Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Орусия Сирия оппозициясын согушкерлерден ажыратууну көздөйт


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы менен бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, Сириядагы байистүү оппозицияны “Ал-Каидага” байланышы бар топтордон ажыратуу маселесин талкууларын билдирди.

Орус маалымат каражаттары кабарлагандай, Лавров Вашингтон жана Москванын ортомчулугу менен жетишилген ок атышпоо келишими дале иштеп жатканын айткан. Ошондой эле Орусия Сирияда тыюу салынган курал-жарактарды колдонбогонун, Москва жайкын тургундарга сокку урду деген дооматтарга далилдерди талап кылаарын кошумчалаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Сириядагы тынчтык келишим боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү токтотууга жакын калганын бейшембиде билдирген. Буга Сирия өкмөтүнүн жана Орусиянын согуштук учактарынын Алеппону бомбалап жатканы себеп болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG