Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

"Акыйкат" бийликтен акыйкаттык күтөт


"Акыйкат" гезитинин имараты. Жалал-Абад шаары.
"Акыйкат" гезитинин имараты. Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад облустук коомдук-саясий “Акыйкат” гезитинин жамааты басылма жайгашкан имараттын КТРКнын карамагына өткөрүлүшүнө нааразы болуп, президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.

Учурда “Акыйкат” гезитинин редакциясы Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан. Ал жер 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн токтому менен КТРКнын карамагына өткөрүлүп берилген. Бирок имаратта сегиз жылдан бери иштеп келе жаткан “редакциянын кызыкчылыгы эске алынбай калганын” айткан гезит жамааты бул чечимди жокко чыгарууну суранып жатат.

Гезиттин башкы редактору Арстанбек Якубов ушул жаатта “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Сиздердин басылма жайгашкан имаратты КТРКга өткөрүп берүү боюнча өкмөт токтому 2010-жылы чыккан экен. Эмне үчүн беш жылдан соң бийликке кайрылып жатасыздар?

Якубов: Бул биздин алгачкы кайрылуубуз эмес. 2010-жылдан бери өкмөткө, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө билдирүү жолдоп келе жатабыз. Бирок азырынча андан майнап чыга элек. Ошондуктан, президент, өкмөт башчы жана спикерге да жаздык. Бизге чейин бул имаратта ЖТР (облустук телерадиокомпания) жайгашкан эле. Алар 2008-жылдын май айында башка жакка көчкөн. Арадан эки жарым жыл өткөндөн кийин, 2010-жылы бул эски имарат дагы эле ЖТРге карайт деген негизде мамлекеттик актыны алышкан. Ага чейин документи болгон эмес. Биз жайгашып, бир топ иштеп калгандан соң аларга мамлекеттик акт эмне себептен керек болгонун түшүнбөй турабыз. Андан кийин имаратты КТРКга өткөрүү боюнча токтом чыккан.

“Азаттык”: Ал жерде коомдук каналдын өкүлчүлүгү иштеши керек болуп жатабы?

Якубов: Негизи, мурдатан эле бул жерде КТРКнын бир кабарчысы менен операторуна эки бөлмө каралган. Бирок алар келип иштешпейт. Бөлмөлөр жөн эле турат. Жалпысынан 15 бөлмө бар. Анын баарын бизден тартып алуунун канчалык зарылчылыгы бар, билбейбиз. КТРКнын кабарчылары же келип иштешпесе... Алардын бөлмөлөрү үчүн да коммуналдык төлөмдөрдү биздин редакция төлөйт. 2009-жылдан бери имараттын ички ремонтуна жана башка чыгымдарга 500 миң сомдон ашуун акча сарптадык. Кароолчу жалдап, ага да редакция эсебинен акча төлөйбүз.

“Азаттык”: КТРКнын жетекчилиги менен да бул маселени сүйлөшүп көрдүңүздөрбү? Алар эмне деп жатышат?

Якубов: Жакында Коомдук каналдын башчысы Илим Карыпбеков келген. Бул маселе боюнча өкмөт кандай чечим чыгарса, ошого макул экендигин билдирген.

“Азаттык”: Бийликке кайрылдыңыздар, эми кандай натыйжа күтүп жатасыздар?

Якубов: Редакциянын пайдасына чечим чыгарып беришсе деп үмүтөтүп турабыз. Айтпадымбы, буга чейинки кайрылууларыбызга көңүл бурулган эмес деп. Мунусунда мамлекет башчы же спикерден үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: Эгер токтом күчүндө калып, имаратты КТРК пайдаланышы керек деп чечилсе, анда “Акыйкат” гезитинин тагдыры кандай болот?

Якубов: Азырынча белгисиз. Мамлекеттин саясатын жүргүзүү, облустагы коомдук-саясий абалды чагылдыруу үчүн биздин гезит керек. Кызматкерлерибизди, дегеле редакцияны көчөдө калтырбай, бул маселени чечип беришер деп турабыз.

P.S.: “Акыйкат” гезити Жалал-Абад облустук бийлигинин басылмасы болуп эсептелет. 1993-жылдан бери жума сайын 3000 миңден ашуун нускада чыгат. Учурда редакцияда 20 кызматкер эмгектенет.

XS
SM
MD
LG