Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Жалал-Абад: террорчулар айттырбай келет


Антитеррордук машыгуу. Жалал-Абад
Антитеррордук машыгуу. Жалал-Абад

Мектептерге ыктымал чабуулдарды алдын алуу боюнча күч түзүмдөрүнүн биргелешкен машыгуусу Жалал-Абадда өттү. Сириядагы терроризм капсалаңы аймакка да коркунуч туудуруп жаткандыктан мындай машыгуулар зарыл дешет адистер.

Ыкчам даярдыктагы аскердик иш-чарага 200гө чукул күч кызматынын өкүлдөрү тартылып, ага миңден ашык жашоочу күбө болду.

Сценарий боюнча 1500дөн ашык окуучу билим алган Сузак районундагы №2 мектепке террордук топтун өкүлдөрү бастырып кирип, 20 окуучу менен эки мугалимди барымтага алышты. Бул арада облустагы күч түзүмдөрү ыкчам даярдыкка келип, өз милдеттерин биргеликте аткарууга киришти. Жарым сааттын аралыгында күжүрмөн даярдыктагы топ барымтадагыларды толук бошотуп, куралчан топту колго түшүрдү.

"Бул аракеттер күч кызматтарынын биргелешкен даярдыгын текшерүү" дейт УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокаев.

- Динди жамынган террористтер бүгүн Сирияда элге каршы согушка катышып жүрүшөт. Бул коркунуч жакында бизге да келиши мүмкүн. Ага каршы туруп, болтурбоо үчүн ушул иш-чараларды өткөрүүдөбүз. Иш-чараны уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги максаты - терроризмге каршы туруктуулукту көрсөтүү. Сценарий боюнча биз өз ара кызматташууну көрсөттүк жана ыкчам топ түзүп, террорчуларга каршы тура алдык. Барымтадагыларды сак-саламат куткарууга биргелешип аракет жасадык.

"Антитеррор-2015" аталышындагы аскердик иш-чарага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Облус жетекчиси Жумагүл Эгембердиева бардык иш- аракеттер өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен жүрүп жатканын айтты:

- Ыктымал коркунучтар тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинде айтып, премьер-министр Темир Сариев күч органдарына катуу тапшырма берди. Терроризм менен күрөшүүдө атайын командалык машыгуу өтүп жатат. Ар кандай коркунучтарга биргеликте каршы турууга кандай аракеттер жасоо керектиги ушул машыгууда аныкталат. Өлкөгө коркунуч жараткан күчтөргө карата даяр турууга каршы бул иш-чаралар бизди күчтөндүрөт. Биз жергиликтүү бийлик да колдон келген аракетти кылып, буларга көмөк көрсөтүүбүз абзел.

Жыл башынан бери диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында укук коргоо органдары тарабынан облус аймагында 320дан ашуун түрдүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мектептерде болсо ушул багытта тарбиялык сааттар өткөрүлүп келүүдө. Окуучулар катышкан бүгүнкү иш-чара аларды терроризмге каршы турууга үндөп, башкаларга сабак болот деп белгилейт мектеп директору Гүлнара Юлдашева.

- Окуучуларды барымтага алган учурда кантип, кимге кайрылуу керектигин бүгүн үйрөндүк. Күч түзүмдөрү кандай кырдаал болбосун бизди коргогонго даяр экенин түшүндүк. Мындан сырткары биз мектепте окуучуларга "хизбутчулар", "Ислам мамлекети" террордук тобуна киргендер ким, алардын максаты эмне деген тарбиялык сааттарды өткөрүп, видеолорду көрсөтүп жатабыз. Аксакалдар менен бирге жыйналыш уюштуруп, жаштарга туура багыт көрсөткөнгө аракеттенүүдөбүз. Терроризм менен мугалимдер жана орган кызматкерлери эле эмес, жалпы коомчулук да күрөшүүгө тийиш.

Аскердик машыгуу болору мектепке жакын жайгашкан жашоочуларга алдын ала эскертилген. Андыктан алар да окуучуларды барымтадан бошоткон атайын операцияга күбө болушту. Аймактагы аксакалдар кеңешинин төрагасы Зайнадибин Абдубаханов дүйнөнү терроризм коркунучу тооруп турган маалда чакан мамлекетте мындай иш-чаралардын өтүшү маанилүү дейт. Айрыкча бул багытта жашоочуларга окутуу жана түшүндүрүү иштери жүрүшүн колдойт.

- Элдин тынчтыгын бузуп, окуучуларды жок жерден барымтага алган окуяга мына ушул жерде отурган бардык жашоочулар өз көзү менен күбө болушту. Демек мындан сабак алуу керек. Учурда канча жаштарыбыз Сирияга агылып жатат. Жакында эле биздин райондогу Ырыс айылында туулган бала танктын ичинде өзүн ыйлап жардырды. Бул видео айылды бир селт эттирди. Ушул сыяктуу жагдайларга баарыбыз чогуу каршы турушубуз керек. Кокус айылга чоочун киши келип калса же күмөндүү жагдай пайда болсо, кандай аракет көрүү керектиги бүгүн байкалды.

Эки саатка созулган иш-чара соңунда күжүрмөн даярдыгын көрсөткөн кызматкерлерге жана күч түзүмдөрүнө мактоо баракчалары ыйгарылды. Жалал-Абад облусунун аймагында быйыл "жалданмачылык" боюнча сегиз кылмыш иши козголуп, 13 адам камакка алынган. Учурда Сирияга чыгып кеткен облустагы жарандардын саны 90дон ашат.

Ал эми Сирия жана Ирактагы уруш аймактарында Кыргызстан боюнча 500дүн тегерегинде адам бар жүргөндүгү, алардын 120дан ашыгы аялдар экендиги расмий адамдардын маалыматтарында айтылган.

XS
SM
MD
LG