Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Ардагер айдоочулар үлүшүн сурады


Иллюстрация
Иллюстрация

Жалал-Абад шаарындагы автобазанын мурдагы айдоочулары жана акционерлери 20 жылдан ашык убакыттан бери дивиденддерин ала албай, пенсияга чыгууда кыйналып жатканын билдирип чыгышты.

60-70 жаштын тегерегиндеги аксакалдар автобаза жетекчилиги алардын колунда акциясы бардыгын эске албай өзүмбилемдик менен ишкананы башкарып келе жатканын билдиришти. Ал эми автобаза жетекчиси кезегинде көпчүлүк акцияларды сатып алып, азыр мыйзам чегинде иштеп жатканын айтты.

- Автобазанын акционерлеринин чогулушуна бизди такыр чакырбайт. Былтыр өткөн жылдык жыйынга катышсам, төрт эле адам отурат. Кантип төрт адам менен жылдык жыйналыш өтсүн? Кызматкер эже 100% өттү деп документтерди толтуруп жатат. Мен ага макул эместигимди айттым. Бирок ага акча сунуштап, баарын өздөрүнүн пайдасына толук өттү деп жаздырып алышыптыр. Автобазада абал ушундай. Казакпаевдер монополист болуп ээлеп алышкан, эч кимди жолотушпайт.

Анваржан Мамажановго окшоп нааразычылыгын билдирген ардагер айдоочулар маалымат жыйын курушту. Алар совет доору учурунда Жалал-Абад шаарындагы автобазада эл ташуу кызматында иштегенин, көп жылдык эмгегинин үзүрүн автобазанын жетекчилери баалабай, укуктарын тебелеп жатканын айтып чыгышты.

Булардын катарындагы Маткарим Исаев кезегинде иштеген документтерин чогулта албай, пенсияга чыгууда кыйынчылык жаралып жатканын билдирди:

- Мен 25 жылдан ашуун ушул автобазада айдоочу болуп эмгектендим. Жакында эле пенсияга чыгайын деп эмгек тажрыйбамды сурап барсам, мага тогуз жыл гана иштеген деген документ беришти. Бирок менин калган өмүрүмдү сайып иштеген жылдарым кайда кетти деген суроомо алар жооп беришкен жок. Тескерисинче, биздин үстүбүздөн мыскылдап күлүп кууп чыгышты. Мен 62 жаштамын, акыбызды сурап барсак автобаза киргизбей койду. Кезегинде 1500 адам иштеген автобаза азыр талкаланып, сатылып бүттү. Аны башкарып жаткан Казакпаевдер акцияларды бирөөлөрдү коркутуп атып топтоп алышты. Мисалы, менин бир пайыздык акциямды мурдагы жетекчиси сурап алып, ошол бойдон кайтарган жок. Анан 20% акциясы бар жигитти коркутуп, ал каза болгон соң туугандарынан алып коюшту. Бул фактыны иликтеген эч ким болбой жатат.

Жалал-Абад шаардык автобазасы союз ыдыраган соң 1993-жылы ошол кездеги жумушчулардын күчү менен “Манас” ААКсы болуп түзүлгөн. Ошол учурда ишкананын акцияларынын көпчүлүк бөлүгү сатууга коюлуп, миңдей жумушчуга бөлүштүрүлүп берилген.

Нааразы болуп жаткан акционерлер аларды ишкана жетекчилиги чогулуштарга чакырбай, атүгүл 20 жылдан ашык убакыттан бери аларга берилчү төлөмдөрүн (дивиденд) бербей жатканын айтышты. Акционердик коомдогу акция ээси Абдулажан Насыров мындай деди:

- 25 жыл биз акционер болуп келе жаткандан тартып бир тыйын акча төлөп бере элек. Автобазанын азыркы жетекчилеринин иштерин биз коррупция десек ачык айткан болобуз. Анткени акционерлерди чакырбай, бардыгын жаап-жашырып ишкердүүлүк жүргүзүп жатканы мыйзамга каршы келет. Ишкана ичиндеги жерди каалашынча сатып, кээ бирин ижарага берип жатышат. Автобазаны базарга айландырып таштады. Бул жерде айына миллион сом айланып турат. Биз ушул ардагер айдоочулар, аксакалдар президент жана өкмөттөн жардам сурайбыз. Автобазанын ишин текшертип, биздин акыбызды алып берсин. Эски техникалардын баарын таратып, сатып жок кылды. Автобазага тиешелүү башка жактагы социалдык имараттардын азыр бири да жок. Буларды текшерүүчү орган барбы?

Ардагер айдоочулар ушул талап менен былтыркы жылы өлкө башчысынын атына жана укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошкон. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы кылмыш ишин козгоодон эки жолу баш тарткан. Алар мекеме мыйзам чегинде иш алып барып жатканын негиз келтиришкен.

Бирок акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамга ылайык, алардын жылдык чогулуштарына бардык акционерлер чакырылууга жана аларга ачык-айкын маалымат берилүүгө тийиш. Коомго тиешелүү мүлктөр акционерлерге колундагы акциясына жараша бөлүнүп берилет жана жыл сайын төлөм акы каралат.

"Автобаза далай көздү кызартууда"

Мекемени кезегинде Калдар Казакпаев жетектеп, сегиз жыл мурда баласына өткөрүп берген. Учурда "Манас" ААКсын шаардык кеңештин депутаты Нурлан Казакпаев жетектейт. Ал мурунку кызматкерлердин маалыматын төгүнгө чыгарды. Пенсияга чыга албай жаткан аксакалдын жагдайын минтип түшүндүрдү.

- Автобаза кийин акционердик коом болуп түзүлгөндөн кийин айдоочулар менен келишимдик негизде иштөөгө өткөнбүз. Ага ылайык ар бир айдоочу салык жана соцфонд төлөмдөрүн өз алдынча төлөөгө милдеттендирилген. Жогорудагы доомат коюп жаткан аксакалдар Соцфонддон барып карап, баарын тактаса болот. Бизде болгон документтерин берүүгө даярбыз. Бирок алар бул жерге келип бир ооз сурашкан жок. Ал эми аларга төлөнүүчү дивиденд боюнча айтсам, нааразы болуп жаткан аксакалдардын колундагы акциясы 0,003төн 0,006% чейин. Ага эч кандай төлөм акчасы чыкпайт. Аны түшүнбөй эле сыртта туруп куру кыйкырык менен чыгып атышат.

Акционердик коом өз алдынча ишкердик жүргүзгөн укуктук жак болуп эсептелет. Бирок анын ишмердүлүгү акционерлер жана башкаруу кеңеши тарабынан тескелип турууга тийиш. Анын иш алып баруусу атайын устав менен бекитилген. Автобазанын мурунку жетекчиси Калдар Казакпаев ишкана туруктуу иштеп жаткан учурда ага көз арткандар болууда деди:

- Кезегинде акциялар жана автобаза боюнча эч ким кызыккан эмес. Кызматкерлер жана жеке өзүмдүн күчүм менен автобазаны жойдурбай сактап калдык. Учурда ишкананын 75% акциясы менин колумда. Кезегинде аларды чет жакка кетип жаткандардан сатып алгам. Калган 25% 450 адамдын колунда турат. Биз жыл сайын аларды почта аркылуу акционерлердин чогулушуна чакырып турабыз. Бирок алар келишпейт жана кызыкпайт. Азыр бизге каршы чыгып аткандар автобазанын туруктуу иштеп, киреше таап жатканын көрүп көздөрү кызарып жатышат. Бирок биздин бардык иштер белгиленген мыйзам алкагында жүрүүдө. Эгер ишенбесе келип текшеришсин.

Нааразылык билдирген ардагерлер колунда бар бардык акционерлерди биригүүгө чакырууда.

Акционердик коомго айланган автобазада учурда 50 адам жумуш менен камсыз болгон. Эки гектар аянтты ээлеген жерде кызмат көрсөтүүчү сервистер, майда дүкөндөр жана азык-түлүк базары жайгашкан. Мындан сырткары автобазада 10 район аралык жана үч шаардык маршруттук каттамдар аткарылат.

XS
SM
MD
LG