Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Атамбаев референдумду колдоого чакырды


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев эгер референдум колдоо тапса, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө кеңири жол ачыларын айтты. Мындай пикирин бүгүн алдыңкы студенттерге стипендия тапшыруу аземинде белгилеп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө эл “макул” деп добуш берсе, өлкө ишкерлер үчүн “бейишке” айланарын билдирди.

Мамлекет башчы 26-октябрда Кыргызстанда жаңы ишке киришкен чет элдик тогуз элчиден ишеним грамоталарын кабыл алып жаткан кезде да ушул өңүттө сүйлөгөн болчу.

Бийлик референдум өткөрүүнү 11-декабрга пландап жатат. Бүгүнкү жыйында Атамбаев ал сөзсүз өтөрүн, антпесе башкаруу системасы туура эмес жакка багыт алып кетиши мүмкүн экенин айтты.

Студенттерге президенттик стипендия тапшыруу аземи мамлекеттик резиденцияда өтүп жатат. Ал үчүн сынак жарыяланып 27 окуу жайдан 159 талапкер түшкөн. Алардын арасынан 61 студент жеңүүчү деп табылган. (SE/BA)

XS
SM
MD
LG