Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

17-мартта Аксыда мындан он жыл мурда болгон окуяны эскерүү каадасы өттү. Ага катышкан президент Алмазбек Атамбаев бийликтин булагы эл болгонун Аксы окуясы далилдегенин билдирди.

Аксы окуясын эскерүү райондун Кара-Суу айылында 2002-жылы болгон калабага арналган музейди ачуу менен башталды. Ошол жылы райондун борборуна жөө баратканда окко учкандарга Боспиек талаасында тургузулган эстеликтин жанында алардын арбагына куран окулду.

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясы тарыхка алтын тамгалар менен жазылышы керектигин, президент кирип-чыкканда көрүп туруусу үчүн Ак үй алдына Аксы жана 2010-жылы апрель окуяларына арналып, чоң эстелик тургузулаарын айтты:

- Зордук-зомбулукка, авторитардык режимге Аксы эли каршы чыкпаганда, Кыргызстан кайсы жол менен барат эле, кандай кетет эле? Аксылыктар бийликтин адилетсиздигине, зомбулугуна ачык каршы чыккан, керек болсо өмүрлөрүн берген.

Окуянын мамлекеттик деңгээлде эскерилишине ыраазы болгон саясатчы Топчубек Тургуналиев мындан ары өлкөдө кандуу окуялар кайталанбасын деп тиледи. Ал бул күндү калк он жыл күткөнүн билдирип, 1990-2010-жылдары Ош, Жалал-Абад коогалаңдарында набыт болгондорду да эстен чыгарбоону өтүндү:

- Биз Аксыда жана Бишкекте набыт болгондорго музей ачып, алардын арбагына сыйынып атабыз. Ош, Жалал-Абад коогалаңында набыт болгон жүздөгөн эр-азаматтарыбызга улуу урмат, улуу сыймык. Мындан кийинки балдарыбыз алардын эрдиктерин окуп-билип, таазим кылып жүрсүн деп, мамлекеттин деңгээлинде документтерди кабыл алып, мамлекеттик саясатка айландырышыбыз керек.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун ырастаганы боюнча, аксылыктар кезегинде камакта жаткан ал үчүн эмес, кыргыз жеринин, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күрөшкөн. Он жыл мурда 17-июнда өткөн жыйында Аксы окуясын эскерүү сунушу берилгени менен элдин талабы ошондогу президент Аскар Акаев тарабынан аткарылган эмес. Саясатчы кыргыз тарыхын кайра жазуу жана 1916-жылда болгон Үркүн маселесине да баа берүү маселесин козгоду:

- Алар кыргыздын жери үчүн өлдү. Эгерде мен Акаевден бийлик талашсам, же байлык талашсам, мага эл чыгат беле? Чыкпайт эле. Америкадан ошол жылы ошондой деп баа берген: "кыргыздар жер дегенде тикесинен тик турат экен. Жер үчүн жанын берет экен", - дешкен. Мына, кыргыз үчүн жанын берген азаматтарыбызды тарых он жылдан кийин баалап атат.

Окуя маалында ок тийген алты адам набыт болуп, отуз алты киши октон жараат алса, алтымышка чукул киши ур-токмокко, түрдүү кыйноолорго кабылган.

Боспиекте жарадар болгондордун бири Анаралы Назарбеков Аксы окуясы боюнча сот адилеттиги болбогонун, элге ок аткандар менен курал колдонууга буйрук бергендер табылбаганын айтууда. Анын пикиринде, өлкө башчыларын көбүн эсе анын айланасындагылар адаштырат:

- Ушул жерде иттей аткан. Мына мобул жерде атып, мени өлүп калды дешип, өлүктөрдүн арасына жүктөп барып, ошол жерден алып калган мени. Он жыл бою көзүбүздөн кан акканга дейре бардык. Сотко барсаң отургузат да "Баланчаев келбей калыптыр" деп, кайра кетирип салышат. Өзүбүздүн жаныбыздан акча чыгарып, он жыл каттадык. Акаевдин же Бакиевдин бийлигинен бирөө келип, абалыбызды сурап да койгон жок.

Боспиектеги шейит мазарга чогулгандар Аксы окуясында набыт болгондорду бир мүнөт үн катпай эскеришти. Окуянын жабырлануучулары убагында мамлекеттик жардам алышканы менен жашоолору начар. Күйөөсү окко учкан Айбарча Сатыбекова мектепте иштеп, төрт кызын өзү багат:

- Он жылдан бери бир батир берген, андан башка жардам жок. Өзүм ооруп да калдым. Бир кызым турмушка чыгып кеткен, бир кызым студент. Үйдө мектепте окуган эки кызым калды, үчөөбүз жашайбыз. Абалыбыз начар, үйүбүздүн полу түшүп калган. Бир жылдан бери мамлекеттик администрацияга кайрылып атам, бирок жардам жок. Кечээ КТРден келишкен экен, пол түшкөн жерди тартпай кетип калышты, ”бизге мындай тапшырма берилген эмес” деп, тартып койсо болот эле да.

Ок тийип, экинчи топтогу майыптык алган Уланбек Ботоевдин үйүндө жашаган алты адамдын баары жумушсуз:

- Мага ошол Боспиекте ок тийип, белден кирип, бул жактан чыгып кеткен. Ден соолугум начар, ишке жарабай калгам. Бел, бут жакшы иштебейт. Эптеп тирилик өткөрүп атабыз. Кайрыла берип тажап бүттүк. Жумуш жок, бекерчибиз. Эки уул, эки кызым бар, аялым да иштебейт. Ден соолугумду өзүм карап атам, Бишкекке дейре көрүнгөнү бардым. Кайрылсаң оң карашпайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG