Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04
Көгүлтүр Ысык-Көлдө жок эле дегенде бир жолу болгондурсуз? Эгер бара элек болсоңуз, анда бир күнү барарыңызга ишенем. Бирок бүгүнкү сөз Көл эмес, куштар жөнүндө болмокчу.

Көлдөгү жайкы сезондо эс алуучулар кызыгып, сүрөткө жана видеого түшкөн куштардын тагдыры күн салкындап, кыш келгенде эмне болорун баарыбыз эле биле бербесек керек. Ал эми аларды, дегеле кайдан алып келип, кантип багышат? Муну да билбегендер четтен табылат.

Көлдө азыр жайкы сезон башталды. Чоң кишилер гана эмес, өспүрүм балдар да киреше тапчу убак. Айрыкча түрдүү куштарды жана канаттууларды колуна кондурган тестиер балдардын күнү тууган кез. Жээкти айланып, эс алуучуларга сүрөткө түшүүнү сунуштап жүрүшөт. Өтө сейрек учураткан, а балким биринчи жолу көрүп жаткан куш менен сүрөткө түшүүдөн ким баш тартсын?

Биздин айыл көл жээгине жана курорттук эс алуу жайларына жакын болгондуктанбы, айылда мен билгенден эле жыйырмадан ашык өспүрүм куштардын "кызматын" сунуштап, жайлай акча табууга кынык алган. Аларды айылда “кушчандар” деп чакырышат.

Айталы, 16 жаштагы Нурбектин куш менен иштеп жүргөнүнө туптуура үч жылдын жүзү болду. Колундагы кушун балапан кезинде тоодон алып келген. Мунун да жөнү бар. Көрсө, балапан кезинде куш колго бат көнүп, тил алчаак болот экен. Анан тез чоңоюп, бат эле акча табуу "булагына" айланат тура.

Акыркы убакта Көлдө бүркүт, ителги, жамансары, жагалмай, күйкө, үкү баккандар басымдуу. Мына ушул куштардын баары балдардын “олуттуу бизнесинин кыймылдаткычтары”.

Быйыл Нурбек жайкы сезондо иштегени жагалмай менен күйкөсүн алып чыкты. Бир күн кечке көлдү айланып, жок дегенде 1000 сомдой акча табат. Кыргызстанда бир күндө жүз сом таппаган адамдар бар экенин эске алганда, Нурбектин ишин кантип олуттуу деп айтпайсың?!

Эми бул балдар кардарларды кызыктыруунун миң түркүн амалын өздөштүргөн. Айталы, Нурбек кээде күйкөсүн “ителги” деп тааныштырат. Куштарды айырмалай албаган шаардыктар жана чет элдиктер аны кайдан билсин, кызыгып, сүрөткө түшкөнүнө маашыр. Ким билет, балким алардын арасында “мен ителги көрдүм” деп мактанып жүргөндөрү да бардыр. Ал эми ителги - бул “шумкар сымалдуулар” тукумундагы кыраан куштардын сейрек кездешкен бир түрү. Кыргыздар, адатта аны аңчылыкта жана улуттук оюндарда колдонуп келишкен.

Нурбек бизнес кылганды гана эмес, кушту кантип багышты да кыйын өздөштүргөн. Дээрлик күн сайын жаңы союлган малдын этин берип, кээде таранчы же көгүчкөн менен сыйлайт. Күнүнө эки маал эт жеген оңойбу? Бир куштун бир күндүк тамак-ашына кеминде 100-200 сом кетет.

Базарда эт саткандар да "кушчандарды" таанып бүткөн. Малдын өпкө-боор, ич эттерин арзан баада кармата салышат.

Биздин айылда сейрек канаттуулар жана куштар менен иштегендердин көбү, жогоруда белгилеп кеткендей окуучу балдар. Жайкы каникулда бош отурбастан, кээ бири үй оокатына каралашса, көпчүлүгү ушул куштар менен, атүгүл эшегин зебра кылып боёп, такыйларынын кулактарына, моюнуна бантик менен коңгуроо тагып, кичинекей эс алуучуларды кызыктырган учурларын да көрүп жүрөбүз.

Акча табайын, иштейин деген “жоокерлерди” ата-энеси бир сындырым нан менен жармасын белине таңып, таң эрте жээкке жөнөтөт. Маселен, Берметкан апа кичинекей небереси Такуну күн сайын ушинтип узатат.

Таку өңдүү кушу менен сүрөткө түшүүнү сунуштап, өз кийимин өзү таап, ал турсун үйүнө мал-мүлк сатып берип, ата-энесин кубандырган тырмактай балдар көп. Куш менен сүрөткө түшүү баасы 50 сом. Ошондо бир күндө 10 кишиден 500 сом алса, сезон кызыган маалда канча киреше табаарын эсептеп көргүлө. Кээ бир балдар кушунун канатын ар кандай түскө боёп алышкан. Анткени, канатын жайып сүрөткө түшкөн кезде, ал бир өзгөчө көрк берип турат.

Куш менен иштеген балдардын ата-энелери аларды иштетип коюп эле карап отурат деген да туура эмес. "Балам, иштебей эле койсоңчу” дегендер деле бар. Бирок ал сөздү кулак кырынан кетирип, жан досундай куштарын колтугуна кысып, өз киндигин өзү кескен балдар үчүн жылдын бул мезгили бөтөнчө кызык.

Бирок... Бирок куштар киреше алып келип жатканы менен алардын саны күн сайын азайып жатканын да айтпай кетпесек болбостур.

Эки айдан кийин сезон бүтөт. Күн салкындап, жергиликтүү эл жыйын-терин менен алек болот. Мына ошондо киреше алып келген куштар кандай күнгө тушугат? Аларга жайкы саратандагыдай көңүл бурулабы?

Кышы менен куштарды бага алганы, бага албай өлтүрүп алгандары да бар. Бир сөз менен айтканда, ар бир куштун тагдыры ар башка. Белгилеп кетүү керек, мурдагы жылдарга салыштырмалуу биздин айылда кушту кышкы сууктан аман алып калгандардын саны көбөйдү. Айрыкча, бүркүт, жамансары жана жагалмай өңдүү куштарды бапестеп, түйшүгүнө карабай кышы менен багып чыккандар бар. Аларга айылдагы кадырлуу аксакал, 95 жаштагы Курман ата куш багуунун сырларын үйрөтүп, кеп-кеңешин берип келет.

Кез-кезде "мүнүшкөр" балдарды чогултуп алып, “жакшы баккыла, эгер карабай, өлтүрүп алсаңар күнөөгө батасыңар” деп эскертип турат.

Албетте, Курман атанын сөзүнө күмөнсүз ишенген “кушчандар”, кандай гана болбосун канаттууларды аман алып калуунун аракетин көрүшөт. Анткен менен беш кол тең эмес да, белгилүү убакытка чейин гана багып, күн сайын эт берүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан кушун эркиндикке коё бергендер да бар. Бирок куштар балапан кезинен тамакты талаа-түздөн эмес, адамдын колунан жегенге көнгөн да. Анан алар кантип өз алдынча курсагын тойгуза алсын? Ошол себептүү кээ бирлери эркиндикке чыкканда ачкасына чыдабай өлүп калат деп угуп жүрөбүз.

Акырында, албетте “кушчандардын” да иши токтобосун, ошол эле кезде куштар да өлбөсүн дегиң келет.

Элзат БУРГАНАК кызы,
Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG