Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

“Асел деген менмин”


"Журтташтар" рубрикасына Италияда жашаган 2 кыргыз кыз кат жазып, Асел аттуу аялдан кордук көргөнүн баяндаган эле. 24-ноябрда өзүн "Мен Аселмин" деп тааныштырган аял "Азаттыктын" Бишкек студиясына келди.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:




"Азаттык": Биздин үналгыга Италияда жашаган эки кыргызстандык кыздын каты чыгып, алар Асел аттуу аялды айыпташкан эле. Сиз "Асел деген менмин" деп мойнуңузга алып, өзүңүз "Азаттык" менен байланыштыңыз. Дароо эле "Асел менмин" деп чыгышыңызга эмне себеп болду?

Асел: Мен буга чейин макаланы үналгыдан уккан эмесмин. Апама бирөө айтыптыр, ал мага айтканынан ишенген жокмун. Италияда тааныштарым бар, ал жакка чалсам, "Асел, сага байланыштуу ызы-чуу болуп атат, интернеттен карасаң" деди. Интернетке жүгүрүп барып карасам, чын эле "Журтташтар: Аселден сак болгула" деген ат менен чыгыптыр, ар кандай нерселер жазылыптыр. Мен окуп алып шок болдум.

Мен 2005-жылдан 2009-жылга чейин Италияда иштеп келгем, мен да фирма аркылуу кеткем. Ал жактан бирөөнүн үйүн жыйнап, карыларды, же балдарды багып гана иштешет. Ал жакта кыргыздар аябай көп.

Гүлнара Арыкбаева деген жазыптыр, ал Италияга менден биринчи барган, барганына 10 жыл болду. Эгерде чындап эле ал жакта кыйналып, жүдөп атса бир туугандарын, жоро-жолдошторун эмнеге чакырат? Андай кыйын экен, бул жакка келип, балдарынын, жолдошунун жанында болбойбу.

"Азаттык": Шеринеге жазгандардын айрымдары "көптөгөн кыргызстандык кыз-келиндерди жөнөтөсүз" деп айтышкан. Кандай жол менен жөнөтөсүз, фирмаңыз барбы?

Асел: Мен жолдошум менен Италиядан машина алып келем, документтер бар. Италиядан тааныштар чалышат, "Асел, сен иштеп келгенсиң, жолду билесиң, биздин кыздар кыйналып атат, сен алып келе аласыңбы" дешет. "Болуптур, мен алып барайын, бирок мага фирманын эле акчасын бересиңер" дейм.

"Саякат туризм" деген фирмада бир кыз виза ачып берет. Анан ал жакка барат. Баргандан кийин поезд менен алып кетет. Акча төлөбөй койот дегендин баары калп. Мен өзүм деле акча жок болуп калса Москвага чейин, андан ары Литвага чейин поезд менен барам. Андан ары машина менен кетем.

"Жолго акча алат" деген да калп. 50 евродон азык-түлүккө чогултабыз. Мен ай сайын кыздарды алып барбайм. Мен сырттагы эле кыздарды жүр, Италияга алып барам, жыргайсың дебейм, алар дароо макул болуп кетип калгандай мал эмес да.

"Азаттык": "Фирманын эле акчасын төлөп бергиле" деп айтам дедиңиз. Бул эмне болгон акча, канча төлөш керек?

Асел: Визанын өзү 1100 евро, анан жолуна төлөшөт, билетти бул жактан алабыз, бир адамдын жетиши 2100 еврого чыгат. Мисалы, бир кыз "түрмөгө да түштүм, акчаны кыйналып бере албай койдум" деп айтыптыр. Бул кыздын тарыхын башынан айтып берейин. Тайакем Арыков Эркин дегендин баласы бар, анын жубайы Нуркыз мага келип Жылдыз аларда бала кароочу болуп иштегенин айтып, "эжем абдан кыйналып атат, эки баласы бар, Италияга жеткиресиңби, акчасы жок" деди. Макул болдум.

Мен бутуна туруп кетсин дедим да, жамандык каалаган жокмун. Акчасын мен берейин дедим. Ошол учурда мен жок болуп, ал кыз процентке акча алып, эжеме келиптир. Эжем "эмне үчүн процентке акча алдың, Асел алып барам дебедиби, болду да" деп айтыптыр.

Ал кыз Италияга жетти, иштеди, "биринчи айлыгыңды үйүңө сал" дедим. Ал акчаны үйүнө жөнөтпөй, гитара сатып алыптыр. "Кыйналып келбедиң беле, эмнеге гитара аласың" деп мындан бир жыл мурун телефон аркылуу айткам.

Ал жактан эмне болуп түрмөгө отурганын билбейм. Түрмөгө кармалганда, апасы мага ыйлап чалды, мен жардам берүүгө макул болуп, жардамымды үзгөн жокмун. 1-2 айдан кийин ал кыз документ алып чыкты. Андан кийин үйүнө акча салып атты. Үйүн заңгыратып салып, мал алышты. Быйыл ал кыз келди, мен ага барып, "карыз акчаны бересиңби" десем, "бербейм" деди. Энеси "мен кийин берем" деп айтты. Коркутпай, болуптур деп кеттик. Эгерде Италия жаман болсо кайра кетет беле?

"Азаттык": Сайтта бул маселе аябай талкууну жаратып атат. Мындан кийинки кадамыңыз кандай болот? Италияга алып бар деп сурангандарды өзүңүз акча төлөп, дагы эле алып бара бересизби?

Асел: Эми Италияга алып бар дегендерди эч качан алып барбайм. "Адамга аш ыргытсаң, таш ыргытат" деген чын экен.


"Азаттык" үналгысы бардык тараптардын пикири үчүн ачык. Италиядан "Азаттыктын" интернет сайтына келген каттар менен бул жерден таанышса болот.

XS
SM
MD
LG