Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Эки жыл мурдагы коогалуу күндөрдүн изи менен...


Курманбек Бакиев Тейит айылында, 13-апрель, 2010-жыл
Курманбек Бакиев Тейит айылында, 13-апрель, 2010-жыл

Бишкектеги калабадан кийин Курманбек Бакиев Жалал-Абадга 11-апрелде келип, абал облуста курчуп кеткенде 15-апрелде Беларуска учуп кеткен.

Серепчилер аны кармоо аракети жасалса, дагы кан төгүлмөк деп эсептешип, сырт өлкөгө кетүүсү анын өзү менен убактылуу өкмөткө жана элге да тынчыраак болгонун айтышууда.

7-апрелде Бишкектеги кандуу окуядан кийин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кайда кеткени бир нече күн бою белгисиз кала берген. Ал Сузактын Тейит айылындагы бир туугандары турган үйгө 11-апрелде келген.

Алардын кошунасы Айша Сапарова ошол күндөн тартып, качкан президентти коргоо үчүн облустун түрдүү райондорунан чогулган миңдеген адамдар К.Бакиевдин жакындарына таандык короону кайтарууга алышканын эскерди:

- Эки-үч миң адам турду окшойт. Курманбек Салиевич Тейитте бир жумадай болду. Курманбек Салиевичтин элге жардамы жакшы эле тийди. Мектептер бүтүп, жолдор салынып атты. Спецназдар мына бул жерде турду. Спецназдар турганда мен сүйүндүм эле, "өрттөтпөй калат го" деп. Бирок Тейитте эч ким таш ыргытпай, "сен эмне келдиң" дебей, каршылык көрсөтпөгөнү үчүн үйлөрдү гана өрттөшүп, тынч кетишти.

Ошол күнү “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы президент борбордогу адамдардын өлүмүнө өзүнүн тиешеси жоктугун, ал окуяларды изилдөө үчүн эл аралык комиссия чакыруу зарылдыгын, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген эле.

Азыркы губернатордун орун басары Кадырбек Жакыповдун айтымында, Курманбек Бакиевди колдогондор менен катар анын саясатына каршы тургандардын саны да арткан. Облуста кырдаал олку-солку болуп, окуя кайсы нукка бурулаарын болжош кыйын болгон эле:



Жергиликтүү бийлик тынч жол менен алмашса да, алардын эл арасында таасири болбой, облуста башаламан кырдаал түзүлгөн. Апрель элдик ыңкылабынын катышуучусу Анаркан Жаңыбаеванын изилдөөсүнө ылайык, Жалал-Абад, Ош тарапта бир жума жүрсө да Курманбек Бакиевдин чет өлкөдөн баш паанек издөөдөн башка аргасы калган эмес. Ошондуктан ал Ошто болгон митингден кайтып келген 15-марттын кечинде Жалал-Абад аба бекетине келип конгон тик учак аркылуу сыртка чыгып кеткен. Эки облуста болгон кезинде аны мамлекеттик күзөт кызматы жана ал өзү кызматка дайындаган өкмөттүн мүчөлөрү коштоп жүргөн:

- Жалал-Абадда губернаторду шайлоо эле беш-алты күнгө созулуп кетти. Ага криминалдык чөйрө аралашып кетти. Убактылуу өкмөткө органдын кызматкерлери да баш ийген эмес. Себеби ал бул жерде турса, күндө тополоң-тоз болуп, элдин тынчын алмак. Бакиев ошондо экинчи жолу президентке шайланган мезгилинен бир жыл эле өткөн эле да. Анын дагы төрт жылдык мөөнөтү бар эле. Бүт эле министрлер, жада калса убактылуу губернатор болгондор, элдик кошуундар Тейитте болуп атышты да. Эки жүз-үч жүздөй адамдар турду окшойт.

"Куралдуу адамдар коштогон К.Бакиевди кармаган жерде кан төгүлмөк", - дейт жалалабаддык серепчи Нурбек Касымбеков:

- Ал кишини бул жерде кармоо чындыгында кыйын болчу. Бакиевди курчап автоматчандар, жүз чакты коргоочулары жүргөн. Андан тышкары анын туугандары, колдоочулары тирүү калканч болуп турушкан. Ошол мезгилдеги убактылуу өкмөттүн жетекчиси Отунбаевага Орусиянын президенти Медведев, Казакстандын президенти Назарбаев кайрылышып, Кыргызстандагы абалды турукташтыруунун бирден бир жолу катары Бакиевди чыгарып жиберүү башка өлкөгө деген сунуштарын айтышып, катуу талап кылышкан.

Өрттөлгөн үйлөр

Бакиевдин облбийликти ээлеген жана анын ага-туугандарынын короосундагы жактоочуларын 14-майда убактылуу өкмөттү колдогондор кууп тараткан. Облбийлик жанындагы кагылышта эки адам окко учуп, бир канча киши жарадар болгон. Ошол күнү экс-президенттин ага-туугандары жашаган бир короодогу беш үй менен боз үй жана мамлекеттик туу да өрттөлгөн.

7-апрель окуясынан кийин бардык инилеринин дайын-дарегинен эмдигиче кабарсыз калган алардын оорулуу агасы Абдывасыт Бакиев карыя буларды айтат:

- Беш үй 14-майда өрттөлгөн. Булар бардыгы президент болбостон туруп курулган үйлөр. Чоң аталарыбыздын үйү болгон, 1924-жылы курулган үй. Кийин балдар 1990-жылдан 2000-жылга чейин иштеп, табышып, үйлөрдү салышты. “Курманбек Бишкекте үй салыптыр” дегенинен барып көрдүм, жөнөкөй үй экен. Наркы үйлөр үстү жабылганы менен ичи-тышы ошол бойдон турат. Мамлекеттен эки жүз миң сом жардам болду.

Губернатордун орун басары Кадырбек Жакыповдун айтымында, Бакиевдердин үйлөрүнүн өрттөлүшүнө ал өзү мүчө болгон “Ата Мекен” партиясынын тиешеси жок:

- Ошол мезгилде саясий күрөш өлкөдө өтө катуу күчөп турган мезгил эле. Ошол мезгилде имиш-имиштерди “Ата Мекен” партиясына каршы пайдаланышты. Бирок бул барып турган негизи жок жалаа.

Азыр Бакиевдин ата-бабаларынын айылы өз арбайын согууда. Өрттөлгөн үйлөрдүн экөө калыбына келтирилген. Бирок бул тегеректе эки жыл мурдагы окуялардын изин байкоо кыйын эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG