Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Коогада жабыркагандар Батыровго нааразы


Санпа окуясынын курмандыктарына тургузулган эстелик
Санпа окуясынын курмандыктарына тургузулган эстелик

Жалал-Абадда “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун ЕККУдагы билдирүүсүнө байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүштү.

Коомдун мүчөлөрү коогалаңдын уюштуруучуларынын бири деп айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун айткандарын төгүндөп, анын жанында отурган укук коргоочуларды жоопкерчиликке тартуу талабын коюшту.

Өзбек коомчулугунун өкүлдөрү болсо улут аралык маселелерди саясатка аралаштырбоого чакырат.

"Элдин убалы тиет"

“Санпа шейиттери” коомунун мүчөсү Кеңешбек Калбаев баштаган июнь окуясынын жабырлануучулары Батыровго ЕККУ жыйынында сөз берилгенине нааразылыгын билдирип, буларды айтты:

- Өзү качкын болуп туруп бүтүндөй кыргыз элинин үстүнөн сүйлөп жатканы туура эмес. Бул жерде кыргын салып, бүтүндөй улут аралык жаңжалга тиешеси болуп, сот жообуна тартылган соң ал жерде туруп сүйлөөгө таптакыр укугу жок болчу. Ошол эле учурда анын жанында отурган укук коргоочулар да бизди таң калтырды. Эмне үчүн сепаратист Батыровдун жанында отурушат?

Калбаев Кадыржан Батыровдун сыртта туруп референдум өткөрүүгө каршы болушу жана башка маалыматтарды таратышы эл арасында нааразычылыктарды жаратып жатканын кошумчалап, аларды коргоого алган уюмдарды да жоопкерчиликке тартууну талап кылды:

- Биздин УКМК, прокуратура алардын аракетине укуктук баа бериши керек. Кыргыз элинин кызыкчылыгынан ошол сепаратисттердин кызыкчылыгы өйдө болуп жатабы? Ошол учурдагы окуялар али күнчө эсибизде сакталуу. Канчалаган адамдар кырылып, бир туугандарыбыздан айрылдык. Коогалаңда ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги да бар.

Батыровдун билдирүүсү учурда комчулукта жана анын ичинде өзбек улутунун өкүлдөрүнүн арасында да талкууланып жатат. Сузак районунун тургуну Эркинхожа Султанов буларды айтты:

- Күнөөлүүлөрдү жазага тартыш керек, болбосо элдин убалы тиет. Бул жакта качып жүргөнү менен тиги дүйнөдө баарына жооп берет. Аларга катуу мыйзам болуш керек. Инсан бир мыйзамга баш ийип жашабаса, анда ал чектен чыгып көөп кетет. "Семиздикти кой көтөрөт" дейт. Саясатчылар да улут аралык маселелерди саясатка аралаштырбасын. Мындан ары кыргыз да, өзбек да чыккынчы адамдардын артынан ээрчибейт. Батыров биз менен эч качан жолуккан эмес, ошол себептүү өзбек улутунун атынан сүйлөөгө да укугу жок.

Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусу иликтениши керектигин айтып, Башкы прокуратурага бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырган.

Маалымат жыйынына катышкан “Санпа шейиттери” коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов күнөөлүүлөрдүн ысымдары ачык жарыяланышы керектигин билдирди:

- Чындыгында биз алты жылдан бери ар кайсы жакка арызданып, окуяга тиешеси бар деп Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүн айтып жүрөбүз. Кезегинде бул маселеге Атамбаев да көңүл бурган эмес. Азыр президент буга кызыгып жатканы балким окуяны аягына чыгарып, өзүнүн тиешеси жоктугун далилдейин деп жатса керек. Ошол себептүү биз кайра көтөрүлүп жатабыз. Балким өлкө башчысы бул ишти кайра козгобогондо жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Бул тууралуу биз жакында эле бийликке кайрылуу жолдогонбуз. Атамбаев кудайдан корктубу же келечегин ойлодубу, айтор бул окуя эми соңуна чыгышы керек.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. 2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган.

Кадыржан Батыров менен ЕККУ жыйынында чогуу отурганы үчүн сындалып жаткан укук коргоочулардын бири, "Кылым шамы" борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" курган маегинде бул окуя кандайча болгонун толук айтып берди.

Азиза Абдирасулова менен маек:

Абдирасулова: Керек болсо Атамбаевди да коргойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:57 0:00

2010-жылдын 12-13-июнь күндөрү улут аралык жаңжал учурунда "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанында жүздөгөн адамдар Ош-Бишкек каттамын тосуп, жолдон өткөндөргө кол салышкан. Натыйжада он адам өлтүрүлүп, экөө дайынсыз кеткен.

Кандуу окуя боюнча 19 адам соттолуп, бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган.

Айыпталуучулардын бири Шамшидин Ниязалиев 2013-жылы облустук соттун чечими менен 150 миң сом айыппул төлөп бошотулган. Быйыл июндун башында Башкы прокуратура мындай өкүм чыгарган Жалал-Абад облустук сотунун мурунку үч судьясына кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG