдөгү ислам банктары үчүн бекитилген мушарака, мудараба, кард ул-хасан деген жана башка киреше табуу жолдору менен иштешет. Мисалы, ипотекага мүлк алсаңыз, арзан сатып алып, сизге кымбат сатат. Бизнесте болсо кардарга каражат берип, анын иштеп тапкан кирешесин алат.

Кыргызстанда алгачкы ислам банкы 2006-жылы түзүлгөн. Пилоттук долбоор катары түзүлгөн “Эко Исламик банкы” өлкөдө азырынча жалгыз. Бирок жакында ислам мыйзамдарына баш ийген мекемелер пайда болушу мүмкүндүгүн Улуттук банктын адиси Мирбек Абдубачаев билдирди.

- Азыр исламдык каржылоо принциптерин жайылтуу боюнча пилоттук долбоор аяктоо алдында турат. Ошондой эле исламдык банктар жана исламдык бөлүмдөрү бар банктардын ишмердиги тууралуу укуктук база даяр. Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ал долбоордо мекемелердин ислам принциби боюнча иш жүргүзүүсү тууралуу да айтылган.

Пилоттук долбоор аяктагандан кийин аймактарда исламдык финансы компанияларын ачып, борборун Бишкекте жайгаштыруу пландалып жатат. “Эко исламик банкы” 2010-жылдан бери мыйзамга ылайык, Каржы жана Экономика министрликтердин башкаруусунда. 2010-жылы банктын башкаруучу комитетинин мөөнөтү бүткөн. Министрликтер комитетти кайра түзүп, ишти аларга өткөрүп бериш керек, бирок бул азырынча токтоп турат.

“Экобанк” ачык акционердик коому “Эко Исламик банкы" болуп кайра түзүлгөндөн бери эмне өзгөрдү, кардарларынын санында айырма барбы? Бул суроого банктын кызматкерлери жооп бербегендиктен анын кардарларына кайрылдык.

15 жылдан бери насыя алып бизнес кылган Марат Тургунбай уулу банк өзгөргөндөн бери ал менен 3 жолу иштешкен. Кадимки банктар менен ислам банкынын айырмасын ажыратып берди:

- Мурдагысында каражатты төлөй албай калсаң, күрөөгө койгон мүлкүңдү алып койчу. Азыр андай эмес, банк өзү кирешеден алат, пайданы биз банк менен бөлүшөбүз.

"Азаттык": Эгер банктан алган акчаны сиз такыр кайтарып бере албасаңыз кандай болот?

- Андай болбойт.

"Азаттык": Акчаны алып той өткөрүп, баарын жок кылып койсочу?

- Ага банк жол бербейт, анткени акчаны колуңа албайсың. Банк кардарга товар гана сатып берет. Чогуу иштешип, түшкөн каражатты бөлүшөбүз.

Мындай банктардын бизнестен киреше түшсө да, түшпөсө да үстөк алууга башка банктардын мыйзамындай мыйзамы жок. Кардардын ишинин өнүгүшүнө кызыкдар. Бирок бул банктан насыя алгандар деле күрөө коюуга мажбур. Муфтияттын жаңы түзүлүп жаткан Ислам экономикасын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Талант Керимбаев:

- Биздин бул “Эко Исламик банкынын” ички эрежелери бар, ички сырлары бар. Бирок шариаттын мыйзамдары менен иштеп жатабыз деп расмий жарыя кылышкан. Ал жерде чындыгында шариатта уруксат берилген тармактарда иш алып барып жатышат. Азырынча биз алардын кандай иштеп жатканын ичине кирип текшере албайбыз. Жакын арада ушул нерсени жасаганга аракет кылып жатабыз. Анткени кардарлар “бул банкта да кемчиликтер бар” деп бизге арызданып жатышат.

Ислам банкы насыяны кардардын бизнес планын тыкыр текшерип туруп берет. Мисалы, алкоголдук ичимдиктер, тамеки бизнесине же башка арам деп эсептелген иштерге каражат бөлүнбөйт. Ислам банктары кардарлар менен диний өзгөчөлүгүнө карап мамиле кылбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG