Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Жалал-Абад: Жабырлануучулар нааразы


Коогалаңда жабыр тарткан Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун отуз тургуну өрттөлгөн үйлөрүн калыбына келтирүүнүн азыркы абалын Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын өкүлдөрү менен бирге талкуулашты.

2010-жылкы коогалаңда үй-жайы өрттөнгөн Мансуба Мамажанова Жалал-Абад шаарындагы өз тагдырлаштарынын атынан сүйлөп, эки тараптуу келишимдер так аткарылбагандыгын, оңдоо иштери кеч башталганын, аягына чыкпагандыгын, курулуш иштеринин сапатсыздыгын белгиледи.

Анын айтымында, уста баалары кымбат болуп, башаламандыкта кимдин канча зыян тартканын эсепке алган жана быйылкы кышта жабырлануучулардын абалына кызыккан уюм болбоду.

- Курулуш жетимиш пайызга бүттү.



Базаркоргондук жабырлануучу Адылжан Абдрахманов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясына ыраазылыгын билдирип, "дайыма кабар алып, курулуш материалдарын убагында берип, өрттөнгөн 187 үйдүн ордуна жаңы имараттарды тургузуп берди" деп билдирди.

- Өткөн жылы үй-жайсыз калгандар жылуу үйдө отурушту. Эч кимибиз материал сурап, базаларга машиналар менен барган жокпуз. Базар-Коргондо жүз чарчы метр үйгө муктаж үй-бүлөлөр көп.

Машрапбай Абдураимовдун айтымында, кыш баалары менен аны тургузуу баалары кымбатка туруп, ыксыз чыгым тарткан жабырлануучулар көп болду. Мамлекет тарабынан өз убагында жардам берилбей, анын өлчөмү жетишсиз болду.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы келишимдерге кийлигише албай турганын, дирекциянын алдында быйыл Жалал-Абадда калган көп кабаттуу үч үйдү жана суу кампасы менен суу түтүктөрүн, жол куруу милдеттери турганын айтат.

Дирекциянын облустагы өкүлү Талант Исмаилов жабырлануучулар алууга үлгүрбөй калган курулуш материалдары аларга толук берилерин билдирди:

- Берген материалдарды үйгө сарпташ керек. Бирөөнү күткөн болбойт.



Жалал-Абад шаарында болгон тополоңдо 131 үй өрттөлгөн. Алардын сегизинде шыбак бүтө элек, калганы оңдолгон. Мамлекеттик дирекциянын шаардагы эксперти Садыр Төрөев калыбына келтирүү жумуштарына өздөрү кызыкдар болгон жабырлануучу үй ээлеринин аракети ишти илгерилеткенин кошумчалады:

- Жетимиш пайыз – чоң жетишкендик, 70 деген жүз пайызга жакыныраак.



2010-жылы май, июнь окуяларында облус боюнча 387 жеке турак-жай өрттөлгөнү белгилүү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG