Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Асылбек Текебаев баскан жол


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин 51 жашка караган иниси Асылбек Текебаевди эскерүү Базар-Коргондун ал туулуп-өскөн Акман айылында 5-апрелде да уланды.

Асылбек Текебаев Бишкектеги ооруканада дарыланып жүргөндө жүрөгү токтоп калып, 28-мартта көз жумган болчу. Анын денеси жерге ошол күндүн эртеси коюлган.

Өмүрбек Текебаев кезегинде комсомолдун республикалык жана райондук комитеттеринде иштеген инисинин кызматы боюнча өзүнөн мурда ийгиликке жеткенин эскерүүдө. Үйүндөгүлөрү аны ал төрөлгөн 1961-жылы космоско Юрий Гагарин учканына байланыштуу атасы атаган Чолпон деген ысым менен чакырышчу:



Асылбек Текебаев саясий ишмердүүлүгүнө чоң тоскоолдук кылган мурунку бийликтин каршылыгына моюн сунган эмес. Өмүрүнө коркунуч туулса да, калыс өтпөгөн президенттик-парламенттик шайлоолордо жарандардын укугун сактоо үчүн акцияларды уюштуруп, аскер чалгынчылык кызматында Мекенди да коргоп жүрдү:



Губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты да болгон маркумдун сессияларда маанилүү маселелерди козгогонун кеп кылды:

- Асылбек Текебаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтуусу “Ата Мекен” партиясына, прогрессивдүү күчтөргө өтө чоң жоготуу болду. 1992-жылы ушул партия уюшулганда жыйырма-отуздай мүчөлөрү бар эле. Азыр сегиз миңден ашык анык мүчөсү бар, ал эми колдоочулары өтө эле көп. Асылбек чөнтөгүндө акыркы тыйыны болсо, кыйналгандарга ошол акыркы тыйынын берип, колдон келген жардамын берип турчу эле.

Эл ичинде 2010-жылдын 14-майында Жалал-Абадда болгон кандуу окуяга Убактылуу өкмөттү колдоочулардын катышы бар деп айтылат. Бул күнү алар тарабынан мурдагы президент К. Бакиевдин жактоочулары алар ээлеген облбийликтен кууп чыгарылган. Жабырлануучу Бекболот Ибрагимов атамекенчилердин тополоңго катышканын күбө тартууда:

- Базар-Коргондон келип, “Ата Мекендин” майкасын кийип, кепкасын кийип, байрагын алып, Кадыржандын жанынан бул жактан беш жүз киши чыкты, ал жактан үч жүз киши келди. Себеби биз ошо маалда “тынчтыкты сактайлы” деп жүргөн элек. Машина менен биз да артынан келдик, ошол экөөңүздөр толук келип, мына бул администрацияга келдиңиздер...

Асылбек Текебаев көзү тирүүсүндө өзүнө коюлган мындай айыптарды четке каккан. Ал облустук соттун жыйынында 2010-жылдын 14-19-май күндөрү Жалал-Абадга келбегенин, Тейит айылындагы үйлөрдү өрттөөгө тиешеси жоктугун билдирген эле:

- 14-май Бакиевдердин үйү өрттөнгөн күнү мен Кадыржан Батыровду көргөн жокмун, Тейитте да болгон жокмун. Тополоң болгон жерде облустун борборунда да болгон жокмун. Бардыгы туура эмес көрсөтмөлөр. Үйдө болгом, жанымда жыйырма адам болгон, бардыгы далилдеп бере алат. “Ата Мекендин" мүчөлөрү мен билгенден барган эмес, мен “барбагыла” дегем.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына экс-президент Роза Отунбаева да катышып, чогулган элди мүнөзү жумшак болгон Асылбекти негизсиз каралоону токтотууга, адамдарды бири-бирин кечирүүгө чакырды:

- Мен ушул жерге келип, ар кимдерден сураштырып билип атам, Асылбек ар бир нерсени жүрөгүнөн өткөрөт экен. Асылбекке канча асылышты, “Асылбек тигинтти, минтти" деп. Эч нерсени өрттөгөн эмес. Биз баарыбыз бири-бирибизди аяп жүрөлү. Адам деген металл эмес, темир эмес, кетип калат экен. Кечир бизди, кечирип кой, кагылайын Асылбек! Сен демократиянын туусун жогору көтөрүп бараттың. Эч ким жаныңда калбай калганда да көтөрүп турдуң.

Генерал Исмаил Исаков камалганда аны бошотуу талабы менен жүрүшкө чыккандарды видеого тартып келаткан Асылбек менен анын жолдошторуна белгисиз адамдар Ош-Бишкек жолунда кол салган. Бул тууралуу анын курдашы Кожобек Кулуев айтат:

- Исмаил Исаковдун үйүнө барып, анын апасынан кабар алып, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүп, жөө жүрүшкө катыштык. Бизде видеокамера бар болчу. Ошону алабыз деген максат менен артыбыздан кууп келишип, машинаны талкалашып, өзүбүздү иттей сабап кетишкен. Менин башым жарылып, Асылбектин эки кабыргасы сынып кеткен экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG