Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Сөзсүз мекениме салым кошом...


Албетте мен өз өлкөмдүн гүлдөп-өсүшүн каалайм себеби мен бул жарыкка келгенден баштап кичине кезимден бери эле Кыргызстандын атуулумун. Ар бир адам өз мекенинин өнүгүшүн каалайт да ошол сыңары мен деле Кыргызстанга чоң салымымды кошсом деп ойлойм.

Келечек жаштардын колунда демекчи, мамлекетти биз алдыга жылдырышыбыз керек. Эгерде ар бир инсан жер тилкесине жылына үч же төрт мөмө дарак отургузса, биздин жер кандай ажайып керемет болот эле? А.П.Чехов айтмакчы, биз дагы өз жер тилкебизге үч-төрт мөмө дарак тиксек, анда биздин деле жер тилкебиз ажайып кооз болуп калат. Ошондуктан биз бүткүл күчүбүздү жумшап, өз өлкөбүздүн келечегин оңдошубуз керек. Качан гана өлкөбүздүн экономикасы оңолгондо мекенибиз алдыга жылат. Менин улутум кыргыз болбосо да, мен сүйүктүү мекенимдин жаранымын. Мен Кыргызстандын өсүп-гүлдөшү үчүн бүткүл күч-аракетимди жумшап, жардам берем.

Мына силер карагыла биздин жашаган өлкөбүздүн жаратылышын тоолуу өлкө,абасы таптаза айланасы жап-жашыл жана ошондой эле туризмге бай өлкө. Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалаганымдын себеби мен деле өлкөмө салымымды коштум деп ойлойм.

Jasa kg. долбоорунун демилгеси менен биз ошол өзүбүзчө долбоор жазып, өлкөбүздүн аймагына бир көпүрө салдык. Мен муну эл-жерге кошкон салымымдын башталышы гана деп ойлойм.

Келечекте куруучу болгум келет. Бул кесипти тандаганымдын себеби өз мекениме көптөгөн чоң имараттарды жана ошондой эле бала-бакчаларды кургум келет. Сөзсүз өз өлкөмө салым кошом деген аракеттемин. Биринчиден, жакшы окуп, жакшы окуу жайды аяктап анан өз элиме, өз жериме жардам берем. Кыргызстанда алты миллион адам жашайт, алар ар түркүн улуттардан. Кыргыз жери, кыргыз эли менен сыймыктанам. Менин сүйүктүү мекнимде патриоттук сезимдеги жаштар көбөйүп, өз өлкөсүн чексиз сүйсө, биздин мекендин экономикасын көтөрүп, гүлдөп-өсүшүнө салым кошо алат.

Мен кыргыздардын улуттук оюндары менен сыймыктанам. Тогуз коргоол, кыз куумай, улак тартыш, ордо ошондой кыргыздардын улуттук оюндары көп. Өсө бергин эгемендүү Кыргызстан!

Роман Пересетта, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG