Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Ыйсанын туулган күнү Жалал-Абадда да белгиленди


Иисус Христостун - Ыйсанын туулган күнүн жалалабаддык православ тарсалар да белгиледи. Кыргызстанда православ исламдан кийинки салттуу дин катары эсептелет.

Славян тектүү жарандардын массалык түрдө Кыргызстандан ооп кетишине карабастан, эски чиркөөлөр менен кошо жаңылары да пайда болууда. Жалал-Абад шаарында жалгыз чиркөө бар.

Облустагы православ динин кабылдагандар Ыйсанын туулган күнүн 6-январдан тарта белгилей баштаган. Майрамга тийиштүү диний жөрөлгөлөр 7-январда эртең менен кайра башталып, түшкө дейре уланды.

Жалал-Абаддагы чиркөөгө келгендер чокунуп кирип, шам жагып жатышты. Алар Кудайдан ар кандай кырсыктан сактоону, жаңылып-жазып жасаган күнөөлөрүн кечирүүнү тилеп, аны даңктап ырдап турушту.



Чиркөөдөгү сыйынуу отец Сергийдин башчылыгы алдында өттү. Ал Ыйсага сыйынган адамдарды майрам менен куттуктады. Өз сөзүндө жашоого татыктуу жумуштун жоктугунан орус тилдүү адамдар кетип жаткандыгын белгилеген отец Сергий чиркөөдө тургандарды ушул жерде калууга, өндүрүштү көтөрүүгө, Орусия менен мамилени жакшыртууга жана тынчтык жолу менен өнүгүүгө чакырды:

- Былтыр албетте татаал окуялар болду. Быйылкы жылы Кудайым бардыгыбызды жараштырсын. Биздин ким экендигибизге карабай, мейли орус болобу, же кыргыз, өзбек болобу, же татарбы, бардыгыбызды теңештирсин! Анткени биз бардыгыбыз бир жерде жашайбыз. Биз тынчтыкты жана ырыс-ырашкердикти жаратуубуз керек. Эч ким кетпеши зарыл.

Облуста тогуз миңге чукул орус улутундагы адамдар калган. Юрий Артемийдин айтымында, бүгүн чиркөөгө облуста жашаган орус тилдүү бардык эле адамдар келе алышкан жок. “Чиркөөгө сыйынууга жүздөй адам катышты, диний жөрөлгө Майлуу-Суу шаарында да болду”,-деди Юрий Артемий.

Чиркөөгө православ динин карманган ар түрдүү курактагы адамдар келишти. Алардын арасында жетимишке караган кемпирлер менен өспүрүмдөр да болду. “Азаттыктын” кабарчысы кепке тарткан орус улутундагы эки бала кыргызча түшүнөөрүн айтышты.



Ыйсанын туулган күнүн белгилөөгө даярдык алты аптадай мурда башталган. Прасковье эне бул аралыкта эт, жумуртка жегенге, сүт ичкенге болбой турганын айтып, чиркөөдөн кийин үйүнө барганда бир аз ичимдик татса боло берерин кошумчалады:




Ыйсанын туулган күнү майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG