Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жалал-Абад шаардык кенешинин сессиясын сот токтотуп койду


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16-январга белгиленген сессиясы соттун чечими менен токтотулду. Бул тууралуу коалициялык көпчүлүктүн депутаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад райондор аралык сотуна жана калаа прокураттурасына оппозициядагы КСДП жана “Кыргызстан” партияларынын өкүлдөрү кайрылып, алгачкы сессияда мыйзам бузуу орун алганын айтышкан. Мындан улам, соттук териштирүүгө чейин сессияларды токтото туруу айтылды.

Сот отуруму 27-январда болот.

12-январда шаардык кенеш мандат алууга чогулуп, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика Ата-Журт” партиялары коалицияга бириккен. Алар төраганы да, анын орун басарын да шайлашкан. Жыйынга КСДП менен “Кыргызстан” партиясы келбей койгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG