Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

25 жыл илгери Кыргызстанда алгачкы Ысык-Көл шеринеси өтүп, ага дүйнөлүк абройу бар, салабаттуу инсандар чогулган. Аны негиздөөчүлөрдүн бири, илимпоз, ойчул, акын, дипломат, ЮНЕСКОнун мурдагы жетекчиси Федерико Майор ошол шерине кандайча уюштурулуп, анда кандай сөз болгонун эскерет.

1986-жылдын октябрь айында Чыңгыз Айтматовдун жеке чакыруусу менен Ысык-Көлгө атагы дүйнөгө тараган маданий ишмерлер, жазуучулар, ойчулдар келишкен. Ошондо СССРдин аймагында биринчи жолу ушундай абройлуу чет өлкөлүк ишмерлер чогулган. Ысык-Көл шеринесинин негиздөөчүлөрүнүн бири - илимпоз, ойчул, акын, дипломат, Испаниянын мурдагы билим берүү министри, Рим клубунун мүчөсү, Дүйнөлүк илимдер академиясынын мүчөсү Федерико Майор. 1987-жылы ал ЮНЕСКОнун Башкы директору болуп шайланып, бул кызматты 1999-жылга чейин аркалап келди.

Профессор Майор Гренада университетинин ардактуу президенти. Ушу тапта ал "Тынчтык маданияты" фондун жана өлүм жазасына каршы эл аралык комиссияны жетектейт. Биз Мадрид менен телефондон байланышып, профессордон Ысык-Көл шеринеси жөнүндөгү эскерүүлөрү менен бөлүшүүнү өтүндүк.

- Майор мырза, 25 жыл илгери сиз Ысык-Көл форумуна кандайча катышып калдыңыз эле, Чыңгыз Айтматов өзү чакырды беле сизди?
Москвадагы АПН кабар агенттиги Ысык-Көл форуму жөнүндө жазып, “Шерине – жаңыча ой жүгүртүүнүн көк тамыры” деп жазганы эсимде. Менимче, бул – абдан туура айтылган сөз.


- Ооба, ошондой болгон. Айтматовдун айланасына көптөгөн чыгаан адамдарды чогултуу касиети бар болчу. Ага чейин “Кылым карыткан бир күн” романы чыгып, баарыбыз ага жогору баа бергенбиз. Анан "Ысык-Көлгө келгиле" деген чакыруу алганда америкалык жазуучу Артур Миллер: “Бул Айтматов абдан кызыктуу, оригиналдуу адам экен”, - деп мага айтканы эсимде. Мен анда: Ооба, мен аны анча жакшы тааный элекмин, бирок алысты көрөгөчтүк менен ойлой билген, келечекке кайдыгер карабаган адам, - деп жооп бергемин.

Москвадагы АПН кабар агенттиги Ысык-Көл форуму жөнүндө жазып, “Шерине – жаңыча ой жүгүртүүнүн көк тамыры” деп жазганы эсимде. Менимче, бул – абдан туура айтылган сөз. Ошол кезде СССРге чакырып, көз караштарыбызды эркин билдирүүгө, эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде, чынын айтсам, абдан таң калгам. Мен нейробиохимик болуп иштеп турган кезимде ага чейин СССРге бир нече жолу барып кеткем. Сөз эркиндиги канчалык чектелгенин, көп нерселер ачык-айкын айтылбасына өзүм күбө болгом. Ошондуктан оюбузду ортого салуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн түшүнүп турдук. Сиз билгендей эле, Ысык-Көл алгачкы кадам болгон. Кийин биз дагы 5 ирет жолугушканбыз. Алардын бирин мен Гранадада уюштурганмын.

Ысык-Көл форумунун катышуучулары Федерико Майор (солдо) менен Афеверк Текле - эфиопиялык маданий ишмер. Сүрөт "Ысык-Көл форуму" деген китептен алынды. Сүрөттү тарткан А.Токбаев, 1986-жыл

Ысык-Көл форумунун катышуучулары Федерико Майор (солдо) менен Афеверк Текле - эфиопиялык маданий ишмер. Сүрөт "Ысык-Көл форуму" деген китептен алынды. Сүрөттү тарткан А.Токбаев, 1986-жыл


- 1986-жыл - кайра куруунун алгачкы жылдары эле. Ошондо өзгөрүүлөрдүн деми сезилип турду беле?

- Албетте, СССРдин башына анда Михаил Горбачев келген. Айтматов менен мамилеси абдан жакшы болчу. Айтматовго Форумду каалагандай өткөрө бер деп айтылган. Ошол эркиндиктен пайдаланып, жалаң СССРге каршы ойлорун жаадырып, ага альтернативаны кабыл алганын айтып отуруп алса болот эле да. Бирок Айтматов "чү" дегенде эле өз сөзүндө жаңыча ой жүгүртүүгө басым жасаган. Менимче, Айтматовдун ошол салымы өзгөчө зор болгон. Форумга чакан топ, көп болсо 14төй эле киши чогулган, бирок бардыгы таанымал, абройлуу, салабаттуу инсандар болчу.
Жалпы кыргыздардын, анын ичинде Чыңгыздын ал кезде эңсегени, албетте, жаңы башталыш эле. Ал киши жогору жактан таңууланган жабык системанын, жымжырттыктын доору аяктап баратканын түшүнүп турган.


Индиялык Нарайяна Менон, Рим клубунун төрагасы Александр Кинг, кубалык Лисандро Отеро, Нобель сыйлыгынын лауреаты, франциялык жазуучу Клод Симон, Италиядан маданий ишмер Аугусто Форти, АКШдагы эң белгилүү футуролог Олвин Тофлер, жердештери жазуучу Жэймс Болдуин жана актер Дэвид Болдуин, британиялык актер жана жазуучу Питер Устинов, эфиопиялык сүрөтчү Афеверк Текле, түрк жазуучусу Яшар Кемал, дүйнөлүк масштабда таанылган АКШ жазуучусу Артур Миллер, досум Зулфу Ливанелли Түркиядан. СССРдин бир топ таанымал маданий ишмерлери да бар болчу. Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга, Ысык-Көлдүн жээгине ошол замандын чыгаан адамдарын чогулткан.

- Шериненин катышуучулары Москвада СССР коммунисттик партиясынын баш катчысы Михаил Горбачев менен жолугушуу жөнүндө макулдашып, сиз бардыгынын атынан телеграммага кол койгонсуз. Кремлдеги жолугушуу кандай өттү эле?

Ысык-Көл форумунун катышуучулары Зулфу Ливанели - түркиялык обончу-ырчы (солдо), Чыңгыз Айтматов жана Федерико Майор (оңдо). Сүрөт "Ысык-Көл форуму" деген китептен алынды. Сүрөттү тарткан А.Токбаев, 1986-жыл

Ысык-Көл форумунун катышуучулары Зулфу Ливанели - түркиялык обончу-ырчы (солдо), Чыңгыз Айтматов жана Федерико Майор (оңдо). Сүрөт "Ысык-Көл форуму" деген китептен алынды. Сүрөттү тарткан А.Токбаев, 1986-жыл


- Горбачев бизди кабыл алганда, отчетуңарга рахмат, эми сиздер менен баарлашкым келет деди. Чоң тегерек үстөлдүн айланасына отургузуп алып, сиздердин ой-пикирлериңерди, көз караштарыңарды Советтер Союзундагы терең өзгөрүүлөрдү ишке ашырганда пайланангым келет деди. Мен үчүн ал чоң тажрыйба болгон. Ошондо мен биринчи жолу Роза Отунбаева менен таанышкам.


- Горбачев менен жолугушууда сиз карапайым адамдар менен баарлашуу – бул алардын үмүттөрүн билүүнүн жападан жалгыз жолу деп айткансыз. 25 жыл илгери кыргыздардын ой-мүдөөлөрү кандай эле?

- Жалпы кыргыздардын, анын ичинде Чыңгыздын ал кезде эңсегени, албетте, жаңы башталыш эле. Ал киши жогору жактан таңууланган жабык системанын, жымжырттыктын доору аяктап баратканын түшүнүп турган. Кыргыздар ачык коом түптөөгө, өз өлкөсүн башка өлкөлөргө ачууга, алар менен мамиле курууга умтулуп жатышкан. Бирок социалисттик системанын альтернативалары мыкты деп атоодон алыс эле. Теңдикке негизделген советтик система эркиндиктерди унутуп койгон. Ал эми эркиндикке таянган капитализм теңдикке көңүл бурчу эмес.

- Форумга катышкандан көп узабай - 1 жылга жетпей сиз ЮНЕСКОнун башкы директору болуп шайлангансыз. Ысык-Көл сиз үчүн ак жолтой болду десек болобу?
Ысык-Көлдө СССРдин элине, алардын арасында кыргыздарга улуу өзгөрүүлөрдүн мезгили келди деген ишара бергибиз келген.


- (Күлүп) Эч качан ойлонбоптурмун, балким, ошондой болгон. Чынында эле мага кайра курууга, айкындуулукка салым кошуу, Советтер Союзунун дарбазасын сырткы дүйнөгө ачуу, бул багытта кеп кеңештерим менен көмөктөшүү, Берлин дубалынын кыйрашына күбө болуу мүмкүнчүлүгү берилген. Ушул окуяларга аралашуу жолум сиз айткандай, Ысык-Көлдөн башталган. Балким, чын эле Ысык-Көл мен үчүн өзүнчө бир талисман болуп берген.

- Ысык-Көл сиздин жүрөгүңүздөн, же оюңуздан түнөк таба алдыбы?

- Ооба, көбүнесе менин оюмда. Муну чечмелеп берейин. Мен – илимпозмун. Кээде эмоциялар реалдуулукка баа берүүгө, алардын масштабын шашпай аңдап түшүнүүгө, окуяларды өзгөртүүнүн ыкмаларын ойлонуштурууга тоскоол болот. Мен болсо окуяларды терең анализдөөгө, ой-жүгүртүүгө, аларды өзгөртүүнүн жолдорун издөөгө ыктаган адаммын. Ысык-Көлдө СССРдин элине, алардын арасында кыргыздарга улуу өзгөрүүлөрдүн мезгили келди деген ишара бергибиз келген. Ошону оюман чыгарган эмесмин. Бул жагынан алганда, балким, Ысык-Көл мен үчүн эмоционалдык эмес, көбүнчө интеллектуалдык илхамдын булагы болгон.

Ошол кезде түшкөн сүрөттөрүбүздү азыркыга чейин сактап жүрөм. Ысык-Көлгө чогулган улуу инсандарды карап отуруп, 1986-жылкы кездешүүнү көп эстеймин.

Майор: Ысык-Көл форуму жаңылануунун башаты
(Маектин аудиосун бул жерден угуңуз)


- Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева быйлы мартта ЮНЕСКОго барганда Ысык-Көл форумун жандандырууну сунуш кылган. Ысык-Көл форумун Айтматовсуз элестете аласызбы? Ансыз өткөрүү мүмкүнбү?


- Ооба, Айтматовду абдан жоктойбуз. Бирок анын артында чыгармалары, даанышман сөздөрү, ой-толгоолору калды. Форумдун мүчөлөрү 5 жолу чогулганбыз. Ошол жолугушууларда сүйлөгөн сөздөрү дале эсмиде. Айтматовду кийин Ысык-Көл форумунан тышкары да көрүп жүрдүм. Манастын миң жылдыгы белгиленгенде мен Кыргызстанга баргамын. Адам өлгөндөн кийин катарыбыздан кетет, бирок анын жарык нуру, жасаган иштери түбөлүккө калат. Андыктан, менин жообум – ооба, форумду Айтматовсуз өткөрсө болот. Ал киши биздин кайра кездешип, ошону менен ага сый урматыбызды билдирүүбүзгө татыктуу. Айтматов арабызда жок болсо да, жазган, айткандарын ар бирибиз жүрөгүбүздө сактап жүрөбүз.
Ысык-Көл мен үчүн өтө маанилүү баскыч болгон. Шеринеден кийин Кыргызстан бизге жакын жана сүйүктүү өлкөгө айланды.


- Сиз чакыруу алсаңыз, Кыргызстанга кайра келүүнү каалайсызбы?

- Ооба, мен даярмын. Бирок иштерим абдан көп. Алдын ала кабардар болсом, албетте, барамын. Бая күнү президент Роза Отунбаева менен сүйлөшкөнүмдө Кыргызстанга дагы баргым келет дедим. Ушу тапта өлүм жазасына каршы дүйнөлүк комиссияны да жетектеймин.

- Сыр болбосо Отунбаева менен эмне жөнүндө сүйлөштүңүз?

- Мен аны куттуктап, ар дайым жардам берүүгө, колдоомду билдирүүгө даярмын дедим. Бирок көбүнчө Роза Отунбаеванын жаңы демилгесин талкууладык. Ал - балдарды коргоо боюнча глобалдуу долбоор. Мен мындай демилгени колдоймун, биздин дүйнөлүк масштабда иштөө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Күнүнө дүйнөдө 60 миңдей киши, алардын 35 миңдейи – балдар ачкачылыктан көз жумганы мен үчүн абдан өкүнүчтүү көрүнүш. Ошондуктан дүйнөлүк масштабда маалымат алмашуу, балдарга шашылыш жардам керек болгондо кабардар кылып туруу үчүн тилектештик байланыштарын түзүү жакшы идея деп ойлоймун.

- Сиз эки жакка көп саякаттаган, белгилүү адамсыз. Чынын айтсам, Ысык-Көл форуму кыргыздар үчүн чоң окуя болсо, сиз жана шериненин калган катышуучулары үчүн ал жөн гана кезектеги кадыресе жыйын болгон деп ойлоп жүрдүм эле. Сиз менен сүйлөшүп отуруп Ысык-Көлдү чындап эле көп эстээриңизге ынандым...

- Билесизби, Айнура, Ысык-Көл жөнүндөгү эскерүүлөрүм бүгүнкү күндүн эскерүүлөрү. Жашоодогу айрым окуялар эч качан эсиңден чыкпайт. Сиз өзүңүздү ошол окуяларга ылайыктап алып жүрүүгө, күнүмдүк турмуштагы иш-аракеттериңиздерди, ойлоруңузду ошол окуяларга карап түздөөгө аракеттенесиз. Мен азыр колумда ошол кездеги гезитти кармап отурам. 22-октябрь, 1986-жылы жарык көргөн гезитте Коммунисттик партиянын башкы катчысы Михаил Горбачев биздин топту кабыл алганы жазылган. Горбачевдон кийин Айтматов бардыгыбыздын атынын 20 мүнөтчө форум жөнүндө айтып берген, анан сөздү мага узаткан.

Мен Айтматовдун айткан ойлорунун айланасында сөз кылгам. Кийин кезек Александр Кингге өтүп, ал алдыбызда турган “жаңы парадигмалар” тууралуу айткан эле. Артур Миллердин дээрлик ар бир сөзү эсимде калды. Көрдүңөрбү, Ысык-Көл мен үчүн өтө маанилүү баскыч болгон. Шеринеден кийин Кыргызстан бизге жакын жана сүйүктүү өлкөгө айланды. Эскерүүлөрүм менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергениңерге мен абдан кубанычтуумун.

- Майор мырза, сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG