Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:16

Мындан үч жарым ай мурда Түп районундагы төрөтканада чарчап калган ымыркайдын жакындары ак халатчандарды жазага тартуу талабын коюшууда.

Өткөн жылдын 25-ноябрь күнү Түп райондук төрөтканасында жарык дүйнөгө келген ымыркай ден соолугуна байланыштуу Каракол шаардык балдар ооруканасына которулуп, ал жактан чарчап калган.

Ымыркайын жоготкон Мадина Муратбекова баланын өлүмүнө төрөттү кабыл алган акушер-гинеколог Назгүл Рысбаеваны күнөөлөп жатат. Келин баласынан ажыраганы бир тең болсо, дарыгерлердин жоопкерчиликтен качканы бир тең болгонун айтты:

- Баланы текшеришкени аз келгенсип, мен да анализ тапшырдым, баары таза чыкты. Эмнеге экенин билбейм, мени Караколго которуп атканда Назгүл Рысбаева дагы анализ тапшыртты. Көрсө баланы эбак эле жайлап коюп, өзүнүн күнөөсүн жабуу максатында диагноз койгону жатыптыр. Азыр анализдер тууралуу айтсак, танып атат.

Мадина Муратбекова ортодо

Мадина Муратбекова ортодо

Мадина Муратбекова ымыркайынын өлүмүнө төрөткө чейин жетиштүү көңүл бурулбагандыгы себеп болду деп эсептейт:

- 2015-жылдын 24-ноябрында толгоом башталды. Күндүзгү саат 11лерде төрөт үйүнө келдим. Ачыгын айтсам, мени жакшы кабыл алышкан жок. "Ай толгоо экен" деп коюшкандыктан, кайра үйгө кеттим. Ошол күнү кечинде чыдабай калдым, кайра төрөт үйүнө алып келишти. Толгоо токтоп калды, көрсө суу кете берип түгөнгөн экен. Капельница куюшту, анда да толгоо келген жок. Ошентип эки укол сайгандан кийин кыз төрөдүм. Ичтен убагында чыкпагандыктан бала суу жутуп алган дешти.

Чарчап калган ымыркайдын энеси айыптап жаткан дарыгер Назгүл Рысбаева учурда эмгек өргүүсүндө экен. Телефон аркылуу байланышканда, ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүнү каалаган жок:

- Мен эч кимге комментарий бербейм. Кечирип койчу, аябай ооруп атам.

Түп райондук ооруканасынын башкы дарыгери Бермет Асанбекова доомат артылып жаткан Назгүл Рысбаевага тажрыйбалуу дарыгер катары баа берди. Ал дарыгер бала тууралуу жетекчиликке убагында айтпаганы гана бетине чиркөө болду деп эсептейт:

- Дарыгердин бир күнөөсү - бала жарыкка келери менен эле "мындай төрөлдү" деп бизге кабарласа болмок. Денесинде кара тактар бар болчу, атасы киргенде карай албай чыгып кетти деп жатышпайбы. Эгер биз бул тууралуу убагында билгенде, эне-баланы облустук ооруканага кечиктирбей жибермекпиз.

Учурда ымыркайдан өлүмү боюнча кылмыш иши козголо элек. Анын себебин облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электиги менен түшүндүрдү:

Түп райондук ооруканасы

Түп райондук ооруканасы

- Түп райондук прокуратурасы менен биргеликте Бишкек шаарында көз карандысыз эксперттер менен соттук-медициналык экспертизаны өткөрүү боюнча тийиштүү иш кагаздары даярдалган. Бүгүнкү күндө анын тыянагы чыга элек. Ошол себептүү бул факт боюнча Түп райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыш иш козголбой турат.

Ысык-Көл облусунда өткөн жылы ымыркайлардын чарчап калуусу көп катталган. Облус жетекчисинин социалдык тармак боюнча орун басары Рита Борбукееванын “Азаттыкка” билдиришинче, 2015-жылдын 12 айында 11 миң 250 бала төрөлгөн. Алардын ичинен 175 наристе чарчап калган. Балдардын өлүмү көп катталган аймактар катары Каракол, Балыкчы шаарлары жана Тоң району эсептелет. Алардын ичинен 108 наристе төрөт үйүндө чарчаган.

Ак халатчандар балдар өлүмүнүн негизги себептерин боюнда бар аялдардын каттоого кеч турушу, өнөкөт оорулары бар аялдардын патология менен төрөшү, аз кандуулук оорусунун күчөшү жана УЗИлердин сапатынын начарлыгы менен байланыштырат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG